Редакцияот 07.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-майы № 73

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга жана шайлоочулар тобуна шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 15жана андан ашуун пайызын алган, саясий партияларга жана шайлоочулар тобуна алар кошкон шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү шарты каралган «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери добуш берүүгө катышкан, шайлоочулардын добуштарынын 15 жана андан ашуун пайызын алган саясий партияларга жана шайлоочулар тобуна шайлоо күрөөлөрү кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов