Загрузка документа…
| 22-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
9-главасынын 11-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 3 – июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 645 токтомунунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VI-бөлүмүнүн 9-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Тейлөө стандартында белгиленген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
Керектөөчүнүн өтүнмөсүн кабыл алуунун чектүү убактысы - 15 мүнөт.
Кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзүү - 1 иш күнү.
Кызмат кол коюлган келишимге ылайык, керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин түрүнө жараша, өтүнмө таризделген күндөн тартып 3-90 иш күндүк мөөнөттө берилет, атап айтканда:
- гидрокурулмаларды, каналдарды жана гидробекеттерди куруу жана оңдоо - 90 иш күнгө чейин;
- каналдарды, дренаждык системаларды, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин механикалык тазалоо - 90 иш күнгө чейин;
- сел өткөрүүчү курулмаларын, дюкер жана акведук куруу жана оңдоо 90 иш күнгө чейин;
- ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды куруу - 30 иш күнгө чейин;
- жабык дренажды жана канализацияны агызуу - 30 иш күнгө чейин;
- скважиналарды бургулоо - 90 иш күнгө чейин;
- каналдарды, дренаждарды жана коллекторлорду камыштан тазалоо - 30 календардык күнгө чейин;
- инерттүү материалдарды ташуу - 30 календардык күнгө чейин;
- тереңдиктеги насосторду монтаждоо жана демонтаждоо - 30 календардык күнгө чейин
2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- кызматты керектөөчү кол койгон иштин түрүн көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүгө арыз;
- жеке жактар үчүн – өздүгүн такстыктаган документ;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
3) Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилет.
Ведомствого караштуу мекеменин аймактык органдарынын адиси бекитилген прейскуранттын негизинде сунушталган иштин көлөмүнө ылайык ар бир керектөөчүгө жекече иштин сметалык наркын эсептейт. Иштин акыркы наркы аткарылган иштердин актысында көрсөтүлгөн, кызмат көрсөтүүчү жана керектөөчү тарабынан кол коюлган жана Кызмат көрсөтүү келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүнө ылайык түзүлөт.
4) Кызматты керектөөчүнүн суроо-талабына жараша мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- гидрокурулмаларды, каналдарды жана гидропостторду куруу жана оңдоо;
- каналдарды, дренаждык системаларды, суткалык жана декадалык жөндөө бассейндерин механикалык тазалоо;
- сел өткөрүүчү, дюкер жана акведук курулмаларды куруу жана оңдоо;
- ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды куруу;
- жабык дренажды жана канализацияны агызуу;
- каналдарды, дренаждарды жана коллекторлорду камыштан тазалоо;
- скважиналарды бургулоо;
- инерттүү материалдарды ташуу;
- тереңдиктеги насосторду монтаждоо жана демонтаждоо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
Таблица №1
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертме |
1 | Кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу жана аны каттоо |
|
2 | Жооптуу аткаруучуну дайындоо |
|
3 | Кызматты аткаруу үчүн иштин көлөмү боюнча корутундуну даярдоо |
|
4 | Кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү, алдын ала төлөө үчүн документтерди даярдоо |
|
5 | Оңдоо кызматы |
|
6 | Объектти кардарга жеткирүү, кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн документтерди тариздөө |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Таблица 2
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы |
| ||
1-жол- жобо. Кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу жана аны каттоо | |||||||
1.1-аракет. А) Өтүнмөнү кабыл алуу | Администрация бөлүмүнүн адиси | 10 мин | Каттоо журналына жазуу, арызга кирүүчү номерди жазуу, Жетекчиге жөнөтүү | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябры № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө |
| ||
Б) Мамлекеттик портал (же кызмат көрсөтүүчүнүн электрондук ресурсу) аркылуу электрондук түрдө арызды кабыл алуу | Автоматтык түрдө | Өтүнмө ээсинин жеке кабинетине билдирүү менен арызды кабыл алуу жана каттоо; жетекчигежөнөтүү |
| ||||
Процедуранын натыйжасы: арыз катталып, жетекчиликтин кароосуна берилет | |||||||
Процедуранын узактыгы: 10 мүнөт | |||||||
Процедуранын түрү: Уюштуруу-башкаруу процедурасы | |||||||
2-жол- жобо. Жооптуу аткаруучуну дайындоо | |||||||
2.1-аракет. Жооптуу адисти дайындоо үчүн арызды изилдөө жана виза коюу | Жетекчи, жетекчинин орун басары | 10 мин. | Виза арызы, жалпы бөлүмгө кайтаруу | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө; |
| ||
2.2-аракет. Аткаруучуну каттоо | Жалпы бөлүмдүн адиси | 5 мин. | Журналга жазуу жана арыздын көчүрмөсүн аткаруучуга жөнөтүү |
| |||
Процедуранын жыйынтыгы: виза коюлду, жооптуу аткаруучу дайындалды | |||||||
Процедуранын узактыгы: 15 мүнөт | |||||||
Процедуранын түрү: Уюштуруу-башкаруу процедурасы | |||||||
3-жол- жобо. Кызматты аткаруу үчүн иштин көлөмү жөнүндө корутундуну даярдоо | |||||||
3.1-аракет. аткаруучу тарабынан арызды кароо, документтерди изилдөө | Башкы инженер, Участканын башчысы | 1 күн | Документтердин пакетин кароо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо. |
| ||
3.2-аракет. Иш жүрүп жаткан жерине чыгуу | - иштердин түрлөрүн жана көлөмүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн жабдууларды аныктоо; - чыгашаларды эсептөө; - жумуштун графигин түзүү |
| |||||
