Загрузка документа…
8-тирекеме
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын_________________ №_______буйругу |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Архивдик фонддун бөлүгү болуп саналган документтерди сактоо”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 15-пункту
Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төмөнкү ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивдери (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер;
- Түштүк региондор аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви;
- райондук мамлекеттик архивдер;
- шаардык мамлекеттик архивдер.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому (2021-жылдын 1-июлундагы № 52 редакциясында) менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Суроо-талапты (арызды) кабыл алуунун чектик убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес болот; кызмат көрсөтүүнүн алдын ала жыйынтыгын алуу - 14 күндөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы сактоого сактоого берилүүчү документтердин көлөмүнө көз каранды.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ (ишеним кат) (зарыл болгон учурда);
в) юридикалык жактын кызмат көрсөтүүнү алуу жөнүндө өтүнүчү;
г) жеке жактын документтерди кошумча өткөрүп берүү жөнүндө арызы;
д) мамлекеттик архивдин эксперттик-текшерүү комиссиясы (ЭТК) тарабынан бекитилген көктөмөлөрдүн тизимдери.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы:Акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алуу. Документтерди кабыл алуу актысын берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болгон ченемдик-укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 “Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия жөнүндө жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу” токтому;
- Мамлекеттик архив агенттигинин Илимий-усулдук кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы чечими менен бекитилген Уюмдардын архивдеринин негизги иш эрежелери.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Жеке кайрылууда жана archive.kg жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууларды кабыл алуу жана каттоо.
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууларды кабыл алуу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашат: - жазуу жүзүндө кайрылуу; - archive.kg. жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген электрондук кайрылуу; - оозеки кайрылуу. Каттоо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашат. |
2 | Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | Документтерди кабыл алуу эки иш процессинен турат: - документтерди кабыл алуу; -документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү фактысын тастыктоочу документти берүү. Көктөмөлөрдү кабыл алуу ар бир көктөмөнүн сыртындагы жазууну тизим менен салыштыруу, эсепке алуу документтерин тууралоо, эсепке алуу документтерине кабыл алууну тариздөө аркылуу жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алууну тариздөө документтерди кабыл алуу актысын жана белгиленген үлгүдөгү корутундуну (зарылдыгына жараша) берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Эскертүү: Документтердин жалпы санынын көпчүлүгү жок болгон учурда, алар толукталмайынча сактоого кабыл алынбайт |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорунун өз ара байланышынын блок-схемасы
“Архивдик фонддун бөлүгү болуп саналган документтерди сактоо”
4. Жол-жоболорду сыпатталышы жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (арызды) кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-иш-аракет. Жеке кайрылууда жана archive.kg жана portal.tunduk.kg. электрондук сайты аркылуу келген кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (арызды) кабыл алуу жана каттоо. | КР УАФ документтерин топтоочу бөлүмдүн начальниги, топтоо мекемелер-булактары менен иштешүүгө ж.б.жооптуу кызматкер.
| оозеки – кезек күтүү менен 10 мүн. ашык эмес; жазуу жүзүндө – почта менен келип түшкөн күнү. | а) кароого кабыл алынган кайрылуу (жазуу жүзүндө); б) маселенин маңызы боюнча толук жооп берилген кайрылуу (оозеки)
| - “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.2-иш-аракет. Кайрылууну каттоо | документтерди каттоого жооптуу кызматкер | кайрылуу түшкөн күнү 2 мүн. ашык эмес
| кириш документтерди каттоо журналына кайрылууну жазуу | - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
|
1.3-иш-аракет. Кайрылууну жетекчинин кароосуна берүү | документтерди каттоого жооптуу кызматкер | жетекчинин кайрылууну кароосу - кайрылуу түшкөн күнү 10 мүн. ашык эмес
| кайрылуунун аткаруучусу, аткаруу тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетекчинин резолюциясы | - КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама |
1.4-иш-аракет. Кабыл алынуучу көктөмөлөрдүн абалын кароо. Көктөмөлөрдүн тизимдерин, алардын ИМАсын текшерүү | административдик иш-аракетти аткарууга жооптуу кызматкер
| 2 сааттан ашык эмес
| мамлекеттик сактоого кабыл алынып жаткан документтердин толуктугун жана сапатын камсыздоо | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери |
1-жол-жобонун жыйынтыгы. Документтерди кабыл алууга жетекчиликтин уруксаты | ||||
1-жол-жобонун узактыгы. 2 сааттан ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу | ||||
2-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | ||||
2.1-иш-аракет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүн мамархивдин документтерди кабыл алуу боюнча план-графигине киргизүү | -мекемелер менен иш алып барууга жооптуу кызматкер;
-документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер
| жетекчинин тапшырмасын алынгандан кийин 5 мүн. ашык эмес | -документтерди кабыл алуу мөөнөтүн белгилөө;
- ушул административдик иш-аракеттерди аткарууга жооптуу кызматкерлердин ишин пландаштырууну камсыздоо | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери |
2.2-иш-аракет. Документтерди бирден кабыл алуу-өткөрүү | документтерди кабыл алууга жооптуу кызматкер, топтоочу мекеменин-булактын куратору, документтерди тапшыруучунун өкүлү | ченемге ылайык ар бир көктөмөнү кабыл алууга 5 мүн. ашык эмес (көктөмөлөрдүн физикалык абалын, алардын барактарынын, күбөлөндүрүлгөн барактарынын толуктугун кароо менен) | а) документтерди кабыл алуу; б) себебин билдирүү менен документтерди кабыл алуудан баш тартуу | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери; Убакыттын жана иштеп чыгуунун типтүү ченемдери (1.1, 1.2-п.) |
2.3-иш-аракет. Көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыга кол коюу жана берүү | эки тараптын кызмат адамдары, кызмат адамы жана документтерди тапшыруучунун өкүлү
| 10 мүн. ашык эмес (документтерди тапшыруучу турган жерге чейинки жолго кеткен убакытты кошпогондо)
| - белгиленген үлгүдөгү көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыны берүү; - мекеме жоюлган учурда документтердин жайгашкан жери жөнүндө корутунду берүү | Мамлекеттик архивдердин негизги иш эрежелери |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Документтердин кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү (белгиленген үлгүдөгү көктөмөлөрдү кабыл алуу-тапшыруу жөнүндө актыны берүү) | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүн. ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: Атайын. Уюштуруу-башкаруу (жарым-жартылай) | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу алгоритмдери
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты (арызды) кабыл алуу жана каттоо
| |
| |
| |
| |
| |
|
|
2-жол-жобо.
Документтерди кабыл алуу. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү.
6.Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Чекирова Анара Медетбековна - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө