Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели № 57
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарды бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен чыгымдарды төлөө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен иш жүзүндөгү чыгымдар жөнүндө тапшырылган отчеттордун негизинде жүргүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык каржылоону жүргүзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |