Загрузка документа…
| 15-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Зыянкечтерге каршы химиялык тазалоо (чегиртке жана ААК (америкалык ак көпөлөк)»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 1-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аткарылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылындагы 9-октябрындагы №533 токтомунун редакциясы) менен бекитилген стандартынын IV-бөлүмүнүн 48-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттары менен коюлган негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убакыты: Зыянкечтерге (чегиртке жана америка ак көпөлөгүнө) каршы химиялык тазалоо боюнча кызмат көрсөтүү төмөнкүлөрдү түзөт:
- арыз кабыл алуу - 20 мүнөттөн көп эмес;
- химиялык тазалоо - арыз жана керектүү документтер берилген күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө (химиялык тазалоонун мөөнөтү зыянкечтердин өнүгүү биологиясына ылайык изилдөөнүн натыйжалары боюнча белгиленет);
- аткарылган иштердин актысын даярдоо - химиялык тазалоо жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жумушчу күндөн ашык эмес;
- аткарылган жумуштардын актысын берүү - 30 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) белгиленген форма боюнча толтурулган арыз;
б) жеке жак үчүн - керектөөчүнүн өздүгүн тастыктаган күбөлүк (паспорту) же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) юридикалык жак үчүн – анын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документ (ишеним кат).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы: кызмат көрсөтүү акысыз.
(4) Кызматтын натыйжасы: Кызматтын натыйжасы - арыз ээси көрсөткөн аймактарда зыянкечтерге (чегиртке жана америкалык ак көпөлөгү) каршы химиялык тазалоо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | арызды кабыл алуу жана каттоо |
|
2. | пестициддерди колдонуунун түрүн жана регламентин аныктоо максатында зыяндуу чегирткелерди жана америка ак көпөлөгүн аныктоо жана диагностикалоо үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл чарба жерлерине жана көп жылдык бак-дарактарга биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү |
|
3. | биргелешкен изилдөөлөрдүн негизинде чегиртке зыянкечтерине жана америка ак көпөлөгүнө каршы химиялык дарылоо |
|
4. | аткарылган иштердин натыйжалуулугун жана сапатын текшерүү жана Аткарылган иштердин актысын арыз ээсине (жергиликтүү бийлик органдарына) өткөрүп берүү
|
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-аракет А) керектүү документтери менен арызды кабыл алуу жана керектөөчүнүн документтеринин бардыгын аныктоо | Документтерди кабыл алуу жана каттоо үчүн жооптуу адис | 20 мүнөт | 1) Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн арызы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө буйрук, каттоо журналында жазылат. 2) Документтерди кабыл алуудан жана/же бул мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу (жазуу жүзүндөгү баш тартууда) чыгыш корреспонденциялар журналында катталууга тийиш, оозеки баш тартууда каттоо жүргүзүлбөйт. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү типтүү нускама жөнүндө;
|
Б) арызды электрондук түрдө Мамлекеттик портал аркылуу аркылуу кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун натыйжасы: Арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Пестициддерди колдонуунун түрүн жана регламентин аныктоо максатында зыяндуу чегирткелерди жана америка ак көпөлөгүн аныктоо жана диагностикалоо үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл чарба жерлерине жана көп жылдык бак-дарактарга биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү | ||||
2.1-аракет - иликтене турган жерге чыгуу; - айыл чарба жерлеринде жана көп жылдык бак-дарактарда чегиртке зыянкечтеринин жана америка ак көпөлөктөрдүн отурукташуусун аныктоо; - зыяндуу объектилердин түрдүк курамын аныктоо, ылаңдаган аймактарды тактоо жана аларды дарылоо тартибин аныктоо. | Иликтөөчүлөрдүн тобу (директордун буйругу менен бекитилет, Өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнөн жана/же аймактык башкармалыктардан түзүлөт).
| 1 жумушчу күн | Белгиленген аянтты иликтөө жана зыянкечтердин орточо жыштыгын аныктоо, 1 м2 жерге илдеттер жана отоо чөптөр менен жабыркаган өсүмдүктөрдү текшерүү.
