Загрузка документа…
| 20-Тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлеринин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң улоо жерлеринин объекттерине баруу”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 9-главасы, 3-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы Мамлекеттик токой фондусунун аймагында жүргүзөт (Мындан ары-МТФ).
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрыдагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VI-бөлүмүнүн 2-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандартында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- наркты төлөөдөгү убакыттын чеги-5 мин.
- келгендерге инструктаж жүргүзүү-15 мин.
- кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - аймакта болгон убакыттын ичинде.
- ар бир калган күн үчүн төлөм жүргүзүлөт.
(2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) Арыз
б) төлөгөндүгү туралуу дүмүрчөк;
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызматтын баасы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын түзүү (Прейскурант) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун объекттерине, жаратылыш музейлерине, экологиялык визит борборлоруна керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
2. Кызмат көрсөтүү процесинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол – жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Келүүчүлөрдү каттоо |
|
2 | Төлөмдү кабыл алуу жана МТФ аймагына киргизүү |
|
3 | Келүүчүлөрдүн МТФ нун аймагында болуусунун белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоосун көзөмөлдөөнү камсыз кылуу жана келүүчүлөрдүн МТФ нун аймагынан чыгышы |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
| |
1-жол-жобо. Келүчүүнү каттоо | ||||||
1.1-аракет А) жеке же юридикалык жактын токой чарба көзөмөл пунктуна кайрылуусу | Токойчу | 5 мүнөт | Токойчу: - келүүчүнүн өздүгүн тактоону ишке ашыруу, өздүгүн ырастоочу документтерди текшерүү; - белгиленген формадагы журналга келгендерди, автоунаанын маркасын, автоунаанын номерин каттоону жүргүзүү; - келүүчүнүү тиешелүү аймакка кирүү үчүн бекитилген тарифтер жана баалар тууралуу маалымдоо; | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Токой чарба малекеттик агенттиги жөнүндө» жобосу |
| |
Б) Мамлекеттик партал аркылуу электрондук түрдө арызды кабыл алуу (келүүчүлөрдү кирүү жана коопсуздук журналына каттоо) | Автоматтык түрдө | Автоматттык түрдө | - МТФнун аймагына кирүүгө өткөрмө кагазын даярдоо; - арыз ээсинин өздүк кабинетине өткөрмө кагазын жөнөтүү. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрыдагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу ЭРЕЖЕЛЕРИ |
| |
1-жол-жобонун натыйжасы: арызды кабыл алуу жана кызмат алуучуну каттоо | ||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||
2-жол-жобо. МТФнын аймагына кирүүгө төлөмдөрдү кабыл алуу | ||||||
2.1-аракет МТФнун аймагына кирүүгө төлөмдөрдү кабыл алуу (дүмүрчөк – электрондук арыз берген учурда) | -МТФнун кызматынын инспектору - МТФнун кассири | 5 мүнөт | 1) жооптуу кызматкер: - мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн келүүчүдөн төлөмдү кабыл алуу (электрондук арыз менен төлөм жүргүзүлгөн учурда өткөрмө кагазын текшерүү); - келүүчүгө МТФнун аймагына кирүүгө уруксат берүү; 2) Келүүчүнү кабыл алуудан баш тартуу – бул чечим ушул кызматтын белгиленген тартипте бекитилген прейскурантына туура келген мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнбөгөн учурда кабыл алынат. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобосу |
| |
2-жол-жобонун натыйжасы: төлөмдү кабыл алуу жана МТФнун аймагына киргизүү | ||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||||
2-жол-жобонун тиби: уюштуруу жана башкаруу | ||||||
3-жол-жобо. МТФнун аймагында жүрүүнүн белгиленген нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын жана келүүчүлөрдүн МТФнын аймагынан чыгарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу | ||||||
3.1-аракет Келүүчүнү МТФнын аймагына киргизүү | МТФнун токойчусу | Келүүчү МТФнун аймагында болгон убакыттын ичинде | 1) Жооптуу кызматкер: - келүүчүлөрдүн МТФнун аймагында болуусунун белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоосун, ошондой эле барган аймактын абалын контролдоону камсыз кылуу; - келүүчүлөр тарабынан МТФнун аймагында болуу эрежелери жана ченемдери бузулган учурда, Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү; - Келүүчү административдик айып төлөөдөн баш тартса, укук коргоо органдарына административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду жөнөтүү. 2) МТФнун аймагынан келүүчүлөрдү чыгаруу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо |
| |
3-жол-жобонун натыйжасы: Келүүчүлөрдүн МТФнын аймагында болуусунун белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоосун жана келүүчүлөрдүн МТФнын аймагынан чыгарылышын көзөмөлдөөнүкамсыз кылуу | ||||||
3-жол-жобонун узактыгы: Арыз ээсинин МТФнын аймагында болгон мезгилинде | ||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||
5. 1,2,3 жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын ички контролду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору жургүзөт.
Ички (учурдагы) көзөмөлдөөчү кызматкерлер (кызмат адамдары) тарабынан административдик регламенттердин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ички (учурдагы) көзөмөлдөөнүн максаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды аныктоо жана четтетүү, кызмат адамдарынын адистеринин чечимдерине, аракеттерине (бездейтвия) келип түшкөн даттанууларды (анын ичинде ишеним телефону боюнча) кароо, чечимдерди кабыл алуу жана жоопторду даярдоо болуп саналат.
Текшерүүлөр дайыма болуп турат.
Жетекчи зарыл болгон учурда калкты мамлекеттик тейлөөгө жооптуу кызматкердин аракеттерине карата администрациялык тартиптик жаза чараларын көрөт.
Пландан тышкары текшерүүлөр, анын ичинде мамлекеттик кызматтын конкреттүү керектөөчүнүн арызы боюнча жүргүшүлүшү мүмкүн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чаралар көрүлүп, күнөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.
7. Администрациялык регламенттин талартарынын аткарылышын тышкы контролдоону мамлекеттик кызмат көрсөтүлөрдү стандартташтырууну оптималдаштыруу боюнча (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча) ведомстволук жумушчу комиссия ишке ашырат.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдын коомдук байкоочу кенешинин өкүлдөрү (бар болсо) милдеттүү түрдө кириши керек. Тартип жана регламенттин комиссиясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан аныкталат.
Комиссиянын ишинин натыйжалары акт түрүндө таризделет, анда комиссиянын тартиби жана жобосу директор тарабынан аныкталат, аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана четтетүү боюнча боюнча сунуштар белгиленет. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесин оптималдаштыруу максатында административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалымкат кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын жетекчилигине жиберилет, ал маалымкатты алган күндөн тартып бир айдын ичинде аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрөт, көрсөтүлгөн тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге, ошондой эле администрациялык чаралар администрациялык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн белгиленген тартибин (зарыл болгон учурда) киргизүүнү демилгелейт.
Тышкы контролдун жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуулар жана кемчиликтер Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү мамлекеттик кызматты аткаруучунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине карата тартиптик жана администрациялык чаралар көрүлүшү мүмкүн.
Административдик регламенттин талаптарынын сакталышына тышкы контроль жүргүзүү жылына бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Токой чарбасынын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерге арыз ээси мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында белгиленген тартипте даттанышы мүмкүн.
9. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн токой чарбасынын кызматкерлери жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүнө ылайык келген мезгилде, үч жылда бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз кайра каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Таабалдиев М. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын бөлүм башчысы.
2. Сейдеева С. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын башкы адиси.