Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 20-июлундагы №236 буйругунун
тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 285 буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда, ЖӨАБ органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү |
1. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы N 55 токтому менен бекитилген Автомобиль жолдорун башкаруу жөнүндө жобонун жана ТКМ жөнүндө жобонун негизинде автомобиль жолдору башкармалыгынын жалпы жетекчилигин ишке ашыруу. ТКМнин жетекчилигине жол башкармалыгына тиешелүү кадрларды дайындоо, аларды кызматынан жылдыруу, сыйлоо жана жазалоо, ошондой эле жол башкармалыгында мамлекеттик кызматкердин мамлекеттик кызматта иштеген мезгилдеги ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизүү. Жолдорду, курулуштарды, объекттерди жана мүлктөрдү оперативдүү башкарууга катышуу, жол уюмдарынын ишин жөнгө салуу. ТКМне караштуу Жол чарба департаментинин, ТКМне караштуу Кыргызавтожол мамлекеттик ишканысынын, жол тейлөө мекемелеринин өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү, баалоо жана жөнгө салуу, ошондой эле Кыргызжолтрансдолбоор ДИИ мамлекеттик ишканысынын ишин координациялоо.
| Төмөнкү учурларда мыйзам бузуулар болушу мүмкүн: – ТКМнин мамлекеттик мекемелеринин жана ишканаларынын жетекчилерин дайындоодо жана жылдырууда, кызмат адамдарын аттестациялоо учурунда мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү; – кызматтык милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштурууну, пландоону жана өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын бузуу мүмкүнчүлүгү; – коюлган милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды бурмалоо, ошондой эле мамлекетке зыян келтирген жол чарба объекттерине оң баа берүү; – белгиленген талаптарды бузуу менен автомобиль жолдорун курууга, оңдоого жана күтүүгө тендер өткөрүү; – ак ниет эмес субъекттердин тендерге катышуусуна жол берүү, алардын кызыкчылыктарын жылдыруу мүмкүнчүлүгүнүн болушу; – ТКМнин буйруктарын жана башка УЧАыларды иштеп чыгууда ишкердиктин айрым категорияларына белгилүү бир артыкчылыктарды берүүчү ченемдерди киргизүү; – жол куруу жаатында мамлекетке зыян келтирүүчү иштерди жүргүзүү жана туура эмес чечимдерди кабыл алуу; – жол тармагында ченемдик талаптарды жана стандарттарды бузуу менен иштерди жана иш-чараларды жүргүзүү; – мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө негизсиз жана туура эмес чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле мамлекет үчүн пайдалуу эмес шарттарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу. | Системалуу | Бийик
Орто | Автомобиль жолдору башкармалыгы | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Ыктымал тобокелдиктер жол курулушу тармагына, ошондой эле ага байланыштуу мамлекеттик органдардын сапаттык көрсөткүчтөрдү кабыл алуу жана техникалык регламенттерди сактоо боюнча ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
2. | Автомобиль жана темир жол транспортунун чөйрөсүндө ЧУАлардын долбоорлорун даярдоо жана жылдыруу боюнча иштерди уюштуруу. Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгын зарыл кадрлар менен толуктоо, аларды ротациялоо, сыйлоо жана тартиптик жаза колдонуу боюнча ТКМнин жетекчилигине сунуш киргизүү. Тармакты прогноздоо жана эффективдүү иштеши үчүн транспорт боюнча зарыл болгон маалыматтарды чогултуу иштерин уюштуруу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – ТКМнин буйруктарын иштеп чыгууда ишкердик ишмердиктин айрым категорияларына белгилүү артыкчылыктарды берүүчү ченемдерди киргизүү; – кызматтык (эмгектик) милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды жеке же топтук кызыкчылыктар үчүн пайдалануу, эгерде мындай маалымат расмий таркатылууга тийиш эмес болсо; – кызматтык милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштурууну, пландаштырууну жана өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын бузуу мүмкүндүгү.
| Системалуу | Бийик
Орто | Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
3. | Тиешелүү жылга ТКМнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу жана анын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо. ТКМнин ведомстволук уюмдарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын, штаттык ырааттамасын туура түзүүнү контролдоо. | Ведомствого караштуу уюмдарга бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө кызматтык ыйгарым укуктарды пайдалануу. Кызматтык (эмгектик) милдеттерине ылайык чечим кабыл алууну талап кылган учурларда аракет кылуу же аракетсиздик. | Системалуу | Бийик
Орто
| Экономика, талдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана стратегиялык пландаштыруу башкармалыгы | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Ыктымал тобокелдиктер мамлекеттик каржылоо жана экономикалык пландоо чөйрөсүндө контролдук-тескөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
4. | Жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы контролдук-көзөмөл бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти ишке ашыруу жана контролдук-көзөмөл бөлүмдөрүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алуу. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жол кыймылынын коопсуздугуна текшерүү жүргүзүү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана/же бекитүү. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү. | Суу транспорту жана сүзүүчү каражаттар, темир жол транспорту, дөңгөлөктүү транспорт каражаттары чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин жөнгө салуучу ЧУАылардын талаптарын бузуу мүмкүндүгү.
| Системалуу | Бийик
Бийик | Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
Жол кыймылынын коопсуздугунун аудитөө сектору | Башчы
Сектор башчысы
Башкы инспектор
Улук инспектор
Инспектор | Ыктымал болгон тобокелдиктер техникалык регламенттерге көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө контролдук-текшерүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, эл аралык ченемдер, ЕАЭБ ченемдери жана ички мыйзамдар менен белгиленген мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
5. | ТКМнин борбордук аппаратында бош мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлардын резервин түзүү, карьералык пландоо жана кадрларды өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу. ТКМнин кызматкерлерин ротациялоо схемасын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо. ТКМнин кызматкерлери эмгек тартибин жана ички эмгек тартибин сактоосуна контролдук кылуу. Чет өлкөлөргө стажировкага, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберилген кызматкерлерди тандоо жана эсепке алууну жүргүзүү. Тармактын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана ТКМнин сыйлыктарына көрсөтүү. Кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишин уюштуруу, эмгек жана аткаруу тартибин бузууга жол берген ТКМнин борбордук аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына тартиптик жаза колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – ТКМнин борбордук аппаратында ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын, бош мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурсту уюштурууну жөнгө салуучу актылардын талаптарын бузуу мүмкүндүгү; – сыйлыктарга көрсөтүү; – ТКМнин борбордук аппаратынын мамлекеттик кызматчылары тарабынан эмгек жана аткаруу тартибин бузууларды эсепке алуу, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу; – жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы); – кызматкерге бир жактуу мамиле; – структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери/кызматкерле-ри/конкурстук комиссиянын жана баалоо комиссиясынын мүчөлөрү менен макулдашуу мүмкүндүгү. | Системалуу | Орто
Төмөн | Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Ыктымал болгон тобокелдиктер мамлекеттик кызматкерлердин ишин жөнгө салуу чөйрөсүндө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
6. | ЧУАылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, кароо жана бекитүү. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын кароо. ТКМнин түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын ишин укуктук камсыздоо жана укуктук камсыздоо боюнча координациялоо жана ТКМнин ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоо. Укуктук экспертиза жүргүзүү жана корутундуларды берүү. ТКМнин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сот органдарында көрсөтүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын кароонун жыйынтыгы боюнча бузуу фактыларын жашыруу; – кызыкдар адам үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн доо коюуда сүйлөшүп алууларга жол берилиши (доону кайтарып берүү жана/же кароосуз калтыруу, соттук териштирүүнү кечеңдетүү); – ишкердик субъекттеринин жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип жылдыруу: – атайылап негизсиз укуктук корутундуларды чыгаруу; – сот ишин сотто кароо; – доону өзгөртүү, укук бузуучунун пайдасына доону четке кагуу боюнча дискрециялык ыйгарым укуктарды пайдалануу. | Системалуу | Орто
Төмөн | Юридикалык бөлүм | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
| Ыктымал болгон коррупциялык тобокелдиктер укуктук жөнгө салуу жана мамлекеттик органдын укуктук кызыкчылыктарын коргоо жүргүзүлгөн башка мамлекеттик органдардын ишине да тиешелүү болушу мүмкүн. |
7. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине, ТКМнин Регламентине, Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык ишти уюштуруу. Жогорку мамлекеттик органдардын жана ТКМнин жетекчилигинин көрсөтмөлөрүнүн жана ЧУАылардын аткарылышын контролдоо. ТКМнин түзүмдүк бөлүмдөрүндө, ТКМнин ведомстволук уюмдарында аткаруучулук тартиптин абалына талдоо жүргүзүү, ТКМнин жетекчилиги үчүн контролдук документтерди аткаруу тартибинин жалпы абалы боюнча материалдарды даярдоо. ТКМнин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча ТКМнин ведомстволук ишканаларынын жана уюмдарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ишин текшерүүнү уюштуруу, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ТКМнин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды киргизүү.
| Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – ведомстволук уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин сактабоо фактыларын жашыруу мүмкүндүгү; – ТКМнин түзүмдүк бөлүмдөрүндө, ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында аткаруучулук тартиптин абалын жашыруу, аткаруу тартибин бузган ТКМнин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, уюмдарынын жана ишканаларынын айрым жетекчилерин жоопкерчиликтен куткарууга аракет кылуу.
| Кырдаалдык | Орто
Төмөн | Чечимдердин аткарылышын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
| Коррупциялык тобокелдиктер МТКнын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн. |
8. | Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн жана саясатынын багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу: - Жол-транспорттук комплекси чөйрөсүндө министрликтин эл аралык кызматташтыгынын бардык түрлөрүн уюштуруу жана координациялоо; - Чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана аймактык уюмдар, анын ичинде Эл аралык программалар менен эл аралык кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү боюнча министрликтин консолидацияланган позициясын түзүү; - Эл аралык иш-чараларды, анын ичинде министрликке расмий чет элдик делегациялардын жана комиссиялардын визиттерин уюштуруу жана протоколдук камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын жол-транспорттук комплексинин Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүү тартибин координациялоо, ошондой эле ЕЭК менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - Министрликтин эл аралык конференцияларга, семинарларга, окутуу жана тажрыйба алмашуу программаларына катышуусун уюштуруу; - Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн министрлик катышкан эл аралык макулдашууларды, программаларды, долбоорлорду жана келишимдерди иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча ишмердүүлүгүн координациялоо; - Эл аралык келишимдерге эксперттик баа берүү; - Министрликтин эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишмердүүлүгүн талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча министрликтин жетекчилигине сунуштарды даярдоо. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: - кызматтык иште маанилүү элемент болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; - министрликтин кызматтык маалыматын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана аймактык уюмдар, анын ичинде Эл аралык программалар менен эл аралык кызматташтыкты түзүүдө жана өнүктүрүүдө пайдакөйлүк максатында пайдалануу; - кызматтык милдеттерде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, жергиликтүү актылардын талаптарын бузуу. | Кырдаалдык | Орто
Төмөн | Тышкы байланыштар жана интеграция бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Коррупциялык тобокелдиктер МТКнын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн. |
9. | Орнотулган эрежелердин негизинде бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жалпы уюштурууну ишке ашыруу. ТКМнин борбордук аппаратынын отчеттук финансылык жылга чыгымдар сметасын (бюджеттик жана атайын каражаттарды) түзүүгө катышуу. ТКМнин борбордук аппаратынын дебитордук жана кредитордук карыздарына туруктуу контролду ишке ашыруу. ТКМнин борбордук аппараты жана автомобиль жолдорун реабилитациялоо долбоорлук иштери боюнча негизги каражаттарды жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүүгө көзөмөлдү ишке ашыруу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – бюджеттик каражаттарды жана тармактагы кирешелүү ишмердиктен алынган каражаттарды максатсыз пайдалануу мүмкүндүгү; – мекеменин мүлкүн (жабдууларды, жайларды ж.б.) максатсыз пайдалануу; – кызматтык милдеттерин жана кызмат абалын ач көздүк менен пайдалануудан мыйзамсыз киреше алуу мүмкүндүгү.
