Загрузка документа…
| 5-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасы, 6-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы ишке ашырышат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрыдагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 5-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3.Кызматтын көрсөтүлгөн стандартынын негизги параметрлери:
- Арызды кабыл алуудагы убакыттын чеги - 30 мүнөт.
- Арызды кароо - 10 күнгө чейин.
- Натыйжаларды берүүдөгү убакыттын чеги - 30 мүнөт.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аңчылык жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) Даярдоо иштери:
А) 0,2 - 2,9 миң га - 10 күн,
Б) 3,0 - 30,0 миң га - 30 күн,
В) 30,0 миң гектардан ашык - 45 күн.
2) Талаа иштери:
А) 0,2 - 2,9 миң га - 30 күн,
Б) 3,0 - 30,0 миң га - 150 күн,
В) 30,0 миң гектардан ашык - 190 күн.
3) Камералык иштер:
А) 0,2 - 2,9 миң га аянттагы участокто - 20 күн,
Б) 3,0 - 30,0 миң га - 5 ай,
В) 30,0 миң гектардан ашык - 8 ай.
Токой-аңчылык жайгаштыруу иштеринин толук циклин жүргүзүү - 2 жыл (токой-анчылыкты жайгаштыруучу объектин аянтына жараша)
2) Кызмат алуу учун документтердин тизмеси:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтердин толук тизмеси:
а) Кызмат алуу үчүн арыз берүү (кайрылуу);
б) паспорттун көчүрмөсү, юридикалык жактын күбѳлѳндүргѳн кагазы;
в) жерге карата менчик укугунун тастыктаган документтер (кен байлык иштеткен жактарга күбѳлѳндүргѳн кагазы же күбѳлѳндүргѳн макулдашунун кѳчүрмѳсү);
г) кызмат үчүн төлөмдүн квитанциясы;
Мамлекеттик мекеме жана кызмат алуучу ортосунда келишим жана жумуштун сметасы түзүлөт.
Керектелүүчү докменттердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүүчү мекеменин маалымат тактайчаларында жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясаты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында көрсөтүлүп, жаныланып турат.
Кызматтын акысы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан бекитилет. (Кызматтын баасы токой-анчылыкты жайгаштыруу объектисинин аянтына көз каранды)
(4) Кызматтын натыйжасы: Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдар
2. Кызмат көрсөтүү процесинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол – жоболорду өзүнө камтыйт:
1- таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу, каттоо, документерди анализдөө жана жоопкер адисти (долбоордун авторун) дайындоо. | Иш-чара жетекчинин кабылдамасында бүтөт, Аткаруучуну жоопкер адисти дайындайт, жетекчи орун басардын көзмөлдөөсүнө жана тишелүү бөлүмгө (же аткаруучуга) жөнөтөт. |
2 | Аткаруулучу жумуштардын көлөмүн аныктоо, сметасын жана токой-анчлыкты жайгаштыруу кызматын аткаруу келишимин түзүү | Иш-чара бөлүм башчы менен биргеликте аткаруучу тарабынан аткарылат |
3 | Даярдоо жумуштары | Натыйжасында 1-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүлөт |
4 | 1-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүү | Аткарылуучу жумуштардын өзгөчөлүктөрүн кароо |
5 | Талаа жумуштары |
|
6 | Камералдык жумуштар |
|
7 | 2-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүү | Жумуштун жыйынтыгын кароо жана бекитүү |
8 | Мамлекеттик эколгиялык экспертизанын корутундусун алуу | Экологиялык экспертизадан ѳткѳрүү |
9 | Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутунсун алуу жана токой же анычылк жайгаштыруу долбоорун (стратегиялык планды) Токой кызматынын буйругу менен бекитүү |
|
10 | Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдар | Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысын түзүү |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
| |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу, документтердин толуктугун текшерүү жана жетекчинин кароосуна берүү |
| |||||
1.1-аракет А) Документтерди кабыл алуу, документтердин толуктугун текшерүү | Токой чарбачылык иш чараларын пландоо, токойлорду, флораны, фаунаны инвентаризациялоо, жана камералдык жумуштар боюнча бѳлүмдѳрдү адистери | 30 минут | - документтерди кабыл алынды, каттоодон ѳттү.
