Загрузка документа…
Тиркеме 8
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору ________________________________
2021-ж. «24» декабрь № 300 буйругу менен «бекитилген»
Илимий-техникалык адабияттардын көчмө көргөзмөлөрүн уюштуруу,
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги (тизмегиндеги) 6-баптын 20-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – ИБММ) ишке ашырат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «3» июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын V-бөлүгүнүн 12-бабына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт –5 минутага чейин.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук түрдө берилген арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама кызмат көрсөтүү алуучуга жөнөтүлөт – арыз келип түшкөн учурдан тартып 20 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 4 саатка чейин.
Көргөзмө материалдарын берүүгө чектелген убакыт- 8 саатка чейин.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) жеке кайрылганда, өздүгүн ырастаган документ;
в) акча каражаттарын төлөнгөндүгү же келип түшкөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Илимий-техникалык адабияттардын көргөзмөсү
2. Кызмат көрсөтүүнүн процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу, каттоо | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
2. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - ЭКМП аркылуу - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кайсы болбосун төлөмдүк ыкмалар менен |
3. | Көргөзмөнүн темасы боюнча материалдарды издөө | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
4. | Көргөзмөнүн экспозициясы | - жеке катышуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
2-таблица
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1. Арызды кабыл алуу, каттоо | ||||||||
Кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп кызмат көрсөтүү алуучунун кайрылуусу саналат. | Башкы, жетектөөчү китепканачылар |
| «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор |
| ||||
1.1. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке же ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылган учурда кароого кабыл алынган арызды кириш документтердин журналында каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылган учурда, өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучунун өздүгүн аныктоо. | 5 минута | Арызды кабыл алуу, каттоо | ||||||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга арыз алган ыкма менен эле арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт. | - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - электрондук түрдө – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минута | Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама | ||||||
Жол-жобонун натыйжасы: - арызды кириш документтердин журналында каттоо; - арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама; | ||||||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө –20 минута | ||||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||||
2. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | ||||||||
2.1. Акча каражаттардын келип түшкөндүгүн текшерүү, акы төлөнүүчү журналда жазуу. | Бухгалтер | 10 минута
| «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор
| Төлөгөндүгү жөнүндө документти кабыл алуу, каттоо | ||||
2.2. Төлөгөндүгү жөнүндө 3 сааттын ичинде документти тастыктоо болбосо, алуучуга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт. | Башкы, жетектөөчү китепканачылар | 15 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | |||||
Жол-жобонун натыйжасы: - төлөгөндүгү жөнүндө документ, кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу; - төлөгөндүгү жөнүндө документ жок болгонуна байланыштуу кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу. | ||||||||
Жол-жобонун узактыгы – 25 минут Төлөөнүн накталай эмес формасында аракеттин узактыгы акча каражатын которуу жөнүндө документтин берилишине жараша болот. | ||||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||||
3. Көргөзмөнүн темасы боюнча материалдарды издөө | ||||||||
3.1. Көргөзмөнүн темасын аныктоо. ИБММнын маалымдама-библиографиялык булактары жана китепкананын башка маалыматтык ресурстары боюнча зарыл маалыматтарды издөө жүргүзүү. Белгиленген талаптарга ылайык көргөзмөнүн темасы боюнча материалдарды тариздөө | Башкы, жетектөөчү китепканачылар | 30 мин. | Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Көргөзмөнүн темасы. Материалдардын тизмеси | ||||
3.2. Көргөзмөнүн түзүмүн иштеп чыгуу. Цитаталарды, сүрөттөдү тандоо жана чыгаруу | 40 мин. | Көргөзмөнүн даяр түзүмү, материалдарды көргөзүү | ||||||
3.3. Көргөзмөнүн темасы боюнча суралган материалдар жок болгон учурда, кызмат алуучуга келип түшкөн сурамдын формасына ылайык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо зарыл.
| - жеке кайрылууда - маалымат даяр болгондугуна жараша кечиктирбестен; - электрондук түрдө - 5 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||||
3.4. Экспозиция үчүн материалдарды таңгактоо | 30 мин. | Көргөзмөнүн таңгакталган материалдары | ||||||
Жол-жобонун натыйжасы: - экспозиция үчүн көргөзмөнүн даярдалган материалдарды; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||||||
Жол-жобонун узактыгы: – 1 саат 45 минута | ||||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||||
Андан кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||||
4. Көргөзмөнүн экспозициясы | ||||||||
4.1. Көргөзмөнүн таңгакталган материалдарын өтүүчү жерине жеткирет. Көргөзмөнүн материалдарын өткөрүп берүүдө жана кабыл алууда алардын санын белгилейт. | Башкы, жетектөөчү китепканачылар | 1 саат | Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Көргөзмөнү материалдар менен камсыздоо жана кайтарып берүү | ||||
4.2. Иштелип чыккан түзүмгө ылайык көргөзмөнүн материалдарын таңгактан чыгарат жана тариздейт. Көргөзмөнүн материалдарын берүүдө чектелген убакыт - 8 саатка чейин | 30 мин | Көргөзмөнү тариздөө | ||||||
Жол-жобонун натыйжасы: Илимий-техникалык адабияттардын көргөзмөсү | ||||||||
Жол-жобонун узактыгы: 1 саат 30 мин. | ||||||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | ||||||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруучулук-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 4
4 - - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 5 минутага чейин. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 20 минутага чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 4 саатка чейин. Кагаз же электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү – 4 саатка чейин. Көргөзмөнүн материалдарын берүүдө чектелген убакыт - 8 саатка чейин |
3. Электрондук түрдө аткарылган жол-жоболордун саны | 2 |
4. Керектөөчүдөн суралган документтердин саны | 3 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомстволук ички өз ара иштешүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүлөрдө | - |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 3 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 3 |
8. Башка |
|
5. 1, 2, 3,4-жол-жоболорду аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
5. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду Кыргызпатенттин алдындагы “Инновациялык борбор” Мамлекеттик мекеменин директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына дайыма текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан 3 жылда бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушуна кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн ИБММнын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8. Кызмат көрсөтүүлөрдү же анын бир бөлүгүн аутсорсинг шартында аткарууга жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүү учурунда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти мындай кызмат көрсөтүүгө жоопкер мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент мамлекеттик органдар, ведомстволук уюмдар, менен макулдашылган, алар менен акыркы кызмат алуучуга бул кызмат көрсөтүү максатында өз ара иш алып барышат.
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир учурда жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
11. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Алымбаева А. Ж.
уюштуруу иштери жана стратегия
бөлүмүнүн башкы адиси _______________________