Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели № 62
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Шайлоо системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоодон тышкары» деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Шаардын мэрин шайлоону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөндөлөт.»;
1-2) 7-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларында шаардын мэрин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү координациялоону ишке ашырышат.
2) 8-пункттагы «жана шаардык кеңештин регламенти менен» деген сөздөр алып салынсын;
3) 10-пункт алып салынсын;
4) 20-пункт алып салынсын;
5) 22-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде компьютердик ыкма менен даярдалат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынан көпчүлүгүнүн колтамгасы болгондо анык деп эсептелинет.»;
6) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шаардын мэрин шайлоо шаардык кеңештин жыйындары үчүн жайда өткөрүлөт.»;
7) 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шаардын мэрин шайлоо башталганга чейин аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун башталышы үчүн кворумдун болушун белгилейт.»;
8) 27-пунктта «эсептөө комиссиясы» деген сөздөр «аймактык шайлоо комиссиясы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Добуш берүүнүн алдында добуш берүүчү үкөк текшерилет, пломба коюлат жана комиссиянын төрагасы менен катчысынын колтамгасы коюлуп, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен чапталат.»;
10) 29-пункт төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын: «Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коёт, ал мурдатан түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын мөөрү менен бекемделет.»;
11) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Добуш берүүнүн бүтүшү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат. Колдонулбаган шайлоо бюллетендери эсептелет жана добуш берүү үчүн үкөктү ачканга чейин аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жок кылынат.»;
12) 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Добуштарды саноо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык-айкын ишке ашырылат жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз жүргүзүлөт.»;
13) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жокко чыгарылган бюллетендеринин саны жөнүндө жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизги маалыматтары добуш берүүчү жайда Протоколдун чоңойтулган формасында берилет жана толтурулат.;
14) 34-пунктта «эсептөө комиссиясы» деген сөздөр «аймактык шайлоо комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 35-пунктта
- «эсептөө комиссиясы» деген сөздөр «аймактык шайлоо комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
«Эгерде:
эки талапкер катталса жана алардын бирөөсү дагы добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирөөсү дагы добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алса, көп сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру ушул Жобонун 24-41 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
16) 36-пунктта:
- «эсептөө комиссиясы» деген сөздөр «аймактык шайлоо комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 37-пунктта:
«- эсептөө комиссиясы» деген сөздөр «аймактык шайлоо комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- «жана протокол шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет» деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжаларын аныктайт жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт, ага аймактык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү АШК мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгүнөн кем эмеси кол коёт.»;
18) 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бардык чапталган шайлоо документтери менен бирдикте (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.) Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет (1-нускасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиешелүү шаардык кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жиберилет, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкандардын бардыгына алардын талабы боюнча берилет.»;
19) 40-пункт алып салынсын;
20) 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын иш аракеттерине даттануу, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жана шаардын мэрин шайлоолордун натыйжаларынын өзүнө даттануу «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамда жана шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.».
21) 42, 43-пункттар жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |