Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 4-февралы № 102/1
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн (532700) «Манас таануу» магистрлерди даярдоо багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндөгү жобону” аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндөгү жобонун” 5-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн (532700) «Манас таануу» магистрлерди даярдоо багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгына (Г.М. Абылкасымовага) жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик укуктук ченемдик актылардын реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн укуктук ченемдик акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен кагаз жана электрондук булактарга мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Министрдин биринчи орун басары | К.Т.Шадыханов |