Загрузка документа…
4-тиркеме
|
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын_______________ № __________ буйругу |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“ Документтерди архивдик мекеменин аймагында убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-главасы № 42
1. Жалпы жоболор.
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (КР БМ КФФДАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- шаардык мамлекеттик архивдер;
- райондук мамлекеттик архивдер.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген (2021-жылдын 1-июнундагы № 52 редакциясында) кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүү жана суроо-талапты кабыл алуу 20 мүнөттөн ашык эмес болот; Документти издөө жана берүү убактысы 30 мүнөттөн ашпайт. Мамлекеттик архивдин (окуу залынын) аймагында документтерди пайдалануунун чектик убактысы 30 календардык күндөн ашпайт.
(2) Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) белгиленген түрдөгү анкета-арыз, кат;
в) фондду түзүүчүнүн уруксаты (ал өлгөндө анын жакын туугандарынын уруксаты) өздүк архивдин документтерин пайдаланууга (фонд түзүүчүнүн талабы болгон учурда);
г) чет өлкөлүк жарандар үчүн - чет өлкөлүк жаранды кабыл алган чет өлкөлүк уюмдун же мекеменин колдонуучуга документтердин белгилүү бир түрлөрүнө кирүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кат;
д) юридикалык жактар өздөрүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти (ишеним катты) кошумча көрсөтүшөт;
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: архивдик документтерди таанышуу жана алар менен архивдик мекеменин өзүнчө жайларында иштөө үчүн берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизи болгон ченемдик-укуктук документтер:
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” КР Мыйзамы,
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-январындагы № 33 “КМШга катышкан мамлекеттердин архив маалыматын пайдалануу тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу” токтому (мындан ары – Макулдашуу);
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин жумуштарынын негизги эрежелери (мындан ары - Негизги эрежелер);
- Архивдик агенттиктин ЭТУКнун (эксперттик-текшерүү усулдук комиссиясы) 2008-жылдын 27-мартындагы № 4 чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинин окуу залында пайдалануучулардын иш эрежелери (мындан ары – иш эрежелер).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
5. Жол-жоболорду аткаруу схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобо. Белгиленген формадагы анкета-арызды жана каттарды кабыл алуу; а) мамлекеттик архивге арыз ээсинин жеке кайрылуусунда суроо-талапты кабыл алуу | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1-жол-жобо. Суроо-талапты, арыздарды, каттарды кабыл алуу
б) archive.kg жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты
аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу
|
| ||||||
|
2-жол-жобо. Мамлекеттик архивдин
окуу залына киргизүү же мамлекеттик
кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
3-жол-жобо. Архивдик документтерди архив
сактоочу жайдан берүү
4-жол-жобо. Архивдик документтерди
архив сактоочу жайга кайтаруу
6.Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2. Ж. Майчинова - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин башкы архивисти.