Загрузка документа…
| 4-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укугун мамлекеттик каттоо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
8-главасынын 81-1-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү ргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдары тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү жеке жактар үчүн 3 саат, юридикалык жактар үчүн 6 саат.
Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мүнөттүн ичинде.
(2) Кѳрсѳтүлгѳн кызматтын жыйынтыгын берүү убактысы 15 мүнөттүн ичинде.
Кызмат алуу боюнча керектүү документтердин тизмеси:
Бардык арыз ээлери үчүн:
- белгиленген формадагы арыз;
- арыз берген адамдын ким экендигин тастыктаган документ:
эгерде жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат көрсөтүү үчүн кайрылса, мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти, юридикалык жак үчүн - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарды ырастоочу документти көрсөтүүсү зарыл;
эгерде юридикалык жактын өкүлү анын жетекчиси болуп саналса, укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны шайлаган протокол же аны дайындоо жөнүндө буйрук тапшырылат;
юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана юридикалык жактын уюштуруу документтеринин түп нускасы жана көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документ;
- эгерде бар болсо кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөсүн камтыган документ (техпаспорт);
- төлөмдү ырастоочу документ (арыз берүүчү тарабынан төлөм мамлекеттик органдын адиси берилген документтердин белгиленген талаптарга ылайык экенин текшергенден жана арыз ээсине мамлекеттик каттоо үчүн акы төлөнгөн документти бергенден кийин жүргүзүлөт);
(3) Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөѳ негизинде кѳрсѳтүлѳт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын АСЧАӨМнин буйругу менен бекитилет.
(4) Кызмат кѳрсѳтүүнүн жыйынтыгы: катталган укуктар тууралуу маалыматты арыз ээсине берүү (кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча кѳчүрмѳ)/ каттоого тапшырылган документке күбөлүк жазуусун киргизүү
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсѳтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертме |
1. | Арыздарды жана документтерди кабыл алуу |
|
2. | Бүтүмдүн тараптары тарабынан каралган келишимди каттоо же каттоочу тарабынан түзүлгөн келишимди каттоо |
|
3. | Каттоо үчүн берилген документтерди берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |||
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана документтерди алдын ала текшерүүнү жүргүзүү | |||||||
1.1-аракет Арызды жана документтерди кабыл алуу | Каттоочу | 1 сааттан ашпайт | А) – арызды жана документтрди кабыл алуу, тиешелүү журналга каттоо; - арыз ээсине арызды жана документтердии алганы тууралуу тил кат берүү;
Б) – документтерди кабыл алуудан же кыймылсыз мүлккѳ болгон укукту каттоодон баш тартуу
| - «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды, укуктарга чектѳѳлѳрдү жана аны менен болгон бүтүмдѳрдү мамлекеттик каттоо Эрежелери; | |||
1.2-аракет Бүтүмдүн тараптарын, анын ичинде укук жөндөмдүүлүгүн жана жарамдуулугун аныктоо | |||||||
1.3-аракет Берилген документтердин мыйзамдарга талаптарына ылайыктыгын, архивдик документтерди изилдѳѳ | |||||||
1.4-аракет Тѳлѳмгѳ документти жазып берүү жана кабыл алуу | Каттоочу | Тѳлѳнгѳнү тууралуу квитанцияны кабыл алуу | |||||
жол-жобонун жыйынтыгы: Арызды,документтерди кабыл алуу жана каттоо | |||||||
жол-жобонун узактыгы: 1 сааттан ашпайт | |||||||
жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
2-жол-жобо. Бүтүмдүн тараптары тарабынан каралган келишимди каттоо же каттоочу тарабынан түзүлгөн келишимди каттоо | |||||||
2.1-аракет Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишимин түзүү/тараптар тарабынан берилген кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимин кайра карап чыгуу жана ага кол коюу | Каттоочу
| Физикалык жактар 3 саат, юридикалык жактар 6 саат
| Автоматташтырылган каттоо системасына киргизүү менен каттоо жөнүндө ырастоочу жазуусу бар укук белгилөөчү документ | - «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды, укуктарга чектѳѳлѳрдү жана аны менен болгон бүтүмдѳрдү мамлекеттик каттоо Эрежелери; | |||
2.2-аракет Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишимин каттоо | |||||||
2.3-аракет Кыймылсыз мүлктүн жаңы ээси тууралуу маалыматты укук аныктоочу документтерге жазуу түрүндө киргизүү | |||||||
жол-жобонун жыйынтыгы: Жаңы ээсин жазуу менен укук аныктоочу документтерди толтуруу | |||||||
жол-жобонун жыйынтыгы: 3 сааттан ашпайт | |||||||
жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
3-жол-жобо. Каттоого берилген документтерди кайтарып берүү | |||||||
3.1-аракет Каттоого берилген документтерди кайтарып берүү | Каттоочу | 30 минутадан ашпайт | Тил каттын негизинде күбөлөндүрүүчү жазуусу бар укук аныктоочу документтердин түп нускаларын берүү
| Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды, укуктарга чектѳѳлѳрдү жана аны менен болгон бүтүмдѳрдү мамлекеттик каттоо Эрежелери | |||
жол-жобонун жыйынтыгы: Тил каттын негизинде күбөлөндүрүүчү жазуусу бар укук аныктоочу документтердин түп нускаларын берүү | |||||||
жол-жобонун узактыгы: 30 минутадан ашпайт | |||||||
жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
5. 1,2,3 жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо үчүн ички (учурдагы) жана тышкы контроль жүргүзүлѳт.
1) Ички контролду ргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдарынын жетекчилери ишке ашырат.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү кварталына бир жолудан кем эмес.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
7. Кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин натыйжалары маалымкат түрүндө таризделет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал бул кызматты көрсөткөн мекемеге жөнөтүлөт.
Маалымкат алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган тартип бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар көрүлүшү керек.
Зарыл болгон учурда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте жүргүзүлѳт.
3) Администрациялык регламенттин талаптарынын сакталышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Администрациялык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн ргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ кызмат көрсөткөн жооптуу мекемеге жүктѳлѳт.
8. Корутунду жоболор
10. Зарыл шартка жараша Административдик регламент кызмат кѳрсѳтүү Стандартын кайра кароо менен бир убакта каралууга тийиш.
9. Административдик регламенттерди иштеп чыгуучулар
1. Кожомкулов Т.Б. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кыймылсыз мүлктү каттоо жана маалымат технологиялары башкармалыгынын башкы адиси.