Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 12-сентябры № 01-13/146
Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоборлорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында буйрук кылам:
1. Төмөндөкүлөр бекитилсин:
- Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу 1-тиркемеге ылайык;
- Электр тармактарынын шарттуу бирдигин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын эсептөөнүн усулдугу 2-тиркемеге.
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде көчүрмөсү маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.а. |
| Б.А.Азизбеков |
1-тиркеме
Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу
бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 17-апрелинин № 13-49 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу (мындан ары – Усулдук) шарттуу бирдиктердеги электр тармактарынын лицензиатынын менчигинде турган көлөмдү эсептөөгө арналган.
2. Шарттуу бирдиктер 1 (бир) шарттуу бирдик көлөмүндөгү электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын бааны жөнгө салууда ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан эсептөөгө арналган.
3. Бул Усулдук мекемелердин жана алардын бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык иштеринин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн ченемдөө, пландаштыруу жана талдоо, ошондой эле электр тармактарын эксплуатациялоону уюштуруу түзмөктөрүн долбоорлоо, электр тармактар мекемелеринин оңдоо-өндүрүштүк базаларын жана оңдоо-эксплуатациялык пункттарын жайгаштыруу боюнча электр тармактары жана долбоорлоо мекемелеринин колдонуусу үчүн сунуш кылынат.
2- глава. Колдонуу тармагы
4. Бул Усулдук электр тармактар мекемелеринин жылдык сарптоолорун пландаштырууда жана бекитүүдө электр тармактар ишканаларынын ишин баа боюнча жөнгө салууда, ошондой эле лицензиялык ишмердикте жана шартуу бирдиктердин көлөмдөрүн колдонууну талап кылган башка жөнгө салуучу ыйгарым укуктарды ишке ашырууда бирдей экономикалык шарттарды түзүү менен менчикте турган электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин санына пропорциялуу бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн жылдык сарптоолорду белгилөөгө жана электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого салыштырмалуу сарптоолорду эсептөө үчүн төмөндөгүлөрдүн эсебинен колдонулат:
1) электр тармактар мекемелери үчүн бирдей экономикалык шарттарды камсыздоо менен жылдык сарптоолорду эсептөөдө жана бекитүүдө салыштырмалуу сарптоолордун бирдиктүү суммаларын колдонуунун эсебинен лицензиаттардын электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого салыштырмалуу сарптоолорду эсептөөдө шарттуу бирдиктердин көлөмдөрүн колдонуу;
2) бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмегине кирүүгө келип түшкөн өтүнмөлөрдүн талаптарында белгиленген лицензия алууга арыз берген ишкананын ылайык келүүсүн аныктоо үчүн электр тармактарынын шартуу бирдиктеринин минималдуу көлөмдөрүн белгилөө.
5. Электр тармактарынын мекемелеринин жетекчилерине жана адистерине мекемелердин өндүрүштүк-чарбалык ишин жана экономикалык абалын башкарууну жакшыртуу үчүн ушул Усулдуктун жоболорун төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдүн эсебинен колдонуу сунуш кылынат:
1) өздөрүнүн техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн ченемдөө жана пландаштыруу;
2) электр тармактарын оңдоону жана техникалык тейлөөнү ишке ашырууда сарптоолорду ыңгайлаштыруу үчүн жалпысынан электр тармактарынын жана ишканалардын бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык ишмердигин талдоо;
3) оңдоо-өндүрүштүк базаларынын жана оңдоо-эксплуатациялоо пункттарынын жайгашуу түзмөктөрүн жакшыртуу чарасы;
4) штаттык ырааттаманы жөнгө салууну, кызматтык маяналардын жана үстөк акылардын суммаларынын өлчөмүн камтыган башка шарттуу бирдиктердин көлөмдөрүн колдонуу.
