Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын ____________ № __________ буйругу |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Архивдик фонддон документтердин көчүрмөлөрүн берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы № 41
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдери тарабынан (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- шаардык мамлекеттик архивдер;
- райондук мамлекеттик архивдер.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген (2021-жылдын 1-июнундагы № 52 редакциясында) кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Суроо-талапты кабыл алуунун чектик убактысы - 15 мүнөттөн ашык эмес. Документтердин даярдалган көчүрмөлөрүн берүү убактысы - 15 мүнөттөн ашык эмес. Документтердин көлөмү чоң болгондо (сактоо бирдиктерин берүү, көчүрүү, сактоого кайтаруу, көчүрмөлөрдү тариздөө жана күбөлөндүрүүгө тапшырык) кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы 30 календардык күндөн ашык эмес болот.
(2) Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) белгиленген формадагы арыз (жеке жактар үчүн), өтүнмө (юридикалык жактар үчүн) же кат;
в) кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (юридикалык жактар, анын өкүлүнүн ыйгарым укугун ырастоочу документти (ишеним катты) кошумча көрсөтүшөт).
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы төлөнөт. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн кагаз жана санариптик алып жүрүүчүлөрдө берүү же архивдик документтерде арыз ээсине керектүү маалымат жок болгон учурда терс жооп берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизи болгон ченемдик-укуктук документтер:
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-январындагы № 33 “КМШга катышкан мамлекеттердин архив маалыматын пайдалануу тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө Макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) бекитүү тууралуу” токтому;
2. Кызмат көрсөтүүлөр процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Жеке кайрылууда (суроо-талап) тапшырыктын, белгиленген формада жана archive., portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген арыздын түшүүсү | Каттоо “Электрондук каттоо” АМСте жүзөгө ашырылат. Тапшырык же анкета аткарууга берилет. |
2. | Архивдик документтерди көчүрүү үчүн суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруу | Керектүү маалымат бар болсо мамлекеттик архивге сактоого түшкөн документтер боюнча аткарылат; Баш тартуу далилдүү түзүлөт; Мамлекеттик кызмат көрсөтүү же арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн арыз ээси берген документтерди баштапкы текшерүү жана каттоо. |
3. | Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү | - Арыз ээсинин өзүнө архивдик документтердин көчүрмөлөрүн же терс жоопту берүү - Алуучу арызга документти алган датаны көрсөтүү менен кол коет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жобонун аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо Жеке кайрылууда (суроо-талап) тапшырыктын, archive.kg. электрондук сайты аркылуу келген анкета-арыздын түшүүсү | ||||
1.1-иш-аракет.. Суроо-талаптын же анкета-арыздын келип түшүшү | Мамлекеттик архивдин суроо-талаптарды, арыздарды каттай турган кызматкери
| 15 мүнөттөн ашык эмес
| Катталган (тапшырык) суроо-талап же анкета-арыз.
| -“КР УАФ жөнүндө” КР Мыйзамы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы; -Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; -Негизги эрежелер; -Стандарт. |
1.2-иш-аракет. Тапшырыкты аныктоо жана арыз ээсине аткаруу же баш тартуу жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик архивдин суроо-талаптарды, арыздарды каттай турган кызматкери | 5 мүнөттөн ашык эмес | Кызматкер бул административдик иш-аракетти аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү: -Суроо-талаптын (тапшырыктын) бул архивде аткарылышына тиешелүүлүгүн аныктоо, эгерде документти алууга чек коюлса, жашыруундук грифи бар болсо же бул документ жок болсо, анда далилдүү баш тартуу. - Толук жана компетентүү жооп берүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү | - “КР УАФ жөнүндө” КР Мыйзамы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы; -Типтүү нускама; -Негизги эрежелер; -Стандарт; -Нускама. |
1.3-иш-аракет. Жетекчинин кароосуна өтүнмөнү киргизүү, жетекчинин тапшырыкты же анкета-арызды визалоосу | Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтин көчүрмөсүн даярдоого уруксат берүү | -Нускама |
1.4-иш-аракет. Суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруучуга берүү | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | 5 мүнөттөн ашык эмес | Суроо-талап же арыз (тапшырык) аткарууга берилди | -Нускама |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Суроо-талап же анкета-арыз (тапшырык) аткарууга берилди | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: суроо-талапты кабыл алуу - 15 мүнөт; документтердин даярдалган көчүрмөлөрүн берүү - 15 мүнөт; Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы 30 календардык күндөн ашык эмес. | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу | ||||
2-жол-жобо: Архивдик документтердин көчүрмөлөрү үчүн суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруу | ||||
2.1-иш-аракет. Архив сактоочу жайдан архивдин кызматкеринин тапшырыгы боюнча көктөмөлөрдү алуу (талап) | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | 15 мүнөттөн ашык эмес | Карап чыгуу үчүн алынган көктөмөлөр | -Негизги эрежелер; -Нускама.
|
2.2-иш-аракет. Көчүрүү үчүн көктөмөлөрдү карап чыгуу (арыз ээси), документтерди тандоо | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | Иштин көлөмүнө жараша | Арыз ээси тарабынан каралган архивдин илимий-маалымдама аппаратынын көктөмөлөрү (көктөмөлөрдүн тизимдери, маалыматтар базасы, архивдин жол көрсөткүчү ж.б) | -Негизги эрежелер; -Нускама.
|
2.3-иш-аракет. Архивдик документтерди көчүрүү
| Суроо-талапты же арызды (ксерокөчүрмө) аткаруучу кызматкер же Илимий-маалымдама аппаратынын бөлүмүнүн кызматкери (сканерлөө) | Иштин көлөмүнө жараша | Документтердин көчүрмөлөрү (көчүрүлгөн же сканерден өткөрүлгөн документ) | - Негизги эрежелер; - Иштин негизги түрлөрүнө убакыттын жана иштеп чыгуунун типтүү ченемдери.
|
2.4-иш-аракет. Көктөмөлөрдү кайра кайтаруу: барактап текшерүү (окуу залынын башчысы, кызматкер) | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматчы | Иштин көлөмүнө жараша | Документтердин бүтүндүгү жана сакталышы | -Негизги эрежелер; -Нускама.
|
2.5-иш-аракет. Көчүрүлгөн документти күбөлөндүрүү (негиздөө) жана аткаруучунун колу | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | Иштин көлөмүнө жараша | Таризделген документ жана архивдик документтердин көчүрмөлөрүн көктөө | -Нускама; -Негизги эрежелер. |
2.6-иш-аракет. Жетекчинин колу, штамп жана мекеменин мөөрү
| Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Кол коюлган жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн архивдик документтердин көчүрмөлөрү | -Нускама; -Негизги эрежелер. |
2.7-иш-аракет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | 10 мүнөттөн ашык эмес | Көрсөтүлгөн кызмат үчүн банкка төлөөгө архивдик мекеменин маалым даректери | -Баалардын прейскуранты |
2-жол-жобонун тиби: атайын | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: иштин көлөмүнө жараша | ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Документтердин көчүрмөлөрү (көчүрмөлөнгөн же сканерден өткөрүлгөн документ); | ||||
3-жол-жобо: Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү | ||||
3.1-иш-аракет. Арыз ээсин кабыл алуу жана берилген архивдик маалым каттарды, көчүрмө бөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү каттоо журналына жазуу (автоматташтырылган каттоо) | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер
| 10 мүнөттөн ашык эмес | - Бланктын жазылган каттоо номери жана датасы | -Нускама; -Негизги эрежелер. |
3.2-иш-аракет. Архивдик документтин көчүрмөлөрүн берүү | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер
| 3 мүнөттөн ашык эмес | Көчүрмөнү же сканерден өткөрүлгөн архивдик документти берүү | -Негизги эрежелер
|
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: көчүрмөнү же сканерден өткөрүлгөн архивдик документти берүү | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобо. Тапшырыктын (суроо-талаптын), анкета-арыздын түшүүсү
2-жол-жобо: Архивдик документтердин көчүрмөлөрү үчүн суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруу
3-жол-жобо: Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2. Жолдошбекова Бакыт Жолдошбековна – Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы.