Загрузка документа…
| 13-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
5-главасынын 40-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматы (мындан ары – Мамкартография) тарабынан жүзөгө ашат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрынын № 863 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 29-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандартында аныкталган негизги параметрлер:
1) кызматтарды көрсөтүү үчүн жалпы убакыт: иштин көлөмүнө жараша 5 жумушчу күн.
2) кызматтарды көрүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
- жеке адамдан (физикалык жактан) – Мамкартографиянын башчысына кайрылган арыз жана паспортунун кѳчүрмѳсү;
- юридикалык жактан - Мамкартографиянын башчысына ѳзүнүн реквизиттери белгиленген ишканалык бланкы аркылуу кайрылган кат (өтүнүч);
- топография-геодезиялык, съемкалык жана картографиялык иштер боюнча материалдарды алгандыгы үчүн төлөм жүргүзүү квитанциялары.
3) Кызматтардын наркы: аткарылган иш үчүн акы төлөө топография-геодезиялык, съемкалык жана картографиялык иштер боюнча материалдар үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен бекитилген жана антимонополиялык саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укукту орган менен макулдашуунун негизинде тарифтер (нарктар) прейскурантына ылайык жүргүзүлөт.
Кызматтардын (иштердин) наркы стандарт менен биргеликте стенддерде, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, Мамкартографиянын имаратында жайгашкан маалыматтык стендде чагылдырылат жана өз убагында жаңыланып турат.
4) Кызматтардын натыйжасы: топографиялык карталардын жана ачык түрдө колдонулган карталардын, аэрофотосүрөттөрдүн, космостук сүрөттөлүштөрдүн, ортофотопландардын көчүрмөсү; мамлекеттик геодезиялык жана нивелирдик торчолордун пункттарынын координаталары жана бийиктиктери; топография-геодезиялык, съемкалык иштердин санариптик жана аналогдук түрдөгү (түп нускадагы) натыйжасы.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсѳтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Материалдарды алуу үчүн кардардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабын (сурамын) кабыл алуу жана иштеп чыгуу |
|
2. | Суроо-талап боюнча материалдарды даярдоо жана тандоо |
|
3. | Тандалган материал боюнча Тапшырманы даярдоо |
|
4. | Мамлекеттик кызмат үчүн тѳлѳмдү нак акчалай түрдө эсептешүү жүзүндѳ кабыл алуу |
|
5. | Материлдарды даярдоо боюнча иштерди аткаруу, кардардын суроо-талабына ылайык жазуу жүзүндѳ жооп даярдоо |
|
6. | Суроо-талапка ылайык кардарга материалдарды берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Материалдарды алуу үчүн кардардын жазуу жүзүндѳгү суроо-талабын кабыл алуу жана иштеп чыгуу | ||||
1.1-аракет. А) Мамлекеттик кызматка кардардын суроо-талабын жеке ѳзү алып келгенде кабыл алуу; | Административдик бѳлүмдүн адиси | 10 мин. | 1. Аткаруучу жѳнүндѳ жетекчинин визасы коюлган катталган суро-талап
| - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартында №120 токтому менен бекитилген иш жүргүзүү боюнча типтүү нускама (инструкция); - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 7-октябрында №525 токтому менен бекитилген электрондук кызматтарды кѳрсѳтүү боюнча мамлекеттик порталын пайдалануу тартиби. |
Б) Суроо-талапты электрондук түрдѳ электрондук кызмат кѳрсѳтүү боюнча мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алуу. |
| Автоматтык түрдѳ | ||
1.2-аракет. - жетекчиге аткаруучуну дайындоо үчүн берүү; |
| 1 саат 30 мин. | ||
- суроо-талапты аткаруучуга аны андан ары иштеп чыгуу үчүн берүү |
| 20 мин. | ||
Жол-жобонун натыйжасы: Катталган суроо-талап аткаруучуга берилди | ||||
Жол-жобонун узактыгы 1ден 2 саатка чейин | ||||
Жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Материалдарды суроо-талапка ылайык даярдоо жана тандоо | ||||
2.1-аракет. Тийиштүү талаптарга суроо-талаптын дал келишин текшерүү Жашыруундуулукту аныктоо жана камсыздоо боюнча нускамалар | Өндүрүш-пландык бѳлүмдүн башкы адиси | 1 жумушчу күнү | 1. Тандалган материал кардар менен макулдашылган (эгер суралып жаткан материал жок болуп чыкса, кардарга суралып жаткан материалдарга жеткиликтүүлүк жок деп билдирме берүү)
2. Тандалган материалга карата кардардын наамына түзүлгѳн эсепти бухгалтерияга берүү | - Кыргыз Республикасынын «Геодезии жана картография жѳнүндѳ» мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 30-июлунда №382 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентчилигинин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматы жѳнүндѳ жобо |
2.2-аракет. Суроо-талапка ылайык материалды тандоо жана жогоруда белгиленген нускамага ылайык анын жеткиликтүүлүгүн аныктоо | ||||
2.3-аракет. Материалдарга чегерилген тариф (нарк) прейскурантына ылайык тандалган материадардын наркын аныктоо | ||||
2.4-аракет. Келишимди түзүү | ||||
Жол-жобонун натыйжасы: Катталган суроо-талап аткаруучуга берилди, келишим түзүлдү | ||||
Жол-жобонун узактыгы 2 саатка чейин | ||||
Жол-жобонун тиби: Административдик процедура | ||||
3-жол-жобо. Тандалган материал боюнча тапшырма | ||||
3.1-аракет. Материалды даярдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тийиштүү үлгүдѳгү тапшырма даярдоо
| Өндүрүш-пландык бѳлүмдүн башкы адиси | 30 мин | Кардардын наамын белгилѳѳ менен тийиштүү ѳндүрүш бѳлүмдѳрүнѳ берүү үчүн материалды даярдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тапшырма
| - Кыргыз Республикасынын «Геодезии жана картография жѳнүндѳ» мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 30-июлунда №382 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентчилигинин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматы жѳнүндѳ жобо |
Жол-жобонун натыйжасы: Тийиштүү бѳлүмдѳргѳ берүү үчүн тандалган материал боюнча тапшырма даярдалды | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 минут | ||||
Жол-жобонун тиби: Административдик процедура | ||||
4-жол-жобо. Мамлекеттик кызматка тѳлѳм кабыл алуу | ||||
4.1-аракет. Тандалган материал үчүн кардардын наамына түзүлгѳн тѳлѳм жүргүзүү эсебин жазуу | Өндүрүш-пландык бѳлүмдүн башкы адиси | 15 мин. | - Мамкызмат үчүн кардардын аты-жөнү белгиленип, төлөм жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган документ; - тѳлѳм жүргүзүлгѳндүгүн тастыктаган тѳлѳмдү жана выписканы кабыл алуу; - белгиленген талаптарга ылайык акча каражаттарын кабыл алуу (Казначействонун райондук бөлүмүнүн кассасына төгүлөт жана мекеменин эсебине которуу үчүн банкка тапшырылат, ал банктын кирешелик квитанциясы менен тастыкталат); - Өндүрүш-пландык бѳлүмдүн башкы адисинин тандалган материал үчүн кардар төлөм жүргүзгөндүгү жѳнүндѳ билдирмеси | Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ» мыйзамы |
Жол-жобонун натыйжасы: Мамлекеттик кызматка тѳлѳмдү кабыл алуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 минут | ||||
Жол-жобонун тиби: Административдик процедура | ||||
5-жол-жобо. Материалдарды даярдоо боюнча иштерди аткаруу, кардардын суроо-талабына ылайык жазуу жүзүндѳгү жооп даярдоо | ||||
5.1-аракет. Тапшырмага ылайык геодезиялык маалыматты даярдоо | Эсептѳѳ иштерин жүргүзүү бѳлүмүнүн адиси
| Мѳѳнѳтү иштин кѳлѳмүнѳн кѳз каранды болот (кардар менен макулдашуу аркылуу) | 1. Материалдарды даярдоо. 2. Тизме буйрутманы (тапшырмага ылайык материалдардын тизмесин) камтыган жазуу жүзүндө жооп даярдоо. 3. Материалдардын жашыруундуулук мөөрүнө ылайык жазуу түрүндөгү жоопту Жалпы же Режимдүү-жашыруундуулук бөлүмүнө тапшыруу. | - Кыргыз Республикасынын «Геодезии жана картография жѳнүндѳ» мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 30-июлунда №382 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентчилигинин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматы жѳнүндѳ жобо |
5.2-аракет. Тапшырмага ылайык геодезиялык аспаптарды текшерүүнү жана алардын ремонтун аткаруу | Метрология жана стандартизация бѳлүмүнүн адиси
| |||
5.3-аракет. Жетекчинин кол коюу менен бекитүүсү үчүн кардарга белгиленген үлгүгѳ (тизме буйрутмасына) ылайык даярдалган материалдардын тизмесин камтыган жазуу жүзүндө жоопту даярдоо | Басып чыгарууга карталарды даярдоо бѳлүмүнүн адиси жана Санариптик карта түзүү бѳлүмүнүн адиси
| |||
5.4-аракет. топография-геодезиялык иштерди аткаруу | Талаа бѳлүмчѳлѳрү | Кардар менен түзүлгѳн келишимге ылайык | Келишимге ылайык талаптарды аткаруу |
|
Жол-жобонун натыйжасы: келишимге ылайык суроо-талапты аткаруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: иштин кѳлѳмүнѳн кѳз каранды болот (кардар менен макулдашуу аркылуу) | ||||
Жол-жобонун тиби: Административдик процедура | ||||
6-жол-жобо. Кардарга материалды берүү | ||||
