Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 15-сентябры № 4-д
“Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин Мекен-карт документин берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын III бөлүмүнүн 88-главасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Тиркелген “Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин Мекен-карт документин берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн Административдик регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) маалыматтык камсыздоо бөлүмү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин www.gov.kg расмий веб-сайтына, ошондой эле Министрликтин digital.gov.kg сайтына расмий жарыялоону камсыздасын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кагаз жана электрондук түрдө жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери:
1) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти менен кызматкерлерди тааныштырышсын;
2) кызматкерлер мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин сакталышын жеке көзөмөлгө алышсын;
3) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматы көрсөтүү боюнча иштерди уюштурушсун;
4) жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басарына (мамлекеттик каттоо жана архив иши маселелери боюнча) жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри | Т.О. Иманов | |
| Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын “____” ________ № буйругу менен БЕКИТИЛГЕН | |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин Мекен-карт документин берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин
4-главасы, № 102
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү арыз ээси кайрылган жер боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн Административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандарттарынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү:
- документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 45 мүнөттөн ашык эмес;
- жалпы тартипте материалдарды кароо мөөнөтү –99 күнгө чейин;
- жөнөкөйлөтүлгөн тартипте материалдарды кароо мөөнөтү – 54 күнгө чейин;
- Мекен-картты даярдоо мөөнөтү – 5 иш күнгө чейин;
- Мекен-картты берүүгө чектелген убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес.
(1.1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: digital.gov.kg;
- portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан;
- ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда;
- ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) 119 телефон номери боюнча оозеки формада.
Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан маалымат алууга болот.
Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
Информация предоставляется на государственном и официальном языках.
(1.2) Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: digital.gov.kg;
- portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;
- жеке кайрылуу жана Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча - 119;
- маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар.
Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына digital.gov.kg жайгаштырылат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (аймактык бөлүктүн, КТБнын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат);
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция.
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:
Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат);
Алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);
- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат);
Алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү;
Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:
- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).
Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы төлөнөт. Мамлекеттик кызматтын наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин Мекен карт документин берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө»;
- «Тышкы миграция жөнүндө»;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө»;
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ушул Регламенттин 3-п. 2-пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. |
| Арызды кабыл алуу, анын туура таризделгенин текшерүү | Өтүнүч «Мекен-карт» АМС аркылуу электрондук түрдө таризделет жана арыз ээси планшет атайын түзүлүшү аркылуу кол коет. |
| Өтүнүчтү каттоо | Каттоо «Мекен-карт» АМС аркылуу арыз ээси кайрылган жер боюнча региондор аралык бөлүмдөрдө жана/же Калкты тейлөө борборлорунда электрондук түрдө жүргүзүлөт. |
2 | Ички иштер, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар менен материалдарды макулдашуу жана Комиссиянын кароосуна киргизүү | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу материалдары региондор аралык бөлүмдөр жана/же КТБ кабыл алгандан кийин эки иш күндүн ичинде «Мекен-карт» АМС аркылуу улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга макулдашууга жана миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн жиберилет. |
3 | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө документтерди Комиссиянын кароосу
| Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берилгенде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу материалдары Комиссия тарабынан жалпы тартипте 30 календардык күндүн ичинде каралат, ал эми чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилгенде - улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан корутунду түшкөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде каралат. Комиссия өтүнүчтү кароонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Баш тартылган учурда чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруудан баш тартылгандан тартып бир календардык жыл өткөндөн кийин кайрадан арыз менен кайрыла алат. |
4 | Документтерди жекелештирүү тууралуу «Инфоком» МИге билдирүү | Комиссия чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө оң чечим кабыл алган учурда, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан «Мекен-карт» АМС аркылуу 7 иш күндүн ичинде материалдар Мекен-картты даярдоо үчүн КР СӨМгө караштуу “Инфоком” МИнин МЖБсына - даярдоочу ишканага жиберилет, андан тышкары Комиссия чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү региондор аралык бөлүмдөргө жана/же КТБга (өтүнүч берилген жерге карата) жиберилет. |
5 | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин жекелештирилген карталарын – документтерин кабыл алуу | КР СӨМгө караштуу “Инфоком” МИнин МЖБсы - даярдоочу ишканасы Мекен-картты даярдоого материалдар түшкөндөн тартып 5 иш күндүн ичинде Мекен-картты даярдайт жана почта байланыштары аркылуу региондор аралык бөлүмдөргө жана/же КТБга жиберет. |
6 | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин жекелештирилген карталарын – документтерин берүү | Мекен-картты ээсине жана/же анын өкүлүнө берүүдө региондор аралык бөлүмдүн жана/же КТБнын же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - Мекен-карт даярдалган адам анын ээси экендигине күбөлөнүүгө; - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катта анын ээсинин өкүлүнүн даярдалган Мекен-картты алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган ыйгарым укуктары жазылгандыгына күбөлөнүүгө; - ээсине Мекен-картка киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого; - Мекен-карттын укуктук статусун, статустун токтотулушун жана ажыратылышын, каттоодон өтүү милдетин, ошондой эле өз убагында узартууну түшүндүрүүгө. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт - кеңсе | |||||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 1 |
| 2 |
|
| 3 |
|
| 4 |
| |||||
|
| ||||||||||||||
|
| Бэк - кеңсе |
| ||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
| Баш тартуу |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: -административдик жол-жоболор: -уюштуруу-башкаруучулук жол-жоболор: -көмөкчү жол-жоболор: -атайын жол-жоболор: | 4 2 2
4 - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 30 мүнөт |
3. Электрондук форматта аткарылган жол-жоболордун жана иш-аракеттердин саны: | 2
|
| 3-6 |
5. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: -ички ведомстволук өз ара аракеттенүүдө: -ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө: |
- - - |
6. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан адамдардын саны: | 2 |
7. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүнү жөнгө салган документтердин саны: | 3 |
Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1-жол-жобо: Арызды кабыл алуу жана берилген документтердин бардык талаптарга шайкештигин текшерүү | |||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо;
1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде (чет өлкөлүк жаранда же жарандыгы жок адамда) ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарат. Эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө өтүнмө жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; 1.5. КР жаранынын паспортундагы сүрөт менен арыз ээсинин тышкы келбетине визуалдык текшерүү жүргүзүлөт, арыз ээсинин бети менен фотосүрөттөгү адамдын бирдейлиги салыштырылат; - берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, Мекен-картты алууга өтүнүчтү каттоо үчүн документтерди кабыл алат. - талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт; - берилген документтерде оңдоолордун жана/же жасалмалардын белгилери аныкталган учурда, региондор аралык бөлүмдүн, КТБнын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкер тарабынан 4 нускада акт түзүлөт (биринчи нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы түзүлгөн жерде калат, үчүнчү жана төртүнчү нускалары улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет). Оңдоолордун жана/же жасалмалардын белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсинин өтүнүчүн тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар акыркы чечим чыгаргандан кийин чечилет. - эгер документтер «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» КР Мыйзамында, КРнын башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга жооп бербесе, Мекен-картты алууга өтүнүчүн кабыл алуудан баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча РАБдын жетекчиси баш тартуунун себебин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мекен-картты алууга өтүнүчүн кабыл алуудан баш тартууга Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор сөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанууга болот. 1.6. Өтүнүч чет өлкөлүк жарандын жеке өзү тарабынан берилет. 18 жашка толо элек адамдардын өтүнүчү алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет жана кол коюлат. Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн: - Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат); 1.7. Алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: - туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер); - мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат); 1.8. Алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн: - туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер); - Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү; 1.9. Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн: - Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү; - Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ). Кыргыз Республикасынын аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта өтүнүч берүү мүмкүнчүлүгү бар. | РАБдын кызматкери
РАБдын кызматкери
| Документтер белгиленген талаптарга туура келгенде 3 мүнөт
ИЖНди ыйгарууга 5 мүнөт (арыз ээсинде ИЖН жок болгон учурда)
5 мүнөт
Арыз кабыл алууга 5 мүнөт
Жазуу жүзүндө баш тартуу берүү жөнүндө
Жазуу жүзүндө баш тартуу берүүдө 14 иш күндүн ичинде
5 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
Мекен-картты алуу жөнүндө өтүнүч
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтому | |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Берилген документтердин бардык талаптарга шайкештигин текшерүү жана Мекен-картты алууга документтерди кабыл алуу | |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 25 мүнөт | |||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
2-жол-жобо: Арыз ээсинин өтүнүчүн каттоо | |||||
2.1. Өтүнүч «Мекен-карт» АМС аркылуу электрондук түрдө таризделет, бардык берилген документтердин түп нускалары сканерленет. 2.2. Өтүнүчтү толтурууда арыз ээсинин кагаздагы же Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ формасындагы анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кызматкер төмөнкүлөрдү жүргүзөт: - АМСга киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө (документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарып берилет); - арыз ээсинен өтүнүчкө киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо. Электрондук өздүк кол тамгасын алуу түзүлүшү аркылуу арыз ээси өтүнүчкө кол коет, белгиленген тартипте эмгекке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өздүк колун коюуга мүмкүнчүлүгү жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк кол тамгасынын ордуна кызматкер сызыкча коет; - арыз ээсинин бетин фотосүрөткө тартуу; - биометрикалык маалыматтарын алуу үчүн эки колунун эки сөөмөйүнүн папиллярдык издерин сканерлөө (16 жашка толо элек адамдардан тышкары). 2.3. Арыздын туура толтурулганын, киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештигин текшерүү жүргүзүлөт, арыз туура толтурулган учурда арыз ээси кол коет; 2.4. Түзүлгөн төлөм коду «Мекен-карт» АМС аркылуу басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. 2.5. Электрондук түрдө таризделген өтүнүч арыз ээсинин материалдарына тиркөө үчүн басып чыгарылат. Берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз ээсинин өздүк ишине тиркелет. | РАБдын кызматкери
| 10 мүнөт | Өтүнүчтү толтуруу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтому | |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: «Мекен-карт» АМСте электрондук түрдө өтүнүчтү каттоо | |||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөткө чейин | |||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||
3-жол-жобо: Комиссиянын чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө документтерди макулдашуусу жана кароосу | |||||
3.1. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу материалдарын региондор аралык бөлүмдөр кабыл алгандан кийин эки иш күндүн ичинде «Мекен-карт» АМС аркылуу улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга макулдашууга жана миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн жиберилет. 3.2. Улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу
3.3. Улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгарууга миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга АМС аркылуу жиберилген корутунду Комиссия тарабынан каралат. 3.4. Комиссия өтүнүчтү кароонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. 3.5. Баш тартылган учурда чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруудан баш тартылгандан тартып бир календардык жыл өткөндөн кийин кайрадан арыз менен кайрыла алат. 3.6. Комиссия чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө оң чечим кабыл алган учурда, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан «Мекен-карт» АМС аркылуу 7 иш күндүн ичинде материалдар Мекен-картты даярдоо үчүн КР СӨМгө караштуу “Инфоком” МИнин МЖБсына - даярдоочу ишканага жиберилет, андан тышкары Комиссия чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү региондор аралык бөлүмдөргө жана/же КТБга (өтүнүч берилген жерге карата) жиберилет. Региондор аралык бөлүмдөрдүн кызматкерлери АМСте андан ары сактоо үчүн түшкөн чечимди сканерлейт. | РАБдын кызматкери