| Потенциалдуу | Бийик
Орто
| Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Ыктымал тобокелдиктер мамлекеттик каржылоо жана экономикалык пландоо чөйрөсүндө контролдук-тескөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
10. | Маалыматтык жана санариптик технологиялар жаатындагы долбоорлорду талкуулоо боюнча кызыкдар тараптар менен жумушчу жолугушууларды уюштуруу, киргизүү жана өткөрүү. | Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болуусу мүмкүн, туура эмес маалымат берүү.
| Кырдаалдык | Бийик
Орто
| Санариптик өнүктүрүү сектору | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
| Ыктымал болгон тобокелдиктер санариптик коопсуздукту жана маалыматтык технологияларды камсыздоо чөйрөсүндө контролдук-жөнгө салуучу функцияларды ишке ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
11. | ТКМнин жана анын ведомстволук түзүмдөрүнүн ишин маалыматтык камсыздоо. ТКМнин системасынын ишмердүүлүгүн ММКда чагылдыруу боюнча макалаларды талдоо, анын ичинде, ТКМнин жетекчилигине тармактагы мыйзам бузууларды чагылдыруу жөнүндө, мыйзамдарды бузуу фактыларын камтыган басылмалар жөнүндө маалыматтарды жеткирүү. Жарыяланган терс мазмундагы материалдарда чагылдырылган кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө ЖМКга жоопторду даярдоо. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактыларын камтыган басылмалардын фактыларынын жашыруу мүмкүндүгү; – айрым адамдардын мыйзам бузууларын ачыкка чыгаруу жөнүндө коркутууларды ишке ашыруу жана мындай бузуулар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына берүү. | Кырдаалдык | Орто
Томөн
| Маалыматтык саясат сектору | Пресс-катчы - Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
| Коррупциялык тобокелдиктер МТКнын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн. |
12. | Сектордун атайын жана мобилизациялык иштерин кызматтык нускамаларга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырууда: - Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүндө жашыруун иш кагаздарын жана "Кызматтык пайдалануу үчүн" (КСҮ) грифи коюлган документтердин, иштердин номенклатурасын жүргүзүүнү уюштурат жана камсыздайт; - Министрликке фельдъегердик байланыш жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин атайын байланышы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан атайын келген жашыруун документтердин жана КСҮ документтеринин аткарылыш мөөнөттөрүн эсепке алууну жана контролдоону камсыздайт; - Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кирүүчү жашыруун документтер жана КСҮ документтери, кызматтык документтер менен ыкчам таанышууну камсыздайт; - Министрликтин негизги ишмердүүлүгү боюнча жашыруун, КСҮ, буйруктарды жана документтерди каттайт; - Сактоо мөөнөтү туруктуу жана убактылуу болгон Министрликтин негизги ишмердүүлүгү боюнча жашыруун документтердин жана КСҮ документтеринин, буйруктардын түп нускаларын эсепке алууну жана сактоону уюштурат. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: - Министрликтин кызматтык маалыматын өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу; - Кызматтык ишмердүүлүктүн маанилүү элементи болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; - Кызматтык милдеттерде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, жергиликтүү актылардын талаптарын бузуу. | Системалуу | Бийик
Орто
| Атайы жана мобилизациялык иштер сектору | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
| Ыктымал коррупциялык тобокелдиктер МТКнын жана кызматтык адистештирилген маалымат менен иш жүргүзгөн башка мамлекеттик органдардын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн. |
13. | ТКМнин тармактарында коррупциялык тобокелдиктерге баа берүүнү жана башкарууну жүргүзүү, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу (башкаруу) боюнча сунуштарды даярдоо. Кызыкчылыктардын карама-каршылыгына алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо жана чечүү боюнча иштерди жүргүзүү. ТКМнин бөлүмдөрү жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары жана кайрылуулары менен иштөөсүнө, анын ичинде “ишеним телефону” жана электрондук почта аркылуу келип түшкөн кайрылуулар менен иштөөсүнө, аларда коррупциялык фактылар жөнүндө маалыматтардын болушуна талдоо жүргүзүү, мындай каттарды жана кайрылууларды текшерүү, коррупциялык тобокелдиктерди жана укук бузууларды четтетүү боюнча жумушчу комиссиялардын ишине катышуу, коррупциялык тобокелдиктерди жана бузууларды чечүү маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо. Коррупция маселелери, коррупциялык факторлор жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолорго мониторинг жүргүзүү боюнча материалдарды даярдоо жана ТКМнин жетекчилигине берүү, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо, алардын укуктарын коррупциялык кол салуулардан коргоо, коррупциянын алдын алуу жаатында мамлекеттик органдын жарандык сектор менен өз ара аракеттенүү практикасын талдоо. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – кызыкчылыктар кагылышынын белгилүү фактыларын жашыруу мүмкүндүгү; – ТКМнин кызматкерлери тарабынан коррупциялык укук бузуулардын белгилүү фактыларын жашыруу мүмкүндүгү, мындай кызматкерлерге коррупцияга каршы мыйзамдарга ылайык тиешелүү чараларды көрбөө.
