Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-апрели № 59
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
2012-жылдын 4 жана 25-мартында айылдык кеңештердин депутаттарын шайланышына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек районундагы Маргун айыл аймагынын, Тогуз-Торо районундагы Атай, Көк-Ирим айыл аймактарынын, Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын, Алай районундагы Будалык айыл аймагынын, Жумгал районундагы Куйручук, Түгөл-Сай, Кызыл-Жылдыз, Чаек айыл аймактарынын, Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал, Терек, Баетов айыл аймактарынын, Кемин районундагы Кемин поселкалык башкаруусунун, Аламүдүн районундагы Арашан айыл аймагынын, Ысык-Ата районундагы Милянфан айыл аймагынын, Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл аймагынынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалсын.
2. Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |