Загрузка документа…
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-ж. «12» 04 № 01-13/96 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын рыногунда электр энергиясын эсепке алуу эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул эрежелер Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын рыногунда (мындан ары - ЭР) колдонулат жана төмөнкү эсептөөлөр үчүн милдеттүү болуп саналат:
- электр энергиясын өндүрүү;
- өткөрүүчү тармактар боюнча электр энергиясын берүү;
- электр энергиясын импорттоо жана экспорттоо;
- бөлүштүрүүчү электрдик тармактарга электр энергиясын берүү.
2. Электр энергиясынын рыногунда электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну, иш жүзүндөгү режимдердин негизинде электр энергиясын технологиялык жактан шексиз жоготууларды жана берүү тармактарындагы жоготууларды эсептөөнү Эсептөө борбору жүзөгө ашырат.
3. Электр энергиясынын рыногунда электр энергиясын эсепке алууну Эсептөө борбору Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган тутуму (мындан ары – МТИБТ) аркылуу жүзөгө ашырат.
4. ЭРдагы электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну Эсептөө борбору келишимдердин негизинде жүзөгө ашырат.
5. ЭРдагы электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу Эсептөө борбору тарабынан Лицензиаттардын баланстык буюмдарын бөлүү чегинде ошол түйүнүндө же электрдик тармактары боюнча жакын түйүндөрүндө орнотулган өлчөө топтомдорунан алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат. Өлчөө топтомунун элементи (элементтери) иштен чыккан учурда эсепке алуу келишимде бекитилген эсепке алуунун контролдук түйүндөрүнөн алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
6. Эсептөө мезгили үчүн берилген же алынган электр энергиясынын Эсептөө борборунун берген саны Лицензиаттардын ортосундагы төлөнүүгө тийиш болгон актыларды түзүү үчүн негиз болуп саналат.
7. Эсептөө борбору берилген маалыматтардын тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын өлчөмдөр бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт.
8. Эсептөө борборунун ЭДРда Лицензиаттар менен болгон өз ара мамилеси кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим, ушул эрежелер, Кыргыз Республикасынын өлчөмдөр бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдары жана башка ченемдик актылар менен жөнгө салынат.
2-глава. Терминдер жана түшүнүктөр
9. Ушул Эрежелерде төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Лицензиянын ээси – Кыргыз Республикасынын «Электр энергиясы жөнүндө» мыйзамына ылайык отун-энергетика топтомун (электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо) жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензияга ээ юридикалык жак;
Бөлүмдүн чеги – Лицензиаттардын электр орнотмосунун баланстык таандыктагы чеги;
Келишим – Лицензиаттардын ортосунда түзүлгөн жана электр энергиясын сатып алуу-сатуунун жана кызмат көрсөтүүнүн шарттарын аныктаган келишим;
Өлчөө комплекси – электр энергиясын эсептегичти, агын трансформаторун жана чыңалуу трансформаторун камтыган өлчөөчү топтому;
Импорттоочу – бир же бир нече өлкөдөн Кыргыз Республикасына электр энергиясын импорттоого лицензиясы бар юридикалык жак;
Коммерциялык каттоо – төлөнүшү тийиш болгон электр энергиясын эсепке алуу;
Электр энергиясын ири керектөөчүлөр (ЭИК) – ЭРде электр энергиясын сатып алуу укугуна ээ Электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн тизмегине кирген юридикалык жак;
Тутумдар аралык чубалгы – Кыргыз Республикасынын энергетика тутумун чет өлкөдөгү энергетика тутумдары менен туташтыруучу чубалгы;
Берүүчү уюм (Берүүчү) – электр энергиясын берүү лицензиясына ээ юридикалык жак;
Кайра сатуучу-керектөөчү- (КК) – жеке бөлүштүрүүчү тармактары боюнча электр энергиясын сатып алуу жана керектөөчүлөргө сатуу укугун берген, ЭР кайра сатуучу-керектөөчү лицензиясына ээ юридикалык жак;
Өндүрүүчү уюм (Өндүрүүчү) – электр энергиясын өндүрүү лицензиясына ээ юридикалык жак;
Бөлүштүрүүчү уюм (Бөлүштүрүүчү) – электр энергиясын бөлүштүрүү лицензиясына ээ юридикалык жак;
Эсептөө мезгили – келишим менен бекитилген эсептик ай;
Эсептөө борбору – электр энергиясынын (кубаттын) рыногунда өлчөөлөрдүн маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөткөн юридикалык жак;
Эсепке алуу түйүнү – өлчөөчү топтом менен жабдылган жана келишимде бекитилген түйүнү;
Экспорттун түйүнү – электр энергиясын экспорттоо жүзөгө ашырылган тутумдар аралык чубалгынын түйүнү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келет);
Импорттун түйүнү – электр энергиясын импорттоо жүзөгө ашырылган тутумдар аралык чубалгынын түйүнү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келет);
Агымдын түйүнү – электр энергиясын берүү жана кабыл алуу жүзөгө ашырылган тутумдар аралык чубалгынын түйүнү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келет). Агымды Тутумдук Оператор (Оператор) жүзөгө ашырат;
Эсепке алуу – электр энергиясын кол менен же маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн автоматтык тутумун колдонуу менен эсепке алуу;
Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган тутуму (МТИБТ) – аппаратттык каражаттардан (компьютерлер, серверлер, перифериялык түзүлмөлөр, маалыматтарды берүү каналдары, коммуникациялык түзүлмөлөр ж.б.) жана программалык камсыздандыруулардан (операциялык тутум, программалык тиркемелер ж.б.) турган, өлчөөлөрдүн маалыматтарын автоматтык түрдө топтогон жана иштеткен тутум;
Экспорттоочу – электр энергиясын Кыргыз Республикасынан бир же бир нече өлкөгө экпорттоо лицензиясына ээ юридикалык жак.
