Загрузка документа…
5-тиркеме
|
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын___________________ № __________ буйругу
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Документтерди архивдик мекеменин аймагынан сыртта убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 43
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдери (КР КФФД БМАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- шаардык мамлекеттик архивдер;
- райондук мамлекеттик архивдер.
2. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген (2021-жылдын 1-июнундагы № 52 редакциясында) кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүгө жана суроо-талапты кабыл алууга 20 мүнөттөн ашык эмес. Документтерди сактоонун таризделген бирдигин берүүнүн чектик убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес болот. Архивдик иштерди архивдик аймактан сырткары пайдалануунун чектик убактысы келишимдин шарттары менен аныкталат.
(2) Кызмат көрсөтүү үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) белгиленген формадагы арыз, кат;
в) мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
г) юридикалык жактар өздөрүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти (ишеним катты) кошумча көрсөтүшөт;
д) фондду түзүүчүнүн уруксаты (тил каты) (ал өлгөндө анын жакын туугандарынын уруксаты);
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы төлөнөт. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Архивдик документтерди, архивдик көчүрмө бөлүктү, архивдик көчүрмөнү же архивдик документтер жок болгондо суроо-талапка терс жоопту алуу.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизи болгон ченемдик-укуктук документтер:
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” КР Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому (2021-жылдын 1-июлундагы № 52 редакциясы), (мындан ары - Стандарт);
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери (мындан ары - Негизги эрежелер);
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Жеке кайрылууда жана archive.kg жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген белгиленген формадагы анкета-арыздарды, каттарды кабыл алуу. | а) Арыз ээси мамлекеттик архивге жеке кайрылганда суроо-талапты кабыл алуу; б) archive.kg. жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу |
2 | Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө тууралуу чечим кабыл алуу | Кабыл алынган чечим жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берүү |
3 | Архивдик документтерди аймактан сырткары убактылуу пайдаланууга берүүгө даярдоо же баш тартуу | Документтерди каттоо, керектөөчүлөргө документтердин жоопкерчилиги, сакталышы жөнүндө билдирүү |
4 | Архивдик документтерди аймактан сырткары убактылуу пайдаланууга берүү | Архивдик документтерди берүү китебине каттоо |
5 | Алуучудан архивдик документтерди кабыл алуу жана архив сактоочу жайга кайтаруу | Архивдик документтерди кайтаруу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документтер | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо. Белгиленген формадагы арыздарды, каттарды кабыл алуу | ||||||||
1.1-иш-аракет. Белгиленген формадагы арыздарды, каттарды кабыл алуу (келишим боюнча тапшырык) | Суроо-талаптарды, арыздарды каттоо менен алектенген мамлекеттик архивдин кызматкери | Жеке кабыл алууда 10 мүнөттөн ашык эмес | Катталган (тапшырык) суроо-талап же анкета-арыз
| - Негизги эрежелер
| ||||
1.2-иш-аракет. Арыздарды, каттарды аныктоо жана арыз ээсине аткарылышы же баш тартылышы тууралуу маалымдоо | Суроо-талаптарды, арыздарды каттоо менен алектенген мамлекеттик архивдин кызматкери | 10 мүнөттөн ашык эмес | Бул административдик иш-аракетти аткарууга милдеттүү кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү: - суроо-талаптын (тапшырыктын) бул архивде аткарылышына тиешелүүлүгүн аныктоо, эгерде документти алууга чек коюлса, жашыруундук грифи бар болсо же бул документ жок болсо, анда далилдүү баш тартуу; - толук жана компетенттүү жооп берүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү. | -“КР УАФ жөнүндө” КР Мыйзамы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы; - Негизги эрежелер. | ||||
1.3-иш-аракет. Арыздарды жана каттарды кароо | Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | жетекчинин арыздарды жана каттарды визалоосу | - Негизги эрежелер.