3-глава. Аныктоо
6. Бул Усулдукта төмөндөгү терминдер жана аныктамалар пайдаланылды:
1) 1 (бир) шарттуу бирдик (ЭШБ) – бул өлчөөнүн бирдей бирдигиндеги бөлүштүрүүчү ишканалардын активдерин эксплуатациялык-оңдоо тейлөөлөрүнүн көлөмдөрүнүн (эмгекти көп талап кылуучулугунун) эквиваленти;
2) Трансформатордук көмөк чордон – трансформаторлордон, БТлардан (БТ – бөлүштүрүүчү түзүлүш), башкаруу түзүлүштөрүнөн, технологиялык жана көмөкчү курулмалардан турган жана энергияны кабыл алууга, кайра түзүүгө жана бөлүштүрүүгө арналган электр орнотмосу;
3) 1 кВга чейинки электр өткөрүү аба чубалгысы (АЧ) – таянычтарга, изоляторлорго же кронштейндерге, инженердик курулмаларга сызыктуу арматуралар менен бекитилген жана ачык абада жайгашкан изоляцияланган же изоляцияланбаган сымдар боюнча электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү үчүн түзүлүш;
4) 1 кВдан жогорку электр өткөрүү аба чубалгысы (АЧ) – таянычтарга, конструкция алып жүрүүчүлөргө, кронштейндерге жана инженердик курулмалардын (көпүрөлөрдүн, жол сымдарынын ж.б.) түркүктөрүнө изоляцияланган конструкциялар жана арматуралардын жардамы менен бекитилген жана ачык абада жайгашкан сымдар боюнча электр энергиясын берүү үчүн түзүлүш;
5) Выключатель (электр тогун өчүрүүчү жана жандыруучу же токту токтотуучу жана жиберүүчү шайман) – тизмектеги нормалдуу шарттарда токту туташтырууга, өткөрүүгө жана иштетпей коюуга, ошондой эле кыскача электр сымынын учунун бириге калуусу сыяктуу тизмектеги ченемделген нормалдуу эмес шарттарда токту иштетпей коюу жана ченемделген убакыт ичинде туташтырууга, өткөрүүгө ийкемдүү контакттуу коммутациялык аппарат;
6) Атайын иштетилип чыккан аппараттар жана майдын басымынын ишараттоо (сигнализация) тутуму менен май толтурулган чубалгылар үчүн, электр энергиясын же бир же бир нече туташтыруучу, стопордук жана аяккы муфталары (бүтөөчүлөрү) жана тирек болуучу деталдары менен паралеллдүү кабелдерден турган анын импульстарын өткөрүү үчүн чубалгы кабелдик чубалгы деп аталат.
7) Күч берүүчү трансформатор - электр энергиясын кабыл алууга жана пайдаланууга багытталган орнотмолордо жана электр тармактарында электр энергиясын кайта өзгөртүүгө арналган трансформатор;
8) Комплекттүү трансформатордук көмөк чордон (КТК) – трансформаторлордон, блоктордон (КБТ /комплекстүү бөлүштүрүүчү түзүлүш/ жана СОКБТтан /сырткы орнотмонун комплекстүү бөлүштүрүүчү түзүлүшү/) кураштырылган же чогултууга даярдоочу заводдо толук даярдалган түрдө жеткирилүүчү башка элементтерден турган көмөк чордон;
9) Бөлүштүрүүчү пункт – ЭКЧтин (электр көмөк чордонунун) курамына кирбеген, анын ишин башкаруу үчүн аппараттары менен БТ (бөлүштүрүүчү түзүлүш) 6-10 кВ.
4-глава. Бөлүштүрүүчү ишканалар тарабынан электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин тутумдарынын ченемдери
7. Аралыгына, чыңалуу классына, конструктивдик аткарылуусуна жана таянычтардын материалына жараша шарттуу бирдиктердеги 35÷500 кВ чыңалуудагы аба электр өткөрүү чубалгыларынын электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин ченемдери 1-таблицада белгиленген.
1-таблица
Чыңалуу, кВ | Таянычтагы тизмектердин саны | АЧ трассасынын 100 километрине шарттуу бирдиктердин саны | ||
жыгач | металл | Темир бетон, (түтүктүү металл) | ||
500 | 1 |
| 400 | 300 |
220 | 1 | 260 | 210 | 140 |
220 | 2 | - | 270 | 180 |
110 | 1 | 180 | 160 | 130 |
110 | 2 | - | 190 | 160 |
35 | 1 | 170 | 140 | 120 |
35 | 2 | - | 180 | 150 |
Эскертүү:
Чет элдик инвестициялык долбоор боюнча курулган АЧ үчүн шарттуу бирдиктердин саны АЧ трассасынын 200 километрине аныкталат.
