Загрузка документа…
Тиркеме 10
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору ________________________________
2021-ж. «24» декабрь № 300 буйругу менен «бекитилген»
Илимий-техникалык адабияттарды жана документацияны сканерлөө жана көчүрмөлөө, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги (тизмегиндеги)7-баптын 2-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – ИБММ) ишке ашырат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «3» июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын VII-бөлүгүнүн 2-бабына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 5 минутага чейин.
Бир бетти сканирлөө – 5 минутага чейин;
Бир бетти көчүрмөлөө – 1 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) сканирлөө, көчүрмөлөө үчүн материалдар;
б) акча каражаттарын төлөнгөндүгү же келип түшкөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: илимий-техникалык адабияттардын жана документациянын көчүрмөлөрүн берүү.
2. Кызмат көрсөтүүнүн процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Сканирлөө жана көчүрмөлөө үчүн документтерди кабыл алуу | - жеке кайрылуу
|
2. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кайсы болбосун төлөмдүк ыкмалар менен |
3. | Сканирлөө жана көчүрмөлөө процесси | - жеке кайрылуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
2-таблица
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1. Документтерди кабыл алуу, сканирлөө жана көчүрмөлөө | ||||
Кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп кызмат көрсөтүү алуучунун сканирлөө жана көчүрмөлөө үчүн кайрылуусу саналат. | Жетектөөчү китепканачы |
| Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор
|
|
1.1. Кызмат көрсөтүү алуучу кайрылганда сканирлөө жана көчүрмөлөө үчүн документтерди кабыл алуу | 5 минута | Документтерди кабыл алуу | ||
1.2. Бир бетти сканирлөө | 5 минута | Сканирлөө | ||
1.3. Бир бетти көчүрмөлөө | 1 минута | Көчүрмөлөө | ||
Жол-жобонун натыйжасы: а) документтерди сканирлөө, көчүрмөлөө | ||||
Жол-жобонун узактыгы: а) документтерди кабыл алуу жана сканирлөө - 10 минута; б) документтерди кабыл алуу жана көчүрмөлөө – 6 минута | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
Андан кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||
2. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | ||||
2.1. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына акча каражаттарынын келип түшкөндүгүн текшерүү. | Бухгалтер | 5 минута
| Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Төлөгөндүгү жөнүндө документти кабыл алуу, каттоо |
Жол-жобонун натыйжасы: а) төлөгөндүгү жөнүндө документ, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу; | ||||
Жол-жобонун узактыгы – 5 минута | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||
3. Документтердин көчүрмөлөрүн берүү | ||||
4.1. Кызмат көрсөтүү алуучуга документтердин көчүрмөлөрүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына кол койдуруп, берүү. Алуучу документтердин көчүрмөлөрүн USB-сактагычта дагы ала алат. | Жетектөөчү китепканачы | 3 мин | Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; ИБММ жөнүндө жобо; ИБММнын бөлүмдөрү жөнүндө жоболор
| Документтердин көчүрмөлөрүн берүү |
Жол-жобонун натыйжасы: документтердин электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: - 3 мин. | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруучулук-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 3
3 - - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 5 минутага чейин. Бир бетти сканирлөө – 5 минутага чейин; Бир бетти көчүрмөлөө – 1 минутага чейин. |
3. Электрондук түрдө аткарылган жол-жоболордун саны | - |
4. Керектөөчүдөн суралган документтердин саны | 1 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомстволук ички өз ара иштешүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүлөрдө | - |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 2 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 3 |
8. Башка | - |
5. 1, 2, 3,4-жол-жоболорду аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
5. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду Кыргызпатенттин алдындагы “Инновациялык борбор” Мамлекеттик мекеменин директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына дайыма текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан 3 жылда бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделип, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкат ага кол коюлган учурдан баштап 3 жумуш күндүн ичинде ИБММге жөнөтүлөт.
ИБММ маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу жана административдик жаза чараларды кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушуна кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн ИБММнын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8. Кызмат көрсөтүүлөрдү же анын бир бөлүгүн аутсорсинг шартында аткарууга жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүү учурунда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти мындай кызмат көрсөтүүгө жоопкер мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент мамлекеттик органдар, ведомстволук уюмдар, менен макулдашылган, алар менен акыркы кызмат алуучуга бул кызмат көрсөтүү максатында өз ара иш алып барышат.
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир учурда жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
11. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Алымбаева А. Ж.
уюштуруу иштери жана стратегия
бөлүмүнүн башкы адиси _______________________