Загрузка документа…
Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/158 буйругуна ылайык) |
1000В чейинки чыңалуудагы электр тармактарын коргоо эрежелери
1000 В чейинки чыңалуудагы электр тармактарынын корголушунун негизги жоболору келтирилген, алардын сакталышын камсыз кылуу, коргоо аймагында иштегендеги коопсуздук эрежелерин бузуудан кардарларды токтон ажыратылышына алып келүүчү бузулуулардын, бөөдө кырсыктардын жоопкерчиликтери, өзүм билемдик менен чечип же курулмалап алууларды болтурбоого багытталган.
Бул эрежелер менчигинин түрүнө карабастан электр орнотмолорун долбоорлоо, орнотуу, жөндөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын жетекчилерине, адистерине жана жумушчу ишкерсандарына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга, мекеме ишканалардын жетекчилерине, (алардын менчигине жана тармактык таандыгына карабастан), жана кызмат адамдарына арналган.
Эрежелер Кыргыз Республикасында 2003- жылдын 1- августунда кабыл алынган жана андан кийинки 2009-, 2014- жана 2016- жылдардагы өзгөртүлүп толукталган «Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын КР СН 30-01-2010 стандартына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш комитети тарабынан бекитилген «Шаарларды жана шаар түрүндөгү калктуу конуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүү», ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айылдык калктуу конуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүүнүн эрежелер Жыйнагы» жана башка 1000 В чейинки чыңалуудагы электр тармактарын орнотуу, жөндөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген мекеме ишканалар менен башка коргоо аймагында иш алып баруучу мекеме ишканалдын, юридикалык жана физикалык жактардын, укук коргоо, өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосундагы карым катнаштарды белгилөөчү укуктук-ченемдик актылардын жана стандарттардын негизинде түзүлгөн.
Эрежелер жактырылды:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтунун Окумуштуулар кеңеши (ттчт протоколу 5, 15.12.2021-ж.);
-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин илимий-техникалык кеңеши (протокол 09-7/2, 25.08.2022-ж.)
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин буйругу менен бекитилди 22-март 2023 $ 01-13/70.
1000 В чейинки чыңалуудагы электр тармактарын коргоо эрежелери
1. Бул Эрежелер чыңалуусу 1000В чейин болгон электр тармактарынын сакталышын камсыз кылуу, ыңгайлуу иштетип пайдалануу шарттарын түзүү, керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө алып келүүчү төмөнкү вольттогу бөлүштүрүүчү электр тармактарынын бузулушуна жол бербөө, ошондой эле калк арасындагы кырсыктарды алдын алуу максатында киргизилет.
Бул Эрежелерди Кыргыз Республикасынын 1000 В чейинки баардык колдонуудагы, долбоорлонуудагы жана курулуп жаткан төмөнкү вольттогу электр тармактарына жайылтылат жана анын аймагында бардык юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) жана жеке кардарлар, жерди пайдалануучулар жана жер ээлери, архитектура жана шаар куруу органдары, мамлекеттик каттоо кызматтары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарууга милдеттүү.
1000 В чейинки чыңалуудагы электр тармактары (мындан ары - электр тармактары) деп ушул Эрежелердин максаттары үчүн ток өткөргүчтөрү, аба электр өткөргүчтөрү, жер астындагы жана суу астындагы кабелдик чубалгылар жана аларга тиешелүү курулмалар түшүнүлөт.
Электр тармактарын коргоо, бул электр тармактар балансында турган мекемелер, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте ок атуучу куралдар жана атайын каражаттар менен камсыз кылынган ведомстволук аскерлештирилген күзөт бөлүмдөрү тарабынан, жабык объектилерде жана башка стратегиялык маанидеги объектилерди, ири шаарларды жана калктуу пункттарды суу менен жабдуу объектилеринкуралдуу күчтөр тарабынан ишке ашырылат.
Электр тармактарынын коргооаймагынын абалына көзөмөлдү бул электр тармактары балансында турган мекемелериштетип пайдалануудагы жана башка ченемдик документтерге ылайык өз убагында жүзөгө ашырат.
Айылдык жана шаардык курулуштардын аймактарында аба жана кабелдик чубалгылардын трассалары өткөн учурларда айылдык округдук жана шаардык аткаруу бийлик органдары аймакта курулуштарды жүргүзүүгө уруксат берүүдө аталган коргоо аймактарында курулуштарды жайгаштырууну, бак-дарактарды жана бийик жемиш бактарын отургузууну, ошондой эле электр тармактарын иштетип пайдалануучу мекемелергекоргоо аймактардабашаламан курулуштарды курууну жана токой отургузууну болтурбоолору зарыл жана ушул Эрежелерди бузган мекемелерге жана жеке адамдарга тиешелүү чараларды көрүүлөрү керек.
Шаардык жана айылдык калктуу конуштар аркылуу аба жана кабелдик чубалгылардын трассаларын өткөрүүдө КР СН 30-01-2010 стандартынын 7.12, 10.10, 10.13, 10.20 - 10.24, 12.3 орунбелгилеринде,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш комитети тарабынан бекитилген «Шаарларды жана шаар түрүндөгү калктуу конуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүү», ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айылдык калктуу конуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүүнүн эрежелерЖыйнагындагы» № 8.1.4., 11.7., 11.9-б. жана 13.1.9. орунбелгилериндекөрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алуу керек.
2. Электр тармактарынын сакталышын камсыз кылуу, аларды иштетип пайдалануудагы ыңгайлуу шарттарын түзүү жана бузулууларды болтурбоо үчүн жер бөлүктөрү бөлүнөт, коргооаймактары белгиленет, электр тармактарынан имараттарга, курулмаларга, жер жана суу беттерине чейинки жол берилген минималдуу аралыктар, токойлордо жанажашылдандырылган жерлерде коргоо аймактарындагы бак-дарактарды кесип жол салуу иштери жүргүзүлөт.
3. Электр тармактарын курууга жана иштетип пайдалануу мезгилдерине жер бөлүгү белгиленген тартипте чегерилип берилет.
4. Электр тармактарынын коопсуздук жана санитардык-коргоо аймактарыкатары төмөнкүлөр белгиленет:
1) 1000 вольтко чейинки аба электр берүү чубалгыларын бойлото, чубалгынын четки зымдарынынэки тарабынан 2 м аралыкта кыйшайбаган абалда жайгашкантик тегиздиктер менен чектелген жер бөлүгү жана аба мейкиндиги;
2) жер астындагы кабелдик электр берүү чубалгыларын бойлото, чубалгынын эки тарабында четки кабелдерден 1 метр аралыктажайгашкан вертикалдуу тегиздиктер менен чектелген жер бөлүгү;
3)суу астындагы кабелдик электр чубалгыларынын эң четки кабелдеринин эки тарабында100 метр аралыкта жайгашкан вертикалдуу тегиздиктер менен чектелген суу бетинен түбүнө чейинки суу мейкиндиги;
4) суу объектилеринин (дарыялар, каналдар, көлдөр жана башкалардын)аба чубалгыларын кесип өтүүчү жерлерди бойлото суу үстүндөгү аба мейкиндиги,кеме жүрүүчү суу объектилеринде, чубалгылардын эң четки зымдарынын эки тарабындаалардын бурулбаган абалындагы 100 метр аралыкта жайгашкан тегиздиктер менен чектелген суу мейкиндигинин үстүндөгү аба мейкиндиги, кеме жүрүүгө мүмкүн болбогон суу объектилери үчүн - аба электр берүү чубалгыларын бойлото коргооаймактарын түзүү үчүн каралган аралык.
5. Электр тармактарынын коргооаймактарына киргизилген жер бөлүгү жерди пайдалануучулардан жана жер ээлеринен чыгышталып алынбайт жана алар тарабынан айыл чарба жана башка жумуштар үчүн ушул Эрежелердин талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен пайдаланылат.
Ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке жактар,аларга пайдаланууга берилген жер бөлүктөрү аркылууөткөн 1000 вольтко чейинки чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын сакталышын камсыз кылууга алар тараптан болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Электр берүүнүн аба чубалгыларынын коргоо аймактарында айдоо, жыйноо, чөп ташып чыгуу, агым суулар менен сугаруу сыяктуу талаачылык айыл чарба иштери электр берүү чубалгылары карамагында турган мекемелер менен макулдашпастан, бирок бул чубалгылардын сакталышын милдеттүү түрдө камсыздоо жана коопсуздук чараларын сактоо менен, жер пайдалануучулар тарабынан жүргүзүлөт. Жер пайдалануучулар тарабынан электр чубалгылары бузулган учурда, электр чубалгыларынын бузулууларын жоюу жана айыл чарба жерлерине келтирилген зыянды калыбына келтирүү айыл чарба иштерин жүргүзгөн жерди пайдалануучунун эсебинен жүргүзүлөт.
7. Аба электр чубалгыларынын коргоо аймактарында жайгашкан жерлерде, жерлерди убактылуу суу каптоо менен байланышкан иштер, жерди пайдалануучулар менен бул чубалгылар кармагында болгонмекемелердин ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.
8. Электр тармактарынан имараттарга, курулмаларга жана тигилген бак-дарактарга, ошондой эле аба электр чубалгыларынын зымдарынан жерге жана суу беттерине чейинки жол берилген эң аз аралыктар Өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана тоо-кен көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып Энергетика министрлиги тарабынан бекитилген Электр орнотмолорун куруу эрежелери менен аныкталат, ошондой эле Шаарларды жана шаар түрундөгү калктуу конуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүү» боюнча СН КР 30-01-2020 стандартымененКыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген, №7-нпа 20.09.2016 ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн «Кыргыз Республикасындагы айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн Эрежелеринин жыйнагынын» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер бөлүгүнкурулушка, парктарды жана бакчаларды жайгаштырууга бөлүп берүүдө, имараттарды жана курулуштарды долбоорлоодо жана курууда, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузууда, бутоодо жана кыюуда милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
9. Токойлордо жана жашылдандырылган жерлерде жайгашкан аба электр чубалгыларын бойлой жана көмөкчордондордун, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү жана өчүрүп-күйгүзүүчүжайларды тегерете(периметри боюнча) бак дарактарды кыйып тазалоо, токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүлүштөрү менен макулдашылып, Энергетика министрлиги тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
10. Токой аянттары аркылуу аба электр чубалгылары өткөн учурларда зымдарга жакын өскөн бак-дарактарды кыюу айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын башкаруу органдарына, ошондой эле токойлордун ээлерине билдирүү менен бул чубалгылар карамагында болгон мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Аба электр чубалгылары сейил бактардан, бакчалардан жана башка көп жылдык бак дарактар отургузулган жерлерден өткөндө, бак-дарактарды кыюу, электр аба чубалгыларын тейлеген мекемелер тарабынан, ал эми өз ара макулдашуу боюнча - бул бак-дарактар балансында турган мекемелер же жарандар - бакчалардын,башка көп жылдык өсүмдүктөрдүн ээлери тарабынан, электр чубалгыларына ээликболгон мекеме тарабынан аныкталган тартипте, Электр орномолорун орнотуу Эрежелеринин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
11. 1000 В чейинки электр тармактарынын коргоо аймактарында бул тармактарды тескеген мекеменин алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а)электр тармактарынын коргоо аймактарында ар кандай имараттарды жана курулмаларды курууга, толук оңдоого, кайра жаңылап курууга же бузууга, май куюуучу бекеттерди жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайларды жайгаштырууга;
б) ар кандай тоо-кен, жүктөп-түшүрүү, түбүн тереңдетүү, жер казуу, жардыруу, мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузууга жана кыюуга, оюндар үчүн спорттук аянтчаларды, стадиондорду, базарларды, коомдук транспорттун токтоочу жайларын, машиналардын жана механизмдердин бардык түрлөрүн токтотуучу жайларды уюштурууга, талаа стандарын жайгаштырууга, тоют (чөп, саман), күйүүчү материалдарды (жыгач, отун, резина жана башка күйүүчү материалдар) үйүп-жыйуга, мал жайгаштыруучу коруктардыорнотууга, жүзүмзарлар жана бакчалар үчүн зым тосмолорун жана казыктарын орнотууга, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн жамгырлатып сугарууга;
в) жолдун же жер үстүнөнжалпы бийиктиги4,5 метрден ашык болгон жүктүү же жүксүз унаа каражаттарын жана механизмдерди (электр аба чубалгыларынын коргооаймактарынан) өткөрүүгө;
г) 0,3 метрден ашык тереңдиктеги жер жумуштарын, ал эми айдоо жерлеринде - 0,45 метрден ашык тереңдиктеги, ошондой эле жерди тегиздөө иштерин жүргүзүүгө (жер астындагы кабелдик электр чубалгыларынын коргооаймактарында);
Электр тармактарынын коргооаймактарында көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук алган юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) жана жеке жарандар, аларды ошол тармактардын сакталышын камсыз кылуучу шарттарды колдонуу менен аткарууга милдеттүү.
Карамагында электр тармактары бар ишканалардын (мекемелердин) ушул орунбелгиде каралган жумуштарды электр тармактарынын коргоо аймактарында жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук берүүдөн баш тартуусу белгиленген тартиптеги даттануунун негизиндетийиштүү түзүмдөр тарабынан каралышы мүмкүн.
12. Электр берүү чубалгыларынын коргоо аймактарынын чегинде мекемелер тарабынан иштерди жүргүзүү эрежелери, буга кызыкдар болгон министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан бекитилет.
13. Электр тармактарынын кадимкидей дурус иштешин бузуучу, алардын бузулушуна же кырсыкка алып келүүчү, материалдык зыянга учуратуучу кандайдыр бир аракеттерди жасоого тыюу салынат, атап айтканда:
а) бөтөн адамдарга электр тарамдар курулмаларынын аймагында жана жайларында болууга, электр тарамдар курулмаларынын эшиктерин жана жабылматешиктерин ачууга, электр тармактарында өчүрүп-күйгүзүүлөрдү жана туташтырууларды жүргүзүүгө;
б) электр тармактарынын объектилерине унаалар жана жөө адамдар кирүүчү жолдорду башаламан тосмолоого;
в) зымдарга, түркүктөргө бөтөн нерселерди ыргытып илүүгө жана түркүктөргөжөлөп коюуга жана байлоого, мал байлоого, түркүктөргө чыгууга, зымдарга имараттардын чатырынан кар таштоого, капталманын бузулушунан, үзүлүүдөн жана башка себептерден улам же өзүнөн-өзүтөмөн салаңдап калган зымдарга жакындоого;
г) электр тармактарынын коргоо аймактарында жана ага жакын жерлерде ар кандай таштанды төгүүчү жайларды уюштуруп орнотууга;
д) бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жанында, электр берүүнүн аба жана кабелдик чубалгыларынын коргоо аймактарында от жагууга, өсүмдүктөрдү (камыш, чөп ж. б.) өрттөөгө;
ж) электр берүү аба чубалгыларынын коргоо аймактарында белгиленген тартипте уруксат берилген жумуштарды аткаруу менен алектенбеген адамдардын көп топтолушуна байланыштуу ар кандай иш-чараларды жүргүзүүгө;
з) электр берүүчү аба чубалгыларынын коргоо аймактарында учуучу аппараттардын башкарылуучу жана башкарылбаган ар кандай спорттук түрлөрүн, батперектерди, шарларды учуруу, кайырмак жана спинингдер менен балык кармоого;
е) урма механизмдер менен иштөөгө, 5 тоннадан ашык салмактагы оордуктарды таштоого, жегич жана дат басуучу заттарды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды төгүүгө жана таштоого;
и) коргоо аймагынын чегинде жана анын чегинен сырткары турган, алардын кулашы электр берүү чубалгыларынын бузулушунажана электр энергиясынан керектөөчүлөрдүн ажыратылуусуна алып келиши мүмкүн болгон дарактарды өз билемдик менен кыюуга;
к) убактылуу же туруктуу контейнердик же башка металл жана башка курулмалардын, гараждардын орнотууларын жүргүзүү;
л) электр берүү чубалгыларынын түркүктөрүн тосууга, курулуштар менен курчоого же тосмо же башка казык катары пайдаланууга.
14. Ар кандай түрдөгү механизмдерди колдонуу менен аба чубалгыларынын жанында жумуштарды аткаруу, механизмден же анын көтөрүүчү же узарып чыгуучу бөлүгүнөн(анын ичинде механизмдин огунунэң жогору көтөрүлгөн же чыгарылган абалында), ошондой эле көтөрүлүп жаткан жүктөрдүнар кандай абалында, чыңалуу астындагы жакынкы зымдарга чейинки абадагы алыстыгы1,5 м ден кем болбогон учурда гана жол берилет.
15. 1000 В ко чейинки электр берүү аба чубалгылары менен кошо башка багыттагы чубалгыларды илүү электр орнотмолору таандык болгон мекеменин уруксаты менен жүргүзүлөт.
16. Эгерде 1000 вольтко чейинки аба электр чубалгыларын иштетип пайдалануучу мекеменин түркүктөрүндө башка мекемелерге таандык башка багыттагы чубалгылардын зымдары илинген болсо, ар бир чубалгысын оңдой турган мекеме, башка мекемеге зыян келтириши мүмкүнболсо, же анын өкүлүнүн катышуусу керек болгон учурда, мындай оңдоолор жөнүндө буга кызыкдар мекемеге алдын ала билдирүүгө милдеттүү.
17. Аба кемелеринин учуулары, электр тармактарынын үстүндөгү жана коргоо аймактарындагыаба мейкиндиктерин башка учурлардагы пайдалануулары, ошондой эле электр тармактарын долбоорлоо, куруу жана иштетип пайдалануу, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу мыйзамдарга жана Электр орнотмолорун орнотуу эрежелерине ылайык ишке ашырылууга тийиш.
18. Электр тармактарынын коргооаймактарына жакын жерде аларга зыян келтириши мүмкүн болгон жардыруу, курулуш жана башка иштерди жүргүзүүчү ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке адамдар,электр тармактарынын сакталышынөз каражаттарынын эсебинен камсыз кылуучу тийиштүү чараларды көрүүлөрү керек жана бул иштердин жүргүзүү шарттарын жана тартибин иш башталганга чейин 12 күндөн кечиктирбестен электр тармактарына ээлик мекемелер менен макулдашууга милдеттүү.
Коргоо аймактарындагы жардыруу иштерин жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук, бул иштерди аткаруучумекемелер тарабынан,өнөр жайдагы жумуштардыкоопсуз жүргүзүүнү көзөмөлдөө жана тоо-кен көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик түзүм тарабынан бекитилген жардыруу иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздуктун бирдиктүү эрежелеринде каралган (курулуш иштери - Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин менен макулдашуусу боюнча)тиешелүү материалдарды (жердин планы боюнча жардыруу иштеринин конкреттүү чектери көрсөтүлгөн бургулоо-жардыруу долбоору жана дүрмөттүк эсептөөлөр, бургулоо жана жардыруу паспорттору, скважиналардын температурасынын өлчөөлөрүнүн натыйжаларын) бергенден кийин гана берилет.
19. Аба жана кабельдик электр берүүчү чубалгылардын коргоо аймактарында же алгач жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жанындагы имараттарды, көпүрөлөрдү, туннеллдерди, темир жана даңгыр жолдорду бузуп жок кылуу же кайра жаңылап куруу иштерин жүргүзгөн учурларда электр тармактарын кайра куруу (жылдыруу), же аларды бузулуудан коргоону талап кылынса, ал иштерди аткарып жаткан ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке адамдар электр тармактарына ээлик болгон мекемелердин макулдашуусу боюнча, өз каражаттарынын эсебинен электр тармактарынжаңыртып куруу (жылдыруу) же коргоо боюнча иштерди жогорудагы курулмаларды буузу же кайра куруу иштерин баштоого чейин аткарууга милдеттүү.
Ирригациялык жана коллектордук-дренаждык каналдарды курууда, жүзүмзарлар жана бакчалар үчүн катар асмаларды жайгаштыруу жана башка жумуштарды аткарууда электр тармактарына баруучу унаа жана жөө жүрүүчү жолдор сакталууга тийиш.
20. Электр тармактарына жакын жайгашкан имараттарды жана курулмаларды куруу, толук оңдоо, кайра куруу учурунда долбоордук-сметалык документтерде электр тармактарынын коопсуздугун жана сакталышын жана корголушун камсыз кылуу боюнча чаралар жана алардын электр жабдуучу мекемеге толукталып берилүүчү кайра куруунун чыгымдары көрсөтүлүшү керек. Бул иш-чараларэлектр тармактарынаээлик болгон мекеме менен макулдашылууга тийиш.
21. Электр тармактарынын булганышынын же дат басуусунун булагы болушу мүмкүн болгон объектилерди курууга, толук оңдоого, кайра жаңылап куруугаболгон долбоордук-сметалык документтерде булганууну жана дат басууну чектөөгө же электр тармактарын булгануу (дат басуу) аймагынан жылдыруу чаралары каралууга тийиш.
Өндүрүштүк ишмердүулүктөрү электр тармактарынын булганышын же дат басууларын пайда кылган ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке адамдар өз каражаттарынын эсебинен булганууну жана дат басууну чектөөчү, жана бузулган электр тармактардын алардын тармактык ээлигине карабастан, калыбына келтирүүчү чараларды көрүүгө милдеттүү.
22. Белгиленген тартипте таризделген электр берүү чубалгыларынын иш жүзүндөгү абалынын материалдары аларды жер пайдалануучулардын тиешелүү карталарына киргизүү үчүн жергиликтүү аткаруу органдарына берилүүгө тийиш.
Жергиликтүү аткаруу органдары мамлекеттик каттоо кызматы, архитектура органдары менен бирдикте электр чубалгылары, оодаргыч (трансформатордук) көмөкчордондор ээлеген жер бөлүктөрүнүнтак эсебин жүргүзүүгө жана туруктуу да, убактылуу да имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берүүдөэске алууга милдеттүү. Электр чубалгылары же электр орнотмолору бар өздөштүрүлүүгө тийиш болгон аймактардан көчүрүүлөр, жылдыруулар, тиешелүү жер бөлүктөрүн бөлүп берүү менен,ошол эле учурда электр чубалгыларын, электр орнотмолорун жайгаштыруу үчүн жер аймактарынмыйзамдаштырууга кеткен чыгымдар да курулма же курулуш ээлеринин, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Райондук аткаруу бийлик органдары кызыкдар болгон ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге электр линияларынын жайгашуусу жөнүндө маалымат беришет.
23. Курулуп жаткан же колдонуудагы кабелдик электр берүү чубалгыларга ээлик болгон ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке адамдар бул чубалгыларды адашкан ток агымдарынан коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
24. Эгерде электр берүү чубалгыларынын коргоо аймактары темир жолдордун же унаа жолдорунун, өтмө түтүктөрдүн, байланыш чубалгыларынын, башка электр чубалгыларынын жана башка объектилердин коргоо аймактары менен дал келип калган учурларда, бул объекттерди иштетип пайдалануу менен байланышкан жумуштар бири-бирине дал келген аймактагы кызыкдар болгонмекемелердин ортосундагы макулдашуулар боюнча ишке ашырылат.
25. Кыргыз Республикасынын энергетика министирлигинин, ДССтардын (дүң сатып алып сатуучу),ССтардын1000 вольтко чейинки электр тармактарынаээлик болгон ишканаларынын, мекемелердин кызматкерлерине, башка уюмдардын аймагында жайгашкан тармактык объекттерге аларды оңдоо жана тейлөө үчүн белгиленген тартипте тоскоолдуксуз кирүү укук берилет. Эгерде электр тармактары жабык аймактардын жана атайын объектилердин (Коргоо министирлигинин ж.б.у.с.) аймагында жайгашса, анда тиешелүү мекемелер бул тармактарды тейлеген кызматкерлерге текшерүү жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн сутканын каалаган убагында ал аймакка кирүүгө уруксат кагазын (пропуск) берүүгө милдеттүү.
26. Кабелдик жана аба электр чубалгыларынын көлдөр, суу сактагычтар жана каналдар менен кесилишкен жерлеринде,«Кыргыз Республикасынын Унаа (Транспорт) жөнүндөгү» № 89 08.07.1998-ж. жана 01.08. 2003-ж. № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык жана № 15 07.02. 2005-ж. мыйзамда белгиленген сууда жүрүүчү унаалардагы коопсуздук талаптарын сактоо максатында электр чубалгыларынын ээлери тарабынан суу үстүндөгү аралыктарды сактоо үчүн кесилишкен жерлердеги жээктердесууда сүзүү жолдорун көрсөткөн (навигациялык)эскертүүчү белгилер менен белгиленет.