8. Аралыгына, чыңалуу классына, конструктивдик аткарылуусуна жана таянычтардын материалына жараша шарттуу бирдиктердеги 04÷20 кВ чыңалуудагы аба электр өткөрүү чубалгыларынын электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин ченемдери 2-таблицада белгиленген.
2-таблица
Чыңалуу, кВ | Ченөө бирдиги | Ченөө бирдигине шарттуу бирдиктердин саны | ||
Таяныч материалдары | ||||
Жыгач | Темир бетон таянычтарындагы жыгач | Темир бетон, металл | ||
0,4 | Трассанын 100 км | 260 | 220 | 150 |
1 ÷ 20 | 160 | 140 | 110 | |
Эскертүү:
1. Шарттуу бирдиктерди эсептөөдө чубалгыдан имаратка киргизүүгө чейинки АЧ-0,4 кВ аралык эсептелбейт.
2. АЧ-0,4 кВ боюнча шарттуу бирдиктер тейлөөгө жана оңдоого эмгектик сарптоолордо төмөндөгүдөй учурларда эске алынат:
1) чубалгыдан имаратка аба аркылуу киргизүү;
2) биргелешкен асмалары бар зымдардын чубалгылары.
3. АЧ-0,4 - 20 кВ боюнча шарттуу бирдиктер 0,2 - 20 кВ бөлүштүрүүчү тармактарынын ыкчам кызматкерлеринин эмгек сарптоолорунда эске алынат.
9. Аралыгына жана чыңалуу классына жараша 04÷110 кВ чыңалуусундагы электр өткөрүүнүн кабелдик чубалгылары үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин ченемдери 3-таблицада белгиленген.
3-таблица
Чыңалуу, кВ | Ченөө бирдиги | Ченөө бирдигине шарттуу бирдиктердин саны |
220 | 100 км | 3000 |
110 | 100 км | 2300 |
35 | 100 км | 470 |
6 ÷ 10 | 100 км | 350 |
0,4 | 100 км | 270 |
Эскертүү:
Кабелдик киргизүүлөр 0,4 кВ чыңалуудагы кабелдик чубалгылардын шарттуу бирдиктеринде эске алынат.
10. 35 - 500 кВ, ошондой эле ТП, КТП, РП 0,4 - 20 кВ көмөк чордондорунун электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин ченемдери 4-таблицада белиленген.
4-таблица
К № | Аталышы | Ченөө бирдиги | Ченөө бирдигине шарттуу бирдиктердин саны | ||||
500 кВ | 220 кВ | 110 кВ | 35 кВ | 1-20 кВ | |||
1. | Трансформатордук көмөк чордондор (к/чорд.) | Трансформатордук к/чорд. | 500 | 210 | 105 | 75 | - |
2. | Күч берүүчү трансформатор же реактор (бир же үч фазалуу) же вольт кошумчалоочу трансформатор | жабдуу бирд. | 28 | 14 | 7,8 | 2,1 | 1,0 |
3. | Май менен иштөөчү выключатель (электр тогун жандыруучу жана өчүрүүчү шайман); Элегаз выключатели; Вакуумдуу выключатель | 3 фазалуу |
| 23 | 14 | 6,4 | 3,1 |
4. | Эл. сымынын учунун кыскача бириге калуусунан ажыраткыч | жабдуу бирд. | - | 19 | 9,5 | 4,7 | - |
5. | Жүктөмдү жеңилдетүүчү электр тогун жандыруучу жана өчүрүүчү шайман | «-» | - | - | - | - | 0,8 |
6. | 50 Мвар кубаттуулуктагы синхрониялуу конденсатор | «-» | - | - | - | - | 26 |
7. | Ушул сыяктуу, 50 Мвар жана андан жогорку кубаттуулуктагы синхрониялуу конденсатор | «-» | - | - | - | - | 48 |
8. | Статистикалык конденсаторлор | 100 банка конд-р | - | - | 3 | 2,4 | 2,4 |
9. | Мачталуу трансформатордук к/чорд. (зым карагайлар аркылуу иштетиле турган) | трансформатордук к/чорд. | - | - | - | - | 2,5 |
10. | Бир трансформаторлуу трансформатордук к/чорд., комплекстүү трансформатордук к/чорд. | трансформатордук к/чорд., комплекстүү трансформатордук к/чорд. | - | - | - | - | 2,3 |
11. | Эки трансформаторлуу трансформатордук к/чорд., комплекстүү трансформатордук к/чорд. | - | - |
|
| 3 | |
12. | Бир трансформаторлуу 35/0,4 кВ көмөк чордону |
к/чорд. |
|
|
| 2,3 |
|
13 | БП (бөлүштүрүүчү пунт) |
|
|
|
| 0 |
|
Эскертүү:
1. 35 - 500 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордун ыкчам кызматкерлеринин бардык эмгек сарптоолору 1-пунктта эске алынган.
2. 2-8-пункттар боюнча шарттуу бирдиктерде резервдик жабдууларга тиешелүү “Көмөк чордондор” аталышындагы 1-пункттагы шарттуу бирдиктердин номенклатурасына киргизилбеген жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча эмгек сарптоолору эске алынат (чыңалуу трансформаторлору, электр тогун ажыратып туруучу шаймандар, аккумулятордук батареялар, жыйналган шиналар ж. б. у. с.).
3. “Күч берүүчү трансформаторлор 1-20 кВ” аталышындагы 2-пункт боюнча шарттуу бирдиктердин маанилери 35 - 220 кВ көмөк чордондордун өздүк керектөөлөрү боюнча пайдаланылуучу трансформаторлор үчүн гана эске алынат.
4. 3-6-пункттар боюнча релелик коргоо жана автоматика (РКжА) түзүлүштөрүн тейлөөгө жана оңдоого кошумча эмгек сарптоолор эске алынган.
5. “Май менен иштөөчү выключатель (электр тогун жандыруучу жана өчүрүүчү шайман), элегаз выключатели жана 1-20 кВ вакуумдуу выключатель” аталыштарындагы 3-5-пункттардын шарттуу бирдиктеринин маанилери 1-20 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндөгү 35 - 500 кВ, трансформатордук көмөк чордондору, комплекттүү трансформатордук көмөк чордондору жана БП 1-20 кВ көмөк чордондору тарабынан белгиленген коммутациялык аппараттарга, ошондой эле 1 - 20 кВ чубалгысындагы секциялаштыруучу коммутациялык аппараттарга тиешелүү болуп эсептелет.
6. Шарттуу бирдиктердеги 1-20 кВ бөлүштүрүүчү пункттардын (БП) көлөмү орнотулган май менен иштөөчү электр тогун жандыруучу жана өчүрүүчү шаймандардын (3-п.) жана жүктөмдү жеңилдетүүчү электр тогун жандыруучу жана өчүрүүчү шаймандардын (5-п.) саны боюнча аныкталат. БПка 1-20/0,4 кВ трансформаторлорун орнотууда тейлөөнүн кошумча көлөмдөрү 11 же 12-позалар боюнча аныкталат.
7. 10-12-пункттар боюнча 0,4-20 кВ бөлүштүрүүчү тармактардын ыкчам кызматкерлеринин эмгек сарптоолору кошумча эске алынган.
11. 4-главанын 1-4-таблицаларында эске алынбаган, жабдуулардын жана түзүлүштөрдүн тизмегине киргизилбеген жабдуулар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин ченемдери 5-таблицада белгиленген.
5-таблица
1 | Бир фазалуу (тиричиликтик) электр эсептегичтер | 100 даана | 1,1 |
2 | Үч фазалуу түз туташтырылган электр эсептегичтер | 100 даана | 8,6 |
Эскертүү:
1. Электр эсептегичтер боюнча шарттуу бирдиктер энергияны сатуунун башка функцияларынын ичинде жумуш аткарышкан электр тармактарынын ишканалары үчүн гана эске алынат.
5-глава. Шарттуу бирдиктерди эсептөөнүн тартиби жана берилген материалдарды тариздөөгө талаптар
12. 1, 2 жана 3-таблицаларды толтурууда ар бир чубалгынын шарттуу бирдиктерин эсептөө сап боюнча жана өзүнчө келтирилет. Чубалгылардын саны көп (чыңалуунун бир классына 20 бирдиктен ашык) болгон учурда чубалгынын ар бир чыңалуусу үчүн өзүнчө, жалпы маалыматтарды киргизүүгө жол берилет. Мындай учурларда таблицаларды толтуруу үчүн берилген шарттуу бирдиктерди эсептөөнүн материалдарына ушул таблицаларда регламенттелген көлөмдөгү чубалгылардын толук тизмегин тиркөө зарыл.