3.3-аракет. Корутунду түзүү | 1 күн | Корутундуну даярдоо, аны жетекчи менен макулдашуу жана корутундуну жалпы бөлүмгө өткөрүп берүү |
| ||||
3.4-аракет. Корутундуну журналга каттоо | Жалпы бөлүмдүн адиси | 5 мин. | Кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө журналга жазуу жана арыз берүүчүгө билдирүү; Анын ичинде Мамлекеттик электрондук кызмат порталы аркылуу - portal.tunduk.kg/ Электрондук ресурс, эгерде арыз портал аркылуу берилсе |
| |||
Процедуранын натыйжасы: Кызматты аткаруу боюнча иштин көлөмү жөнүндө корутунду даярдалды | |||||||
Процедуранын узактыгы: 2 күндөн ашык эмес | |||||||
процедуранын түрү: Административдик процедура | |||||||
4-жол- жобо. Кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү, алдын ала төлөө үчүн документтерди даярдоо | |||||||
4.1-аракет. Техникалык документтерди кароо, келишим түзүү | Башкы инженер | 1 күн | Керектүү техникалык документтерди кароо
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо. |
| ||
4.2-аракет. Келишимге кол коюу | Жетекчи, кызмат алуучу |
| Келишимди түзүү |
|
| ||
4.3-аракет. Келишимди каттоо | Бухгалтериянын башкы адиси | 20 мин. | Эсеп-фактураны каттоо |
| |||
4.4-аракет. Эсеп-фактураны чыгаруу
| Жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу |
| |||||
Процедуранын натыйжасы: Кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү, эсеп-фактураны берүү | |||||||
Процедуранын узактыгы: 2 күндөн ашык эмес | |||||||
процедуранын түрү: Административдик процедура | |||||||
5-жол- жобо. Оңдоо кызматын аткаруу | |||||||
5.1-аракет. Жабдууларды дислокациялоо жана жайгаштыруу | Участоктун жетекчиси (башкы инженер, башкы механик) | 1 күн | Контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо. |
| ||
5.2-аракет. Тапшырма берүү | Участоктун жетекчиси | Башкы механиктин тапшырмасы менен камсыз кылуу |
| ||||
5.3-аракет. Өндүрүштүк жумуштар | Механизатор | Иштин түрүнө жараша 30-90 күн | Арызга ылайык кызматты ишке ашыруу |
| |||
5.4-аракет. Техникалык аткаруу документтерин даярдоо | оңдоо-курулуш башкармалыгынын бишчысы | 2 күн | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө объектти жеткирүү үчүн документтердин пакетин даярдоо |
| |||
5.5-аракет. Аткарылган иштердин актыларын түзүү | оңдоо-курулуш башкармалыгынын бишчысы | 2 күн |
| ||||
5.6-аракет. Документтерди жана объектти жеткирүү үчүн даярдоо |
| 1 күн |
| ||||
Процедуранын натыйжасы: Кызматтын аткарылышы | |||||||
Процедуранын узактыгы: 30 күн (жумуштун оордугуна жараша 90 күнгө чейин) | |||||||
Процедуранын түрү: Административдик процедура | |||||||
6-жол- жобо. Объектти кардарга жеткирүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн документтерди тариздөө | |||||||
6.1-аракет. Төлөм өтүнүчүн каттоо | Башкы бухгалтер | 1 күн | Төлөм өтүнүчүн жазуу
Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg/ аркылуу жолдомо Электрондук ресурс, эгерде арыз электрондук форматта берилсе |
|
| ||
Процедуранын натыйжасы: Кызматтарды төлөө үчүн документтерди тариздөө | |||||||
Процедуранын узактыгы: 1 күндөн ашык эмес | |||||||
процедуранын түрү: Административдик процедура | |||||||
5. Процедураларды аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
1. Кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу жана аны каттоо
2. Виза алуу, жооптуу аткаруучуну дайындоо
3. Кызматты аткаруу үчүн иштин көлөмү боюнча корутундуну даярдоо
4. Кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү, алдын ала төлөө үчүн документтерди даярдоо
5. Оңдоо кызматтарын аткаруу
6. Объектти кардарга жеткирүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн документтерди тариздөө
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички көзөмөл:
- кызмат көрсөтүүчү ведомствого караштуу бөлүмдүн аймактык органынын башкы инженери тарабынан жүргүзүлөт;
- кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан администрациялык регламенттердин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди сактоого жана аткарууга үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат;
- текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү туруктуу, пландан тышкаркы текшерүүлөр кызматты керектөөчүлөрдүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, ошондой эле күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
а) Комиссиянын жыйынтыгы күбөлүк түрүндө түзүлөт, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
б) күбөлүккө кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде бул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жөнөтүлөт.
Ишти аткарууда бузуулар же орун алган кемчиликтер аныкталган учурда, маалымкат алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аларды четтетүү жана бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлөт.
Зарыл болгон учурда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү да белгиленген тартипте демилгеленет.
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына эки жолу жүргүзүлөт.
8. Администрациялык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана кызматчылар Кыргыз Республикасынын администрациялык жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аткаруу үчүн аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеде калат.
8. Корутунду пункт
10. Административдик эрежелер зарылчылыкка жараша Кызматтын стандарты кайра каралып чыгуу менен бир убакта кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламенттерди иштеп чыгуучулар
Мурзаева Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын административдик колдоо башкармалыгынын башкы адиси.