Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу
2022-жылдын 26-декабры № 60-нпа
КР КЧ 31-08:2022 «Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери», КР КЧ 52-02:2022 «Бетон жана темир-бетон конструкциялары.
Негизги жоболор» жана КР КЧ 53-01:2022 «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу
Мектеп имараттарын, болот, бетон, темир-бетон буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо боюнча курулуш стандарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. КР КЧ 31-08:2022 «Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери», КР КЧ 52-02:2022 «Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор» жана КР КЧ 53-01:2022 «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чара көрсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында КР КЧжЭ 31-08:2013 «Мектеп имараттар. Долбоорлоонун ченемдери (нормалары)» КЧжЭ 2.03.01-84* «Бетон жана темир-бетон конструкциялары» жана КЧжЭ II-23-81* «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготсун.
4. Ушул буйрук 2023-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.Б. Адиевге жүктөлсүн.
Директор | Н.А. Джетыбаев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 81-чуа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