Загрузка документа…
Тиркеме 7
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору ________________________________
2021-ж. «24» декабрь № 300 буйругу менен «бекитилген»
Интеллектуалдык менчик жана аны коммерциялаштыруу маселеси боюнча маалымат берүү, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги (тизмегиндеги)
6-баптын 18-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ Мамфонду) ишке ашырат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «3» июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын V-бөлүгүнүн 11-бабына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт –5 минутага чейин.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук түрдө берилген арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама кызмат көрсөтүү алуучуга жөнөтүлөт – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 1 жумушчу күн.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) жеке кайрылганда, өздүгүн ырастаган документ;
Кызмат көрсөтүү акысыз көрсөтүлөт.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Кагаз же электрондук түрдө маалымат. Оозеки кеңеш берүү.
2. Кызмат көрсөтүүнүн процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
21. | Арызды кабыл алуу, каттоо | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
32. | Кызмат алуучунун сурамы боюнча интеллектуалдык менчик жана аны коммерциялаштыруу маселелери боюнча маалымат берүү | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
2-таблица
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы |
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
1. Арызды кабыл алуу, каттоо, карап чыгуу |
| ||||
Кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп кызмат көрсөтүү алуучунун кайрылуусу саналат. | Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери |
| Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жобо; Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун базасындагы Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору жөнүндө жобо; Бөлүм жөнүндө жобо |
|
|
1.1. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке же ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылган учурда кароого кабыл алынган арызды кириш документтердин журналында каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылган учурда, өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучунун өздүгүн аныктоо. | 5 мин
| Прием, регистрация, рассмотрение заявления |
| ||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга арыз алган ыкма менен эле чечимди кабыл алуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт. Төмөнкүдөй учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат: - өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ жок болсо (жеке кайрылуу); - маалымат жок болсо; - маалыматтар базасында маалымат жашырын болсо; - эгер суралган текст окулбаса. | - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - электрондук түрдө – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минута | Кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама: 1. Кызмат көрсөтүү. 2. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
|
| ||
Жол-жобонун натыйжасы: - арызды кириш документтердин журналында каттоо; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо; | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө –20 минута | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
2. Кызмат алуучунун сурамы боюнча боюнча маалымат берүү | |||||
2.1. Жеке кайрылган учурда, зарыл болгон тема боюнча кеңеш берилет. Электрондук түрдө сурам келип түшкөндө, жооп ЭКМП аркылуу жөнөтүлөт. Сурам компетенттүү эмес болгон учурда, кызмат алуучуга кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат.
| Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери
| Жумуш убакытынын ичинде
| Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жобо; Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун базасындагы Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору жөнүндө жобо; Бөлүм жөнүндө жобо | 1. Кеңеш берүү. 2. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| |
Жол-жобонун натыйжасы: - кеңеш берүү; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 1 жумуш күндүн ичинде | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруучулук-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 2
2 - - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 5 минутага чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин.. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 1 жумуш күн. |
3. Электрондук түрдө аткарылган жол-жоболордун саны | 2 |
4. Керектөөчүдөн суралган документтердин саны | 2 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомстволук ички өз ара иштешүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүлөрдө | ТИКБнын филиалдары |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 2 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 3 |
8. Башка | - |
5. 1, 2-жол-жоболорду аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду ИМ Мамфондунун аткаруучу директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына дайыма текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан 3 жылда бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделип, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкат ага кол коюлган учурдан баштап 3 күндүн ичинде ИМ Мамфондусуна жөнөтүлөт.
ИМ Мамфонду маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу жана административдик жаза чараларды кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушуна кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн ИМ Мамфондунун кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүүлөрдү же анын бир бөлүгүн аутсорсинг шартында аткарууга жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүү учурунда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти мындай кызмат көрсөтүүгө жоопкер мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент мамлекеттик органдар, ведомстволук уюмдар, менен макулдашылган, алар менен акыркы кызмат алуучуга бул кызмат көрсөтүү максатында өз ара иш алып барышат.
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир учурда жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
12. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Алымбаева А. Ж.
уюштуруу иштери жана стратегия
бөлүмүнүн башкы адиси _______________________