- эгер, документтер толук болбосо кайтарууга жатат (Мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүүнүн порталы аркылуу, электрондук ресурстар аркылуу кайрылууда маалымат так болбогон учурда) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы №636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби» | ||
Б) Документтерди Мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүүнүн порталы аркылуу, электрондук ресурстарар кылуу кабыл алуу | Автоматтык түрдѳ | |||||
30 минут | ||||||
Б1) Документерди кароо, анализдөө, толуктугун кароо. |
| |||||
1.2 -аракет Документтерди кароо жана аткаруучу бөлүмдү аныктоо | Жетекчилик | Кайрылууну кабыл алган жумуш күнү ичинде | Документтер каралды, аткаруучу бөлүмдү аныкталып тиешелүү тапшырма берилди | |||
1.2 -аракет Документерди анализдөө жана жоопкер аткаруучуну (долбоордун авторун) дайындоо | Бөлүм башчы | Жоопкер адис (долбоордун авторун) дайындалды |
| |||
1-жол-жобонун натыйжасы: каттоо: кайрылуу кабыл алынды, жоопкер адис аткаруучу жайындалды. Эгер, кайрылгандар, тапшырыкчы (муктажкер) кызматты алуудан баш тарткан учурда, кийинки жол-жобо токтолулат. Кызмат көрсөтүүдө кайрылуунун максаты мекеменин ыйгарым укуктарына кирбеген учурда, кат түрүндө кызмат көрсөтүү мүмкүн болбогондугу тууралуу маалыматы жөнөтүлөт. |
| |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 1 күндүк жумуш күнү ичинде |
| |||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу жана башкаруу |
| |||||
2 – жол-жобо. Аткаруулучу жумуштардын көлөмүн аныктоо, сметасын жана токой-анчлыкты жайгаштыруу кызматын аткаруу келишимин түзүү (тараптардын кол коюуусу) | ||||||
2.1-аракет Аткаруулучу жумуштардын көлөмүн жана сметасын аныктоо | Аткаруучулар (долбоордун автору) | 7 күндүк жумуш күнү ичинде | - жумуштардын көлөмү аныкталды; - жумуштун кѳлѳмүнѳ жараша сметасы аныкталды и келишим бекитилди; - тѳлѳм боюнча кийтанция алынды | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы №636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби» |
| |
2.2 -аракет Келишим түзүү жана кол коюуу |
| |||||
3.3-аракет Тѳлѳм боюнча квитанция | Бухгалтер |
| ||||
2-жол-жобонун натыйжасы: жумуштардын көлөмү аныкталды, сметасы аныкталды и келишим бекитилди,тѳлѳм боюнча кийтанция |
| |||||
2-жол-жобонун узактыгы: 7 күндүк жумуш күнү ичинде |
| |||||
3-жол-жобонун тиби: атайын |
| |||||
3 – жол-жобо. Даярдоо жумуштары |
| |||||
3.1-аракет Даярдоо жумуштарын жүргүзүү боюнча буйрук | Мекеменин жетекчиси | 1 күндүк жумуш күнү ичинде | Буйрук чыкты | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому | ||
3.2-аракет Даярдоо жумуштарын жүргүзүү | Аткаруучу (долбоордун автору) | Даярдоо жумуштары: 0,2-2,9 мин га аянтта – 10 күн; 3,0-30,0 мин га аянтта –30 күн; 30 мин га көп аянтта – 45 күн;
