Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-ж. «____» ___________ № _________________ буйругу менен бекитилген |
Эсептөө борборунун борборлоштурулган маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу системасын пайдалануу жана электр энергиясынын көлөмүн аныктоо эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул эрежелер Кыргыз Республикасынын энергетика системасында колдонулат жана эсептөө борборунун борборлоштурулган маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу системасына (мындан ары – БМЧИС) кирүү жол-жоболорун жөнгө салуу, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу жана маалыматтарды калыбына келтирүү, артыкчылыктуу учурларда кайра эсептештүүлөр ж.б. сыяктуу эсептешүүнүн атайын түрлөрүн жүргүзүү үчүн кызмат кылат.
2. Бардык эсепке алуу приборлорунан (мындан ары ЭП) БМЧИСга түшкөн маалыматтар тууралыгына автоматтык түрдө текшерүүдөн кийин системанын маалыматтар базасында сакталат жана коммерциялык маалымат болуп саналат.
3. Ар бир берилген аралыкта белгиленген маалыматтар коммерциялык маалыматтар болуп саналат.
4. Эсептөө борбору БМЧИС туура жана үзгүлтүксүз иштөөсүн, жабдууну жана программалык камсыздоону өз убагында жаңыртууну, ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн атынан энергетика системасынын бардык катышуучулары үчүн маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
5. Ушул Эрежелерде төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
Лицензия ээси – отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиясы бар юридикалык жак (электр энергиясын (кубаттуулугун) өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо же импорттоо);
Бөлүү чек арасы - Лицензиаттардын энергетика орнотмолорунун баланстык таандыктыгы боюнча бөлүү чек арасы;
Келишим – Лицензиаттар ортосунда түзүлгөн жана электр энергиясын (кубаттуулугун) сатып алуу-сатуу же кызмат көрсөтүү шарттарын аныктаган келишим;
Импорттоочу – бир же бир нече өлкөдөн Кыргыз Республикасына электр энергиясын (кубаттуулукту) импорттоого лицензиясы бар юридикалык жак (мындан ары - Импорттоочу);
Өлчөө комплекси – өзүнө электр энергиясын (кубаттуулукту) эсепке алуу приборлорун, токту жана чыңалууну өлчөөчү трансформаторлорду камтыган өлчөө жабдууларынын комплекси;
Коммерциялык эсепке алуу – электр энергиясынын көлөмүн жана кубаттуулук маанилерин өлчөө, өлчөө жыйынтыктарын чогултуу жана иштеп чыгуу, өлчөө жыйынтыктарынын негизинде эсептөө жолу менен тиешелүү жеткирүү түйүндөрүнүн топторунда өндүрүлгөн жана керектелген электр энергиясынын (кубаттуулук) өлчөмү жөнүндө маалыматтарды түзүү, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматтарды сактоо жана берүү процесси;
Система аралык чубалгы – Кыргыз Республикасынын энергетика системасын коңшу мамлекеттердин энергетика системалары менен бириктирген чубалгы;
Негизги керектөөчү – отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун негизинде электр энергиясын (кубаттуулукту) жогорку чыңалуудагы тармактан түздөн-түз өндүрүүчү ишканадан сатып алууга укугу бар юридикалык / жеке жак;
КК – электр энергиясын (кубаттуулукту) сатып алууга жана аны керектөөчүлөргө өзүнүн бөлүштүрүүчү тармактары аркылуу сатууга укугу бар лицензиянын ээси;
Өндүрүүчү уюм – электр энергиясын (кубаттуулукту) өндүрүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (мындан ары - Өндүрүүчү);
Берүүчү уюм – электр энергиясын (кубаттуулукту) берүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (мындан ары - Берүүчү);
Бөлүштүрүүчү уюм – электр энергиясын (кубаттуулукту) бөлүштүрүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (мындан ары - Бөлүштүрүүчү);
Эсептөө борбору – электр энергиясы (кубаттуулук) рыногунда өлчөө маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак (мындан ары - ЭЭ);
Эсептешүү мезгили – келишим менен бекитилген эсептешүү айы;
Эсепке алуу каражаттары - электр энергиясын (кубаттуулукту) өлчөө түзүлүштөрүнүн жана эсепке алуу приборлорунун жыйындысы;
Эсепке алуу түйүнү - өлчөө комплекси менен жабдылган жана келишимде бекитилген түйүн;
Экспорт түйүнү - электр энергиясын (кубаттуулукту) экспорттоо жүргүзүлгөн система аралык чубалгыдагы түйүн (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келет);
Импорт түйүнү – электр энергиясын (кубаттуулукту) импорттоо жүргүзүлгөн система аралык чубалгыдагы түйүн (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келет);
Эсепке алуу – кол менен эсептөө аркылуу же маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун автоматтык системаларын колдонуу менен электр энергиясын (кубаттуулукту) эсепке алуу;
БМЧИС – аппараттык каражаттардан (компьютерлер, серверлер, перифериялык түзүлүштөр, маалыматтарды берүү каналдары, коммуникациялык түзүлүштөр ж.б.) жана программалык камсыздоодон (операциялык система, программалык тиркемелер ж.б.) турган маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу борборлоштурулган системасы;
Экспорттоочу – бир же бир нече өлкөгө Кыргыз Республикасынан электр энергиясын (кубаттуулукту) экспорттоого лицензиясы бар юридикалык жак (мындан ары - Экспорттоочу);
3-глава. Системага кошулуу
6. БМЧИСга кошулууга билдирме берүүдөн мурда арыз ээси камсыздашы керек:
· Өзүнчө жумуш станциясын (компьютер);
· Лицензияланган операциялык система;
· Лицензиялык колдонуучунун программалык өнүмдөрү;
· Энергетика жаатында керектүү тажрыйбасы жана билими бар жана компьютерде иштей билген, ишкананын (лицензиаттын) жетекчисинин буйругу менен дайындалган БМЧИС колдонуучулары. Тариздөө үчүн буйруктун формасын ЭБ берет (1, 1а-тиркеме).
7. Буйрук менен эки колдонуучу дайындалат: негизги жана резервдик. Резервдик колдонуучуга кирүү мүмкүндүгүн ЭБ расмий билдирүүнү алгандан кийин ачат (1, 1а-тиркеме).
8. ЭБ бул электр тармагынын алкагында колдонуучулар үчүн кирүү зонасын аныктайт.
9. ЭБ башка катышуучулардын (электр тармактарынын) маалыматтарынын купуялуулугун камсыздайт.
10. ЭБ системаны квалификациялуу үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыздоо максатында, негизинен системаны жаңырткандан кийин катталган колдонуучулар үчүн окуууну өткөрүүнү камсыздайт.
11. МДМ-системада (WI.LFAR98++) эсепке алуу приборлору менен иштөөдө адистер колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын электр энергияcынын (кубаттуулуктун) рыногунда электр энергиясын эсепке алуу каражаттарын орнотуу, алмаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери» жана ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, ошондой эле МДМ-системанын (WI.LFAR98++) «КОЛДОНУУЧУСУНУН КОЛДОНМОСУ» жоболорун жетекчиликке алууга тийиш, атап айтканда:
- № 7 МОДУЛЬ. «СИСТЕМАНЫН КОНФИГУРАЦИЯСЫ»;
- № 6 МОДУЛЬ. «КӨРСӨТКҮЧТӨРДҮ ОКУУ».
12. Электр энергиясын эсепке алуу түйүндөрү боюнча өлчөө комплексинин маалыматтарынын МДМ-системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө (ЭП алмаштыруу, Ктт өзгөртүү, жаңы эсепке алуу түйүнүн ачуу, түйүндү жабуу) иш-аракеттердин ырааттуулугу жана № 7 МОДУЛЬ. «СИСТЕМАНЫН КОНФИГУРАЦИЯСЫ» МДМ-системанын «КОЛДОНУУЧУСУНУН КОЛДОНМОСУ» (WI.LFAR98++) так сакталууга тийиш.
13. Эсепке алуу түйүндөрү боюнча өлчөө комплексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иштерден кийин МДМ-системада аткарылган операциялардын тууралыгына текшерүү жүргүзүү керек.
14. Электр энергиясын эсепке алуу приборлорунан МДМ-система тарабынан маалыматтарды чогултуунун толуктугун туруктуу көзөмөлдөө зарыл.
4-глава. Колдонуучуларды каттоо
15. Реалдуу убакыт режиминде маалыматты алуу үчүн колдонуучуларга БМЧИСга кирүү мүмкүндүгүн берүү аларды БМЧИСда каттоодон жана аутентификациялоодон кийин жүргүзүлөт.
