Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптикк өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын _______________ № __________ буйругу |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы № 40
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы.
2. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР БМ КФФДАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- Документтер жана окутуу борбору;
- шаардык мамлекеттик архивдер;
- райондук мамлекеттик архивдер.
3. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен (2021-жылдын 1-июлундагы № 52 редакциясында) бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
4. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: жеке келүүдө кезек күтүүгө жана суроо-талапты (арызды) кабыл алууга – 30 мүнөттөн ашык эмес; суроо-талапты аткаруу убактысы – 1 күндөн 30 календардык күнгө чейин (суроо-талаптын мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша); узак мезгилде суроо-талапты аткарууда (10 жылдан ашык) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн жетекчисинин чечими менен белгиленген мөөнөт кошумча 30 календардык күнгө чейин, бул тууралуу арыз ээсине милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү билдирүү менен узартылышы мүмкүн .
(2) Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) белгиленген формадагы арыз;
б) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
в) өздүгүн тастыктаган документ (паспорт)
г) ишеним кат (маалыматты үчүнчү жак алган учурда)
д) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (зарыл учурда)
е) сот органынын чечими
ж) жеңилдетилген тейлөөгө укук берүүчү документтин көчүрмөсү
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы архивдик документ (архивдик маалым кат, архивдик көчүрмө бөлүк, архивдик көчүрмө же архивдик документтерде арыз ээсине керектүү маалыматтар жок болгон учурда суроо-талапка терс жооп) болуп саналат;
- эмгек акы жөнүндө;
- иш стажын тастыктоо жөнүндө;
- сыйлоо жөнүндө;
- жер участогун бөлүп берүү жөнүндө;
- батирлерди бөлүп берүү жөнүндө;
- мүлктүк укуктарды тастыктоо жөнүндө;
- массалык репрессиялардан жапа чеккен адамдар жөнүндө;
- жарандарды реабилитациялоо жөнүндө;
- эвакуациялоо фактылары жөнүндө;
- шаарлардын, айылдардын, көчөлөрдүн, уюмдардын, мекемелердин ж.б. атын өзгөртүү жөнүндө;
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизи болгон ченемдик-укуктук документтер:
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-январындагы № 33 “КМШга катышкан мамлекеттердин архив маалыматын пайдалануу тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу” токтому (мындан ары – Макулдашуу);
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арызды (суроо-талапты) кабыл алуу (почта аркылуу, электрондук жандуу кезек менен) | 1а Арыз ээси архивге жеке кайрылганда жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу; 1б Почта аркылуу келген арызды кабыл алуу; 1в archive.kg. жана portal.tunduk.kg электрондук сайты аркылуу келген арызды кабыл алуу (суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат электрондук форматта көрсөтүлөт). |
2 | Арызды (суроо-талапты) каттоо | Каттоо “Электрондук каттоо” АМСте жүзөгө ашырылат |
3 | Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптар менен иштөө | Ведомстволор ичинде (архивдер ортосунда) жана ведомстволор аралык (архив менен башка мекеменин ортосунда) өз ара аракеттенүү тартибинде жүргүзүлөт. |
|
| Профилдүү эмес суроо-талап менен арыз ээси өзү кайрылганда аткарууга кабыл алынбайт, ага керектүү документтердин турган орду жөнүндө кеңеш берилет. Электрондук байланыш каналдары аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптар аткарууга кабыл алынбайт, алар документтердин турган орду боюнча башка мамлекеттик архивге кайра жөнөтүлөт же арыз ээсине керектүү документтердин турган орду жөнүндө кеңеш берилет. |
4 | Профилдүү суроо-талапты аткаруу | Мамлекеттик архивге сактоого келип түшкөн документтер боюнча аткарылат |
5 | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын (жолдомо) берүү | - Архивдик маалым катты (көчүрмө бөлүктөрдү, көчүрмөлөрдү) же арыз ээсине жеке терс жоопту берүү; - эмгек акы жөнүндө; - иш стажын тастыктоо жөнүндө; - сыйлоо жөнүндө; - жер участогун бөлүп берүү жөнүндө; - батирлерди бөлүп берүү жөнүндө; - мүлктүк укуктарды тастыктоо жөнүндө; - массалык репрессиялардан жапа чеккен адамдар жөнүндө; - жарандарды реабилитациялоо жөнүндө; - эвакуациялоо фактылары жөнүндө; - шаарлардын, айылдардын, көчөлөрдүн, уюмдардын, мекемелердин ж.б. атын өзгөртүү жөнүндө; - Архивдик маалым каттын түп нускасын (көчүрмө бөлүктөрүн, көчүрмөлөрүн) же почта аркылуу терс жоопту жөнөтүү. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт - кеңсе | |||||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 1а, 1б, 1в |
| 2 |
|
| 4 |
|
| 5 |
| |||||
|
| ||||||||||||||
|
|
| Бэк - кеңсе |
| |||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
| 3 |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||
4. Жол-жоболордун сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Суроо-талапты кабыл алуу. 1а Арыз ээси архивге жеке кайрылганда суроо-талабын кабыл алуу | ||||
1.1-иш-аракет. Келүүчүнү кабыл алуу, суроо-талаптын мазмуну менен таанышуу | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кезекте 30 мүнөттөн ашык эмес күтүү менен
| Суроо-талаптын мазмунун тактоо | - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы, “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамы |
1.2-иш-аракет. Суроо-талаптын профилдигин аныктоо | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талаптардын 2 тобу: профилдүү жана профилдүү эмес | - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси; - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жөнүндө маалымдама (жол көрсөткүч) | |
1.3-иш-аракет. Эгерде суроо-талап профилдүү эмес болсо, арыз ээсине бул суроо боюнча кайсыл жакка кайрылышы керектиги тууралуу даректи көрсөтүү менен оозеки кеңеш берилет | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээси ага керектүү маалыматтардын болжолдуу сакталган орду жөнүндө маалымат алат | - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы | |
1.4-иш-аракет. Эгерде суроо-талап профилдүү болсо, кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтерге текшерүү жүргүзүлөт | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтердин пакети түзүлөт | - “КР Улуттук архив фонду жөнүндө” КР Мыйзамы; - Стандарт
| |
1.5-иш-аракет. Арыз ээсине кызмат көрсөтүүнү аткаруу мөөнөтү, наркы жана төлөө ыкмалары жөнүндө маалымат берүү | суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинен суроо-талапты шашылыш аткарууга макулдугун бергендиги жөнүндө тил кат алуу (арыз ээсинин суранычы боюнча) | - Стандарт - Прейскурант | |
1.6-иш-аракет. Жеңилдиктердин жана аларды тастыктаган документтердин болушун текшерүү
| Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Жеңилдиктер жана аларды тастыктаган документтер бар учурда кызмат көрсөтүүнүн төлөмүн оңдоп-түзөө | - Прейскурант | |
1.7-иш-аракет. Профилдүү суроо-талапты аткарууга алуу
| Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү профилдүү суроо-талабы | - Эреже; - Нускама
| |
1б Почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу | ||||
1.1-иш-аракет. Суроо-талапты аткарууга кабыл алуу
| Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү (профилдүү, профилдүү эмес) суроо-талабы | - Нускама
|
1в archive.kg. и portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген арызды кабыл алуу (суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат электрондук форматта көрсөтүлөт). | ||||
1.1-иш-аракет. Суроо-талаптын мазмуну менен таанышуу, анын тиешелүүлүгүн аныктоо | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Суроо-талап бул мамархивде аткарылууга тийиштүүбү же жокпу деген чечимди кабыл алуу | - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси; - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жөнүндө маалымдама (жол көрсөткүч) |
