Загрузка документа…
| 10-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Экспорттоо максатында карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасы, 23-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 34-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3.Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 5 күнгө чейин анын ичинен:
- арызды жана коштоочу документтерди кабыл алуу жана кароо, импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарын аныктоо убактысы - 25 мүнөткө чейин;
- карантиндик продукциялардын партиясынан үлгүлөрдү алуу менен тинтип кароо убакыты иштин көлөмүнө жараша - 2 саатка чейин;
- алынган үлгүлөргө лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк берүү убакыты экспертизанын татаалдыгына жараша - 3 сааттан 72 саатка чейин;
- фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты тариздөө жана берүү убакыты - 40 мүнөткө чейин.
2) фитосанитардык жана/же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты (мындан ары – ФСС жана РФС) берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) фитосанитардык жана/же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты алууга арыз берүү;
б) ким экендигин ырастаган документ;
в) товарды коштоочу документтердин нотариалдык жактан ырасталган көчүрмөлөрүн берүү;
г) Кыргыз Республикасынын аймагынан карантиндик продукцияларды анын негизинде алып чыгуу жүргүзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсү, эгерде мындай келишим (контракт) бар болсо;
д) кызмат көрсөтүү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
е) юридикалык жактар, анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу (ишеним кат) кошумча документ берет;
ж) РФС алынган убакта, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн-мүчөлөрүнүн бажы аймактарынын чегинен тышка чыгарууга багытталган (реэкспорт), Кыргызстанга киргизилген карантинге алынчу продукцияга экспортер-өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, фитосанитардык сертификат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылганда кызмат көрсөтүүчү тарабынан "Түндүк"ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Карантинге алынган продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жана карантиндик зыяндуу жана жөнгө салынуучу өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин жайылышын алдын алуу, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификат таризделет.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомунан турат:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алуу үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | Мамлекеттик кызматты алууга керектүү документтерди топтоо |
2. | Карантиндик продукцияны карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүү |
|
3. | Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу |
|
4. | Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин болушу |
5. | Карантиндик текшерүү актысын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө же берүүдөн баш тартуу |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||
| ||||||
|
| |||||
|
|
| ||||
4. Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин натыйжасы
| Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алуу үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | ||||
1.1-аракет А) ФСС жана/же РФС алууга арызды кабыл алуу
| Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн адиси
| 20 мүн. | а) каттоо (электрондук форматта арыз берилген учурда документтерди кароого кабыл алуу жөнүндө арыз ээсине билдирүү жөнөтүү); б) эгерде документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе, ФСС жана/же РФСти берүүдөн баш тартуу
| 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү жөнүндө жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-агустундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө» Жобо 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 13 буйругу менен бекитилген Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама |
Б) ГПЭУ/Электрондук ресурс аркылуу электрондук түрдө ФСС жана/же РФС алуу үчүн арызды кабыл алуу | Автоматтык түрдө | |||
1.2-аракет Төлөө үчүн эсеп-дүмүрчөктү берүү
| 1 жумушчу күндүн ичинде | Төлөмдүн квитанциясы Текшерүүнүн датасын жана убактысын белгилөө
| ||
1.3-аракет Текшерүүнүн датасын жана убактысын дайындоо | ||||
1-жол-жобонун натыйжасы: Келип түшкөн арызды каттоо, текшерүүнүн датасын жана убактысын белгилөө же маалымкат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун түрү: Административдик жол-жобо | ||||
2-жол-жобо. Карантинге алынчу продукцияга карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү | ||||
2.1-аракет Карантинге алынчу продукциянын партиясын текшерүү
| Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 3 күнгө чейин | А) Эгерде карантинге алынган продукция фитосанитардык талаптарга жооп берсе, ФСС жана/же РФС берүү жөнүндө чечим чыгарылат Б) Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу | 1-жол-жободо көргөзүлгөн ченемдик укуктук актылар |
2-жол-жобонун натыйжасы: Эгерде карантинге алынчу продукция фитосанитардык талаптарга жооп берсе, ФСС жана/же РФС берүү же лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу жөнүндө чечим кабыл алынат. | ||||
2- жол-жобонун узактыгы: 3 күнгө чейин | ||||
Жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
3-жол-жобо. Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу | ||||
3.1-аракет Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 3 саатка чейин (жол убактысын кошпогондо) | Тандалып алынган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет
| 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык сертификаттарды, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 2) ГОСТ 12430-66 Айыл чарба продукциясы. Карантиндик кароо жана экспертиза жүргүзүү учурунда үлгүлөрдү тандап алуу ыкмасы (№1, 2 өзгөртүүлөрү менен) ГОСТ 12430-66 Группа С09; 3) Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби |
3.2-аракет Үлгүлөрдү (сынамдарды) тариздө жана таңгактоо | ||||
3-жол-жобонун натыйжасы: Тандалып алынган, таризделген жана таңгакталган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 3 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
4-жол-жобо. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү | ||||
4.1-аракет Алынган үлгүлөрдү (сынамдарды) каттоо | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын адистери | 20 мүнөткө чейин | Үлгүлөрдү (сынамдарды) экспертиза жүргүзүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүү
| 1)Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби; 2) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун 2017-жылдын 15-февралындагы №13 буйругу менен бекитилген Менеджмент системасынын жол-жоболору ЦЛКР – 13 3) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин 2015-жылдын 17-мартындагы №109 буйругу менен бекитилген карантиндик организмдерди идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр |
4.2-аракет Лабораториялык экспертизаларды жүгүзүү: энтомологялык, гербологиялык, фитопатологиялык жана нематологиялык | 5 жумушчу күнгө чейин (Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы №41 чечиминин 1-тиркемесинде берилген мөөнөттөргө ылайык) | А) Экспертизанын протоколун түзүү; Б) Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү.
| ||
Жол-жобонун натыйжасы: Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 5 жумушчу күнгө чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
5-жол-жобо. Карантиндик текшерүү актын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө | ||||
5.1-аракет Лабораториялык экспертизалардын жыйынтыктарын карап чыгуу
| Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 20 мүнөткө чейин | А) Карантиндик зыяндуу организмдер (КЗО) табылган жок: - карантиндик текшерүү акты түзүлөт, арыз ээсине ФСС жана/же РФС берилет. Б) Карантинге алынчу продукцияда карантиндик зыяндуу организмдердин табылгандыгы (алардын зыянга учурап, бузулгандыгы) аныкталды: карантинге алынчу продукция, менчик ээсинин тандоосу боюнча, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу, карантиндик зыяндуу организмдерди жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну, же жок кылууну камсыздагын жолдор менен кайра иштетилүүгө тийиш, же ФСС жана/же РФС берүүдөн башт тартылат.
| 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин департаменти жөнүндө» Жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18- июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама |
| ||||
5.2-аракет Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу | Аймактык бөлүмдүн зыянсыздандыруу боюнча ыйгарым укуктуу адиси
| 3 күнгө чейин | Фумигация жөнүндө актыны берүү | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2017-жылдагы № 13 буйругу менен бекитилген карантинге алынчу материалдарды жана карантиндик объекттерди зыянсыздоо иштерин аткаруу тартиби жөнүндө Жобо. |
5.3-аракет Кайрадан текшерүү | ||||
5.4-аракет Жүргүзүлгөн зыянсыздандыруу жөнүндө актыны тариздөө
| ||||
5.5-аракет ФСС жана/же РФС тариздөө, же берүүдөн баш тартуу | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 20 мүнөткө чейин | А) ФСС жана/же РФС берүү Б) ФСС жана/же РФС берүүдөн баш тартуу Фитосанитардык сертификатты толтуруу боюнча нускама | 1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 13 буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама 2) Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы №13 буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты толтуруу боюнча нускама |
Жол-жобонун натыйжасы: 5: ФСС жана/же РФС берүү, же берүүдөн баш тартуу. | ||||
Жол-жобонун узактыгы 5: 3 күнгө чейин | ||||
Жол-жобонун түрү: 5: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1-схема. Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алууга
берилген документтерди алдын ала карап чыгуу
2-схема. Карантиндик продукцияга карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү
3-схема. Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү
(сынамдарды) тандап алуу
4-схема. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутундуну берүү
Схема 5. Карантиндик текшерүү актын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө, же берүүдөн баш тартуу
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчиси ички көзөмөлдөө иштерин алып барат.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттердин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына үзгүлтүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар кварталда бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
4) Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
5) Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу чаралары текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары справка түрүндө таризделет, бул справкага административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.
2) Справкага кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Справка келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Кызмат адамдарынын административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызмат адамдары жана кызматчылары административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Мазенов Бакытбек Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси;
2. Кабылова Райла Турдуевна – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси.