Загрузка документа…
| 14-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 - февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
6-главасынын 55-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдары тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартынын № 109 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын V-бөлүмүнүн 45-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы
1. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү, жергиликтүү каттоо органы боюнча кыймылсыз мүлккө мурда катталган менчик укугу жөнүндө жана жергиликтүү каттоо органы боюнча кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүүнүн мөөнөтү:
- документтерди кабыл алуу мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт;
- көчүрмөлөрдү жана маалымкаттарды берүүнүн жалпы мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт;
- кызмат көрсөтүүнүн чектелген убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес.
2. Каттоо делосунан документтердин көчүрмөлөрүн берүүнүн мөөнөтү:
- документтерди кабыл алуу мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт;
- документтердин көчүрмөлөрүн берүүнүн жалпы мөөнөтү 8 иш саатынан ашпайт;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүнүн чектелген убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес.
3. Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар жөнүндө, кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө, кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалымкаттарды берүү, кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө, кыймылсыз мүлк рыногу боюнча статистикалык маалыматтар, мүлктүн графикалык маалыматтары, картографиялык материалдардын электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрү, спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтарды берүү мөөнөтү:
- документтерди кабыл алуу мөөнөтү 5 мүнөттөн ашпайт;
- маалымкаттарды жана маалыматтарды берүүнүн жалпы мѳѳнѳтү 10 мүнөттөн ашпайт;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүнүн чектелген убактысы 5 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызматты кѳрсѳтүүдѳгү зарыл болгон документтердин тизмеси:
Мамлекеттик кызматты кѳрсѳтүүдѳ төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы;
- жеке жак үчүн - ким экендигин күбөлөндүргөн документ. Жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү үчүн - ким экендигин тастыктаган документ, ошондой эле жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документ;
- юридикалык жак үчүн - анын өкүлүнүн ким экендигин жана анын ыйгарым укугун тастыктаган документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери (юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында катталбаган учурда жергиликтүү бийлик органынын токтомунун же юридикалык жак катарында катталган статистикалык баракчанын түп нускасы жана көчүрмөсү берилет).
Кызматты электрондук форматта берүү.
1. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (мындан ары - КМБМС) веб-портал аркылуу онлайн режиминде төмөнкү маалыматтарды берүүгө болот:
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары;
- спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кыймылсыз мүлк жөнүндө башка маалыматтар.
КМБМСнан маалымат берүү тартиби:
- электрондук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү;
- келишимдин негизинде колдонуучунун атын жана сыр сөзүн ыйгаруу аркылуу авторизациясы;
- колдонуучунун жогорудагы кызматтарды алууга уруксаат берүү;
- маалымат дароо электрондук түрдө эч кандай арыз талап кылынбастан берилет;
- суралган маалыматтын берилген формасы:
1) КМБМСнан алынган маалыматтын берилген күнүн жана убактысын;
2) КМБМСдагы маалыматтын жаңылануу күнүн жана убактысын;
3) суралган мүлк жөнүндө маалыматты жаңылоонун күнүн жана убактысын камтыйт
2. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан төмөнкү маалыматтарды онлайн режиминде берүүгө болот;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар.
Жеке адам үчүн маалыматтар булуттук электрондук санариптик кол тамга (ЭСКТ) же биометрикалык паспорттун маалыматтарын колдонуу аркылуу аныктап берилиши мүмкүн.
Төлөм «Түндүк» порталынын жѳнѳтүү (шлюз) аркылуу жүргүзүлөт.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (мындан ары – ВЭӨТ):
- мамлекеттик органдар жана башка юридикалык жактар веб-сервис аркылуу кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат алышат. Төлөм «Түндүк» ВЭӨТнун жѳнѳтүү (шлюз) тѳлѳмү боюнча Э-Банк аркылуу жүргүзүлөт
(3) Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөѳ негизинде кѳрсѳтүлѳт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын АСЧАӨМнин буйругу менен бекитилет.
(4) Кызмат кѳрсѳтүүнүн жыйынтыгы:
Төмөнкү кѳрсѳтүлгѳн документтердин бири:
1. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.
2. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат.
3. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат.
5. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат.
6. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат.
7. Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар.
8. Каттоо делосунан алынган документтердин кѳчүрмѳсү.
9. Кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар.
10. Кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары.
11. Электрондук жана кагаз түрүндѳгү картографиялык материалдардын кѳчүрмѳлѳрү.
12. Спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтар.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсѳтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт
Таблица 1
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертме |
Арызды кабыл алуу. Төлөм документинин жазылышы жана кабыл алынышы. Арыз ээсине арызды кабыл алынганы тууралуу түшүнүк кат берүү. |
| |
Арыздарды бѳлүштүрүү. |
| |
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды даярдоо же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу. |
| |
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Таблица 2
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу. Тѳлѳм жѳнүндѳ документти жазып берүү жана кабыл алуу. Арыз ээсине документтерди кабыл алгандыгы тууралуу түшүнүк кат берүү | ||||
1.1-аракет А) арызды жана документтерди кабыл алуу
| - документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис. -документтерди кабыл алган жана берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 30 мүнөттөн ашпайт | Аракеттердин жыйынтыгы болуп: - арызды жана документтерди кабыл алуу; - Арыз ээсине арызды жана документтерди кабыл алынганы тууралуу тил кат берүү; - кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат берүү боюнча арызды кабыл алуудан баш тартуу; - арызды каттоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берүү, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү каттоо органдарында арыз кабыл алган жана берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берүү; - документтерди кабыл алган жана берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тиркелген документтери менен арызды каттоону жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берүү эсептелет | - «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО |
Б) Электрондук арызды электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳр боюнча мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алуу «Төлөм «Түндүк» ВЭӨТнун жѳнѳтүү (шлюз) тѳлѳмү боюнча Э-Банк аркылуу жүргүзүлөт» | Системада автоматтык түрдө түзүлөт
| Онлайн | Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан төмөнкү маалыматтарды онлайн режиминде берүүгө болот: - Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар жөнүндө маалымкат; - Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат ; - Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат; - Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №525 токтому менен бекитилген «Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын колдонуу эрежелери»; - Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО |
1.2-аракет Төлөм документин жазуу жана кабыл алуу | - документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис. -документтерди кабыл алган жана берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 30 мүнөттөн ашпайт
| - кызмат кѳрсѳтүү үчүн алынган тѳлѳмдүн квитанциясын кабыл алуу; - арыз ээсине арызды кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берүү | 1.1.пунктчада кѳрсѳтүлгѳн НУА |
1.3-аракет Тиркелген документтери менен арызды каттоону жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине берүү | тиркелген документтери менен арызды каттоону жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмгѳ берүү | |||
жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
жол-жобонун тиби: уюштуруучулук-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Арыздарды бѳлүштүрүү | ||||
2.1-аракет Кабыл алынган арыз менен тиркелген документтердин каттоону жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмгѳ түшүүсү | Каттоо жүргүзгѳн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Арыздын тиркелген документтер менен түшкѳн учурдан баштап 20 мүнөттөн ашпайт | Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды даярдоо же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу үчүн арыз менен тиркелген документтерди каттоочуга берүү | Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы года № 120 токтому менен бекилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама
|
жол-жобонун жыйынтыгы: аткаруучуну дайындоо | ||||
жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашпайт | ||||
жол-жобонун тиби: уюштуруучулук-башкаруучулук | ||||
3-жол-жобо. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды даярдоо же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу | ||||
3.1-аракет Кыймылсыз мүлк жѳнүндѳ маалыматты даярдоо жана арыз ээсине берүү | Кыймылсыз мүлк жѳнүндѳ маалыматты берүүчү жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу адиси
| 30 мүнөттөн ашпайт | - Кыймылсыз мүлк жѳнүндѳ маалыматты даярдоо; - кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартууну даярдоо.
Аракеттердин жыйынтыгы: - Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө; - Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат ; - Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат ; - Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар. - Каттоо делосунан алынган документтердин кѳчүрмѳсү; - Кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар. - Кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары. - Электрондук жана кагаз түрүндѳгү картографиялык материалдардын кѳчүрмѳлѳрү. - Спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтар - кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу. Ар бир маалымат арыздын негизинде өзүнчө берилет. | 1.1. пунктчада кѳрсѳтүлгѳн НУА |
жол-жобонун жыйынтыгы: Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды даярдоо же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу | ||||
жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөтадан ашпайт. | ||||
жол-жобонун тиби: административдик | ||||
4-жол-жобо. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу | ||||
4.1-аракет Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды даярдоо | документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 30 мүнөттөн ашпайт
| - Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү; - арыз берүүчү тарабынан берилген тил каттын жана анын ким экендигин ырастоочу документтин негизинде кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу |
|
жол-жобонун жыйынтыгы: Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу | ||||
жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашпайт | ||||
жол-жобонун тиби: административдик | ||||
5. 1,2,3 жол-жоболордун аткаруунун схемалары (алгоритмдерди)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо формалары
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо формалары ички (учурдагы) контролго жана тышкы контролго бөлүнөт.
7. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) контроль жергиликтүү каттоо органынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан дайыма жүзөгө ашырылат.
Ички (учурдагы) контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттердин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ички (учурдагы) контролдун максаты мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды аныктоо жана четтетүү, адистердин жана кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) келип түшкөн даттанууларды (анын ичинде ишеним телефону боюнча) кароо, чечимдерди кабыл алуу жана жоопторду даярдоо болуп саналат.
Айдын жыйынтыгын чыгарууда текшерүүлөр ай сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр, анын ичинде мамлекеттик кызматтын конкреттүү керектөөчүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чаралар көрүлүп, күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
8. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын ишинин натыйжалары маалымкат түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды четтетүү боюнча сунуштар белгиленет. Анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин оптималдаштыруу максатында административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Администрациялык регламенттин талаптарынын сакталышын комиссиялык текшерүү жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
9. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү каттоо органдарынын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кабыл алынган чечимдерге арыз ээси тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр стандартында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
10. Администрациялык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү каттоо органдарынын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек жана бузуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Корутунду жоболор
11. Администрациялык регламент ушул мамлекеттик кызматтын стандарты менен бир убакта, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламенттерди иштеп чыгуучулар
1. Кожомкулов Т.Б. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кыймылсыз мүлктү каттоо жана маалымат технологиялары башкармалыгынын башкы адиси.