1.2-иш-аракет. Эгерде суроо-талап профилдүү эмес болсо жана документтердин турган орду белгисиз болсо, бул жөнүндө арыз ээсине документтердин мамархивге сактоого келип түшпөгөндүгү жана алардын турган орду белгисиз экендиги тууралуу жооп жиберилет | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Документтер жок болгондуктан жана алардын турган орду жөнүндө маалымат жок болгондуктан суроо-талапты аткаруудан баш тартуу | - Нускама
| |
1.3-иш-аракет. Эгерде суроо-талап профилдүү эмес жана документтердин турган орду белгисиз болсо, суроо-талап башка мамлекеттик архивге жөнөтүлөт жана арыз ээсине бул жөнүндө кабар берилет, же болбосо арыз ээсине документтердин башка уюмда тургандыгы тууралуу кеңеш берилет | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Башка архивге кайра жөнөтүлгөн суроо-талап, арыз ээсине документтердин турган орду жөнүндө кабар | - “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдери” (Бишкек, 2006) маалымдамасы; - Мамлекеттик архивдердин жол көрсөткүчтөрү
| |
1.4-иш-аракет. Эгерде суроо-талап профилдүү болсо, кызмат көрсөтүү үчүн керектүү болгон маалыматтардын жана документтердин толуктугун текшерүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талапты аткаруу үчүн керектүү маалыматтардын толуктугун аныктоо | - Нускама
| |
1.5-иш-аракет. Маалымат толук болбосо (мисалы, арыз ээсинин дареги жок болсо) же керектүү документтер жок болсо (мисалы, эмгек китепчесинин көчүрмөсү) арыз ээсине электрондук почта аркылуу суроо-талапты толуктоо сунушу жөнөтүлөт | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Электрондук форматта толук эместиги жөнүндө билдирүү | - Нускама
| |
1.6-иш-аракет. Маалымат жана керектүү документтер толук болсо профилдүү суроо-талапты басып чыгаруу жана аткарууга кабыл алуу | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү профилдүү суроо-талабы | - Нускама
| |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Катталууга тийиш болгон жазуу жүзүндөгү суроо-талап | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | ||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу | ||||
| ||||
2-жол-жобо: Жазуу жүзүндөгү суроо-талапты каттоо | ||||
2.1- иш-аракет. Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана шашылыш аткарууну талап кылган суроо-талаптарды архивдин жетекчисинин кароосуна берүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Жетекчинин суроо-талапты аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө резолюциясы | - Нускама
|
2.2-иш-аракет. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапты “Электрондук каттоо” АМСте каттоо | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талапты маалыматтар базасына киргизүү | - Нускама
| |
2.3-иш-аракет. Суроо-талаптын мазмуну менен таанышуу, почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптарды бөлүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптар | - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси; - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жөнүндө маалымдама (жол көрсөткүч) | |
2.4-иш-аракет. Жеке кайрылууда, почта жана электрондук почта аркылуу келген профилдүү суроо-талапты аткаруучуга берүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Аткарууга тийиштүү суроо-талап | - Нускама
| |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптарды бөлүү, профилдүү суроо-талапты аткаруучуга берүү | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
| ||||
3-жол-жобо: Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талап менен иштөө | ||||
3.1-иш-аракет. Почта аркылуу келген профилдүү эмес суроо-талаптын жиберилген жерин аныктоо | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Үч жумуш күндүн ичинде | Профилдүү эмес суроо-талаптын дареги аныкталды (башка мамлекеттик архив же уюм) | - “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдери” (Бишкек, 2006) маалымдамасы; - Мамлекеттик архивдердин жол көрсөткүчтөрү |
3.2-иш-аракет. Профилдүү эмес суроо-талапты кайра жөнөтүү үчүн коштомо катты даярдоо
| Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Башка уюмга коштомо кат | “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы; - Нускама | |
3.3-иш-аракет. Керектүү маалыматтын сакталган ордун аныктоо мүмкүн эмес болгондо арыз ээсине жооп жиберүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Суроо-талапты аткаруу мүмкүн эместиги жана анын тийиштиги боюнча кайра жөнөтүү жөнүндө арыз ээсине кат | “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы - Нускама | |
3.4-иш-аракет. Катты жетекчинин колтамгасы менен күбөлөндүрүү , “Электрондук каттоо” АМСте аткарылгандыгын каттоо | Мамархивдин жетекчиси, Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Күбөлөндүрүлгөн жана катталган жооп | - Нускама | |
3.5-иш-аракет. Маалымат үчүн арыз ээсине жоопту же коштомо каттын көчүрмөсүн жөнөтүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсине анын суроо-талабынын турган орду жөнүндө кат | - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы - Нускама | |
3.6-иш-аракет. Профилдүү эмес суроо-талаптын тиешелүүлүгүнө жараша жиберилгендиги жөнүндө мамлекеттик органга (КР Президентинин Аппараты, КРӨ Аппараты, КР ТИМ, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги) билдирүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Мамлекеттик органга кат | “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы - Нускама | |
3.7-иш-аракет. Почта аркылуу жөнөтүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер |
| - Нускама | |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Профилдүү эмес суроо-талаптын тиешелүүлүгүнө жараша кайра жөнөтүү, арыз ээсине билдирүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: үч жумуш күндүн ичинде | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
| ||||
4-жол-жобо: Профилдүү суроо-талапты аткаруу | ||||
4.1-иш-аракет. Суроо-талаптын тематикасын талдоо, архивдик маалымдамалар аркылуу маалымат булагын (архивдик фонд) аныктоо | Бөлүм башчы | 0,5 саат | Маалыматты издей турган архивдик фонддордун жана көктөмөлөрдүн тизмеги | - Архивдин фонддорунун курамы жана мазмуну жөнүндө маалымдама (жол көрсөткүч) - Мамлекеттик архивдин фонддорунун тизмеси - Документтердин тизимдери |
4.2-иш-аракет. Сактоочу жайдан документтерди берүүгө тапшырыкты тариздөө | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 0,2 саат | Сактоочу жайдан көктөмөлөрдү берүүгө тапшырык | - Нускама |
4.3-иш-аракет. Архив документтеринен керектүү маалыматты издөө
| Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | Суроо-талаптын татаалдыгына жана маалыматтын көлөмүнө жараша 0,5 – 3 жумуш күнү | Салынган тасмалар бар архивдик көктөмөлөр | - Нускама |
4.4-иш-аракет. Архивдик маалым каттын (көчүрмө бөлүктүн) тексттин түзүү | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 1 саат | Компьютерде терилген архивдик маалым каттын (көчүрмө бөлүктүн) тексти | - Нускама
|
4.5-иш-аракет. Суралган документтерди көчүрүү | Документтерди көчүрүүгө жооптуу кызматкер | 0,3 саат | Документтердин көчүрмөлөрү | - Эрежелер - Нускама
|
4.6-иш-аракет. Архив документтеринен керектүү маалыматтар табылбаган учурда терс жоопту даярдоо, аны архивдин бланкына басуу, кол тамгалар жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүү | Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 1 саат | Терс жооп | - Нускама
|
4.7- иш-аракет Даярдалган документтердин каталарын жана так эместиктерин текшерүү | Архивдин жетекчиси Бөлүм башчы | 0,3 саат | Сапат жана ишенимдүүлүккө карата текшерилген маалым каттар (көчүрмө бөлүктөр, көчүрмөлөр, терс жооптор) | - Нускама
|
4.8-иш-аракет. Архивдин кат бланкына маалым каттын (көчүрмө бөлүктүн) текстин басып чыгаруу | Суроо-талаптарды аткарууга жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Архивдин кат бланкына басып чыгарылган маалым кат (көчүрмө) | - Нускама
|
4.9-иш-аракет. Жетекчинин жана аткаруучунун кол тамгалары жана архивдин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалым кат (көчүрмө бөлүктөр, көчүрмөлөр) | Архивдин жетекчиси Суроо-талапты аткарууга жооптуу кызматкер | 0,2 саат | Кол тамга коюлган жана архивдин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалым кат (көчүрмө бөлүктөр, көчүрмөлөр) | - Нускама
|
4.10-иш-аракет. Кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө | Суроо-талаптарды аткарууга жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Төлөөгө эсеп | - Нускама |
4.11-иш-аракет. “Электрондук каттоо” АМСте аткарылган датаны, бланктын номерин, кызмат көрсөтүүнүн наркын, нускалардын санын жазуу | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Маалыматтар базасына суроо-талаптын аткарылганын каттоо | - Нускама
|
4.12-иш-аракет. Маалым каттагы (көчүрмө бөлүк, көчүрмөлөр жана терс жооптогу) катталган номерди жана аткарылган датаны жазуу | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Катталган номерлери менен маалым кат (көчүрмө бөлүк, көчүрмөлөр, терс жооп) | - Нускама |
4.13-иш-аракет. Жооптун көчүрмөсүн алуу жана көктөмөгө суроо-талап менен бирге көктөө
| Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 0,1 саат | Көктөмөгө суроо-талап менен бирге көктөлгөн маалым каттардын (көчүрмө бөлүктөрдүн, терс жооптун) көчүрмөсү | - Нускама |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Берүүгө (жөнөтүүгө) даярдалган маалым кат (көчүрмө бөлүк, көчүрмө) же терс жооп | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: суроо-талаптын татаалдыгына, маалыматтын көлөмүнө жараша жана суроо-талаптар көп түшкөндө кезек күтүлгөндүгүн эске алып 1 күндөн 30 календардык күнгө чейин. Эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндө суроо-талап узак мөөнөттө (10 жылдан ашык) аткарылганда, мамлекеттик архивдин жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча аткаруу мөөнөтү кошумча 30 календардык күнгө узартылат. Зарыл учурда арыз ээсинин суранычы жана макулдугу менен архивдин жетекчисинин резолюциясына ылайык суроо-талаптар тез аранын ичинде (3 күнгө чейин, 10 күнгө чейин) аткарылат. | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
| ||||
5-жол-жобо: Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү (жиберүү) | ||||
5.1- иш-аракет Арыз ээси жеке кайрылганда маалым катты (көчүрмөлөрдү, көчүрмө бөлүктөрдү, терс жоопту) берүү кызматтын бекер көрсөтүүгө жеңилдиктери бар болсо берүү же почта аркылуу жөнөтүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кезекте 30 мүнөттөн ашык эмес күтүү менен
| Арыз ээсинин маалым катты (көчүрмө бөлүктөрдү, көчүрмөлөрдү, терс жоопту) алышы | - Макулдашуу - Прейскурант |
5.2-иш-аракет. Документтерди алуу үчүн акысын төлөөгө банктын маалым даректерин берүү (почта аркылуу жөнөтүү) | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Банкка төлөө үчүн негиз | - Нускама | |
5.3- иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн акысы төлөнгөндүгү тууралуу банктын квитанциясы берилгенден кийин же почта аркылуу жөнөтүлгөндөн кийин маалым катты (көчүрмө бөлүктөрдү, көчүрмөлөрдү, терс жоопту) берүү | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Арыз ээсинин маалым катты (көчүрмө бөлүктөрдү, көчүрмөлөрдү, терс жоопту) алышы | - Нускама | |
5.4-иш-аракет. “Электрондук каттоо” АМСке маалым каттарды (көчүрмө бөлүктөрдү, көчүрмөлөрдү, терс жоопту) берүү жана почтанын чыгымдары жөнүндө жазуу | Суроо-талаптарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | Суроо-талаптын аткарылышын каттоону аяктоо | - Нускама |
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Арыз ээсине берилген (жиберилген) маалым кат (көчүрмө бөлүк, көчүрмө, терс жооп) | ||||
5-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | ||||
5-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемалары (алгоритмдери)
1 1 В-жол-жобо
почтка аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2. А.С. Назаралиев - Кыргыз Республмкасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын финансылык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун башкы адиси.