Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 18-ноябры № 57-чуа
«Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводдун объекттерин эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 29-январындагы №66-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен жана Мамкурулуштун Техникалык кеңешинин 2022-жылдын 30-августундагы протоколун эске алуу менен, буйрук кылам:
1. Жаңы көлөмдүү пландаштырууну, конструктордук чечимдерди жана рационалдуу пландаштырууну, жаңы курулуш материалдарын, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды, имараттарды, курулуштарды жана өндүрүштүк аянттарды инженердик жактан камсыз кылуу системаларын ишке киргизүүнү эсепке алуу менен, «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводдун объекттерин долбоорлоону жана курууну эксперименталдык объект деп эсептелсин.
11. Кытай Эл Республикасынын стандартын (КЭР) GB 50160-2008 “Нефтехимиялык ишканаларды өрткө каршы долбоорлоо боюнча стандарт” (2018-жылдагы басылышы) модернизациялоо мезгилинде “Чайна Петроль Компани “Джунда”
ЖЧКнын мунайды кайра иштетүүчү заводуна гана колдонулуучу стандарты ишке киргизилсин
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 29-январындагы №66-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2. Мамкурулуштун турак-жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде,
аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.Б.Адиевге жүктөлсүн.
Директор | Н.А. Джетыбаев |