16. Колдонуучуларды каттоо жана авторизациялоо сертификатталган маалыматтарды коргоо каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле колдонуучулардын кирүү мүмкүндүгүнүн деңгээлин жана алардын приоритеттүүлүк класстары жана ушул эрежелер менен белгиленген колдонуучулар топтору боюнча чектөөлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
17. БМЧИСга колдонуучуларды каттоо төмөндөгүлөрдү камтыган жазуу жүзүндөгү кайрылуунун (анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен) негизинде ЭБ системасынын Администратору тарабынан жүргүзүлөт:
- Ф.А.А.;
- уюмдун аталышы;
- кызматы;
- электрондук почта (жеке);
- мобилдик телефон номери (жеке);
- колдонуучуну дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
18. БМЧИСга колдонуучуларды каттоо билдирме берилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде ЭБ системасынын Администратору тарабынан жүргүзүлөт.
19. Колдонуучуну БМЧИСга каттоо учурунан тартып 3 (үч) календардык күн ичинде ЭБ системасынын Администратору БМЧИСга кирүү үчүн авторизациялоо боюнча маалыматтарды берет.
20. Авторизациялоо маалыматтары "логин/пароль" форматында электрондук текст түрүндө берилет, ал аны колдонгон адамдын өз колу менен кол койгон кол тамгасына алагон деп таанылат.
21. Логин узундугу 6 (алты) символдон кем эмес санариптик формада берилет.
22. Пароль 8 (сегиз) же андан көп латын алфавитинин символунан турууга тийиш жана баш, кичине тамгаларды же цифраларды камтышы мүмкүн.
23. Логинди жана паролду түзүү БМЧИС системасынын администраторунун функционалынын алкагында жүргүзүлөт.
24. Авторизациялоо маалыматтары ЭБ системасынын Администратору тарабынан колдонуучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө электрондук түрдө берилет.
25. БМЧИСда авторизациялоо ЭБ системасынын Администратору тарабынан берилген авторизациялоо маалыматтарын колдонуучунун кирүү деңгээлине ылайык АРМ МДМ-СИСТЕМАнын экран формасына киргизүү аркылуу колдонуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
26. БМЧИСга кирүү сервисин пайдаланбаган авторизацияланган колдонуучуга БМЧИС системасына киргенден кийин 30 мүнөт ичинде аккаунтту кайра авторизациялоо талап кылынат.
27. Артыкчылыктар колдонуучулардын ар бир тобу үчүн БМЧИСга кирүү мүмкүндүгүн берүүнүн өзүнчө шарттарынын алкагында макулдашылат.
5-глава. Маалыматтын ишенимдүүлүгүн контролдоо
28. БМЧИСга эсепке алуу приборлорунан түшкөн маалыматтардын ишенимдүүлүгүн контролдоо VEE процесси аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт (маалыматтарды текшерүү, баалоо жана редакциялоо).
29. VEE ЭБга төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
· түшкөн маалыматтардын ишенимдүүлүгүн автоматтык түрдө контролдоо;
· жол берилген чектерден ашкан теңдемсиздик, жүктөмдүн интервалдык графиктерин салыштыруу, тарыхый маалыматтар менен салыштыруу сыяктуу жазылган алгоритмдерге ылайык жетпеген маалыматтарды автоматтык түрдө калыбына келтирүүнү камсыздоо;
· бардык мүмкүн болгон аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тармактын ар кандай өнүгүү сценарийлерин, техникалык жана финансылык таасирлерди божомолдоо үчүн алынган жыйынтыктарды берүү.
30. Калыбына келтирилген VEE маалыматтары бузук (үзгүлтүк болгон байланыш ж.б.) четтетилгенге чейин сакталат.
31. Эгерде маалыматтардын жоктугунун себеби эсепке алуу приборунун иштебей калышы болсо, анда редакцияланган VEE маалыматтары негизги катары сакталат. Ал эми жаңы эсепке алуу приборунан маалыматтар эсепке алуу приборун алмаштыргандан кийин БМЧИСга негизги катары түшүп баштайт.
6-глава. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү жана кол коюу
32. Электр энергиясын иштеп чыгууга, берүүгө, кабыл алууга жана экспорттоого-импорттоого байланыштуу энергетика системасындагы бардык эсептөөлөр бекитилген “Кыргыз Республикасында электр энергиясы рыногунда электр энергиясын эсепке алуу эрежелерине” ылайык, ЭБ тарабынан гана жүргүзүлөт.
33. Энергетика системасынын бардык катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөр ЭБ тарабынан түзүлгөн актылардын негизинде жүргүзүлөт (2-тиркеме).
34. Электр энергиясын чыгаруу жана электр энергиясын берүү актыларынын формаларын ЭБ иштеп чыгат жана лицензиаттар менен макулдашат.