| - жайгаштырылуучу объекттин болгон тышкы чек арасын, анын административдик-чарбалык бирдиктерин аныктоону; - мурунку токой жайгаштыруунун таксациялык, геодезиялык жана картографиялык материалдарын чогултууну жана аларды талдоону; - жайгаштырылуучу объекттин жерлеринин кварталдык тармагынын картасынын долбоорун түзүүнү; - чек аралык жана кварталдык мамыларды кайра калыбына келтирүүнүн талап кылынган көлөмдөрүн аныктоону; - жамааттык машыгуу (окутуу) үчүн участокту тандоону; - токой жайгаштырууну жүргүзүүгө смета түзүүнү. - аңчылык жерлердин сырткы чек араларын аныктоо; - мурунку чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун геодезиялык жана пландык-картографиялык материалдарын чогултуу жана талдоо. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы №636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби» | ||
3-жол-жобонун натыйжасы: даярдоо жумуштарынын материалы |
| |||||
3-жол-жобонун узактыгы: Жумуштун көлөмүнө жана мүнөзүнө жараша болот |
| |||||
3-жол-жобонун тиби: административдик |
| |||||
4 – жол-жобо. 1-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүү | ||||||
4.1-аракет Кенешмени өткөрүү (токой жана чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу ж тартибинде көрсөтүлгөн иш-чараны жана ведомстволор аралык кызматташтыкты аткаруу) | Жетекчилик, жоопкер адис, аткаруучу (долбоордун автору). | 10 күндүк жумуш күнү ичинде даярдоо жумуштарынын жыйынтыгы менен | Токой аңчылык жайгаштыруу кеңешмеси ѳткѳрүлдү, талаа токой жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, мергенчилик чарбанын даярдоо жумуштарынын отчёту, даярдоо жумуштар жөнүндө маалыматтар каралат. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби» Ички көрсөтмөлөр жана жоболор ж.б.Кенешмени өткөрүлдү |
| |
4-жол-жобонун натыйжасы: протокол жана катышуучулардын тизмеси Эгер, кайрылгандар, тапшырыкчы (муктажкер) кызматты алуудан баш тарткан учурда, кийинки жол-жобо токтолулат. Кызмат көрсөтүүдө кайрылуунун максаты мекеменин ыйгарым укуктарына кирбеген учурда, кат түрүндө кызмат көрсөтүү мүмкүн болбогондугу тууралуу маалыматы жөнөтүлөт. |
| |||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 күндүк жумуш күнү ичинде |
| |||||
4-жол-жобонун тиби: уюштуруу жана башкаруу |
| |||||
5 – жол -жобо. Талаа жумуштары |
| |||||
5.1-аракет Талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча буйрук | Жетекчилик, жоопкер адис, аткаруучу (долбоордун автору). | 1 күндүк жумуш күнү ичинде | Буйрук чыгарылды | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби»
Ички көрсөтмөлөр жана жоболор ж.б. |
| |
5.2 аракет Тала жумуштары жүргүзүү (токой жана чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу ж тартибинде көрсөтүлгөн иш-чараны жана ведомстволор аралык кызматташтыкты аткаруу) | Аткаруучулар (долбоордун автору ж.б.)
