Загрузка документа…
| 9-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча
карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар,
үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша
жайгашкан аймактарды изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза)»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасы, 19-1-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 33-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күнгө чейин;
2) Изилдөө боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарга изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза) жүргүзүүгө берилген арыз;
б) арыз ээсини тастыктаган документ;
в) кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
г) юридикалык жактын атынан, анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу (ишеним кат) кошумча документ берет.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү «Тундук» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга боло турган документтерди сурабайт.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- Карантиндик объекттерди аныктоо;
- лабораториялык экспертиза жүргүзүү;
- карантинге алынуучу продукциянын коопсуздугун камсыздоо, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана текшерүү актысы же карантиндик сертификат толтурулат.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомунан турат:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу жана изилдөө жүргүзүү үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу
| Арызды карап чыгуу жана каттоо, изилдөө жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу жакты дайындоо |
2. | Карантиндик фитосанитардык изилдөө жүргүзүү | Изилдөө методун тандоо жана изилдөөнү жүргүзүү |
3. | Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу
| Үлгүлөрдү (сынамдарды) белгиленген санда тандап алуу жана аларды тариздөө, лабораторияга жөнөтүү |
4. | Карантиндик лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана корутунду берүү – Карантиндик фитосанитардык экспертизнын күбөлүктөрү
| Өсүмдүктөрдүн жана отоо чөптөрдүн зыянкечтеринин, ооруларынын түрүн аныктоо жана идентификациялоо үчүн экспертизаларды жүргүзүү |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Иш-аракеттердин натыйжасы
|
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана жана изилдөө жүргүзүү үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | ||||
1.1 Иш-аракет Изилдөө жүргүзүүгө арызды кабыл алуу жана каттоо (анын ичинде электрондук түрдө ЭКМП/Электрондук ресурс аркылуу кабыл алуу) | Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн адиси
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн башчылары
| 10 мүн. | А) Изилдөө жүргүзүүгө керектүү документтердин болушу Б) Документтер бекитилген талаптарга жооп бербесе, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тартиби жана жол-жоболору жөнүндө кардарга маалымат берүү -
| - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамы (7-берене); - Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамы (10-берененин 2-пункту); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маселелери жөнүндө» Жобо - - Евразиялык экономикалык бирликтин карантиндик объектттердин бирдиктүү тизмеги, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №158 чечими; - Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантиндик продукцияларга жана карантиндик объекттерге коюлган бирдиктүү карантиндик фитосанитрадык талаптар, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечими; - Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагындагы өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелери жана ченемдери, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №159 чечими |
1.2 Иш-аракет Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектүү документтерди топтоо жана карап чыгуу | 10 мүн. | |||
1.3 Иш-аракет Изилдөө жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу адисти дайындоо |
| |||
1.4 Иш-аракет Төлөө үчүн эсепти берүү | Жооптуу кызматкер | Автоматтык турдө | Төлөө үчүн эсепти берүү |
|
1-жол-жобонун натыйжасы: изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин бар экендигин аныктоо; - эгер документтер талаптарга ылайык келсе, арызды каттоо; - аткаруучуну дайындоо б) эгерде документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөткө чейин | ||||
Жол-жобонун түрү: Административдик жол-жобо | ||||
2-жол-жобо. Карантиндик фитосанитардык изилдөө жүргүзүү | ||||
2.1 Иш-аракет Изилдөө жүргүзүүгө чыгуу (керектөөчүнүн эсебинен жүргүзүлөт) | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 24 саатка чейин | Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу
| 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө» Жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 13 буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама |
2-жол-жобонун натыйжасы: Изилдөө жүргүзүү, лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу. | ||||
2- жол-жобонун узактыгы: 24 саатка чейин | ||||
Жол-жобонун түрү 2: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
3-жол-жобо. Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу | ||||
3.1 Иш аракет Үлгүлөрдү (сынамдарды) лабораториялык экспертизага тандап алуу
| Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 2 саатка чейин | Тандалып алынган, таризделген жана таңгакталган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет
| 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө Жобо; 2) ГОСТ 12430-66 Айыл чарба продукциясы. Карантиндик кароо жана экспертиза жүргүзүү учурунда үлгүлөрдү тандап алуу ыкмасы (№1, 2 өзгөртүүлөрү менен) ГОСТ 12430-66; 3) Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби |
3.2 Иш аракет Үлгүлөрдү (сынамдарды) тариздө жана таңгактоо | ||||
3-жол-жобонун натыйжасы: Тандалып алынган, таризделген жана таңгакталган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 2 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
4-жол-жобо. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү | ||||
4.1. Иш аракет Алынган үлгүлөрдү (сынамдарды) каттоо
| Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын адистери | 20 мүнөткө чейин | Үлгүлөрдү (сынамдарды) экспертиза жүргүзүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүү | 1) Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби; 2) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун 2017-жылдын 15-февралындагы №13 буйругу менен бекитилген Менеджмент системасынын жол-жоболору ЦЛКР – 13 3) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин 2015-жылдын 17-мартындагы №109 буйругу менен бекитилген карантиндик организмдерди идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр |
4.2. Иш аракет Лабораториялык экспертизаларды жүгүзүү: энтомологялык, гербологиялык, фитопатологиялык жана нематологиялык | 3 жумушчу күнгө чейин | Экспертизанын протоколун түзүү жана жооптуу кызматкерге Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү
| ||
4.3. Иш аракет Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 5-10 мин. | Берүү: 1. карантиндик сертификаттарды (эгерде өлкөнүн ичинде болсо) ; 2. фитосанитардык сертификат (экспортко) Сертификат берүү жөнүндө маалыматтар "Элек" МТ киргизилет |
|
Жол-жобонун натыйжасы: Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 3 жумушчу күнгө чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1-схема. Арызды кабыл алуу жана изилдөө жүргүзүүгө берилген документтерди алдын ала карап чыгуу
2-схема. Карантиндик фитосанитардык изилдөөнү жүргүзүү
3-схема. Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү
(сынамдарды) тандап алуу
4-схема. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутундуну берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, когоо жана карантин департаментинин жетекчиси ички көзөмөлдөө иштерин алып барат.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттердин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына үзгүлтүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар кварталда бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу чаралары текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Кызмат адамдарынын административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, когоо жана карантин департаментинин кызмат адамдары жана кызматчылары административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Мазенов Бакытбек Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, когоо жана карантин департаментинин башкы адиси;
2. Кабылова Райла Турдуевна – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, когоо жана карантин департаментинин башкы адиси.