Загрузка документа…
| 12-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Жеке жана юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 - февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
5-главасынын 38-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат (мындан ары - Департамент).
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-июнунун № 412 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 6-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандартында аныкталган негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: документтер толугу менен келип түшкөн күндөн тартып 45-календардык күндүн ичинде, тесттин сапаттык көрсөткүчтөрүнө жараша 4-айга чейин узартылышы мүмкүн.
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектөөчүлөрдө (бизнес өкүлдөрү, ветеринардык адистер, анын ичинде республиканын аймагына жеткирүүчү өндүрүүчүлөр, ошондой эле ветеринардык дары-дармек каражаттарын пайдалануучулар менен сатуучулар; фермерлер; жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын ээлери). төмөнкүдөй документтер болушу керек:
Ветеринардык дары-дармек каражатын (мындан ары - ВДК) экспертизадан өткөрүү үчүн:
- белгиленген формадагы арыз;
- ветеринардык препараттардын үлгүлөрү;
- төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен колдонуу боюнча нускама:
- даярдоочу жөнүндө маалымат;
- дары-дармек каражатынын аталышы
- курамы;
- фармакотерапиялык топ;
- көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр;
- терс таасирлери;
- колдонуу тартиби;
- сактоо шарттары;
-жаныбарларды союу күнүнө чейинки ВДКны акыркы жолу пайдалануунун ортосундагы мезгилди көрсөтүү жөнүндөгү маалымат;
- ВДК сапаттын көзөмөлдөө боюнча ченемдик документ;
- микроорганизмдердин (вирустардын, бактериялардын, козу карындардын жана башкалардын) штаммдарынын касиеттерин, аларды өстүрүү ыкмаларын, биологиялык агенттин иммуногендүүлүгүн, анын авируленттүүлүгүн, зыянсыздыгын, эффективдүүлүгүн, мал чарба азыктарын колдонуу мөөнөтүн жана колдонуу тартибин изилдөө.
Берилген документтердин тизмеси ВДК түрүнө жана касиеттерине жараша болот.
Бул документтер мамлекеттик же расмий тилде, 14 “Times New Roman” шрифти менен басылып, А4 форматындагы кагаздын бир бетине үч нускада берилет, анын бири түп нускасы болушу зарыл. Электрондук түрү (тартиби) да сунушталат - CD же USB флешкадагы документтер (маалыматтар).
Ошондой эле, кызматты алуу үчүн, төмөнкүдөй документтерди тапшыруу зарыл:
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы;
- текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен инсандыгын ырастоочу документтин (паспорттун) көчүрмөсү.
Юридикалык жактар өздөрүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти (ишеним катты) кошумча беришет
Кызматты алуу боюнча керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана бланктары Департаменттин маалыматтык көргөзмөлөрүндө (стенттеринде) жана агроѳнѳр жай комплекси тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын (расмий) сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат.
Документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн, же айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук кызмат аркылуу бул кызмат менен иштөө үчүн белгиленген талаптарга ылайык.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда, кызмат көрсөтүүчү «Тундук» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.
ВКД мамлекеттик каттоо жана сертификаттоо үчүн документтердин тизмесинин электрондук (сканердик) түрлөрү Департаменттин маалымат базасында сакталат.
3) Кызматтын көрсөтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
4) Кызматтын натыйжасы: Сыноо отчетун берүү
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Маалымат жана түшүндүрмѳ берүү (консультация) |
|
2 | Белгиленген формалар боюнча арыздарды, арыз-каттарды кабыл алуу | |
3 | Сыноо процедурасын ѳткѳрүү үчүн ВДК, Т жана ТК сапатты көзөмөлдөө бөлүмүнө жана дени сак жана жугуштуу виварий бөлүмүнө үлгүлөрүн жана ВДК маалыматтарын (досьесин) жолдо. |
|
4 | Берилген үлгүлөрдү жана маалыматтарды (досьелерди) талдоо жана иштетүү |
|
5 | Кызматты керектөөчүгө тестирлөөнүн протоколун каттоо жана берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Маалымат жана түшүндүрмѳ берүү (консультация) | ||||
1.1-аракет Арыз ээсинин же ыйгарым укуктуу өкүлдүн жеке кайрылуусу аркылуу маалымат алуу жана консультация берүү же байланыш каражаттары аркылуу маалымат жана консультация алуу (анын ичинде электрондук түрдө (форматта)
| ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнүн адиси (мындан ары - каттоо жана сертификаттоо бѳлүмү). | 20 мүн. | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө арыз ээсине маалымат берүү анын ичинде электрондук түрүндө (форматта) | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор жөнүндө” Жобо. |
1-жол-жобонун натыйжасы: арыз берүүчүгө толук түшүндүрмѳ берүү (консультация), кызматты алуу тартиби жөнүндө маалымат берилет. Кызмат үчүн төлөмдүн наркы, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу учурлары жөнүндө маалымат. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт. | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