| Талаа жумуштары: а) 0,2-2,9 мин га аянтта – 30 күн; б) 3,0-30,0 мин га аянтта –150 күн; в) 30 мин га көп аянтта – 190 күн | - токой чарбалык иш-чараларды пландоо, топографиялык жана геодезиялык жумуштарды жүргүзүү, чек аралык жана кварталдык мамыларды орнотуу, биотүрдүүлүккө талдоо жүргүзүү,флораны жана фаунаны эсепке алуу, ревизиялык мезгилде токой чарбасын жүргүзүү; токой чарбасын жүргүзүүнү талдоо, бөлүкчөлөрдү көз менен болжолдоо методу менен баалоо жана токойлорго тандама статистикалык метод менен инвентаризация жүргүзүү; - жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын эсебин алуу, аңчылык жерлерди бонитировкалоо жана типологиялоо, мергенчилик чарбалардын аймактарында бөлүнгөн тармактарды түзү, мергенчилик чарбанын иштеринин стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн керектүү материалдарды чогултуу. отчеттук жумуштар |
| ||
5-жол-жобонун натыйжасы: талаа жумуштарынын материалдары, аткарылган жумуштарыдын отчетту, кабыл алуу-өткөрүү акты |
| |||||
5-жол-жобонун узактыгы: Жумуштун көлөмүнө жана мүнөзүнө жараша болот (30дѳн 190 күнгѳ чейин) |
| |||||
5-жол-жобонун тиби: административдик |
| |||||
6 – жол-жобо. Камералдык жумуштар |
| |||||
6.1-аракет Камералдык жумуштарды аткаруу (токой жана чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартибинде көрсөтүлгөн иш-чараны жана ведомстволор аралык кызматташтыкты аткаруу) | Аткаруучулар (долбоордун автору ж.б.),
| Камералдык жумуштары: а) 0,2-2,9 мин га аянтта – 20 күн; б) 3,0-30,0 мин га аянтта –5 ай; в) 30 мин га көп аянтта – 8 ай | Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдар иштелип чыкты
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы №636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби» Ички көрсөтмөлөр жана жоболор ж.б. |
| |
6-жол-жобонун натыйжасы: токой-анчылыкты жайгаштыруу материалдары |
| |||||
6-жол-жобонун узактыгы: токой-анчылыкты жайгаштыруунун толук цикли - 2 жылга чейин |
| |||||
6-жол-жобонун тиби: административдик |
| |||||
7 – жол-жобо. 2-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүү |
| |||||
7.1-аракет Кенешмени өткөрүү | Жетекчилик, жоопкер адис, аткаруучу (долбоордун автору) | 5 иш күндүн ичнде, камералдык жумуштарыдын жыйынтыгы менен жетекчиликке берилет | Экинчи токой–аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер кеңешменин протоколуна жазылат, ал токой жайгаштыруу долбоорунун ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планынын акыркы вариантын түзүү үчүн негиз болуп саналат. | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому
|
| |
7-жол-жобонун натыйжасы: 2-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмесинин протоколу жана катышуучулардын тизмеси |
| |||||
7-жол-жобонун узактыгы: 1 жумалык жумуш күнү ичинде |
| |||||
7-жол-жобонун тиби: уюштуруу жана башкаруу |
| |||||
8 – жол-жобо. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун алуу жана токой же аңчылк жайгаштыруу долбоорун Токой кызматынын буйругу менен бекитүү |
| |||||
8.1-аракет Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун алуу | Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы, аткаруучулар (долбоордун автору)
| Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөтү экспертизанын объектинин татаалдыгы менен аныкталат, бирок ал зарыл материалдарды толук көлөмдө алган учурдан тартып үч айдан ашпоого тийиш. | Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу алынды Эгер, Мамлекеттик экологиялык экспертизанын терс корутундусу болгон учурда долбоордун демилгечиси корутундуда баяндалган сын-пикирлерди эске алуу менен аларды кайра иштеп чыккан шартта материалдарды мамлекеттик экологиялык экспертизага кайрадан берүүгө тийиш (Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун кызмат алуучулар ѳз алдынча ала алат) | Кырыз Республикасынын Экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзамы (1999-жылдын 16-июну № 54)
|
| |
8-жол-жобонун натыйжасы: Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу |
| |||||
8-жол-жобонун узактыгы: 3 айдын ичинде |
| |||||
8-жол-жобонун тиби: административдик |
| |||||
9 – жол-жобо. Токой анчылыкты жайгаштыруу материалдарын бекитүү |
| |||||
9.1-аракет Токой аңчылык жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдарын Буйрук менен бекитүү | Жетекчилик, жоопкер адис, аткаруучу (долбоордун автору) | Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу алынган күндѳн тартып 10 күндүк мѳѳнүттүн ичинде
| Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдары Мамлекеттик органдын буйругу менен бектилди | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы №636 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби» Ички көрсөтмөлөр жана жоболор ж.б. | ||
