Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу
2017-жылдын 5-декабры № 9-нпа
Долбоорлоо жана монтаждоо иштерине, машина жана транспорт каражаттарын пайдаланууга кошумча улуттук наркттардын жыйнактарын, оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүшүндө убактылуу имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагын, курулуш-монтаждоо иштеринин кышкы убактагы өндүрүшү учурунда кошумча чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагын, кутуга, таңгактоого жана реквизитке сметалык нарктардын жыйнагын, жабдууларды монтаждоого бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, оңдоо-курулуш иштерине бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, долбоорлоо иштерине нарктардын жыйнагын колдонуу боюнча жалпы көрсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде, курулуштун сметалык наркын аныктоого бирдиктүү методологиялык мамиле кылууну сактоо, базар экономикасынын жаңы талаптарына ылайык сметалык ченемдердин тутумун камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Сунушталуучу кошумча долбоорлоо жана монтаждоо иштерине, машина жана транспорт каражаттарын пайдаланууга кошумча улуттук наркттардын жыйнактарын, оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүшүндө убактылуу имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагын, курулуш-монтаждоо иштеринин кышкы убактагы өндүрүшү учурунда кошумча чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагын, кутуга, таңгактоого жана реквизитке сметалык нарктардын жыйнагын, жабдууларды монтаждоого бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, оңдоо-курулуш иштерине бирдиктүү Кыргыз бааларын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн, долбоорлоо иштерине нарктардын жыйнагын колдонуу боюнча жалпы көрсөтмөлөрү бекитилсин.
2. Талдоо, баа бычуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысына Г.Э.Асановага:
- ушул буйрук катталган күнүнөн тартып үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин веб-сайтында жайгаштырсын;
- расмий жарыяланган күнүнөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты белгилөө менен, мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүдө буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарына А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
Б. Абдиев |