Загрузка документа…
Тиркеме 11
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору ______________________________
2021-ж. «24» декабрь № 300 буйругу менен «бекитилген»
Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги (тизмегиндеги) 7-баптын 3-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ Мамфонду) ишке ашырат.
2. Административный регламент данной услуги соответствует главе 3 раздела VII стандарта услуги, утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от «3» июня 2014 года № 303.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 25 минутага чейин.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук түрдө берилген арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама кызмат көрсөтүү алуучуга жөнөтүлөт – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин.
Келишим түзүү жана басма продукциясынын макетин бекитүү – 5 жумуш күнгө чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү материалдын көлөмүнө байланыштуу 3төн 30 жумуш күнгө чейин.
Жыйынтыгын берүү – 1 саатка чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) өздүгүн ырастаган документ (жеке кайрылуу);
в) акча каражаттарынын төлөнгөндүгү же келип түшкөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
г) жарыялоо үчүн материалдар;
д) келишим түзүү.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Даяр басма продукциясы.
2. Кызмат көрсөтүүнүн процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу, каттоо, карап чыгуу жана басма продукциясынын материалдары менен таанышуу | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
2. | Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны чыгаруу жөнүндө келишим түзүү | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
3. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - ЭКМП аркылуу; КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кайсы болбосун төлөмдүк ыкмалар менен |
4. | Басма продукциянын макетин макулдашуу жана бекитүү
| - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
5. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
6. | Даяр басма продукциясын нускалоо жана милдеттүү нускаларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына берүү | Административдик жол-жобо
|
7. | Алуучуга даяр болгон басма продукциясын берүү жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу | - жеке катышуу
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
2-таблица
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1. Арызды кабыл алуу, каттоо, карап чыгуу жана басма продукциясынын материалдары менен таанышуу | |||||
Кызмат көрсөтүүнү баштоо үчүн негиз болуп кызмат көрсөтүүнү алуучунун кайрылуусу саналат. | Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери |
| «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор |
| |
1.1. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке же ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылган учурда кароого кабыл алынган арызды кириш документтердин журналында каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылган учурда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучунун өздүгүн аныктоо. | 10 минута | Арызды кабыл алуу, каттоо, карап чыгуу жана материалдар менен таанышуу | |||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга арыз алган ыкма менен эле кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат: - өздүгүн ырастаган документ болбосо (жеке кайрылуу); - жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келбегенде; - жеке жак 18 жашка чыга элек болсо; - эгер материалдар басмырлоочу, саясий мүнөзгө ээ болсо же этникалык аралык, диний, гендердик, расалык ж.у.с. чыр-чатакка үндөсө; - жарыялоо үчүн материалдар болбосо. | - жеке кайрылууда - чечим даяр болгондугуна жараша кечиктирбестен; - электрондук түрдө – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минута
| Кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама: 1. Кызмат көрсөтүү. 2. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| |||
Жол-жобонун натыйжасы: - арызды кириш документтердин журналында каттоо; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө –25минута | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
2. Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны чыгаруу жөнүндө келишим түзүү | |||||
2.1. Келишимдин долбоору жеке же ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылган учурда макулдашылат.
| ИМ Мамфондунун аткаруучу директору, бөлүмдүн адистери | - жеке кайрылуу - кечиктирбестен; - электрондук түрдө (консультация) – 4 саатка чейин | «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Макулдашылган келишим | |
2.2. Келишимге жеке жана ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылганда кол коюлат. Келишимге 2 нускада кол коюлат, алардын бири алуучуга берилет.
| - жеке кайрылуу - кечиктирбестен; - электрондук түрдө – 1 саатка чейин | Кол коюлган келишим | |||
2.3. Кызмат алуучуга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама макулдашуу учурунан тартып 3 сааттын ичинде келишимге кол коюлбаган учурда жөнөтүлөт. Кабарламада мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуудан негиз болуп саналган, ченемдик укуктук актылардын жана ушул Регламенттин конкреттүү жоболоруна таянуу менен баш тартуунун негиздемеси көрсөтүлөт | 30 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | |||
Жол-жобонун натыйжасы: - кол коюлган келишим; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 5 саат 30 минута | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
3. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | |||||
3.1. Акча каражаттарынын келип түшүүсүн текшерүү, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу. | Бухгалтер | 10 минута | «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Төлөнгөндүгү жөнүндө документти кабыл алуу, каттоо | |
3.2. 3 сааттын ичинде төлөгөндүгүн тастыктагандыгы жөнүндө документ жок болсо, кызмат алуучуга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт.
| Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери
| 15 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | ||
Жол-жобонун натыйжасы: - акча каражаттарынын келип түшүүсү, кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу; - төлөгөндүгү жөнүндө документ жок болгонуна байланыштуу кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу. | |||||
Жол-жобонун узактыгы – 25 минута Төлөөнүн накталай эмес формасында аракеттин узактыгы акча каражаттарынын которулгандыгы жөнүндө документтин берилгендигине жараша болот. | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
4. Басма продукциясынын макетин макулдашуу жана бекитүү | |||||
4.1. Басма продукциясынын макетин макулдашуу жеке жана ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылганда жүзөгө ашырылат.
| Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери
| жеке кайрылуу - кечиктирбестен; - электрондук түрдө (консультация) – 3 жумушчу күн
| «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Басма продукциясынын даяр макети
| |
4.2. Басма продукциясынын макетин бекитүү жеке жана ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылганда жүзөгө ашырылат.
| ИМ Мамфондунун аткаруучу директору | - жеке кайрылуу – документтин даяр болгондугуна жараша; - электрондук түрдө – 1 жумуш күндүн ичинде | Басма продукциясынын бекитилген макети | ||
Жол-жобонун натыйжасы: - басма продукциянын даяр макети; - басма продукциянын бекитилген макети | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 4 жумуш күндүн ичинде | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | |||||
5.1. Басма продукциясынын авторун көрсөтүү менен арызды ISBN алуу үчүн КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жиберүү.
| Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери | 20 мин | «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | арызды ISBN алуу үчүн КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жиберүү | |
5.2. Бухгалтерия эсеп-фактурасын төлөйт жана КРнын Мамлекеттик китеп палатасына жиберет. | Бухгалтерия
| 1 күн | Төлөнгөн счет-фактура | ||
5.3. ИМ Мамфонду КРнын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алат. | Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери | 1 күн | КРнын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | ||
Жол-жобонун натыйжасы: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынан ISBN алуу | |||||
Жол-жобонун узактыгы: 2 жумуш күн | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 6 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
6. Даяр басма продукциясын нускалоо жана КРнын Мамлекеттик китеп палатасына милдеттүү нускаларын өткөрүп берүү | |||||
6.1. Даяр басма продукциясын нускалоо | Бөлүмдүн башкы, жетектөөчү адистери | 3төн 30 жумуш күнгө чейин (материалдын көлөмүнө байланыштуу) | «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Басма продукциясынын макетин нускалоо | |
6.2. Даяр болгон басма продукциясынын 10 (он) милдеттүү нускасын коштомо кагаз менен КРнын Мамлекеттик китеп палатасына өткөрүп берүү
| 1 жумуш күн | Басма продукциясынын даяр нускаларын өткөрүп берүү | |||
Жол-жобонун натыйжасы: - басма продукциянын макетин нускалоо - даяр нускаларды китеп палатасына өткөрүп берүү | |||||
Жол-жобонун узактыгы: Материалдын көлөмүнө байланыштуу 3төн 30 жумуш күнгө чейин | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 7 | |||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
7. Алуучуга даяр болгон басма продукциясын берүү жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу | |||||
7.1. Алуучуга даяр болгон басма продукциясын өткөрүп берүү. Кызмат көрсөтүүнү алуучунун жеке катышуусунда басма продукциясын кабыл алуу-берүү актысына кол коюу.
| Бөлүм башчы, бухгалтер | 1 саат | «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ Мамфонду жөнүндө жобо; ИМ Мамфондунун бөлүмдөрү жөнүндө жоболор | Даяр болгон басма продукциясын өткөрүп берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: - даяр болгон басма продукциясын берүү; - кабыл алуу-берүү актысына кол коюу. | |||||
Жол-жобонун узактыгы: – 1 саат | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруучулук-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 7
6 1 - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 25 минутага чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама – арыз келип тушкөн учурдан тартып – 15 минутага чейин. Келишим түзүү жана басма продукциясынын макетин бекитүү; Келишимге кол койгондон кийин, кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 3төн 30 жумуш күнгө чейин. Натыйжасын берүү – 1 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы келишимдин шарттарына ылайык белгиленет |
3. Электрондук түрдө аткарылган жол-жоболордун саны | 5 |
4. Керектөөчүдөн суралган документтердин саны | 5 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомстволук ички өз ара иштешүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүлөрдө |
- 1 |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 4 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 4 |
8. Башка | - |
5. 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7- жол-жоболорун аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
5. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду Кыргызпатенттин алдындагы ИМ Мамфондунун аткаруучу директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына дайыма текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан 3 жылда бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделип, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкат ага кол коюлган учурдан баштап 3 күндүн ичинде ИМ Мамфондусуна жөнөтүлөт.
ИМ Мамфонду маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу жана административдик жаза чараларды кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушуна кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн ИМ Мамфондунун кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8. Кызмат көрсөтүүлөрдү же анын бир бөлүгүн аутсорсинг шартында аткарууга жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүү учурунда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти мындай кызмат көрсөтүүгө жоопкер мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент мамлекеттик органдар, ведомстволук уюмдар, менен макулдашылган, алар менен акыркы кызмат алуучуга бул кызмат көрсөтүү максатында өз ара иш алып барышат.
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир учурда жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
12. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Алымбаева А. Ж.
уюштуруу иштери жана стратегия
бөлүмүнүн башкы адиси _______________________