6.1-аракет. - Алынган жазуу жүзүндөгү жооптуу жана даяр материалдарды жашыруундуулук мөөрүнө ылайык келишин текшерүү (эгер жашыруундуулукка топ келбеген учур катталса, жазуу жүзүндөгү жооптуу жана даяр материалдарды аткаруучуга кайра иштеп, толуктап чыгууга кайтарып берүү) | Режимдүү-жашыруундуулук бөлүмүнүн адиси Өндүрүш бөлүмүнүн адиси | 30 мин. | - кардарга даяр жазуу жүзүндөгү жооптуу материалдар пакети менен бирге материалдарды берүү реестринде кол кою аркылуу берүү: - эгер «Жашыруун эмес» жана/же «Кызматтык колдонуу үчүн» (ККҮ) деген мѳѳргѳ ээ болсо, алуучуга жеке өздүк жагын тастыктаган документтин же мекеменин расмий ишеним көрсөтүү катынын (доверенностунун) негизинде ишеним көрсөтүлгөн жакка берүү: - эгер материал «Жашыруун» деген мѳѳргѳ ээ болсо, кардардын Режимдүү-жашыруундуулук бѳлүмүнүн жетекчисинин өз колуна материалдарды берүү реестринде кол коюп, мөөр басуусу аркылуу кана берүү. | - Кыргыз Республикасынын «Геодезии жана картография жѳнүндѳ» мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 30-июлунда №382 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентчилигинин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматы жѳнүндѳ жобо |
6.2-аракет. - Материалдарды берүү реестринде жазуу жүзүндөгү жооптуу тиркелген материалдар менен бирге каттоо; - Кардарга Өндүрүш-пландык бөлүмдүн башкы адиси аркылуу материалдардын даяр экендигин билдирүү | ||||
6.3-аракет. Кардарга даяр болгон жазуу жүзүндөгү жооптуу материалдар пакети менен бирге берүү | ||||
Жол-жобонун натыйжасы: Кардарга материалдарды берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мин. | ||||
Жол-жобонун тиби: Административдик процедура | ||||
5. Жол-жоболордун аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритми)
2-жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритми)
3-, 4-жол-жоболорду аткаруунун схемасы (алгоритми)
5-жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритми)
6-жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритми)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Ушул административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашат.
7. Ички (учурдагы) административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө Мамкартографиянын директору, ишти аткарып жаткан өндүрүш бөлүмдөрүнүн начальниктери тарабынан аткарылат.
Ички (учурдагы) көзөмөл кызматтык жактардын жана кызматкерлердин ушул чыныгы административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызматты көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сакташын жана аткарышын такай текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Пландык эмес текшерүүлөр уюштурулушу мүмкүн, анын ичинде мамлекеттик кызматтын конкреттүү керектөөсүнүн кайрылуусу боюнча.
Текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча кескин түрдө ушул чыныгы административдик регламенттин талаптарына топ келбеген, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык күнөлүү жактарды жоопко тартуу маселеси каралат.
8. Ушул административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл Мамкомитет алдындагы Коомдук кеңеш (КК) аркылуу жүргүзүлөт.
ККнын ишинин натыйжасы маалым кат формасында толтурулат, анда табылган кемчиликтер, бузуулар жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет. Мамлекеттик кызматты көрсөтүү процессин оптимизациялоо максатында административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалым кат ага кол коюлган убакыттан тарта 3 жумушчу күнү ичинде Мамкартографиянын директоруна жөнөтүлөт.
Тышкы көзөмөлдүн натыйжасы боюнча аныкталган бузуулар жана кемчиликтер боюнча Мамкартографиянын жетекчиси тарабынан мамлекеттик кызматты аткарган Мамкартографиянын кызматтык жактарына жана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык дисциплинардык жана административдик чаралар көрүлөт.
Ушул чыныгы административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл эки жылда бир жолу өткөрүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык жактардын жоопкерчилиги
9. Мамкартографиянын кызматтык жактарынын ишти алып баруусу же алып барбоосу, ошондой эле мамлекеттик кызматты көрсөтүү учурунда кабыл алынган чечимдер кардар тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартына ылайык даттануу аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
10. Ушул административдик регламенттин талаптарын бузуу үчүн Мамкартографиянын кызматтык жактары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгектүүлүк мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Корутундулук жоболор
11. Ушул административдик регламент ушул мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге үч жылдан ашпаган убакыт ченинде бир жолу кайра карап чыгууга жатат.
12. Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү же анын кандайдыр бир бөлүгүн жеке жана/же юридикалык жактарга берүүгө жол берилбейт.
9.Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Кожомкулов Т.Б. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кыймылсыз мүлктү каттоо жана маалымат технологиялары башкармалыгынын башкы адиси.
2. Мамкартографиянын Өндүрүш-пландык жана сметалык иштер башкармалыгы.