Загрузка документа…
БУЙРУК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
2022-жылдын 18-ноябры № 56-нпа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 18-январындагы № 49-нпа “Балыкчы жана Каракол шаарларында канализацияны тазалоочу курулуштарын эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2022-жылдын 18-январындагы № 49-нпа “Балыкчы жана Каракол шаарларында канализацияны тазалоочу курулуштарын эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттагы “катары” деген сөздөн кийин “Чолпон-Ата,” деген сөз менен толукталсын;
2-пункттагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти” деген сөздөр “Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мамкурулуштун турак-жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде,
аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.Б.Адиевге жүктөлсүн.
Директор | Н.А. Джетыбаев |