Белги берүүчү белгилер электр берүүчү чубалгыларды иштетип пайдалануучу мекемелер тарабынан Суу жолдорунун өзөндүк башкармалыгынын макулдашуусу менен орнотулат.
27. Өнөр жай ишканаларынын аймагында, темир жолдор жана унаа жолдорунун кесилиштеринде, темир жолдорго бөлүнгөн тилкелерде жана аэродромдорго жакын жайгашкан жерлердеги1000 вольтко чейинки чыңалуудагы электр берүү чубалгыларды иштетип пайдалануу тартиби тиешелуу мекемелер менен электр беруу чубалгыларын иштетип пайдалануучу мекемелердин макулдашуулары менен жүргүзүлүшү керек.
I-IV категориялардагы автомобиль жолдорунда жолдун үстүнкү катмарынан жүгү бар же жүксүз жалпы бийиктиги 4,5 метрден ашкан унаалар жана механизмдердин кыймылы болсо, жолдордун аба электр чубалгылары менен кесилишиндеги эки тарабында тең өтүүчү унаалардын уруксат берилген бийиктигин көрсөткөн сигналдык белгилер орнотулушу керек. Сигнал белгилери электр берүү линиясын иштетип пайдалануучумекеме менен макулдашуу боюнча жолду тейлеген мекеме тарабынан орнотулат.
28. Токой тутумдарын аралатып бактарды кыйып салынган жолдордо жайгашкан электр тармактарынаээлик болгон ишканалар, мекемелер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ачылган жерлерди орт коопсуздугун сактоо абалында кармоо;
- ачылган жерлердин, бак-дарактарды (бадалдарды) кыюу жана башка ыкмалар менен, аба электр чубалгыларын иштетип пайдалануу боюнча насааттамаларда каралган өлчөмдөрдөгү тууралыгын сактоого;
- Жаратылыш ресурстар министрлигинин айлана-чөйрөнү коргоо органдарына же Айыл чарба министрлигинин токой чарбаларын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдарына кабарлоо менен, ачык аянттардан тышкары өскөн жана зымдарга же таянычтарга кулап калуу коркунучу бар дарактарды белгиленген тартипте кыйууга;;
- бак-дарактарды жана бадалдарды өстүрүү үчүн пайдаланылуучу ачык жерлердеги, бийиктиги 4 метрден ашкан дарактарды кыюуга же кесүүгө.
29. Электр берүү чубалгыларында бузулууларды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу үчүн бул линиялар карамагында турган уюмдар тарабынан токой массивдериндеги, бул чубалгылардын трассаларына жанаша жайгашкан токой коргоо тилкелериндеги, мамлекеттик токой фондунун токойлорундагы айрым дарактарды кийин токой кыюу билеттерин тариздөө менен кыюуга, ошондой эле жолдорду бак-дарактардын өсүшүнөн тазалоого жана белгиленген тартипте электр берүү линияларына же анын коргоо аймагында отургузулган калктуу конуштардагы айрым бак-дарактарды кыюуга уруксат берилет.
30. Электр чубалгыларын оңдоо үчүн зарыл болгон бул чубалгылардын коргоо аймактарында жер казуу жана башка жумуштарды жүргүзүүгө электр чубалгыларына ээлик болгон мекемелерге уруксат берилет.
Айыл чарба жерлери аркылуу өткөн электр берүү чубалгыларынын пландуу оңдоолору жана кайра жаңылап куруулары жерди пайдалануучулар менен макулдашуу менен жана эреже катары, бул жерлерди айыл чарба өсүмдүктөрү ээлебеген мезгилде же бул өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылуу мүмкүн болгон учурларда жүргүзүлөт.