2-жол-жобо. Белгиленген формалар боюнча арыздарды, арыз каттарды кабыл алуу | ||||
2.1-аракет А) Кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу | каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнүн адиси | 1 күн
| - Арызды жана берүү жөнүндө катты өтүнмөлөр реестринде каттоо | - КР “Ветеринария жѳнүндѳ” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери. |
Б) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн Мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө арызды кабыл алуу (мындары ары-ЭКМП), же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Электрондук түрү (ресурсу) (мындары ары -Мамлекеттик органдын электрондук ресурсу) | Автоматтык түрдө | - Арызды жана берилген катты арыздардын реестринде каттоо, арыз ээсине каттоо жөнүндө билдирүүнү жөнөтүү. | ||
2.2-аракет Техникалык регламентин Тизмеге ылайык каттоо документтердин толуктугун текшерүү
| каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнүн адиси | Арыз түшкөн күнү
| - 2.3 аракетке өтүү; - (же) документтер талаптарга ылайык келбеген учурда токтото туруу жана арыз ээсине билдирүү жөнөтүү, анын ичинде Бирдиктүү терезе / ЭКМП аркылуу.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6- августундагы №116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор жөнүндө” Жобо. |
2.3-аракет А) Кызмат көрсөтүүгө келишимдин долбоорун, төлөө үчүн эсеп-фактураларды даярдоо жана өтүнмө ээсине кароого жөнөтүү | Директор, каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнүн адиси, Эсепчи | 2 күн
| А) Өтүнмө ээси менен ВДК экспертизадан өткөрүү жана төлөө үчүн эсеп-фактура боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөө келишимин түзүү;
Б) ЭКМПнун төлөм шлюзу аркылуу төлөө үчүн эсеп-дүмүрчөккө ылайык ЭРКны колдонуу менен ВДК экспертизасын жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн арыз ээси менен электрондук келишим түзүү; - Келишимге кол коюудан баш тарткан учурда кызмат көрсөтүү иш аракетин (процессин) аяктоо.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6- августундагы №116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор жөнүндө” Жобо. |
2-жол-жобонун натыйжасы: тейлөө келишимин түзүү | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 күн | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
3-жол-жобо. Сыноо үчүн ВДК боюнча маалымат (досье) даярдоо | ||||
3.1-аракет Кабыл алынган документтердин техникалык регламенттерге ылайык анализ жүргүзүү. Сыноо үчүн ВДК боюнча маалымат (досье) түзүү | Бѳлүм башчы, каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнүн адиси
| 3 жумуш күнү | Тестирлөө үчүн ВДК боюнча маалымат (досье) даярдоо, документтердин техникалык регламенттерге ылайыктуулугу жөнүндө корутунду түзүү жана ВДК, Т жана ТК сапаттын көзөмөлдөө бөлүмүнө жана дени-сак жана жугуштуу виварий (лаборатория) бөлүмүнө жөнөтүү үлгүлөрдү жана ВДК боюнча маалыматты (досьени) сыноо иш чаралары (процедурасы) үчүн. | - КР “Ветеринария жѳнүндѳ” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор жөнүндө” Жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген “Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген “Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент; - - Буюмдар үчүн ченемдик документтер, Евразия экономикалык биримдигинин фармакопеясы, мамлекеттик стандарттар – МАСТ; -Техникалык шарттар – ТШ; - Техникалык уюштуруу стандарты – ТУС, -Ветеринардык дары-дармек каражаттарына - Туура өндүрүш практикасы - GMP. |
3-жол-жобонун натыйжасы: Сыноо иш аракетин (процедурасын) ѳткѳрүү үчүн ВДК, Т жана ТКнын сапаттын көзөмөлдөө бөлүмүнө жана дени сак жана жугуштуу виварий бөлүмүнө үлгүлөрүн жана ВДК маалыматтарын (досьесин) жолдо | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 күн | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
4-жол-жобо. Берилген үлгүлөрдү жана маалыматтарды (досьелерди) талдоо жана иштетүү | ||||
4.1-аракет Берилген үлгүлөрдү жана маалыматтарды (досьелерди) талдоо жана иштетүү | Эксперттик күбөлүк менен келишим боюнча алынган көз карандысыз эксперттер; ВДК, Т жана ТКнын сапаттын көзөмөлдөө жана дени сак жана жугуштуу виварий бөлүмдѳрүнүн Башчылары.
| 4 жумуш күнү | Административдик чара көрүүнүн жыйынтыгы боюнча бөлүмдөрдүн жетекчилери төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышы мүмкүн: - ченемдик-техникалык документтердин, техникалык шарттарга, МАСТга жана ВДК досьесинин ВДК ташуу менен үлгүлөрү дал келбеген учурда, берилген документтер жана үлгүлөр кайтарылып берилет; - көрсөткүчтөрдү тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн ВДК, Т жана ТК сапаттын көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистерине өткөрүп берүү Административдик чара көрүүнүн натыйжалары боюнча көз карандысыз эксперттер ВДК, Т жана ТК каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнө жиберүү менен эксперттик корутундулардын өзүнчө топтомун түзөт.
