Загрузка документа…
| 18-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 4-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан ишке ашырылат (мындан ары -Депаратмент).
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VIII-бөлүмүнүн 13-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 7 күнгө чейин анын ичинен:
- арызды жана документтерди кабыл алуу жана кароо, зыянсыздоо методун тандоо, ошондой эле химиялык затты сарптоо санын алдын ала эсептөө убактысы - 30 мүнөткө чейин;
- карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын жайгашкан ордуна, жылчыксыздыгына, зыянсыздоо үчүн карантиндик объекттин көлөмүнө карата кароо убакыты - 2 саатка чейин;
- газдаштыруу методу же аэрозоль чачуу методу менен зыянсыздоо карантиндик объекттин көлөмүнө жана зыянсыздоо методуна жараша - 24 сааттан 168 саатка чейин;
- карантиндик фитосанитардык зыянсыздоо жөнүндө актты тариздөө жана берүү убактысы - 40 мүнөткө чейин.
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) ким экендигин ырастаган документ;
б) кызмат көрсөтүүнү алууга арыз берүү;
в) кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
г) ишеним кат (юридикалык жактардын атынан, алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документ).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларын өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекеттик кызматка суроо-талаптын берилиши | Кызмат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө суроо-талап келип түшкөндөн кийин, адис кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымат берет. Белгиленген үлгүдөгү арыз жана коштолуучу документтер берилет, андан соң жетекчилик кызматты аткарууга жооптуу адамды дайындоо жөнүндө резолюция чыгарат. Аткаруучу арызды карап чыгып, арызды каттоодон өткөрөт жана документтердин пакетин топтойт |
2. | Карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын зыянсыздоонун алдында текшерүү
| Зыянсыздандыруу кызматын (карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларынын жайгашкан жерин, герметикалык абалын, карантинге алынуучу объекттин көлөмүн текшерүү) көрсөтүү максатында зыянсыздандыруу боюнча адис менен алдын ала иш алып баруу |
3. | Зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү | Зыянсыздандыруу боюнча адис зыянсыздандыруу иштерин аткаруучу жерге барат |
4. | Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу актысын берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздоо актысын берүү | Бул жол-жободо тийиштүү документтерди тариздөө жана берүү менен кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы каралат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин натыйжасы
| Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1-жол-жобо. Мамлекеттик кызмат жөнүндө суроо-талаптын берилиши | ||||
1.1-аракет А)Зыянсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жазуу жүзүндөгү арыздын берилиши | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин департаментинин директору/ Департаменттин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 5 мүнөткө чейин | Кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга жооптуу адамды дайындоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июнундагы № 517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама» |
Б) Мамлекеттик портал аркылуу зыянсыздандыруу кызматына арыздын кабыл алынышы | Автоматтык түрдө
| Кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга жооптуу адамды дайындоо
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.10.2019-жылдагы №525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын колдонуу эрежелери. | |
1.2-аракет Белгиленген үлгүдөгү арызды жана зыянсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрун аткаруу үчүн берилген баштапкы документтерди карап чыгуу
| Иски карантин бөлүмүнүн адиси | 15 мүнөткө чейин | Арызды каттоо жана зыянсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткарууга керектүү документтерди топтоо
| Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Жол-жобонун натыйжасы: Каттоо журналына жазуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
2-жол-жобо. Карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын зыянсыздандыруу үчүн изилдөө жүргүзүү | ||||
2.1-аракет Карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампаларды дезинфекциялоо үчүн карантинге алынуучу объекттин жайгашкан жери, герметикалыгы, көлөмү боюнча текшерүү
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн эксперттери
| 2 саатка чейин | Зыянсыздандыруу жүргүзүүгө тийиштүү маалыматтын толук болушу жана изилдөө актысын түзүү
| -Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө» Жобо |
2.2-аракет Төлөм үчүн эсеп коюу | Территориалдык башкармалыктардын адистери |
| Кызмат үчүн төлөмдүн квитанциясы
| |
Жол-жобонун натыйжасы: каттоо журналына изилдөо актысын жазуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 2 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
3-жол-жобо. Зыянсыздандырууну ишке ашыруу | ||||
3.1-аракет Карантинге алынган герметикалык объекттерди газациялоо ыкмасы мене зыянсыздандыруу, ачык жерлерде жайгашкан карантинге алынган объекттерди аэрозоль ыкмасы менен зыянсыздандыруу
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери
| 24 сааттан 168 саатка чейин | Карантиндик объекттерди жок кылуу, жоготуу, стерилизациялоо (репродуктивдик жөндөмдүүлүктөрүнөн ажыратуу) же аларды жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу
| Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө» Жобо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 361 “Айыл чарба өндүрүшүндөгү пестициддерди колдонуу, сактоо жана кампада сактоо коопсуздугу боюнча нускамсын бекитүү” токтому |
3.2-аракет Өндүрүү анализи
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери |
| Жүргүзүлгөн зыянсыздандыруунун натыйжалуулугун баалоо, ошондой эле зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндөн кийин кампа жайларындагы иштөө концентрациясын, газдын сызылып чыгышын, газдын калдык концентрациясын (дегазация) аныктоо
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө» Жобо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 361 “Айыл чарба өндүрүшүндөгү пестициддерди колдонуу, сактоо жана кампада сактоо коопсуздугу боюнча нускамсын бекитүү” токтому |
Жол-жобонун натыйжасы: Зыянсыздандыруу иштерин аяктоо | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 24 сааттан 168 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу, атайын жол-жобо | ||||
4-жол-жобо. Зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү | ||||
4.1-аракет Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу актысын, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын тариздөө | Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери | 40 мүнөткө чейин
| Зыянсыздандыруунун натыйжалары жөнүндө маалымат
| Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери |
4.2-аракет Арыз ээсине зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү |
| Фитосанитардык сертификатка зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жазуу (эгерде карантинге алынган продукцияны Кыргыз Республикасынан алып чыгуу учурунда зыянсыздандыруу талап кылынса). | ||
Жол-жобонун натыйжасы: Кызмат көрсөтүүнүн аякташы | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 40 мүнөткө чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1-схема. Мамлекеттик кызмат жөнүндө суроо-талаптын берилиши
2-схема. Карантинге алынган продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларды зыянсыздандыруунун алдында кароо
3-схема. Зыянсыздандырууну жүргүзүү
4-схема. Зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчиси ички көзөмөлдөө иштерин алып барат.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттердин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына үзгүлтүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар кварталда бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу чаралары текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
5) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жүргүзөт.
6) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары справка түрүндө таризделет, бул справкага административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.
7) Справкага кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Справка келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
8) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Кызмат адамдарынын административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
8. Департаментинин кызмат адамдары жана кызматчылары административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Мазенов Бакытбек Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын башчысы;
2. Кабылова Райла Турдуевна – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин сырткы карантин бөлүмүнүн башкы адиси.