| Кырдаалдык | Бийик | Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | Коррупциялык тобокелдиктер МТКнын ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн. |
14. | Конкурстук документтердеги критерийлерди бекитүү. Конкурстук арыздарды баалоо. Сатып алуу жол-жоболорунун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечимди кабыл алуу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы); – конкурстук комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн мүмкүн болгон макулдашып алуусу; – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү айрым жеткирип берүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын жылдыруу мүмкүндүгү. | Потенциалдуу | Бийик | Сатып алуулар боюнча конкурстук комиссиянын мүчөсү
| Сатып алуулар боюнча конкурстук комиссиянын мүчөсү
| Ыктымал болгон тобокелдиктер мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө боюнча иш жүргүзгөн мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
15. | Департаменттин ишмердигине жалпы жетекчиликти жеке башкаруу принциптеринде ишке ашыруу, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алуу. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону жана Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитүү. Департаменттин директорунун орун басарларына ыйгарым укуктарды белгилөө, Департаменттин компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн аткарууну өткөрүп берүү. Департаменттин жана анын аймактык башкармалыктарынын түзүмүн, башкаруу схемасын жана штаттык санын ТКМнин бекитүүсүнө киргизүү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык борбордук аппараттын кызматкерлерин, аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарларын, аймактык башкармалыктардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана Департаменттин жана башка адамдарын кызматка дайындоо жана бошотуу ТКМги тарабынан аныкталган кызматтык орундардын номенклатурасына ылайык жүргүзүлөт. Борбордук аппараттын кызматкерлерине, аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарларына, Департаменттин аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине сыйлоо жана тартиптик жазалоо чаралары. Департаменттин компетенциясынын чегинде бардык кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон Департаменттин буйруктарын жана башка тескемелерин чыгаруу. Департаменттин аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйруктарын жана тескемелерин жокко чыгаруу. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Департаменттин аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин докладдарын жана билдирүүлөрүн угуу, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кеңешмелерди өткөрүү. ТКМне Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте Департаменттин мамлекеттик жарандык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу боюнча сунуштарды киргизүү. ТКМне, Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана транспортто чарба жүргүзгөн субъекттердин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башкармалыктын мүлкүн жана каражаттарын тескөөгө Департаменттин атынан ишеним кат берүү. ТКМнин буйругунун негизинде, акча каражаттарын тескөө жана мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү, бүтүмдөрдү, макулдашууларды, келишимдерди түзүү жана аларды аткаруу боюнча чараларды көрүү, Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу жөнүндө, ошондой эле аларды сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча ТКМнин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу мүмкүндүгү; – Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоодо мыйзамда каралбаган жеңилдиктерди берүү (протекционизм); – кызматтык милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштурууну, пландаштырууну жана өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын бузуу. | Системалуу | Бийик | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жер үстүндөгү жана суу транспорту департаменти. (Департамент) | Директор | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
16. | Кыргыз Республикасында эл аралык автомобилде жүк ташууну калыптандыруу жана өнүктүрүү жана аларды эл аралык транспорт системасына интеграциялоо. Башка мамлекеттердин компетенттүү органдарынын алдында Кыргыз Республикасынын автомобилде жүк ташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо. Өз компетенциясынын чегинде автомобиль жана суу транспорту, мамлекеттер аралык жана тышкы экономикалык байланыштар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу, транспорт комплексинин өнүгүү багыттарына мониторинг жүргүзүү. Ата мекендик жүк ташуучуларга чет мамлекеттердин аймагы аркылуу жүрүүгө, эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө/дөн ташууга уруксат берүүнү камсыз кылуу. Тышкы автотранспорт кызматтарын изилдөө. Эл аралык автомобилде жүк ташуу чөйрөсүндө чет мамлекеттер менен эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо. Эл аралык жүк ташуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттешүү. Түзүлгөн эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарынын чет мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүсүнө уруксат берүүчү документтердин зарыл санын алууну камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын транспорт каражаттарына чет мамлекеттердин аймагы аркылуу жүрүүсүнө уруксат берүү. Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарынын чет мамлекеттердин аймактарына жана чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу жана транзиттик жүрүшү жөнүндө маалыматтарды даярдоо. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча эл аралык автомобиль ташууларынын катышуучуларына визалык колдоо көрсөтүү. Тиешелүү мамлекеттердин компетенттүү транспорттук органдары менен эл аралык автобустук каттамдарды ачууга уруксаттарды макулдашуу. Ата-мекендик автотранспортчуларга эл аралык автотранспорттук ташуулардын шарттары жана тартиби жөнүндө акысыз кызматтарды көрсөтүү жана зарыл маалыматтарды берүү. Жеке жана юридикалык жактардын каттары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү уюштуруу. Транспорттук жана автомобиль транспортун эксплуатациялоого байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөр рыногунун нормалдуу иштеши үчүн шарттарды түзүү, транспорттук кызмат көрсөтүүдө сергек атаандаштыкты өнүктүрүү. Транспорт чөйрөсүндөгү чарбакер субъекттердин транспорттук ишин жөнгө салуу. Юридикалык жана жеке жактардан лицензия алуу үчүн келип түшкөн арыздарды жана документтерди кароо. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу туруктуу эл аралык каттамдарда жүргөн чет өлкөлүк ташуучулардын автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө уруксат берүү. Юридикалык жана жеке жактар тарабынан эл аралык ташууда жүк ташууну уюштурууга лицензия берүү. Автомобиль транспортунун ишин, уруксаттарды жана лицензияларды берүүнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу. Эл аралык жана облустар аралык катнаш үчүн автобустук каттамдарды ачуу. Эл аралык жана аймактар аралык каттамдардын схемаларын түзүү. Ташуучулардын өтүнүчү боюнча автобустардын маршруттарынын схемаларын жана графиктерин макулдашуу. Облустар аралык автобустук каттамдардын ырааттамасын иштеп чыгуу жана графигин түзүү. Эл аралык жана облустар аралык кыймыл үчүн автобустук каттамдарды жүк ташуучуларга бекитип берүү боюнча Департаменттин тиешелүү чечимдерин даярдоо. Калктан жана жүргүнчүлөрдөн түшкөн арыздар жана даттануулар боюнча иш алып баруу, аларды текшерүүнү уюштуруу жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү. Андан ары тейлөө үчүн каттамдар дайындалган юридикалык жактар менен келишимдерди түзүү. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режиминин графигин макулдашуу. Лицензияларды берүү боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти директордун орун басары катары жана директордун милдеттерин убактылуу аткарган учурларда жүзөгө ашырууда жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Департаменттин бардык кызматкерлеринин ишине таасир этүү мүмкүндүгү; – кызматтык (эмгектик) милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды жеке же топтук кызыкчылыктар үчүн пайдалануу, эгерде мындай маалымат расмий таркатылууга тийиш эмес болсо; – кызматтык милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштурууну, пландоону жана өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын бузуу; – белгиленген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык чет мамлекеттерден, Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын ушул мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүшүнө уруксат берүүчү жеке же юридикалык жактардын документтеринин зарыл санын алууну камсыз кылууда. | Системалуу | Бийик | Департамент | Директордун орун басары | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
17. | Департамент жөнүндө жобонун, Департаменттин жетекчилигинин чечимдеринин жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчилик кылуу жана башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти тартуу. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн ишин учурдагы жана перспективдүү пландаштырууну ишке ашыруу, транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрүү, алдыга коюлган милдеттердин жана тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын контролдоо. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнө жүктөлгөн тапшырмалардын жана көрсөтмөлөрдүн аткарылышын уюштуруу. Департаменттин директорунун буйругу менен түзүлгөн комиссиялардын ишине жетекчилик кылуу. Транспорттук көзөмөл бөлүмүндө ички иш күнүнүн жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу, инспекторлорду кызматтан бошотуу, кезектеги эс алуу өргүүсүнө жиберүү, транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлерин сыйлоо жана тартиптик жазаларды колдонуу боюнча Департаменттин жетекчилигине сунуштарды киргизүү. Лицензиялоо жана транспорт мыйзамдарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чарба жүргүзүү субъекттерине жана транспорттук контролдун субъекттерине бериле турган жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү макулдашуу. Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнө алардын ишин текшерүүдө аныкталган бузууларды четтетүү боюнча берилген сунуштамаларды макулдашуу. Транспорттук ишмердикти жана кызмат көрсөтүүлөрдү текшерүү маселелери боюнча буйруктардын, Департаменттин жетекчилигинин буйруктарынын долбоорлорун жана башка маалыматтык материалдарды даярдоо жана бекитүү. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан административдик укук бузуу жөнүндө өндүрүштө Кыргыз Республикасынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарынын туура колдонулушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү. Департаменттин башкармалыктарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн инспекторлорунун үстүнөн арыздарды кароо. Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, аттестациялоо боюнча иш-чараларга катышуу. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору үчүн иш буйруктарынын бланктарын, инспекторлордун нөөмөт графиктерин жана рейддик текшерүүлөрдү, буйруктардын долбоорлорун берүү жана кол коюу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, башкармалыктын кызматкерлеринин жана Департаменттин аймактык башкармалыктарынын транспорттук көзөмөл бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине таасир көрсөтүүдөн пайдалануу; – кызмат адамдары тарабынан жарандардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген ЧУАнын талаптарын бузуу; – жүк ташуучулар жүргүнчү жана жүк ташуунун тартибин сактоо боюнча талаптарды аткарбаган, лицензиялык шарттарды, келишимдерди, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин сактабаган учурда жеке же юридикалык жактын кызыкчылыктарын колдоо; – эл аралык автомобилде жүк ташуулар жөнүндө эл аралык келишимдердин, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташуу боюнча конвенциялардын жана эрежелердин талаптары ата мекендик жана чет өлкөлүк автомобилде жүк ташуучулар тарабынан аткарылышына транспорттук контролду жүзөгө ашырууда. | Системалуу | Бийик
Бийик
| Департаменттин транспорттук көзөмөл башкармалыгы | Башчы
Башкы инспектор
Улук инспектор
Инспектор | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
18. | Департаменттин транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнө жалпы жетекчиликти жүргүзүү жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти алуу. Транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн ишин учурдагы жана перспективдүү пландаштырууну ишке ашыруу, иш пландарын бекитүүгө берүү, транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу, алардын ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү, өз убагында жана жогорку деңгээлде аткарылышын контролдоо, милдеттерди жана тапшырмаларды сапаттуу аткарууга көзөмөл жүргүзүү. Транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана милдеттерди аткарууну уюштуруу. Департаменттин инспекциялык иш боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн отчетторун кабыл алуу, алардын жыйынтыктарын талдоо жана жалпылоо, алардын өз убагында берилишин контролдоо. Департаменттин аймактык башкармалыктарынын текшерүү бөлүмдөрүнүн ишин контролдоону ишке ашыруу. Департаменттин транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана аймактык бөлүмдөрүнүн инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу, транспорттук көзөмөлдү ишке ашыруунун алдынкы тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү. Департаменттин башка мамлекеттик контролдоочу органдар менен автомобиль транспортунун ишине контролдукту ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттешүүсү боюнча иштерди жүргүзүү. Департаменттин директорунун буйругу менен түзүлгөн комиссиялардын ишине жетекчилик кылуу. Транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүндө эрежелердин жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу, кезектеги эс алуу өргүүсүн берүү, транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн кызматкерлерин сыйлоо жана тартиптик жазаларды колдонуу боюнча сунуштарды киргизүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн жана Департаменттин аймактык башкармалыктарынын транспорттук көзөмөл бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө таасир көрсөтүүдөн пайдалануу; – ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимин, буйругун, жазуу жүзүндөгү эскертүүсүн же талабын аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо (ыйгарым укуктуу органдын тышкы миграция жаатындагы укук бузууларды четтетүү жөнүндө буйругун кошпогондо); – Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнүн транспорттук контролду жүзөгө ашыруу боюнча ишин текшерүүдө, контролдоодо жана координациялоодо. | Системалуу | Бийик
Бийик | Департаменттин транспорт көзөмөлүн координациялоо бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
19. | Департаменттин техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнө жалпы жетекчиликти жүргүзүү жана техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти алуу. Техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнүн ишин учурдагы жана перспективдүү пландаштырууну ишке ашыруу, бөлүмдөрдүн иш пландарын бекитүүгө берүү, техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу, алардын ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү, милдеттердин жана тапшырмалардын сапаттуу, өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө. Техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды аткарууну уюштуруу. Транспорттук контролдоо пункттарын техникалык жактан өнүктүрүүнүн техникалык саясатын жана багытын аныктоо, реконструкциялоонун жолдору, келечекте адистештирүүнүн деңгээли. Транспорттук контролдоо пункттарынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана кадрларды даярдоону тынымсыз жакшыртууну камсыз кылуу. Транспорттук контролдоо пункттарын курууну, ремонттоону жана тейлөөнү ишке ашырууну камсыз кылуу, ресурстарды максаттуу жана рационалдуу пайдалануу. Транспорттук контролдоо пункттарын куруунун, реконструкциялоонун, оңдоонун, тейлөөнүн перспективдүү жана учурдагы пландарын, ошондой эле, жаңы транспорттук башкаруу пункттарын ишке киргизүү пландарын иштеп чыгууга жетекчилик жүргүзүү. Транспорттук контролдоо пункттары боюнча долбоордук-сметалык документтерди жана материалдарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын болушун камсыз кылуу. Транспорттук контролдоо пункттарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык нормалар, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо, жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышын контролдоону, ошондой эле, бардык курулуш, монтаждоо мөөнөттөрүнө жана сапатына, пункттардагы жана башка жумуштарды транспорттук контролдоо, алардын бекитилген долбоордук-сметалык документтерге, курулуш нормаларына, эрежелерине, стандарттарына жана техникалык шарттарга ылайык келишине техникалык көзөмөлдү жана контролдоону камсыз кылуу. Жабдууларды жана курулуш материалдарын сатып алууга бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышын контролдоого катышуу, жабдууларды жана курулуш материалдарын сактоонун жана сакталыш сапатынын эрежелерине ылайык иш жүргүзүү. Курулуш объекттерин тапшыруу, кабыл алуу жана ишке киргизүү боюнча иштерге катышуу. Транспорттук башкаруу пункттарын куруу, оңдоо жана тейлөө боюнча эсеп жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу. Департаментке баш ийген бөлүмдөрдүн берилген жалпы тапшырмаларды жана иштерди аткаруусун, айрым тапшырмалардын жана милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын контролдоо. Департаменттин мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссиясына катышуу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Департаменттин аймактык бөлүмдөрүн техникалык камсыздоого тартылган транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишине таасир көрсөтүүнү пайдалануу; – кызмат адамдары тарабынан ЧУАыларынын талаптарын бузуу, жарандардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет; – негизги жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу келишимдерин макулдашууда, жеке же юридикалык жактардын кызыкчылыктарын лоббирлөөдө. | Системалуу | Бийик
Бийик | Департаменттин техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
20. | Департаменттин уюштуруу-укуктук иштер бөлүмүнүн жалпы жетекчилигин ишке ашыруу. Департаменттин иш кагаздарын жүргүзүүнү жана пландоону уюштуруу. Долбоорлорду даярдоону жана укуктук жана кадрдык ЧУАыларын ишке ашырууну уюштуруу. Уюштуруу-укуктук иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин кызматка дайындоо, которуу, бошотуу, сыйлоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча башкармалыктын жетекчилигине сунуш киргизүү. Бош кызмат орундарын ээлөөгө сынактарды уюштуруу, класстык чендерди ыйгаруу үчүн департаменттин мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоо. Кадрлардын ички резервин белгиленген тартипте түзүү. Департаменттин мамлекеттик кызматчыларынын окуусун, квалификациясын жогорулатууну пландаштырууну жана өткөрүүнү уюштуруу. Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо үчүн документтерди даярдоону уюштуруу. Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан эмгек мыйзамдарынын, укуктук жана кадрдык маселелер боюнча жогору турган органдардын токтомдорунун, буйруктарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу. Эмгек мыйзамдарын сактоо, эмгекти уюштуруу маселелери боюнча жарандардын каттарын жана арыздарын кароо. Уюштуруу-укуктук иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоо, тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча сунуштарды киргизүү. Департаменттин уюштуруу-укуктук иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ички иш тартибин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин уюштуруу-укуктук иштер бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда, Департаменттин аймактык башкармалыктарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кадрдык-укуктук иштерге тартылган кызматкерлеринин ишине таасир көрсөтүүнү пайдалануу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу; – Департаменттин борбордук аппаратында ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын, бош мамлекеттик администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө конкурсту уюштурууну жөнгө салуучу актылардын талаптарын бузуу мүмкүндүгү; – Департаменттин борбордук аппаратынын мамлекеттик кызматкерлери эмгек жана аткаруу тартибин бузууларын каттоо, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу. | Системалуу | Бийик
Орто | Департаменттин уюштуруу-укуктук иштер бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