| ||||
| 1-жол-жобонун жыйынтыгы: суроо-талап же арыз (тапшырык) аткарууга берилди | |||||||
| 1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттүн ичинде | |||||||
| 1-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
| Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||
2-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө тууралуу чечим кабыл алуу | ||||||||
2.1-иш-аракет. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө | Архив мекемесинин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтерди берүүгө уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу: - эгерде эгерде документти алууга чек коюлса, жашыруундук грифи бар болсо же бул документ жок болсо, анда далилдүү баш тартуу; - толук жана компетенттүү жооп берүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү | -“КР УАФ жөнүндө” КР Мыйзамы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы; -“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы;
- Негизги эрежелер; - Стандарт; - Нускама. | ||||
2.2-иш-аракет. Мамлекеттик архив менен керектөөчүнүн (юридикалык жана жеке жактар) ортосунда келишим түзүлөт | мамлекеттик архивдин жетекчиси жана уюмдун жетекчиси | Максималдуу узактыгы 3 жумуш күнү | Келишим түзүлөт | - Негизги эрежелер
| ||||
| 2-жол-жобонун жыйынтыгы: мамлекеттик архив менен уюмдун ортосунда келишим түзүлөт | |||||||
| 2-жол-жобонун узактыгы: 3 жумуш күндүн ичинде | |||||||
| 2-жол-жобонун тиби: административдик | |||||||
| Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||
3-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүүгө даярдоо | ||||||||
3.1-иш-аракет. Архив сактоочу жайдан көктөмөлөрдү берүүгө тапшырыкты (талапты) тариздөө | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн жана архив сактоочу жайдын кызматкерлери | 10 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтерди алат, архивдик шифр менен көктөмөлөрдүн аталышын тизим менен салыштырат. Архивдик көктөмөлөрдү барактап текшерет жана архивдик документтерди берүү китебине сактоочу жайдан архив кызматкери тарабынан берилүүчү документтерди каттайт | - Негизги эрежелер | ||||
3.2-иш-аракет. Документалдык материалдарды архив мекемесинин аймагынан сырткары архив фондунан убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө акт таризделет (эки нускада) | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жана арыз ээси | 15 мүнөттөн ашык эмес | Көктөмөлөр жана башка материалдар пайдалануучуларга толтурулган тапшырыктардын (талаптардын) бланктарынын негизинде берилет. Талаптар 2 нускамада толтурулат жана пайдалануучуларга берилген материалдардын ар бир бирдиги кол коюу менен берилет. | - Негизги эрежелер; - Нускама.
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерди тариздөө, архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө акт түзүү. | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү | ||||||||
4.1-иш-аракет. Көктөмөлөрдү архив мекемелеринин аймагынан сырткары убактылуу пайдаланууга берүү журналына каттоо | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жана арыз ээси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Көктөмөлөрдү убактылуу пайдаланууга берүүнү каттоо журналына алган архивдик документтер үчүн кызматкердин же арыз ээсинин дайындары толтурулат | - Негизги эрежелер; - Нускама.
| ||||
4.2-иш-аракет. Документтерди архив мекемесинин аймагынан сырткары архив фондунан убактылуу пайдаланууга берүү | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жана арыз ээси | 20 мүнөттөн ашык эмес | Керектөөчүгө архивдик документ (көктөмө) берилет | -“КР УАФ жөнүндө” КР Мыйзамы; -“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы; - Негизги эрежелер. | ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүүнү каттоо жана берүү. | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | ||||||||
5-жол-жобо. Берилген архивдик документтерди контролдоо жана архив сактоочу жайга кайтаруу | ||||||||
5.1-иш-аракет. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү китебиндеги кайтаруу мөөнөттөрүн сактоо | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери | 20 мүнөттөн ашык эмес | - Көктөмөлөрдү убактылуу пайдаланууга берүүнү каттоо журналына алган архивдик документтер үчүн жооптуу кызматкердин дайындары катталат; -архивдик документтерди кабыл алуу. | - Негизги эрежелер;
| ||||
5.2-иш-аракет. Архивдик документтерди кабыл алуу жана архив сактоочу жайга өткөрүү | Документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери | 20 мүнөттөн ашык эмес | Кайтарылган архивдик документтер көктөмөлөрдүн тизими менен салыштырылат, архивдик документтер барактап текшерилет; Архивдик документтерди берүү китебине көктөмөлөрдү кайтаруу тууралуу белгилейт жана архив сактоочу жайга өткөрөт | - Негизги эрежелер;
| ||||
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Архивдик документтерди архив сактоочу жайга кайтаруу | ||||||||
5-жол-жобонун узактыгы: арызды кабыл алуу 20 мүнөт; документтерди сактоонун таризделген бирдигин берүү 30 мүнөттөн ашык эмес болот. Архивдик көктөмөлөрдү архивдик аймактан сырткары пайдалануунун чектик убактысы келишимдин шарттары менен аныкталат. | ||||||||
5-жол-жобонун тиби: административдик | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери | ||||||||
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ “Документтерди архивдик мекеменин аймагынан сыртта убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү”
5. Жол-жоболорду аткаруу схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобо. Арыздарды, каттарды кабыл алуу
|
2-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү/бербөө тууралуу чечим кабыл алуу
3-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүүгө даярдоо
4-жол-жобо. Архивдик документтерди убактылуу пайдаланууга берүү
|
5-жол-жобо. Берилген архивдик документтерди контролдоо жана архив сактоочу жайга кайтаруу
|
6.Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо 6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт. 1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. 2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. 4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат. 7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. 2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет. Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет. 3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат. 9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор 10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар 1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы; 2. Абдыжапарова Айдай - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин документтерди калыбына келтирүү жана мукабалоо бөлүмүнүн башчысы.
|