Загрузка документа…
| 6-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын административдик РЕГЛАМЕНТИ
“Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
5-главасынын 15-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 38-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызматтын көрсөтүлгөн стандартынын негизги параметрлери:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө, бышып-жетилүү мөөнөтүнө жана аймагына жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 15тен 20 календарлык күнгө чейин. Кызмат вегетациялык мезгил (июнь-сентябрь) учурунда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн документин даярдоого чектелген убакыт – 1 иш күнү. Талаа инспекциясынын актысын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек
(2) Кызмат алуудагы керектелүүчү документтердин тизмеси:
а) талаа инспекциясын жүргүзүүгө өтүнмө;
б) талаа инспекциясынын актысы, эгерде өз түшүмдүн үрөнү менен себилсе;
в) үрөндөргө аттестат, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет);
г) үрөнгө күбөлүк, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет);
д) акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция (төлөм арыз жактырылгандан кийин гана жүргүзүлөт).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – Мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызматтын акысы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө акы алынат.
Кызмат көрсөтүү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу менен бекитилген прейскуранттын негизинде ишке ашырылат.
(4) Кызматтын жыйынтыгы: Кызматтын жыйынтыгы болуп Үрөндүн сорттук сапатын аныктоодогу берилүүчү документтер саналат:
- талаа инспекциясынын актысы – кылкандуу дан эгиндеринин, чанактуу дан эгиндеринин жана май алынуучу өсүмдүктөрдүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү 5 жыл)
- көп жылдык чөптүн (люцерна, эспарцет ж.б.) себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты – көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 5 жыл);
- кант кызылчасынын көчөтсүз себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты - кант кызылчасынын айдоолорунун сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 5 жыл);
- үрөндүк картөшкөгө жүргүзүлгөн талаа инспекциясынын акты –тигилген картөшкөнү сорттук айдоону күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 1 жыл);
- пахта үрөнүнө талаа инспекциясынын актысы – пахтаны сорттук эгүүнү күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 1 жыл);
- мөмө – жемиш бактарына талаа инспекциясынын акты – мөмө – жемиш бактарынын сорттук сапатын күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 3 жыл).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол – жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча керектөөчүлөргө маалымат жеткирүү |
|
2. | Арызды алуу жана аны каттоо |
|
3. | Кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысын төлөө |
|
4. | Айыл чарба өсүмдүктөрдүн сорттуу айдоолоруна алдын ала талаа текшерүү жүргүзүүсүнө адистин чыгышы |
|
5. | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү |
|
6. | Талаа инспециясынын актысын толтуруу жана аны тапшыруу |
|
3. Жол – жоболордун өз ара байланышынын блок – схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |
1-жол- жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берүү | |||||
1.1-аракет Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат жеткирүү | Агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун пресс – кызматы, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери | 15 мүнөт | Мезгил мезгили менен жаңылануучу агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун расмий сайты - www.agro.gov.kg; - маалымат такталары, буклеттер, брошуралар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүгө маалымат жеткирүү; (баалардын прейскуранты кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алган жерлердеги стендде, жалпы суммасын аныктоо мүмкүн болгон жерде, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.agro.gov.kg сайтында илинген) . | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы No 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө жобо | |
1.2-аракет Маалыматты актуалдуу абалда кармап туруу жана өз убагында жаңылоо | |||||
Жол-жобонун натыйжасы: - даярдалган маалыматтык стенддер, буклеттер, брошуралар жана мезгил-мезгили менен жаңыланып туруучу агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын - www.agro.gov.kg веб-сайтында | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | |||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу процедурасы | |||||
2-жол- жобо Арызды кабыл алуу жана аны каттоо | |||||
2.1-аракет А) зарыл документтер менен арызды кабыл алуу жана берилген документтерди текшерүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери
| 15-мүнөт | -арызды кабыл алуу жана каттоо журналына киргизүү; - арызды жетекчиге жөнөтүү | Типтүү нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
