КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 07-майы № 71
Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоодо Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү жөнүндө
2012-жылдын 2-майында «Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоону дайын- доо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 66 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобонун 39-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо болду деп таанылсын.
2. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын Токмок шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
3. Оморканов Анварбек Насыбекович - Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.
Чүй облусунун Токмок шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |