Загрузка документа…
Тиркеме 9
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору ________________________________
2021-ж. «24» декабрь № 300 буйругу менен «бекитилген»
Эл аралык патенттик классификациялоо, универсалдуу ондук классификациялоо боюнча теманы классификациялоо, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги (тизмегиндеги) 5-баптын 9-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – ИБММ) ишке ашырат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «3» июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын VI-бөлүгүнүн 5-бабына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт –5 минутага чейин.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук түрдө берилген арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама кызмат көрсөтүү алуучуга жөнөтүлөт – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү (теманы классификациялоо) – 1 саатка чейин.
Кагаз же электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү - 5 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) жеке кайрылган учурда, өздүгүн ырастаган документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, окурмандык билет);
Кызмат көрсөтүү акысыз көрсөтүлөт.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Эл аралык патенттик классификациялоо, универсалдуу ондук классификациялоо боюнча теманы классификациялоо (мындан ары ЭПК, УОК).
2. Кызмат көрсөтүүнүн процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу, каттоо | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
2. | Тандоо темасы боюнча илимий-техникалык маалымат издөө | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
3. | Илимий-техникалык маалыматтын темалык тандоосун берүү | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
2-таблица
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы |
| |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| |
1. Арызды кабыл алуу, каттоо |
| |||||
Кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп кызмат көрсөтүү алуучунун кайрылуусу саналат. | Башкы, жетектөөчү китепканачылар |
| «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор
|
|
| |
1.1. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке же ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылган учурда кароого кабыл алынган арызды кириш документтердин журналында каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылган учурда, өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучунун өздүгүн аныктоо. Окурмандык билет жазып берүү жана арыз ээси жөнүндө маалыматты окурмандардын дайындар базасына киргизүү. | 5 минута | Арызды кабыл алуу, каттоо |
| |||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга арыз алган ыкма менен эле арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама жөнөтөт.
| - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - электрондук түрдө – арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 минута | Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама
|
| |||
Жол-жобонун натыйжасы: - арызды кириш документтердин журналында каттоо; - арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама; |
| |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 15 минута |
| |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик |
| |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
| |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу |
| |||||
2. Тандоо темасы боюнча илимий-техникалык маалымат издөө | ||||||
2.1. ЭПК боюнча классификациялоо процесси: - колдонулуучу тармак жана аткарылуучу функция боюнча теманы аныктоо; - класстар, классчалар, топтоп жана точолор боюнча издөө жүргүзүү; - теманын классификациялык индексин аныктоо. | Башкы, жетектөөчү китепканачылар | 15 мин | «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор
| ЭПК боюнча теманын индекси | ||
2.2. УОК боюнча классификациялоо процесси: - УОК таблицалары боюнча индексти аныктоо; - колдонулуучу тармак жана аткарылуучу функция боюнча теманы аныктоо; - атайын аныктагычтар боюнча издөө жүргүзүү: - таблицаларда индекс жок болгон учурда, УОКтун кошумча таблицалары боюнча татаал индексти аныктоо. | 15 мин | УОК боюнча теманын индекси
| ||||
2.3. Эгер маалымат издөөдө документ табылбаса, анда кызмат алуучуга келип түшкөн сурамдын формасына ылайык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо зарыл.
| - жеке кайрылууда - маалымат даяр болгондугуна жараша кечиктирбестен; - электрондук түрдө - 10 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||
Жол-жобонун натыйжасы: - УОК, ЭПК боюнча теманын индекси; - суралган маалымат жоктугуна байланыштуу кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылууда – маалымат даяр болгондугуна жараша кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 40 минута | ||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||
Андан кийинки жол-жобонун номери:3 | ||||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||
3. Илимий-техникалык маалыматтын темалык тандоосун берүү | ||||||
3.1. Кызмат алуучуга УОК, ЭПК боюнча даяр теманын индексин берүү. Электрондук түрдө суралганда, тематикалык тандоо ЭКМП аркылуу жөнөтүлөт. | Башкы, жетектөөчү китепканачылар | 5 мин | «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | УОК, ЭПК боюнча даяр теманын индексин берүү | ||
Жол-жобонун натыйжасы: Илимий-техникалык маалыматтын темалык тандоосун берүү | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: ЭКМП аркылуу кагаз же электрондук түрдө – 5 минут | ||||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | ||||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруучулук-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 3
3 - - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 5 минутага чейин. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 1 саатка чейин. Кагаз же электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү - 5 минутага чейин. |
3. Электрондук түрдө аткарылган жол-жоболордун саны | 3 |
4. Керектөөчүдөн суралган документтердин саны | 3 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомстволук ички өз ара иштешүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүлөрдө | - |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 2 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 2 |
8. Башка |
|
5. 1, 2, 3-жол-жоболорду аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
5. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду Кыргызпатенттин алдындагы “Инновациялык борбор” Мамлекеттик мекеменин директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына дайыма текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан 3 жылда бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделип, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкат ага кол коюлган учурдан баштап 3 күндүн ичинде ИБММге жөнөтүлөт.
ИБММ маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу жана административдик жаза чараларды кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушуна кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн ИБММнын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8. Кызмат көрсөтүүлөрдү же анын бир бөлүгүн аутсорсинг шартында аткарууга жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүү учурунда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти мындай кызмат көрсөтүүгө жоопкер мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент мамлекеттик органдар, ведомстволук уюмдар, менен макулдашылган, алар менен акыркы кызмат алуучуга бул кызмат көрсөтүү максатында өз ара иш алып барышат.
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир учурда жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
11. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Алымбаева А. Ж.
уюштуруу иштери жана стратегия
бөлүмүнүн башкы адиси _______________________