Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 26-майы № 5-д буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2023-жылдын 30-мартындагы
№ 1 буйругуна
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин ички кызматтын атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилери погондор болуп саналат.
1. Жогорку жетекчи курамдын погондору:
1) параддык погондор:
погондор тик бурчтуу, жогорку жээги трапеция түрүндө, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, погондун жээги темгил түстөгү милтеси менен. Погондун жогорку жагында алтын түстүү топчу жайгашкан. Погондо алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги жылдыз саймаланган. Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык – 50 мм;
2) күнүмдүк погондор:
погондор тик бурчтуу, жогорку жээги трапеция түрүндө (жүн кездемеден тигилген күрмөдө жана плащта – погондор тегеректелген жогорку жээги менен), зайтун түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, темгил түстөгү милтеси менен. Погондо алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги жылдыз саймаланган. Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет;
3) талаа погондору:
тик бурчтуу, тегеректелген жогорку жээги менен, коргоо түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен.
Жылдыздар, эмблемалар – коргоо түстө.
2. Улук, ортоңку, кенже жетекчи жана катардагы курамдын погондору:
4) параддык погондор:
тик бурчтуу тегеректелген жогорку жээги менен, алтын түстөгү галундан курбусу менен, темгил түстөгү милтеси менен. Жогорку бөлүгүндө алтын түстөгү топчу жана эмблема жайгашкан. Погондордо диаметри атайын наамга ылайык келген алтын түстөгү жылдыздар жайгашкан. Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет. Погондордун узундугу – 130 мм тартып 180 мм чейин, эни – 50 мм;
5) күнүмдүк погондор:
тик бурчтуу, жогорку жээги зайтун түстөгү трапеция түрүндө (жүн кездемеден тигилген күрмөдө жана плащта погондор тегеректелген жогорку жээги менен), темгил түстөгү милтеси менен. Жогорку бөлүгүндө алтын түстөгү топчу жана эмблема жайгашкан. Погондордо диаметри атайын наамга ылайык келген алтын түстөгү жылдыздар жайгашкан. Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет. Погондун узундугу – 130 мм тартып 180 мм чейин, эни – 50 мм;
6) талаа погондору:
тик бурчтуу, жогорку жээги камуфляж түстөгү кездемен конус түрүндө. Погондун жогорку бөлүгү топчуга топчуланат. Жылдыздар коргоо түстө. Погондун узундугу – 130 мм тартып 180 мм чейин, эни – 50 мм. Камуфляж түстөгү узундугу 50 мм жана эни 50 мм болгон чечилүүчү погондорго уруксат берилет;
7) кездемеден жасалган погондор:
погондор нооту кездемеден термопрессте даярдалат. Погонго ным туруктуулугун арттыруу үчүн полиэтилен катмары жаткырылат, андан соң нооту картонго чапталат. Погондун арткы жагы ак же кара түстөгү кебез кездеме менен чапталат. Погондун арткы жагында погонду бекитүү үчүн өткөргүч, тилче түрүндөгү жабдыктар жайгашкан;
8) тигилүүчү погондор:
тик бурчтуу, жогорку жээги тегеректелген, кочкул-жашыл же зайтун түстөгү атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, темгил түстөгү милтеси менен;
9) чечилүүчү погондор:
тик бурчтуу жогорку жээги трапеция түрүндө, көйнөккө бекитүү үчүн төмөн жагында ичке тарткыч жана өткөргүчү бар, ошондой эле жогору жагында топчулук жана ичке тарткычы менен, кочкул-жашыл түстөгү атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, темгил түстөгү милтеси менен.
Улук жетекчи курам үчүн – погондор эки аралыктуу, ортоңку жетекчи курам үчүн – бир аралыктуу, темгил түстө.
Катардагы курам үчүн – аралыксыз.
Погондордо жайгашат:
–.жогорку жетекчи курам үчүн – 22 мм диаметрлүү алтын түстөгү жылдыздар;
–.улук жетекчи курам үчүн – 20 мм диаметрлүү алтын түстөгү жылдыздар;
–.ортоңку жетекчи курам жана прапорщиктер үчүн – 13 мм диаметрлүү алтын түстөгү жылдыздар;
– сержанттар жана старшиналар үчүн – алтын түстөгү бурчтуу галундар.
Жылдыздардын жана галундардын саны атайын наамга ылайык келет.
3. Офицерлердин, прапорщиктердин погондорунда жылдыздардын жайгашуусу
№ | Атайын наам | Жылдыз дардын саны (даана) | Жылдыз дардын диаметри (мм) | Аралыгы (мм) | |
погондун төмөнкү жээгинен биринчи жылдыздын борборуна чейин | погонду жээктей жылдыздардын борборунун аралыгы | ||||
1 | Генерал-полковник | 3 | 22 | 25 | 25 |
2 | Генерал-лейтенант | 2 | 22 | 25 | 25 |
3 | Генерал-майор | 1 | 22 | 50 | - |
4 | Полковник | 3 | 20 | 30 | 25 |
5 | Подполковник | 2 | 20 | 30 | - |
6 | Майор | 1 | 20 | 50 | - |
7 | Капитан | 4 | 13 | 30 | 25 |
8 | Улук лейтенант | 3 | 13 | 30 | 25 |
9 | Лейтенант | 2 | 13 | 30 | - |
10 | Кенже лейтенант | 1 | 13 | 50 | - |
11 | Улук прапорщик | 3 | 13 | 30 | 25 |
12 | Прапорщик | 2 | 13 | 30 | 25 |
4. Сержанттардын, старшиналардын погондорунда галундардын жайгашуусу
№ | Атайын наам | Погондогу эндүү (30 мм) галундардын саны | Погондогу кууш (10 мм) галундардын саны | Погондун төмөнкү кырынан биринчи тигишине чейинки аралыгы (мм) |
1 | Старшина | 1 | - | 30 |
2 | Улук сержант | 1 | - | 30 |
3 | Сержант | - | 3 | 30 |
4 | Кенже сержант | - | 2 | 30 |
Галундун түсү – сары.