КР ЭСКМ ИМД | 2 иш күндүн ичинде
- жалпы тартипте 60 календардык күнгө чейин; жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 30 календардык күнгө чейин
жалпы тартипте 30 календардык күнгө чейин; жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 15 календардык күнгө чейин
7 иш күндүн ичинде | Документтерди жиберүү
Өтүнүчтү макулдашуу
Документтерди кароо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтому | |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө маалыматтарды “Мекен-карт” АМСке киргизүү | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: Жалпы кароо мөөнөтү : - жалпы тартипте 99 күнгө чейин; жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 54 күнгө чейин. Комиссиянын кароо мөөнөтү: - жалпы тартипте 30 календардык күнгө чейин; -жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 15 календардык күнгө чейин. | |||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||
4-жол-жобо: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин картасын-документтерин жекелештирүү жана Мекен-картты берүү | |||||
4.1. Даярдоочу ишкана Мекен-картты даярдоого материалдар түшкөндөн тартып 5 иш күндүн ичинде Мекен-картты даярдайт жана өтүнүч берилген жерге карата Мекен-картты региондор аралык бөлүмдөргө жана/же КТБга жиберет. 4.2. Өтүнүч берген адамга Мекен-кат даярдалгандан кийин тийиштүү СМС-билдирүү жиберилет. 4.3. Оң чечим жөнүндө билдирүү алган чет өлкөлүк жаран өтүнүч берилген жер боюнча региондор аралык бөлүмдөргө жана/же КТБга Мекен-картты алуу үчүн кайрылат. 18 жашка толо элек адамдар үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылат. 4.4. Мекен-картты ээсине жана/же анын өкүлүнө берүүдө региондор аралык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - Мекен-карт даярдалган адам анын ээси экендигине күбөлөнүүгө; - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катта анын ээсинин өкүлүнүн даярдалган Мекен-картты алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган ыйгарым укуктары жазылгандыгына күбөлөнүүгө; - ээсине Мекен-картка киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого; - Мекен-карттын укуктук статусун, статустун токтотулушун жана ажыратылышын, каттоодон өтүү милдетин, ошондой эле өз убагында узартууну түшүндүрүүгө. Алмаштырыла турган Мекен-карт РАБдын жана/же КТБнын кызматкерине аны жараксыз абалга келтирүү үчүн кайтарылууга тийиш. Эскертүү: Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндөн тартып токсон иш күндүн ичинде барган жери боюнча региондор аралык бөлүмгө катталууга милдеттүү. Барган жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаңы жашаган жери боюнча каттоо тууралуу арыз менен каалаган региондор аралык бөлүмгө кайрылууга милдеттүү. | КР СӨМгө караштуу “Инфоком” МИнин МЖБсы
РАБдын кызматкери
| 5 иш күндүн ичинде
30 мүнөт |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө» токтому | |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Мекен-картты берүү | |||||
4-жол-жобонун узактыгы: 7 иш күнгө чейин | |||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдер) № 1 жол-жобо | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
№ 2 жол-жобо |
| ||||||||
|
|
|
|
| |||||
|
|
|
|
| |||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
|
|
|
| ||||||
|
|
|
| ||||||
|
| ||||||||
|
|
|
| ||||||
|
|
|
| ||||||
|
|
|
| ||||||
| |||||||||
| № 3 жол-жобо
|
|
|
|
| ||||
|
| ||||||||
| |||||||||
| |||||||||
|
|
| |||||||
|
|
| |||||||
| |||||||||
№ 4 жол-жобо
|
| ||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
| |||||||||
|
|
|
|
|
|
| |||
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо 6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт. 1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт. 2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан Административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. 3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт. 4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн Административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат. 7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле Административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. 2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет. Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте Административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет. 3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. 7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги 8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. 9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт. 8. Корутунду жоболор 10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш. 9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар: Турдубаева Г.Т. – ККБ МУИБдин башчысы Суеркулова Э.А. - ККБ МУИБдин башкы адис
| |||||||||