35. ЭБ Кыргыз Республикасында электр энергиясы рыногунун тараптарынын-катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде бекитилген бардык коммерциялык эсепке алуу приборлорунан алынган маалыматтардын негизинде БМЧИСда акт түзөт.
36. ЭБ тарабынан түзүлгөн актыларды тараптар белгиленген мөөнөттө бекитишет. Эгерде тараптар же тараптардын бири акты менен макул болбосо, анда актыга каршылык (өзгөчө пикир) менен кол коюлат.
37. Эсептешүү мезгилин жапкандан кийин ЭБ зарыл болгондо актылар боюнча каршылыктарды (өзгөчө пикирлерди) талкуулоо үчүн жолугушуу уюштурат.
38. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тиешелүү акт/протокол түзүлөт жана корутундуга ылайык эсептешүү мезгилиндеги эсептешүүлөргө өзгөртүүлөр киргизилет. Актынын формасын ЭБ иштеп чыгат.
39. Эгерде каршылыктар (өзгөчө пикир) негиздүү болсо жана ЭБ тарабынан кабыл алынса, анда ЭБ тиешелүү кайра эсептөөнү жүргүзөт. ЭБ жүргүзүлгөн эсептөөлөрдү тараптар менен макулдашат. Кайра эсептелген электр энергиясынын өлчөмү эсептик мезгилден кийинки ай үчүн актыда/протоколдо эсепке алынат.
7-глава. Кайра эсептөөлөр
40. Энергетика системасындагы бардык кайра эсептөөлөр БМЧИС автоматтык системасын колдонуу менен ЭБ тарабынан гана жүргүзүлөт:
· Теңдемдик өлчөмдөрдүн негизинде (компаниялар бекиткен жол берилген теңдемсиздикти эсептөө методикасына ылайык). Методиканы ЭБ иштеп чыгат (3-тиркеме);
· Өткөн күндүн жүктөмүнүн негизинде;
· Тарыхый маалыматтардын негизинде (ошол эле мезгил максималдуу окшош шарттар боюнча);
· Эсептегич приборлорунун көрсөткүчтөрүн кол менен киргизүүнүн негизинде.
41. ЭБ кайра эсептөөлөрүнүн алынган жыйынтыктары тараптар менен макулдашылат.
42. Кайра эсептешүүлөрдун жыйынтыгы боюнча акты түзүлөт жана тараптар кол коюшат.
1-тиркеме
Буйруктун формасы
202_ -ж. «___» _________№ __
|
| Код | |
| БДЖК боюнча форма | 0301001 | |
| ИУЖК боюнча |
| |
уюмдун аталышы |
|
| |
| Документтин номери | Түзүлгөн күн |
|
|
Кызматкерди «КЭЭБ» ААК
МДМ-системасынын колдонуучусу катары дайындоо жөнүндө
БУЙРУК (тескеме)
«КЭЭБ» ААК МДМ-системасынын | Дата | |
баштап |
| |
колдонуучу болуп дайындалсын | чейин |
|
| Табель номери | |
|
| |
фамилиясы, аты, атасынын аты |
| |
|
| |
| түзүмдүк бөлүм | |
| ||
кызматы (адистиги, кесиби), разряд, квалификация классы (категориясы) | ||
| ||
НЕГИЗГИ | ||
МДМ-системанын колдонуучусу | ||
| ||
Колдонуучунун электрондук дареги | ||
Уюмдун жетекчиси |
|
|
|
|
| ||||||||
| кызматы |
| жеке колу |
| кол тамганын чечмелениши | ||||||||
Кызматкер буйрук (тескеме) менен таанышты |
| « |
| » |
| 220 |
| -ж. | |||||
| жеке колу |
|
|
|
|
|
|
| |||||
1а-тиркеме
Буйруктун формасы
|
| Код | |
| БДЖК боюнча форма |
| |
| ИУЖК боюнча |
| |
уюмдун аталышы |
|
| |
| Документтин номери | Түзүлгөн күн |
|
|
Кызматкерди «КЭЭБ» ААК
МДМ-системасынын колдонуучусу катары дайындоо жөнүндө
БУЙРУК (тескеме)
«КЭЭБ» ААК МДМ-системасынын | Дата | |
баштап |
| |
колдонуучу болуп дайындалсын | чейин |
|
| Табель номери | |
|
| |
фамилиясы, аты, атасынын аты |
| |
|
| |
| түзүмдүк бөлүм | |
| ||
кызматы (адистиги, кесиби), разряд, квалификация классы (категориясы) | ||
| ||
РЕЗЕРВДИК | ||
МДМ-системанын колдонуучусу | ||
| ||
Колдонуучунун электрондук дареги | ||
Уюмдун жетекчиси |
|
|
|
|
| ||||||||
| кызматы |
| жеке колу |
| кол тамганын чечмелениши | ||||||||
Кызматкер буйрук (тескеме) менен таанышты |
| « |
| » |
| 220 |
| -ж. | |||||
| жеке колу |
|
|
|
|
|
|
| |||||
2-тиркеме
Акт формасы
АКТ
__________________________________________________________________
иштеп чыгуу/берүү боюнча актынын аталышы
тармакта___________________________________________________________
энергокомпаниянын аталышы
__________________________________________________________________
күн, ай, жыл.
Биз төмөндө кол койгондор, өкүлдөр _________________________ атынан
энергокомпаниянын аталышы
_________________________ ________________________________________
кызматы уюм Ф.А.А.
жана____________________атынан_______________ ____________________
энергокомпаниянын аталышы кызматы уюм Ф.А.А.
__________________ электр энергиясы боюнча/карата ушул актыны түзүштү
аталышы
Кошулуу аталышы | Эсеп № | Эсептегичтердин көрсөткүчтөрү | Көрсөткүчтөрдүн айырмасы | Эсептешүү коэффициенти | Ктт | Ктн | э/э чыгымы | Кошума чыгымдар | |
учурдагы | мурдагы | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы
Аталышы _____________________________________________________
берүү/иштеп чыгуу жөнүндө
«КЭЭБ» ААК өкүлү ______________________________________
кызматы Ф.А.А.
Өкүл _____________________________________________________
энергокомпаниянын аталышы кызматы Ф.А.А.
Өкүл _____________________________________________________
энергокомпаниянын аталышы кызматы Ф.А.А.
3-тиркеме
Теңдемсиздиктер методикасы
Жол берилген электр энергиясынын теңдемсиздигин эсептөө
методикасы
1. Методиканын негизги максаты көмөкчордондун (чордондун) шиналарында жол берилген теңдемсиздикти (НБд) аныктоо жана иш жүзүндөгү маанилер (НБфз) менен салыштыруу болуп саналат.
2. Иш жүзүндөгү теңдемсиздиктин мааниси жол берилген теңдемсиздиктин маанисинен аз же барабар болушу керек, б.а.
3. Жол берилген теңдемсиздиктин маанисин төмөндөгү формула боюнча аныктоо керек[1] (2)
мында δni(δoi) – чыңалуу трансформаторунан (ЧТ), ток трансформаторунан (ТТ) жана кирген (чыккан) электр энергиясын эсепке алган эсептегичтен турган i-өлчөө комплексинин жалпы салыштырмалуу каталыгы;
d2ni.(d 20i) – i-өлчөө комплекси аркылуу кирген (чыккан) электр энергиясынын үлүшү – (3) формуланы караңыз;
k – электр чордонунун шинасына (шинасынан) кирген (чыккан) электр энергиясын эске алуучу өлчөө комплексинин саны;
m – чыккан (кирген) электр энергиясын эсепке алуучу өлчөө комплекстеринин саны (анын ичинде электр чордонунун жеке жана чарбалык муктажтыктарына).
4. i-өлчөө комплекси эсепке алган электр энергиясынын үлүшүн (3) формула боюнча аныктоо керек
мында Wi – отчеттук мезгилде i-өлчөө комплекси эсепке алган электр энергиясынын өлчөмү;
Wn(0) – отчеттук мезгилде электр чордонунун шинасына (шинасынан) кирген (чыккан) электр энергиясынын жалпы өлчөмү.
5. i-өлчөө комплексинин жол берилген салыштырмалуу каталыгынын чеги (4) формула боюнча аныкталат
мында δi, δu – ТТ (МАМСТ 7746-89) жана ТН (МАМСТ 1983-89) ылайык салыштырмалуу каталыктын жол берилген маанилеринин чектери, %;
δπ – Электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери жол берген ТН карата эсептегичтерди кошуу линияларында чыңалууну жоготуулардын чеги, %;
δoc – индукциялык (МАМСТ 6570-75) же электрондук (МАМСТ 26035-83) эсептегичтердин жол берилген негизги каталыгынын чеги, %.
6. Эгерде (1) формула боюнча алынган иш жүзүндөгү теңдемсиздиктин мааниси (2) формула боюнча аныкталган жол берилген теңдемсиздиктин маанисинен чоң болсо, мунун себебин аныктоо жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү керек.
[1] Чордондук электр тармагында электр энергиясынын жоготууларынын каталыгын эсепке албоого жол берилет.