3-глава. Эсепке алуу боюнча маалыматтарды топтоонун мезгилдүүлүгү
10. Эсепке алуу борбору эсепке алуунун бардык коммерциялык жана контролдук түйүндөрүнөн маалыматтарды топтоону МТИБТ аркылуу жүзөгө ашырат.
11. Маалыматтарды топтоо жана берүү максатында:
1) Эсептөө борбору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- МТИБТнын аппараттык жана программалык камсыз кылуусунун ишке жөндөмдүүлүгүн;
- ЭДРнын лицензияланган катышуучуларынын серверлеринен (маалыматтар базасы) маалыматтарды топтоону;
2) Лицензиаттар төмөнкүлөр менен камсыз кылышат (110 кВ га чейинки тармактарга туташкан Өндүрүүчүлөрдөн тышкары):
- МТИБТга киргизилген эсепке алуу түйүндөрүнөн маалыматтарды топтоо;
- МТИБТга киргизилген өлчөө топтомунун иштешинин толуктугун жана тууралыгын;
- эсепке алуу тутумунун аппараттык жана программалык камсыз кылышынын, ошондой эле маалыматтарды топтоо тутумунда коммуникация каражаттарынын ишке жөндөмдүүлүгүн.
12. Электр энергиясын эсепке алуу боюнча маалыматтар Эсептөө борборунун МТИБТ автоматтык режиминде UTC+1 боюнча саат 00:00до белгиленет. Бул ар бир айдын биринчи күнүнүн Бишкек убактысы боюнча саат 05-00го туура келет. Маалыматтар жетишсиз болгон учурда, аларды топтоо жана иштетүү кийинки үч жумуш күнү ичинде, анын ичинде зарыл учурда кол менен жүргүзүлөт.
13. Эсептөө борбору ЭДнын лицензияланган катышуучуларынын келишимдеринин мөөнөттөрүнө ылайык Лицензиаттардын ортосундагы электр энергиясынын төлөнүүгө тийиш болгон санынын актыларына кол коет жана мөөр менен тастыктайт жана Лицензиаттарга кол коюу үчүн жөнөтөт.
4-глава. Өндүрүүчү чыгарган электр энергиясын эсепке алуу
14. Өндүрүүчү чыгарган жана төлөнүүгө жаткан электр энергиясынын саны ар бир электр чордону үчүн өзүнчө эсептелет.
15. Эсептөө борбору төмөнкүлөрдү эсепке алууга милдеттүү:
- Өндүрүүчү-Берүүчү жана Өндүрүүчү-Бөлүштүрүүчү бөлүмүнүн чегиндеги түйүндө Бөлүштүрүүчүгө жана Экспортчуга берилген электр энергиясынын саны;
- Өндүрүүчү-Берүүчү жана Өндүрүүчү-Бөлүштүрүүчү, Өндүрүүчү-Керектөөчү бөлүмүнүн чегиндеги түйүндө КК жана ИӨКкө берилген электр энергиясынын саны;
- электр энергиясынын тутумдар аралык агымынын түйүндөрүндө электр энергиясын кабыл алуунун жана берүүнүн саны.
16. Өндүрүүчү эсепке алынган мезгилде Бөлүштүрүүчүгө берген электр энергиясынын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
WР=WОт-WПЭ-WПотр
мында:
WОт – Өндүрүүчү-Берүүчү, Өндүрүүчү-Бөлүштүрүүчү жана Өндүрүүчү-Керектөөчү бөлүмүнүн чектериндеги түйүндөр боюнча Өндүрүүчү чыгарган электр энергиясынын суммалык саны;
WПЭ – 18-пунктта келтирилген формула боюнча аныкталган, Өндүрүүчү-Берүүчү жана Өндүрүүчү-Бөлүштүрүүчү бөлүмүнүн чегиндеги түйүндөр боюнча Өндүрүүчүнүн Экспортчуга берген электр энергиясынын саны;
WПотр – ЭР менен керектөөчүлөр (КК, ИӨК) үчүн электр энергиясынын келишимдик көлөмдөрү.