| - КР “Ветеринария жѳнүндѳ” Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген “Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген “Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент; - - Буюмдар үчүн ченемдик документтер, Евразия экономикалык биримдигинин фармакопеясы, мамлекеттик стандарттар – МАСТ; -Техникалык шарттар – ТШ; - Техникалык уюштуруу стандарты – ТУС, -Ветеринардык дары-дармек каражаттарына - Туура өндүрүш практикасы - GMP. |
4-жол-жобонун натыйжасы: документтердин тизмесин жана үлгүлөрүн иштеп чыгуу. | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 4 күнгѳ чейин | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
5-жол-жобо. Кызматты керектөөчүгө тестирлөөнүн протоколун каттоо жана берүү | ||||
5.1-аракет ВДК сыноонусунун натыйжалары боюнча сынактын протоколун каттоо | ВДК, Т жана ТКнын сапаттын көзөмөлдөө жана дени -сак жана жугуштуу виварий бөлүмдѳрүнүн Башчылары жана адистери | 14 төн 45- календардык күнгө чейин (ВДК тармактагы ченемдик документтерге ылайык) | Административдик чара көрүүнүн жыйынтыгы боюнча тестирлөө протоколу түзүлөт, ал төмөнкүлөргө берилет: - арыз ээсине (анын ичинде электрондук форматта ЭКМП же мамлекеттик органдын электрондук кызмат (ресурсу) аркылуу); - ВДК, Т жана ТК каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнө. | ЧУА, 3.1-кадамда көрсөтүлгөн. |
5-жол-жобонун натыйжасы: - сыноо протоколун каттоо; -сыноонун протоколун ВДК, Т жана ТК каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнө мындан ары чечим кабыл алыш үчүн өткөрүп берүү; - керектөөчүгө сыноо протоколун берүү. | ||||
5-жол-жобонун узактыгы: 45 күнгѳ чейин | ||||
5-жол-жобонун тиби: административдик жол-жоболор | ||||
5. жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
2- иш аракеттин (процедуранын) схемасы (алгоритм)
3- иш аракеттин (процедуранын) схемасы (алгоритм)
4-ин аракеттин схемасы (алгоритм)
5-иш аракеттин схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6.Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөлдөө (контроль) жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) көзөмөлдөө дайыма Департаменттин директору тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (учурдагы) көзөмөлдөө кызматкерлердин (кызмат адамдарынын) административдик регламенттин жоболорун сактоосун жана сакташын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү иштин жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер.
Ички (учурдагы) көзөмөлдөө максаты мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды аныктоо жана четтетүү, адистердин жана кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) келип түшкөн даттанууларды (анын ичинде ишеним телефону боюнча) кароо, чечимдерди кабыл алуу жана жоопторду даярдоо болуп саналат.
Өтүнмө ээсинин ар бир арызы боюнча текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр, анын ичинде мамлекеттик кызматтын жеке (конкреттүү) керектөөчүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
3) Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча административдик регламенттин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу боюнча токтоосуз чаралар көрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигин чечими боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын ишинин натыйжалары маалымкат түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды четтетүү боюнча сунуштар белгиленет. Анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү иш аракетин (процессин) оптималдаштыруу максатында административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалымат Департаменттин жетекчиси тарабынан белгиленген мөөнөттө каралууга жана кабыл алынган чечимдер жана мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар жөнүндө тиешелүү маалымат комиссиянын төрагасына жөнөтүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн назарына жеткирүүгө тийиш.
Административдик регламенттин талаптарынын сакталышы боюнча комиссиялык текшерүүсү жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Департаменттин кызмат адамдары кызмат көрсөтүү иш аракетинде (процессинде) кабыл алган чечимдери, жасалган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн, анын ичинде документтерди кабыл алуунун мөөнөттөрүн жана тартибин сактоо, аларды тариздөө жана чечимдерди кабыл алуу, анын тууралыгы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө арыз ээсине маалымат берүүнүн толуктугу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат
Департаменттин кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине, ошондой эле ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүү иш аракетинде (процессинде) кабыл алынган чечимдерге арыз ээси ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Департаменттин кызмат адамы административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Корутунду жоболор
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттин стандартын үзгүлтүксүз тиешелүү мезгилдүүлүгүнүн негизинде кайра карап чыгышына жараша, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралып турууга зарылчылыгы бар.
9. Административдик регламенттин иштеп чыгуучулар
1. Мурзабеков Бектур Манапович – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаментинин директору;
2. Айтманбетов Замирбек Курбаналиевич - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаментинин юристи.