Загрузка документа…
| 2-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участокторуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
8-главасынын 81-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдары тарабынан жүзөгө ашат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызматтарды көрсөтүү үчүн жалпы убакыт:
1. Документтерди кабыл алуу убактысы – 30 мүнөт аралыгында.
2. Кызматты кѳрсѳтүүнүн жалпы мѳѳнѳтү – физикалык (жеке) жактар үчүн 16 жумушчу саат, юридикалык жактар үчүн 24 жумушчу саат.
Документтерди тариздөө алыскы региондордо узартылат: 30 кмге чейин – 1 күн, 30 кмдан ашык болсо – 2 күн. Ошондой эле жеринде жер участогунун чегин белгилѳѳ – 1 күн.
Аткарууда нормада кѳрсѳтүлгѳн убакыттан тышкары кѳп убакыт талап кылган ири жана татаал объекттерге жер участогуна укугун тастыктаган документтерди тариздөө мѳѳнѳтү келишимдик негизде аныкталат.
(2) Кызматты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
Бардык кардарлар үчүн:
- белгиленген форманын көчүрмөсү;
- ѳздүгүн (инсандыгын) тастыктаган документ
Ошол эле учурда, эгерде жеке адамдын ордуна анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылган болсо, анда мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн жеке адамдан алган каттоо жүргүзүүгѳ уруксатын тастыктаган документ, юридикалык жак үчүн анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документти камсыз кылуу керек.
- алгачкы жолу жер участогун бергенде жер участогун бѳлүп берүү актысы менен кыймылсыз мүлк бирдигине укук аныктоочу документ (сатуу келишиминин башкы планы, соттун чечими ж.б.);
- архитектура жана курулуш органдары менен макулдашуу аркылуу бекитүүнү талап кылган документтер (ген. план, курулуштук корутунду, жер участогун бѳлүү мүмкүндүгү жѳнүндѳ корутунду ж. б.)
- төлөм жүргүзүлгѳндүгү жѳнүндѳ квитанциялар (арыз ээсинин төлөм жүргүзүүсү мамлекеттик органдын адисинин берилген документтерди белгиленген талаптарга ылайык келишин текшергенден кийин арыз ээсине мамлекеттик каттоо үчүн эмгек акы төлөө жѳнүндѳ документти алып бергенден кийин жүргүзүлөт).
(3) Кызмат наркы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлѳт. Мамлекеттик кызматтын наркы (прейскуранты) агроөнөржай комплекси чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясатты жүргүзгѳн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын буйругу менен бекитилет. Ал ѳзүнѳ кыймылсыз мүлккѳ укуктуу каттоону, геодезия жана картографияны, анын ичинде антимонополдук жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктук орган менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарын пайдалануу менен сактоодо бирдей шарттарды камсыз кылууну камтыйт.
4) Кызматтын натыйжасы: кызматтын аягында жер участогуна карата төмөнкү документтеринин бири берилет:
1. Жер участогуна жеке менчик укугун тааныган мамлекеттик акт –
жер участогуна жеке менчиги менен.
2. Жер участогун мѳѳнѳтсүз пайдаланууга укугун тааныган
мамлекеттик акт – жер участогун мѳѳнѳтсүз пайдаланууда;
3. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугун тааныган күбѳлүк –
жер участогун убактылуу пайдаланууда;
4. Жер участогуна жеке менчик укугун тааныган күбөлүгү – жерди бөлүштүрүүдө.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу
жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу |
|
2. | Арыздарды бѳлүштүрүү |
|
3. | Укук аныктоочу документти тариздөө жана берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Таблица 2
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Изилдѳѳнү жүргүзүү үчүн арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-аракет А) арызды кабыл алуу | Документтерди кабыл алган жана берген кызматкер
| 30 мин. | А) арызды жана документтерди кабыл алуу; Б) эгерде документтер толук түрдѳ болбосо, арызды каттоодон баш тартуу | - «Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо жана алар менен бүтүмдѳрдү түзүү жѳнүндѳ» КРнын мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №311 токтому менен бекитилген «Жер участогуна укуктуу тааныган документтерди тариздөө жана берүү тартиби жѳнүндѳ» жобо; - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №525 токтому менен бекитилген Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталын пайдалануу тартиби |
Б) Мамлекеттик портал же кызматты жеткирген тараптын электрондук ресурсы аркылуу электрондук түрдѳ арызды кабыл алуу | Автоматтык түрдѳ
| А) Арызды Каттоонун автоматташтырылган системасында (КАС) автоматтык түрдѳ каттоо; Б) эгерде документтер толук түрдѳ болбосо, арызды каттоодон баш тартуу | ||
1.2-аракет. А) кызматты кѳрсѳтүү үчүн тѳлѳм кабыл алуу | 1.1. иш-чараны жүргүзүү убакыт аралыгында | - кызмат кѳрсѳтүү үчүн тѳлѳм жүргүзүлгѳндүгү жѳнүндѳ адистен тастыктоо алуу; - арыз ээсине анын арызын жана документтерин кабыл алгандык тууралуу расписканы колуна берүү; | ||
1.3-аракет. документтерди тариздеген түзүмдүк бѳлүмгѳ арызды тиркелген документтер менен чогуу берүү. | 1.1. иш-чараны жүргүзүү убакыт аралыгында | укук аныктоочу документтерди тариздеген түзүмдүк бѳлүмгѳ арызды тиркелген документтер менен чогуу берүү | ||
Жол-жобонун натыйжасы: арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
2-жол-жобо. Арыздарды бѳлүштүрүү | ||||
2.1-аракет Арыздарды бѳлүштүрүү | документтерди тариздеген түзүмдүк бѳлүмдүн жетекчиси | 30 мүнөт | аткаруучуну дайындоо жана ишти аткарууну кѳзѳмѳлдѳѳ
Иштин натыйжасы Каттоонун автоматташтырылган системасында катталыш керек | Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча типтүү нускама (инструкция) |
Жол-жобонун натыйжасы: аткаруучуну дайындоо, укук аныктоочу документти тариздөөдан баш тартуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун тиби: административдик процедура | ||||
3-жол-жобо. Укук аныктоочу документти тариздөө жана берүү | ||||
3.1-аракет Укук аныктоочу документти тариздөө (үйгѳ ж. б. баруу менен) | Укук аныктоочу документтерди тариздеген түзүмдүк бѳлүмдүн кызматкери.