21. | Департаменттин чарбалык-финансылык ишин жалпы уюштурууну, бухгалтердик эсепти, ошондой эле материалдык жана финансылык ресурстардын үнөмдүү пайдаланылышына контролдукту ишке ашыруу. Департаменттин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмү боюнча сунуштарды кароо жана даярдоо. Бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык Департаменттин ишмердигин эсепке алуу саясатын түзүү, бул Департаменттин ишинин финансылык абалын жана натыйжаларын пландаштыруу, талдоо, контролдоо, баалоо үчүн өз убагында маалыматты алууга мүмкүндүк берет. Алгачкы учеттук документтерди тариздөө тартибин контролдоону камсыз кылуу. Акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги, мыйзамсыз чыгымдалышы боюнча документтерди түзүүгө катышуу, зарыл болгон учурда бул материалдардын тергөө жана сот органдарына өткөрүлүп берилишин контролдоо. Каражаттардын бюджеттеринин аткарылышы жана чыгашалар сметасы жөнүндө отчетту түзүүнү камсыз кылуу, зарыл болгон бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту түзүү, аларды белгиленген тартипте тиешелүү органдарга берүү. Бөлүмдү кармоого чыгымдардын сметасын түзүү. Департаментти тейлөө боюнча чыгымдардын сметасын түзүү. Бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмүнүн кызматкерлерине жетекчилик кылуу, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу. Департаменттин бюджетин түзүү үчүн бюджеттик каржылоонун эсептөөлөрүн контролдук цифраларга ылайык жүргүзүү. Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнүн жылдык жана кварталдык отчетторун текшерүү жана Департаменттин жыйынтык отчетун түзүү, ФМне караштуу Борбордук казыналыкка, ТКМне берүү. Мамлекеттик бюджетке салыктарды жана жыйымдарды, СФго камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында чегерүүнү камсыз кылуу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Департаменттин бухгалтердик эсеп жана экономика маселелери менен алектенген аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине таасир көрсөтүүдөн пайдалануу; – бюджеттик каражаттарды жана тармактагы кирешелүү иштен алынган каражаттарды максатсыз пайдалануу; – Департаменттин мүлкүн кыянаттык менен пайдалануу. (жабдууларды, жайларды ж.б.) | Потенциалдуу | Бийик
Орто | Департаменттин бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Ыктымал тобокелдиктер мамлекеттик каржылоо жана экономикалык пландоо чөйрөсүндө контролдук-тескөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
22. | Департаменттин эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмүнө жалпы жетекчиликти, Департаменттин эл аралык ташуу жана интеграциялоо бөлүмү жөнүндө жобого ылайык Департаменттин жетекчилигинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде ишке ашыруу. Департаменттин эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, эл аралык ташуу жана интеграциялоо бөлүмүнүн компетенциясына кирген маселелерди уюштуруу. Эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмүнүн ишин коллегиялуулуктун жана командалык биримдиктин негизинде уюштуруу, анын кызматкерлери арасында зарыл моралдык-психологиялык кырдаалды түзүү. Эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмүн керектүү адистер менен толуктоо, аларды жылдыруу, кызматка дайындоо, бошотуу, сыйлоо жана тартиптик жазаларды колдонуу боюнча Департаменттин жетекчилигине сунуш киргизүү. Департаменттин жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдү жана өндүрүштү жүргүзүү, чет мамлекеттер менен уруксат кагаздарын алмашуу. Эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча буйруктардын, тескемелердин, токтомдордун долбоорлорун жана башка маалыматтык материалдарды жетекчиликтин кароосуна даярдоо. Автомобилде жүк ташуучуларга эл аралык автотранспорттук жүк ташуулардын шарттары жана жол-жоболору боюнча акысыз кызматтарды жана зарыл маалыматтарды берүү. Департаменттин жетекчилигине административдик эл аралык ташуулар менен алектенген уюмдарга жана ишкерлерге чараларды колдонуу, лицензиясынан ажыратуу, ошондой эле жүк ташуучулар менен келишимди бузуу боюнча сунуштарды киргизүү. Департаменттин жетекчилиги менен макулдашууну жана эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык башка мамлекеттер менен эл аралык автомобилде жүк ташууларга уруксат бланктарын алмашууну уюштуруу. Эл аралык автомобилде жүк ташууларды жүргүзгөн атамекендик автотранспортчуларга уруксаттардын чет өлкөлүк бланктарын алууну уюштуруу. Транспорттук контролдоо пункттары аркылуу транспорттук каражаттардын өтүшү жөнүндө ай сайын Департаменттин аймактык жана райондук бөлүмдөрүнүн отчетторун кабыл алуу, зарыл болгон учурда алар тарабынан берилген маалыматтарды тактоо. Тиешелүү мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу үчүн эл аралык автобустук каттамдарды ачуу боюнча уруксат документтеринин долбоорлорунун багытына жетекчилик жүргүзүү. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, эл аралык ташууларды жүргүзүү жана уруксат бланктарын берүү боюнча Департаменттин аймактык башкармалыктарынын түзүмдук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине таасир көрсөтүүдөн пайдалануу; – кызмат адамдары тарабынан жарандардын же мамлекеттин укуктурын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген ЧУАлардын талаптарын бузуу; – эл аралык автомобильде жүк ташуулар жөнүндө эл аралык келишимдердин, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташуу боюнча конвенциялардын жана эрежелердин талаптарын атмекендик жана чет өлкөлүк автомобиль ташуучулар тарабынан аткарылышына транспорттук контролду жүзөгө ашырууда. | Потенциалдуу | Бийик
Бийик | Департаменттин эл аралык ташуулар жана интеграциялоо бөлүмү
| Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
23. | Департаменттин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү жөнүндө жобого ылайык Департаменттин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнө жалпы жетекчиликти ишке ашыруу, бөлүмдүн ишин учурдагы жана перспективдүү пландаштыруу. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин иштеп чыгуу, аларды Департаменттин жетекчилигинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде бөлүштүрүү. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда функционалдык милдеттерди ишке ашыруу, алар тарабынан тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын контролдоо. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди жана тапшырмаларды аткарууну уюштуруу. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, транспорт ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелеринде алдыңкы тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүндө ички иш күнүнүн жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу, аларга кезектеги эмгек өргүүсүн берүү, сыйлоо жана тартиптик жаза чаралары боюнча Департаменттин жетекчилигине сунуш киргизүү. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча бөлүмүнө тиешелүү маселелер боюнча буйруктардын, тескемелердин, токтомдордун долбоорлорун жана маалыматтык материалдарды Департаменттин жетекчилигинин кароосуна даярдоо. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен ташуучуларга (юридикалык жана жеке жактарга) транспорт мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык чараларды туура колдонууну талап кылуу. Жүргүнчүлөрдү ташуу субъекттеринин ишин өнүктүрүү жана өркүндөтүү стратегиясын иштеп чыгууга катышуу. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн компетенциясына тиешелүү юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн арыздарды кароо. Департаменттин жетекчилигине административдик чараларды колдонуу, уюмдар жана ишкерлер тарабынан укук бузуулар жоюлганга чейин лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ошондой эле жүк ташуучулар менен келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды киргизүү. Жүк ташуучулардын өтүнүчү боюнча автобустук каттамдардын схемаларын макулдашуу. Ишкердик субъекттеринин квалификациялык талаптарга жана адистеринин документтеринин ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигин текшерүүнү уюштуруу. Эл аралык жүк ташууга лицензия алууга юридикалык жана жеке жактардын арыздарын (кайрылууларын) кароого катышуу. Лицензия бланктарына кол коюу. | Мыйзам бузуулар төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: – Департаменттин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Департаменттин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо менен алектенген аймактык башкармалыктарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине таасир көрсөтүүдөн пайдалануу; – ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимин, буйругун, жазуу жүзүндөгү эскертүүсүн же талабын аткарбоо же толук аткарбоо (ыйгарым укуктуу органдын тышкы миграция жаатындагы укук бузууларды четтетүү жөнүндө буйругун кошпогондо); – кызмат адамдары тарабынан ЧУАыларынын талаптарын бузуунун кесепетинен жарандардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келүү; – жүк ташуучуну аныктоо боюнча ачык конкурстарды өткөрүүдө мүмкүн болуучу бузуу фактыларын жашыруу; – жүргүнчүлөрдү ташуучуну аныктоо боюнча ачык тендерлерди өткөрүүдө айрым компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө мүмкүнчүлүгү; – жеке же юридикалык жактардын документтерин кароодо лицензия берүү жөнүндө чечимди даярдоону тездетүү же кечеңдетүү.
| Системалуу | Бийик
Бийик | Департаменттин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү | Башчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
24. | Департаменттин аймактык башкармалыгынын ишмердигине жалпы жетекчиликти жүргүзүүнүн бирдиктүүлүгүнүн принциптеринде ишке ашыруу, анын ишин уюштуруу, мамлекеттик кызматкерлердин жана мамлекеттик эмес кызматкерлердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү, аймактык башкарууга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды өз убагында аткаруу, ошондой эле Департаменттин директорунун буйруктарынын жана тескемелеринин аткарылышына жеке жоопкерчилик алуу. Аймактык башкармалыктын жана транспорттук контролдоо пункттарынын имараттарында салмак-көлөмдүү өлчөө жабдуулардын, оргтехниканын, электр энергия жабдууларынын жана башка мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү. Аймактык башкармалыктардын начальниктеринин орун басарларынын ыйгарым укуктарын орнотуу, аларга аймактык башкаруунун компетенциясына тиешелүү оперативдүү, уюштуруучулук, финансылык, өндүрүштүк, чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну өкүлдөө. Аймактык башкармалыктардын бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын Департаменттин директоруна бекитүүгө берүү. Аймактык башкармалыктын кызматкерлерине, транспорттук контроль кызматынын кызматкерлерине жана алар тарабынан дайындалган мамлекеттик кызматчыларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонуу. Департаменттин директоруна аймактык башкармалыктардын башкаруу схемасына жана штаттык ырааттамасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүү. Департаментке аймактык башкармалыктын мамлекеттик кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизүү. Департаменттин директоруна аймактык башкармалыктын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана транспорттогу чарбакер субъекттерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү. Өз компетенциясынын чегинде аймактык башкармалыктын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка тескемелерди чыгаруу. Транспорттук уюмдардын өзгөчө айырмаланган жетекчилерин жана кызматкерлерин ардак грамоталар жана башка баалуу белектер менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын ЧУАыларына ылайык мүлктү жана акча каражаттарын тескөөгө аймактык башкармалыктын атынан ишеним кат берүү. | Департаменттин аймактык башкармалыгынын ишин жалпы жетектөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин ишине таасир этүү мүмкүнчүлүгү. Төмөнкү учурларда мыйзамдуулуктун бузулушу мүмкүн: – Департаменттин транспорттук ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн ишин жалпы жетектөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Департаменттин аймактык башкармалыктарынын транспорттук ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо маселелери менен алектенген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине таасир этүү; – ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимин, буйругун, тескемесин же талабын аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо (тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды четтетүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругунан тышкары); – кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузушу, бул жарандардын же мамлекеттин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келген; – жүргүнчүнү аныктоо боюнча ачык конкурстарды өткөрүүдө мүмкүн болгон мыйзам бузуу фактыларын жашыруу; – жүргүнчүлөрдү ташуучуну аныктоо боюнча ачык конкурстарды өткөрүүдө айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоо мүмкүнчүлүгү; – жеке же юридикалык жактардын документтерин кароодо лицензия берүү жөнүндө чечимди даярдоону тездетүү же жайлатуу. | Системалуу | Бийик
Бийик | Департаменттин аймактык башкармалыгы | Башчы
Башчынын орун басары
Бөлүм башчысы
Башкы адис
Жетектөөчү адис
Адис
Башкы инспектор
Улук инспектор
Инспектор | Товардык-транспорттук жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө контролдук-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга тиешелүү тобокелдиктер болушу мүмкүн. |
Кыскартуулардын тизмеси:
Департамент | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти |
МЖӨ | – | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
ЖМК | – | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЖӨАБ | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
СФ | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЧУА | – | ченемдик укуктук акт |