Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУГУ
2021-жылдын 19-августу № 45-нпа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-чуа “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Архитектура – курулуш иши жаатында көйгөйлөрдү өз убагында чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-чуа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери КР КЧ 30-02:2020 төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 тиркемедеги 7 пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Деталдуу пландоо пландоо (ДПД) жок болгондо, курулуштун долбоору Башкы пландын негизинде иштелип чыгып, шаар куруу кеңешинде каралып жана кызыктар болгон жактарды тааныштыруу жана сунуш киргизүү үчүн архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат. Курулуштун долбоору архитектура жана шаар куруу аймактык органдары менен макуладышылып жана бекитилет.”
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна:
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар кабыл алынсын;
- расмий жарыяланган күнүнөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расий тилдерде эки нускада, кагаз жана электондук алып жүрүүдө, аталган буйрукту жарыялоочу булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилет.
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күнүнөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарына жүктөлсүн.
Директор | Т.Сатышов |