13. 4-таблицаны толтурууда ар бир көмөк чордонго же трансформатордук көмөк чордонго (комплекттүү трансформатордук көмөк чордонго, бөлүштүрүүчү пунктка) 4-таблицанын формасындагы электр көмөк чордону, трансформатордук көмөк чордон (комплекттүү трансформатордук көмөк чордон, бөлүштүрүүчү пункт) боюнча жыйынтыкталган тиешелүү эсептөөнүн жалпыланган маалыматтары тиркелүү менен өзүнчө таблица түзүлөт.
14. 5-таблицаны толтурууда эсептөөнүн жыйынтыктары таблицанын жалпыланган формасында, бирок өзүнчө берилет:
1) бир фазалуу электр эсептегичтер үчүн;
2) түз, так үч фазалуу эсептегичтер үчүн.
15. Шарттуу бирдиктердеги электр тармактарынын жалпы көлөмү ишкана боюнча шарттуу бирдиктердин жалпы санын көрсөтүү менен ар бир таблицанын маалыматтары боюнча өзүнчө саптарда берилет.
16. Шарттуу бирдиктерди эсептөөдө өзүнүн керектөөчүлөрүн электр менен жабдууда түздөн-түз аракеттенген иштеп турган гана АЧ, КЧ (кабелдик чубалгы), электр менен жабдуулар жана электр аппараттары эске алынат.
2-тиркеме
Электр тармактарынын шарттуу бирдигин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын эсептөөнүн усулдугу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Электр тармактарынын шарттуу бирдигин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын эсептөөнүн ушул усулдугу (мындан ары – Усулдук) 1 млрд кВтска чейинки көлөмдөгү электр энергиясын бөлүштүргөн бөлүштүрүүчү ишканаларга жайылтылат.
2. Усулдук бөлүштүрүүчү ишкананын менчигинде турган электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун жылдык суммасын жана электр тармактарынын бир шарттуу бирдигин (мындан ары – Ш.Б.) эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого салыштырмалуу сарптоолорду эсептөөдө бөлүштүрүүчү ишканалардын экономикалык шарттарын теңдештирүүгө багытталган.
3. Суммалар боюнча бирдей электр тармактарынын бир Ш.Бин тейлөөгө сарптоолорунун салыштырмалуу суммасы ар бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн сарптоолордун жылдык суммасын эсептөөдө колдонулат.
4. Бөлүштүрүүчү ишканалардын электр тармактарын өнүктүрүү үчүн багытталган кошумча сумма жылдык сарптоолордун суммасынан түшкөн кирешелердин аныкталган өлчөмүнүн түрүндө белгиленет.
5. Бөлүштүрүүчү ишканалардын сарптоолорун түзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2-глава. Бөлүштүрүүчү ишканалардын бөлүштүрүүчү электр тармактарынын бир Ш.Бсын тейлөөгө салыштырма сарптоолордун суммаларын эсептөөнүн жана материалдарын даярдоонун тартиби
6. Бардык бөлүштүрүүчү ишканалардын бөлүштүрүүчү электр тармактарын оңдоого жана техникалык тейлөөгө жалпыланган жылдык сарптоолорду аныктоо үчүн бардык бөлүштүрүүчү ишканалар боюнча жылдык сарптоолордун макулдашылган суммалары түзүлөт.
Бөлүштүрүүчү ишканалардын жалпыланган жылдык сарптоолору төмөндөгүдөй аныкталат:
∑ Бис1... n = Бис1+ Бис2 + ... + Бисn
мында:
∑ Бис1... n - бардык бөлүштүрүүчү ишканалардын электр тармактарын тейлөөгө жалпыланган сарптоолор;
Бис1 - 1…n ден тартып ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын сарптоолору;
Бисn - n ге чейинки ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын сарптоолору.
7. Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн тарифтерди белгилөөдө электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн Усулдугун колдонуу менен ар бир бөлүштүрүүчү ишкана Ш.Б1 …nдеги бөлүштүрүүчү ишкананын менчигинде турган электр тармактарынын Ш.Бсынын санын эсептөөнү аткарат.
8. Ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын менчигинде турган электр тармактарынын Ш.Бсынын санын кошкондо бардык бөлүштүрүүчү ишканалардын Ш.Бсынын жалпыланган саны келип чыгат.
Эсептөө төмөндөгү формула боюнча аткарылат:
∑ Ш.Б. би1-n = Ш.Б. би1 +Ш.Б. би2 + … Ш.Б. биn
мында;
∑ Ш.Б би1-n – бардык бөлүштүрүүчү ишканалардын электр тармактарынын Ш.Бсынын жалпыланган саны;
Ш.Б.би1 – бир бөлүштүрүүчү ишкананын электр тармактарынын Ш.Бсынын саны.
9. Бир Ш.Бга бөлүштүрүүчү электр тармактарын техникалык тейлөөгө жана оңдоого салыштырма сарптоолордун суммасын эсептөө 6-пунктка ылайык аныкталган бөлүштүрүүчү ишканалардын бардык бөлүштүрүүчү электр тармактарынын Ш.Бсынын жалпыланган маанисине 8-пунктка ылайык аныкталган сарптоолордун суммасынан бөлүүдөн эсептелип чыгат жана төмөндөгүдөй формула боюнча аткарылат:
ССжылдык = ∑ Бис1... n / ∑ Ш.Б. би1-n
мында:
ССжылдык – бөлүштүрүүчү электр тармактарынын бир Ш.Бсын тейлөөгө салыштырма сарптоолордун жылдык суммасы.
10. Бөлүштүрүүчү электр тармактарын техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун жылдык суммасын эсептөө ар бир бөлүштүрүүчү ишкана боюнча Ш.Бге эсептелген 7-пункттагы электр тармактарынын көлөмүнө 9-пункттагы салыштырма сарптоолордун маанисинин көбөйтүндүсүн бул үчүн колдонуу менен ар бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн аткарылат жана муну чыгарууда төмөндөгүдөй формула пайдаланылат:
Бис1 = ССжылдык * Ш.Б. би1
мында:
Бис1 – 1…n ден тартып ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын сарптоолору;
ССжылдык – бөлүштүрүүчү электр тармактарынын бир Ш.Бсын тейлөөгө салыштырма сарптоолордун жылдык суммасы;
Ш.Б. би1 - бир бөлүштүрүүчү ишкананын электр тармактарынын Ш.Бсынын саны.
3-глава. Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн жылдык сарптоолордун толук суммасын эсептөөнүн тартиби
«11. Бөлүштүрүүчү ишканалардын 1ден n ге чейинки ар бири үчүн сарптоолорунун толук жылдык суммасы төмөндөгү формула боюнча эсептелет:
Бис 1 толук жылдык = Бис 1 + Би1П + Бимп1+ Би1...nК
мында:
Бис 1 толук жылдык – бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн сарптоолорунун толук жылдык суммасы;
Бис 1– 1…n ден тартып ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын сарптоолору;
Би1П – бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн кредиттик милдеттенмелер боюнча пайыздар;
Би1...nК – бир бөлүштүрүүчү ишкананын кирешесинен каржылануучу чыгымдар;
Бимп1 – электр энергиясын негизги жеткирип берүүчүнүн бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн импорттук электр энергиясын сатып алуудагы чыгымдарынын үлүшү.
12. Белгиленген өлчөмдөгү киреше кирешеден каржылануучу чыгымдар ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган инвестициялык программага ылайык тармактарды өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңылоого, колдоого, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга, ошондой эле кредиттер боюнча төлөөлөрдү жабууга багытталат. Макулдашылган инвестициялык программа жок болгон учурда, чыгымдардын тиешелүү суммасы 11-пунктка ылайык эсептелген сарптоолордун толук жылдык суммасына киргизилбейт.»;
13. Электр энергиясын негизги жеткирип берүүчүнүн бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн импорттук электр энергиясын сатып алуу боюнча чыгымдары электр энергиясын негизги жеткирип берүүчү башка өлкөлөрдөн электр энергияны импорттоону токтоткон учурга чейин эсепке алынат.
Эскертүү:
· электр энергиясын негизги жеткирип берүүчү – бардык бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясын жеткирип берүүчү.