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо
|
2.2.-аракет Чогултулган материалды талдоо | Ар бир иликтөөчү | 1 жумушчу күн | Ар бир иликтөөчү басып өткөн жолдун жалпы узундугун жана кооптуу объекттин орточо санын аныктайт, андан кийин изилденүүчү жана калктуу аймактын жалпы аянтын жана кооптуу объекттин орточо тыгыздыгын тактайт. | |
2.3-аракет Иликтөө актысын түзүү | Регионалдык бөлүмдөрдүн адистери | 1 жумушчу күн | Иликтөө актысында изилденген жалпы аянт, оору жуккан аянт, изилдөөнүн мөөнөтү, колдонулган пестициддер ж.б. көрсөтүлөт. Актыга зыяндуу объекттин жайгашкан жеринин белгилери менен изилденген себүү тилкесинин схемалык картасы тиркелет. | |
2-жол-жобонун натыйжасы: алдын ала иликтөө | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 жумушчу күн | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
3-жол-жобо. Чегиртке зыянкечтерине жана америка ак көпөлөгүнө каршы химиялык дарылоо жүргүзүү | ||||
3.1-аракет талаага баруу жана чегиртке зыянкечтерине, америка ак көпөлөгүнө каршы химиялык дарылоо
| Фитосанитардык коопсуздук бөлүмү | 10 жумушчу күн, дарылоо аткарылуучу иштердин көлөмүнө жараша | чегиртке зыянкечтерине жана америка ак көпөлөгүнө каршы химиялык дарылоо жүргүзүү | КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо |
3-жол-жобонун натыйжасы: химиялык тазалоону жүргүзүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 жумушчу күн | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
4-жол-жобо. Аткарылган иштердин натыйжаларын жана сапатын текшерүү, арыз ээсине Аткарылган иштердин актысын өткөрүп берүү (жергиликтүү бийлик органдары). | ||||
4.1-аракет Иштетилген жерге баруу, кайталап иликтөө жана химиялык дарылоолордун сапатын баалоо | Департаменттин фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн жана регионалдык бөлүмдөрдүн адистери | 3 жумушчу күн | - натыйжалуу химиялык тазалоодо аткарылган иштердин актысы жана аны өткөрүп берүүгө кабыл алуу актысы түзүлөт жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен макулдашылат; - жүргүзүлгөн химиялык дарылоолор жөнүндө журналга тиешелүү жазуулар киргизилет; - натыйжасыз химиялык тазалоодо кайра химиялык тазалоо 3-процедурага ылайык жүргүзүлөт | КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо |
4.2-аракет Аткарылган иштер актысын жана Эсептен чыгаруу актысын түзүү, арыз ээсине өткөрүп берүү | ||||
4-жол-жобонун натыйжасы: Аткарылган иштер актысы | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 3 жумушчу күн | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо формалары ички (учурдагы) контролго жана тышкы контролго бөлүнөт.
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына дайыма ички (учурдагы) контроль Департаменттин директору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ички (учурдагы) контроль, кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттердин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоосун жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ички (учурдагы) контролдун максаты мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды аныктоо жана четтетүү, адистердин, кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) карата келип түшкөн даттанууларды (анын ичинде ишеним телефону аркылуу) кароо, чечимдерди кабыл алуу жана жоопторду даярдоо болуп саналат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча арыз ээсинин ар бир кайрылуусу менен текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр, анын ичинде мамлекеттик кызматтын белгилүү бир керектөөчүсүнүн арызы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
Комиссия ишинин тартиби жана регламенти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан аныкталат.
Комиссиянын ишинин натыйжалары маалымкат түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды четтетүү боюнча сунуштар белгиленет. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин оптималдаштыруу максатында административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалымкат кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде Департаменттин директоруна жөнөтүлөт, ал маалымкатты алган күндөн тартып бир айдын ичинде аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды, көрсөтүлгөн тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге тартиптик жана административдик жаза чараларын көрөт, ошондой эле администрациялык регламентке белгиленген тартипте (зарыл болгон учурда) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт.
Тышкы контролдун жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуулар жана кемчиликтер боюнча Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык, ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул мамлекеттик кызматты аткаруучунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине карата тийиштүү тартиптик жана администрациялык чаралар көрүлүшү мүмкүн.
Административдик талаптарды аткаруунун тышкы көзөмөлү жылына бир жолудан кем эмес жүргүзөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Департаменттин кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерге арыз ээси тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр стандартында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Департаменттин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгектик жана бузуу мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент ушул мамлекеттик кызматтын стандарты менен бир убакта, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш.
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жана/же юридикалык жактарга аткаруу үчүн берилген учурда, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик мекеменин тиешелүү жеке жана/же юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүсү, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимдин жоболору бул мамлекеттик кызматтын административдик регламентинин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Б.Эркинбек уулу - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башкы адиси.