9-жол-жобонун натыйжасы: Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу |
| |||||
9-жол-жобонун узактыгы: 10 күндүк мѳѳнүттүн ичинде |
| |||||
9-жол-жобонун тиби: уюштуруу жана башкаруу |
| |||||
10 – жол-жобо. Токой - анчылыкты жайгаштыруунун материалдарын берүү |
| |||||
10.1-аракет Даярдалган материалдарды нускамалоого берүү | Аткаруучулар (долбоордун автору)
| 3жумалык жумуш күнү ичинде | Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдарын ѳткѳрүп берүү | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому
| ||
10.2 -аракет Токой- анчылык жайгаштыруунун материалдарын ѳткѳрүп берүү | 1жумуш күнү ичинде |
|
| |||
10-жол-жобонун натыйжасы: Материалдар берилди |
| |||||
10-жол-жобонун узактыгы: 3 жуманын ичинде |
| |||||
10-жол-жобонун тиби: административдик |
| |||||
| ||||||
5. Жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
1. Кайрылууну, документтерди кабыл алуу, каттоо жана жоопту адистерди бекитүү
2. Аткаруулучу жумуштардын көлөмүн аныктоо, сметаны жана кызмат кѳрсѳтүү боюнча келишим түзүү (тараптардын келишим түзүүсү)
3. Даярдоо жумуштары
4. Биринчи токой аңчылык жайгаштырунун кеңешмесин ѳткѳрүү
5. Талаа жумуштары
6 Камералдык жумуштар
7. 2 чи токой аңчылыкты жайгаштыруу кеңешмесин ѳткѳрүү
8. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алуу
9. Токой аңчылык жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планын жана картографиялык материалдарын буйрук менен бекитүү
10. Токой аңчылык жайгаштыруунун материалдарын ѳткѳрүп берүү
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну котролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну котролдоонун формасы ички (күнүмдүк) контрол жана сырткы контрол болуп бөлүнөт.
1. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун ички (күнүмдүк) контролу Токой кызматынын директорунун орун басары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ички (күнүмдүк) контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорун жана ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Ички (күнүмдүк) контролдун максаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарынын бузулушун ачыкка чыгаруу жана жоюу, адистердин жана кызмат адамдарынын чечимдери, иш аркеттери (же аракетсиздиги) тууралуу келип түшкөн даттанууларды (анын ичинде ишеним телефону боюнча) кароо, алар боюнча чечимдерди кабыл алуу жана жоопторду даярдоо болуп эсептелет.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүү туруктуу негизде, ар бир кайрылуу боюнча жүргүзүлөт.
Пландан тышкары текшерүүлөр керектөөчүсүнүн арызы боюнча жүргүзүлѳт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу маселесим каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткаруунун сырткы контролу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын чечими менен түзүлүүчү комиссия тарабынан ишке ашырылат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгында административдик регламентке мүмкүн болгон өзгөртүүлорду киргизүү боюнча сунушу маалымкат түрүндѳ чагарылат.
2) Маалымкатка кол коюулгандан баштап 3 күндүк жумуш күнү ичинде Токой кызматынын жетекчисине жөнөтүлөт. Маалымкат келип түшкөн датадан кийин 1 айдын ичинде ачыкка чыгарылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аталган бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге тартип жазаларын берүү боюнча чаралар көрүлөт,
Зарыл болгон учурда белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына сырткы контроль жүргүзүү жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Токой кызматынын, анын түзүмдѳрүнүн кызмат адамдары жана кызматкерлери адиминистративдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жооптуу болот.
9. Кызмат кѳрсѳтүүнү же жарым-жартылай жеке жана юридикалык жактарга кызмат күрсүтѳѳ укугун берүүдѳ административдик регламенттин талаптары бузулган учурда бул кызматты камсыз кылуу үчүн жооптуу мекеме тарабынан сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо"жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын луттук илимдер академиясынын П.А. Гана атындагы токой институту жана биология-топурак институту менен макулдашылган.
11. Административдик регламент аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге кайра каралышы мүмкүн, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес тартипте.
9. Административдик регламентти иштеп орган
1. Таабалдиев М. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын бөлүм башчысы.
2. Сейдеева С. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын башкы адиси.