17. Оператор тарабынан Бөлүштүрүүчүгө агым боюнча берилген электр энергиясынын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
WР=WОт±WТП
мында:
WТП – тутумдар аралык чубалгы боюнча электр энергиясын кабыл алууда оң белги жана тутумдар аралык чубалгыга электр энергиясын берүүдө терс белги катары колдонулган, агымдын түйүнүндөгү эсепке алынган электр энергиясынын саны.
18. Эсепке алынган мезгилде Өндүрүүчүнүн Экспортчуга (WПЭ) берген электр энергиясынын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
WПЭ=WЭ+DWПП+DWПР
мында:
WЭ – экспорттун түйүнүндөгү Экспортчуга Берүүчү тарабынан берилген электр энергиясынын саны;
DWПП - экспорт боюнча келишимде белгиленген, берүүчү тармактар боюнча берүүдө электр энергиясынын жоголушунун көлөмү;
DWПР – экспорт боюнча келишимде белгиленген, бөлүштүрүүчү тармактар боюнча берүүдө электр энергиясынын жоголушунун көлөмү.
5-глава. Берүүчү берген электр энергиясын эсепке алуу
19. Берилген электр энергиясын эсепке алуу Өндүрүүчү-Берүүчү жана Өндүрүүчү-Бөлүштүрүүчү бөлүмдөрүнүн чегиндеги түйүндөр боюнча жана электр энергиясын импорттоо түйүндөр боюнча жүргүзүлөт.
20. КЭЭБ төмөнкүлөрдүн эсебин алууга милдеттүү:
- Импорт түйүнүндө Импортчунун Бөлүштүрүүчүгө (керектөөчүгө) берилген электр энергиясынын саны
- Экспорт түйүнүндө Берүүчүгө Экспортчу берген электр энергиясынын саны
- Бөлүштүрүүчү, Берүүчү-Керектөөчү бөлүмдөрүнүн чегиндеги түйүнүндөр боюнча Берүүчү берген электр энергиясынын саны
21. Эсептөө мезгилинде Берүүчү Бөлүштүрүүчүгө, Керектөөчүгө берген электр энергиясынын саны төмөнкү формула боюнча аныкталат:
WП=DWР+DWПотр+WImp
мында:
DWР+DWПотр - 110 кВ жана андан төмөн болгон электр тармактарына туташкан чордондордон тышкары чордондордо бөлүштүрүүчүгө жана Керектөөчүгө берилген электр энергиясынын суммалык саны;
WImp – Импортчу Берүүчүгө берген электр энергиясынын саны.
22. Эсептөө мезгилинде Берүүчү Экспортчуга (WЭ) берген электр энергиясынын саны Өндүрүүчү-Берүүчү бөлүмүнүн чегинде Экспортчуга Өндүрүүчү берген электр энергиясына барабар кабыл алынат.
6-глава. Электр энергиясын эсепке алууда өзгөчө абалдар
23. Эсепке алуу түйүндөрүнөн алынган маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн, ар бир эсепке алуу мезгили аяктагандан кийин он күн ичинде Эсепке алуу борбору алынган маалыматтардын негизинде ЭР боюнча электр энергетикалык балансты эсептөөгө милдеттүү.
24. Эгер ЭР боюнча баланс белгилүү бир түйүндө (түйүндөрдө) жол берилген чектен ашкандыгын көрсөтсө, анда Эсептөө борбору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өлчөөчү топтомдун иштен чыгышы тууралуу актыны түзүүгө;
- эсептөө мезгили үчүн төлөнүүгө тийиш болгон электр энергиясынын санынын актында алынган маалыматтарды колдонуу максатында кайрадан эсептөөнү жүргүзүү
25. Баланстын жол берилген жаңылыштыгынын чегин Эсептөө борбору энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген методика боюнча аныктайт.
7-глава. Берүү тармактарында электр энергиясын жоготууну эсептөө
26. Эсептөө борбору ар бир айдын 15-числосуна чейин мурунку айдын эсептөө мезгили үчүн иш жүзүндөгү режимдердин негизинде электр энергиясын технологиялык жоготууну эсептөөгө милдеттүү.
27. Эсептөө борбору кийинки айдын эсептөө мезгилинин 15-числосуна чейин Берүүчүгө жана Бөлүштүрүүчүгө берүү тармактарында электр энергиясын иш жүзүндө жоготуп алуу жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.