Загрузка документа…
| 17-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
8-главасынын 3-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-июнунун № 412 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VIII-бөлүмүнүн 12-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандартында аныкталган негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 30 күн:
- керектөөчүнү каттоо жана келишим түзүү мөөнөтү 30 мүнөт;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүү түздөн-түз талаада, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери, илдеттери менен жабыркаган участокто, колдонулган коргоочу материалдардын түрүнө жараша 1 күндөн 30 күнгө чейин, ал эми кайра иштетүүдөн кийин 10 күндүн ичинде обсервация жүргүзүлөт.
- биоматериалды пайдалануунун техникалык эффективдүүлүгүн эсепке алуу боюнча актыны берүүнүн максималдуу мөөнөтү 30 мүнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн убакыт мөөнөтү келишимде көрсөтүлөт.
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) кызмат көрсөтүүгө арыз;
б) арыз ээсинин инсандыгын тастыктаган документ (текшерүү үчүн);
в) кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы (Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (мындан ары - Мамлекеттик портал) аркылуу электрондук форматта арыз берилген учурда, төлөм Мамлекеттик порталдын төлөмдүн шлюзу аркылуу, ошондой эле башка кызматтарды колдонуу электрондук банктык операциялар менен жүргүзүлүшү мүмкүн);
г) юридикалык жактар өздөрүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти (ишеним катты) кошумча тапшырышат;
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
3) Кызматтын баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
4) Кызматтын натыйжасы: өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн биологиялык тазалоо жана биоматериалды пайдалануунун техникалык натыйжалуулугун эсепке алуу боюнча акт түзүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
Таблица 1
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арызды кабыл алуу, документтерди алдын ала кароо жана кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү | Арызды кароо, каттоо жана кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу адамды дайындоо
|
2 | Айыл чарба жерлерин кайра иштетүү үчүн биоматериалдарды берүү
| Айыл чарба жерлерин зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн биологиялык тазалоо, ошондой эле биостимуляторлорду колдонуу |
3 | Колдонуудан кийин натыйжалуулугун мониторинг жүргүзүү | Физикалык менен байланыш адамдар/субъекттер процедура аяктагандан кийин |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо Арызды кабыл алуу жана биологиялык тазалоого документтерди алдын ала короо | ||||
1.1-аракет А) Арызды кабыл алуу
Б) Мамлекетти портал (же кызмат көрсөтүүчүнүн электрондук ресурсу) аркылуу электрондук түрдө арызды кабыл алуу | Ыйгарым укутуу органдын аймактык бөлүмүнүн адиси (Мамлекеттик портал аркылуу арыз берилген учурда Борбордук аппараттын кызматкери) | 10 мүнөт | Кардарга кызмат көрсөтүнүн тартиби жана жол-жоболору жөнүндө маалымат берүү (арыз элетрондук форматта берилген учурда арыз ээсинин жеке кабинетине маалыматтарды жөнөтүү) | «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (9 - берене) - «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (1.10 - берене)
|
1.2-аракет Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди кароо жана түзүү | А) биологиялык тазалоо үчүн зарыл болгон документтерди бөлүшүү Б) документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | |||
1.3-аракет Арызды каттоо | Арызды каттоо | |||
1.4-аракет Кызмат көрсөтүү келишимин түзүү жана төлөөгө эсеп фактура түзүү | Ыйгарым укуктуу органдык аймактык бөлүмүн жетекчиси | 10 мүнөт | - Келишим арыз ээси тарабынан түзүлгөн - Төлөм үчүн эсеп фактура түзүлүп арыз ээсине өткөрүлүп берилди. Төлөө шарттары келишимде каралат. | |
1.5-аракет Жоопту адамды дайындоо | Жооптуу адисти даярдоо | |||
Жол-жобонун натыйжасы: Арыздын катталышы , арыз ээси тарап менен түзүлгөн келишим, жооптуу адисти даярдоо | ||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 1: 20 мүнөткө чейин | ||||
Жол-жобонун тиби: административдик процедура | ||||
2-жол-жобо Айыл чарба жерлерин зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн тазалоо үчүн биологиялык продуктуларды берүү, ошондой эле биостимуляторлорду колдонуу. | ||||
2.1-аракет -Энтомофагтарды өндүрүү; - даарылоого биологиялык препараттарды даярдоо | Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адиси | Биоматериалга жараша 7 күнго чейин (даярдоо убактысы) | Арызга ылайык, энтомофагдар өндүрүлгөн /биологиялык продуктылар кайра иштетүүгө даярдалган. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жобо |
2.2-аракет Биологиялык продуктыларды чыгаруу жана кыматтын керектөөчүсүнө консультация берүү
| Ыйгарым укутуу органдык аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адиси | А) Мөөнөтү келишимге жараша (3 же 4 жолу) Б) Арыз берилген күндөн тартып бир сааттын ичинде | А) Биологиялык тазалоого жана зыянкечтерге (энтомофагтарга) каршы чыгуу
Б) Биологиялык продуктуларды эсеп-фактура боюнча берүү (келишим боюнча)
| |
Жол-жобонун натыйжасы: Биологиялык тазалоогу жүргүзүү, биоматериалдарды жүргүзүү, биоматериалды пайдалануунун техникалык натыйжалуулугунун актысын толтуруу | ||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 30 күнгө чейин | ||||
Жол-жобонун тиби: Административдик | ||||
3-жол-жобо Биоматериалды пайдалануунун эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана техникалык натыйжалуулук актысы | ||||
3.1-аракет Биоматериалды пайдалануунун техникалык натыйжалуулугунун актысын тариздөө | Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адиси | 10 күнгө чейин | Биоматериалды пайдалануунун техникалык эффективдүүлүгүнүн актысы кошумча кайра иштетүү зарыл болгон учурда биологиялык продуктуларды жана энтомофагдарды керектөө нормасын жогорулатуу боюнча тиешелүү акт түзүлөт. Ошондой эле, келишимге кошумча келишим түзүү керек. (жол-жобо 1.4-аракеттен башталат) | КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жобо. |
Жол-жобонун натыйжасы: Биоматериалды пайдалануунун техникалык натыйжалуулугун актысын берүү | ||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 30 мүнөткө чейин | ||||
Жол-жобонун тиби: уюштуруу жана башкаруу тартиби | ||||
5. жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
1-жол-жобоун схемасы (алгоритмдери)
2-, 3-жол-жобоун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик талаптардын аткарылышын контролдоо жоболору
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин жетекчиси ишке ашырат.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттин жоболорун ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү кварталына бир жолудан кем эмес. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аныкталган четтетүү боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилике тартуу маселеси каралат.
7. Кызматтын административдик регламенттеринин талаптарынын аткарылышынын тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
1) Коммисиянын ишинин натыйжалары күбөлүк түрүндө таризделет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Күбөлүкө кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал бул кызматты көрсөткөн мекемеге жөнөтүлөт. Күбөлүк алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган тартип бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар көрүлсүн, бул тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартип жана административдик чаралар көрүлөт. Зарыл болгон учурда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү да белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын сакталышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес жургүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоокерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеде калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик эрежелер кызматтын стандартын кайра кароо менен ар убакта жана зарылчылыкка жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламенттерди иштеп чыккандар
1. С. Турсуналиев - Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары.
2. М. Абданбекова - Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин тышкы байланыштар, инвестициялар жана сертификация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.