Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-марты № 53
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо
жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 107 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 107 токтомуна ылайык бул токтомдун төмөнкү бөлүктөрү күчүн жоготту:
- шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол;
- айрым талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттары болуп шайлоо тууралу.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын
шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 31-январындагы № 15 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 18-февралындагы № 28 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 3-мартындагы № 21 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-июнундагы № 67 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 29-августундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-январындагы № 5 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
2012-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ПЖ № 36 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө келип түшкөн протоколдорунун, Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколунун жана жыйынды таблицасынын, ошондой эле Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жыйынтыктарын чыгаруу жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болду деп таанылсын.
2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 26-мартындагы Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө протоколу бекитилсин.
3. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелинсин (тизме тиркелет).
Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|