| |
Б) ЭККМП /Электрондук ресурс аркылуу электрондук түрдө керектүү документтер менен арызды кабыл алуу | Автоматтык түрдө | арыз ээсинин жеке кабинетине кабыл алуу жөнүндө билдирүү жөнөтүү менен арызды кабыл алуу жана каттоо | |||
Б1) берилген документтерди текшерүү |
| 1 күн | А) арызды жетекчиге жөнөтүү В) арыз ээсинин жеке кабинетине жөнөтүлгөн баш тартуу жөнүндө билдирүү менен кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||
2.2-аракет Жооптуу кызматкерди дайындоо | Жетекчи | 10 мүнөт | - виза коюу, жооптуу кызматкерди дайындоо; | ||
Жол-жобонун натыйжасы: Виза коюу; каттоо журналына жазуу; эгерде документтер талаптарга жооп бербесе, баш тартуу. | |||||
Жол-жобонун узактыгы: Администрациялык иш-чараны жүргүзүүнүн максималдуу убактысы бир күндөн ашпаган убакытты түзөт. | |||||
Жол-жобонун тиби: Административдик жол-жоболор | |||||
3-жол- жобо Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу өсүмдүктөрүн алдын ала талаа изилдөөсүн жүргүзүү үчүн адистин чыгышы | |||||
3.1-аракет Алдын ала талаа изилдөөсүн жүргүзүү (алдын ала талаа изилдөөсүн жүргүзүү процессинде төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт: 1) сорттук жана себүү документтеринин болушун текшерүү 2) мейкиндикти обочолонтуу нормаларынын сакталышын текшерүү 3) ушул эле түрдөгү башка сорттордун аралашмаларынын бар экендигин аныктоо 4) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантиндик жана башка отоо чөптөр менен булгануу даражасын аныктоо) | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/анын аймактык бөлүмдөрүнүн адиси | 3 сааттан ашык эмес (жол жүрүү убактысын эсепке албаганда) | А) Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволоруна жана анын аймактык бөлүмдөрүнө алдын ала талаа изилдөөлөрүнүн корутундусун берүү; Б) талаа изилдөөсүн жүргүзүүдөн баш тартуу | "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 1997-жылдын 19-июнундагы N 38; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында кылкандуу дан өсүмдүктөрүн сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 861 "Кыргыз Республикасында кант жана тоют кызылчасынын үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" - 2009-жылдын 12-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасындагы көп жылдык буурчак чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 2007-жылдын 21-майындагы № 128 «ОЭСР (Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму) схемаларына ылайык Кыргыз Республикасында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндүк өсүмдүктөрүн талаа инспекциясын жүргүзүү жөнүндө нускама. | |
3.2-аракет Кийинки жол-жобо үчүн алдын ала талаа изилдөө отчетун даярдоо |
| алдын ала талаа изилдөөдөн кийин 30 мүнөттүн ичинде |
|
| |
Жол-жобонун натыйжасы: - айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кеңсесине талаа изилдөөлөрүнүн отчетун берүү; - жер-жерлерде изилдөө жүргүзүүдөн баш тартуу | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 3 сааттан ашпайт | |||||
Жол-жобонун тиби: Өзгөчө процедура | |||||
4-жол- жобо. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөө | |||||
4.1-аракет А) Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм үчүн эсеп-кагазы берүү жана аны керектөөчүгө жөнөтүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бухгалтердик эсеп бөлүмү | 10 мүнөт | - мамлекеттик кызматтын толук наркынын кеминде 50% өлчөмүндө төлөм үчүн эсеп-кагазын берүү (эгер арыз электрондук форматта берилсе, төлөө үчүн эсеп-кагазын арыз ээсинин жеке кабинетине жөнөтүлөт)
Эскертүү: а) арыз ээсинин жеке кайрылуусу боюнча төлөм накталай эмес түрдө жүргүзүлөт, квитанциянын көчүрмөсү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кеңселеринде сакталат; б) Арыз ээси электрондук түрдө кайрылса, төлөм ЭККМП /Электрондук ресурстагы төлөм шлюзи аркылуу, ошондой эле терминалдарда же банктарда жүргүзүлүшү мүмкүн, андан кийин квитанциянын көчүрмөсүн арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүгө жөнөтүү. | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин 30-августтагы 2018-жылдын № 302 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы 1 га сорттуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаа инспекияциясына (туруктуу өсүмдүктөрдү текшерүү ыкмасы менен) Монополияга каршы саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 2018-жылдын 24-августундагы № 33 буйругуна ылайык прейскурант. | |
Жол-жобонун натыйжасы: Бул кызмат үчүн белгиленген тартипте бекитилген прейскурантка туура келген төлөм жүргүзүлгөн учурда керектөөчү төлөм жөнүндө квитанция берет, анын көчүрмөсү айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кеңселеринде же анын аймактык бөлүмдөрүндө сакталат. | |||||
Жол-жобонун узактыгы: Керектөөчүгө эсеп-фактураны берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык эмес (төлөө убактысын кошпогондо) | |||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу процедурасы | |||||