| ашпайт: - жеке жактарга 16 жумушчу саатынан, - юр. жактарга 24 жумушчу саатынан. Документтерди тариздөө алыскы региондордо узартылат: 30 кмге чейин – 1 күн, 30 кмдан ашык болсо – 2 күн. Ошондой эле жеринде жер участогунун чегин белгилѳѳ – 1 күн. Аткарууда нормада кѳрсѳтүлгѳн убакыттан тышкары кѳп убакыт талап кылган ири жана татаал объекттерге жер участогуна укугун тастыктаган документтерди тариздөөнун мѳѳнѳтү келишимдик негизде аныкталат. | А) укук аныктоочу документти тариздөө жана ушул документти ага тиркелген укук аныктоочу документтер менен бирге каттоо бѳлүмүнѳ тапшыруу; Б) эгер укук аныктоочу документтердин анык эместиги такталса, укук аныктоочу документти алууга арызды аткаруудан баш тартуу | Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №311 токтому менен бекитилген «Жер участогуна укуктуу тааныган документтерди тариздөө жана берүү тартиби жѳнүндѳ» жобо |
3.2-аракет. Жер участогуна укуктуу укук аныктоочу жана укугун тастыктоочу документтердин негизинде каттоо | Каттоо бѳлүмүнүн кызматкери
| 5 жумушчу саат ичинде | A) Укугун тааныган жана тастыктаган документтердин негизинде жер участогун мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү. B) Укук аныктоочу документтерде карама-каршылыктар кездешсе укуктуу каттоодон баш тартуу | |
3.3-аракет Укук аныктоочу документтерди берүү | Документтерди кабыл алган жана берген кызматкер
| 15 мүнөт | А) Укукту мамлекеттик каттоодон ѳткѳргѳндүгү жѳнүндѳгү жазуусу менен укук аныктоочу документти берүү. Б) Арызды аткаруудан баш тартуу учурунда билдирмени билдирүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: Укук аныктоочу документти берүү же баш тартуу тууралуу билдирме билдирүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: үч күндѳн ашык эмес | ||||
Жол-жобонун тиби: административдик процедура | ||||
| ||||
5. 1, 2, 3-жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлѳт.
1) Ички көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматынын жетекчиси аткарат.
2) Ички көзөмөл кызматтык жактардын жана кызматкерлердин административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызматты көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сакташын жана аткарышын такай текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
3) Текшерүүнү ѳткѳрүүнүн мезгилдүүлүгү квартал ичинде бирден кем эмес болот.
Пландык эмес текшерүүлөр кызматты пайдаланган кардардын кайрылуусу боюнча ѳткѳрүлѳт.
4) Текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча кескин түрдө административдик регламенттин талаптарына топ келбеген, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык күнөлүү жактарды жоопко тартуу маселеси каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарбасы жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин чечими менен куралган комиссиясы аркылуу жүргүзүлөт.
1) Комиссинын ишинин натыйжасы маалым кат формасында толтурулат, ага административдик регламентти ѳзгѳртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Бул маалым кат ага кол коюлган убакыттан тарта 3 жумушчу күнү ичинде ушул кызматты кѳрсѳткѳн мекемеге жөнөтүлөт.
Маалым кат түшкѳн күндѳн тарта бир ай ичинде аныкталган бузуулар жана кемчиликтер боюнча иш-чаралар кѳрүлүш керек. Ал эми бул бузуулар менен кемчиликтерди кетирген кызматтык жактарга жана кызматкерлерге дисциплинардык жана административдик чаралар көрүлүүсү зарыл.
Зарыл маалда бул административдик регламентке тийиштүү тартипте ѳзгѳртүү киргизүү демилгеси кѳтѳрүлѳт.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы кѳзѳмѳл жылына бирден кем эмес жолу ѳткѳрүлѳт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык жактардын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарбасы жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентчилигинин кызматтык жактары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык жоопкерчилик тартат.
9. Эгер кызматты же анын бѳлүгүн аутсорингге жеке же юридикалык жакка берсе, кызматты кѳрсѳтүү боюнча административдик регламенттин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты кѳрсѳтүүгѳ жооптуу мекеменин мойнунда калат.
8. Корутундулук жоболор
10. Административный регламент кызмат кѳрсѳтүү стандарттары кайра каралса жана зарыл маалда кайра каралууга жатат.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Кожомкулов Т.Б. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кыймылсыз мүлктү каттоо жана маалымат технологиялары башкармалыгынын башкы адиси.