5-жол- жобо Айыл чарба сорттуу өсүмдүктөрүнүн талаа инспекциясы | |||||
5.1-аракет Талаа инспекциясын жүргүзүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/анын аймактык бөлүмдөрүнүн адиси | 15тен 20 календардык күнгө чейин (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүнө жараша) | тиешелүү түрдө толтурулган талаа текшерүү отчету | 4-тартипте көрсөтүлгөн НУА | |
5.2-аракет Талаа инспекциясынын протоколун толтуруу |
| Иш-аракет текшерүү учурунда жүргүзүлөт |
|
| |
Жол-жобонун натыйжасы: Аткарылган талаа инспециясын иштери; тиешелүү түрдө толтурулган талаа инспекциясынын протоколу. | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 тен 20 календардык күнгө чейин | |||||
Жол-жобонун тиби: Атайын процедура | |||||
6-жол- жобо Талаа инспекциясынын күбөлүгүн толтуруу жана берүү | |||||
6.1-аракет Талаа инспекциясынын отчету туура толтурулганын текшерүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын директору, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын адистери | 1 иш күнү | - талаа инспекциясынынын күбөлүгүн арыз ээсине толтуруу жана берүү (эгерде кызмат электрондук форматта көрсөтүлсө, арыз ээсине талаа инспекциясынын актысы жиберүүгө даярдыгы жөнүндө арыз ээсинин жеке кабинетине кабарланат) | НУА, 4-тартипте көрсөүлгөн | |
6.2-аракет Талаа инспекциясы жөнүндө актынын көчүрмөсү жана чыгаруу |
| 15 мүнөт |
|
| |
Жол-жобонун натыйжасы: Арыз ээсине талаа инспекциясынын күбөлүгүн алуу жана берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 1 жумушчу күндөн ашык эмес | |||||
Жол-жобонун тиби: Атайын процедура | |||||
5. Жол – жоболордун аткарылышынын схемалары (алгоритмдери):
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча керектөөчүлөргө маалымат жеткирүү
2. Арызды кабыл алуу жана аны каттоо
3. Кызмат көрсөтүүсүнүн акысын төлөө
4. Айыл чарба сорттуу өсүмдүктөрүнүн айдоолоруна алдын ала талаа текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн адистин чыгышы
5. Айыл чарба сорттууу өсүмдүктөрүнүн айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү
6. Талаа инспециясынын актысын толтуруу жана тапшыруу
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарулуусун контролдоо
5. Административдик регламенттин талаптарын аткарылышына ички (күндөлүк) жана сырткы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо Департаментинин директору тарабынан жүргүзүлөт.
2) Кызмат адамдардын жана кызматкерлердин административдик регламенттин жол – жобосунун сактоосун жана аткарылышын ички текшерүү үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүү менен ишке ашырылат, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин негизинде.
3) Текшерүүнү жүргүзүүдөгү мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолудан кем эмес түзөт
Кызматты керектөөчүлөрүдүн арызынын негизинде пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, андан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин, “Мамлекеттик жарандар кызматы жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде тартип бузган адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат
6. Айыл чарба министирлигинин чечиминин негизинде түзүлгөн комиссия көрсөтүлгөн кызматтын административдик регламентинин аткарылышынын сырткы контролун жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат (справка) түрүндө таризделет, ага административдик регламентинине өзгөрүүлөрдүн сунуштары киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган учурдан тартып, 3 иш күндүн ичинде кызмат көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн баштап бир айдын ичинде табылган ката жана кемчиликтерди жоюуда чаралар көрүлүшү керек, бул каталарга жол берген кызмат адамдарга жана кызматкерлерге тартиптик таасир этүү жана административдик чаралар көрүлүшү керек.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышынын сырткы текшерүүсү 1 жыл ичинде бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо Департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттердин талаптарын бузууда Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мызаймынын чегинде жоопкерчиликке тартылат.
8. Кызмат көрсөтүүнү же анын бөлүгүн аткарууда аутсорсингге жеке физикалык же/жана юридикалык жакка өткөрүп берүүдө, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттин талаптарын сактоо жоопкерчилиги кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
9. Кызматтын административдик регламенти мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, ведомстволук (структуралык жана аймактык) бөлүмдөр менен макулдашылып, акыркы керектөөчүгө ушул кызматты көрсөтүүдө алар менен өз ара аракеттенүү ишке ашырылат.
10. Административдик эрежелер кызматтын стандартын кайра карап чыгуу менен бир убакта жана зарылчылыкка жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентин иштеп чыккандар:
1. Калдаралиева Кулмира Садырбаевна - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин борбордук лабораториясынын башкы агроному.