Электр чубалгылардабузулууларды болтурбоо же алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер, жерди пайдалануучулардын макулдугусузжылдын кайсыл болбосун мезгилинде, бирок аткарылып жаткан иштер жөнүндө аларга билдирүү,жана алардын жоготууларынын ордун толтуруу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жогорудагы жумуштар аткарылгандан кийин электр берүү чубалгыларынаээликмекемелер, жерди максаттуу пайдалануу үчүн ылайыктуу абалга келтирүүгө, ошондой эле жерди пайдалануучуларга жумуштарды жүргүзүүдө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Жерди пайдалануучулардын жоготуулары белгиленген тартипте аныкталат жана толтурулат.
31. Жолдун кыртышын бузууга алып келген кабелдик электр чубалгыларын оңдоо жана кайра жаңылап куруу боюнча пландуу иштер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынынбөлүмдөрү, жолдорду тескеген мекемелер,ал эми шаарлардын жана башка калктуу конуштарда ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аларды жүзөгө ашыруунун шарттарыналдын ала макулдашуулардан кийингана жүргүзүлүшү мүмкүн. Иштин шарттары иш башталганга чейин үч күндөн кечиктирбестен макулдашылышы керек.
Шашылыш учурларда, жолдун кыртышын бузууга алып келген кабелдик электр чубалгыларынын оңдоо иштери, алдын ала макулдашылбастан, бирок кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, бул жолдорду тейлеген мекемелерге, шаарлардын жана башка калктуу конуштардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоо менен жүргүзүүгө жол берилет.
Бул иштерди аткарган мекемелер жумуш ордунда айланып өтүүчү жолдорду жана тосмолорду уюштурууга жана тиешелүү жол белгилерин орнотууга, ал эми иш аяктагандан кийин жерди тегиздеп, жолдун үстүн калыбына келтирүүгө тийиш.
Автомобиль жолдорун тейлеген мекемелердин макулдугу менен жолдорго келтирилген зыянды жоюу боюнча иштерди аткаруу, кабелдик электр өткөргүчтөрүн тейлеген мекемелердин каражаттарынын эсебинен жолду тейлеген мекмелер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кабелден, казуу иштери жүргүзүлгөн жерге чейинки аралык ар бир учурда кабелдик электр чубалгысын иштетип пайдалануучумекеме тарабынан аныкталат.
Иштин коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарды сактоо мүмкүн болбогон учурд, электр тармагынын бөлүгүнөн чыңалуу алынып салынууга жана жердештирилүүгө тийиш.
32. Жер казуу иштерин жүргүзүп жаткан юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) жана жеке жактар жумуштарды аткаруу үчүн техникалык документтерде көрсөтүлбөгөн кабель табылганда бул ишти ошол замат токтотууга, кабелдин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана электр тармактарын тейлеген жакынкы мекемеге, башка энергетикалык мекемелерге же жергиликтүү бийлик органдарына билдирүүгө, милдеттүү.
33. Табигый кырсыктардын кесепетинен электр тармактары бузулган учурда, ошондой эле алардын бузулушуна жол бербөө максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, зарыл болгон учурда ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди (менчигинин түрүнө карабастан),ошондой эле жарандардыэлектр тармактарынын бузулушун алдын алуу жана жоюу иштерине тартууга укук берилет. Бул учурда аткарылган иштер үчүн акы төлөө жана сарпталган материалдык ресурстардын наркынын ордун толтуруу электр тармактарына ээлик болгонмекемелер тарабынан жүргүзүлөт.
34. Электр тармактарынын коргооаймактарындагы юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) жана жеке жактар электр тармактарын тейлеген мекемелердин кызматкерлеринин электр тармактарынын коопсуздугун камсыз кылууга жана бузулуулурдын, бөөдө кырсыктарды болтурбоо үчүнбагытталган алдын ала баардык алардын колунан келген талаптарды аткарууга милдеттүү. Электр тармактарына ээлик ишканалар (мекемелер)бул тармактардын коргооаймактарында ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен иш алып барган башка мекемелер, юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрүнүн) жана жеке жактардынжумуштарын токтотууга укуктуу.
35. Ички иштер органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары электр тармактарын тейлеген мекемелергеэлектр тармактарындагы бузулууларды алдын алууда жана алардын кесепеттерин жоюуда, ошондой эле бардык мекемелер, юридикалык жана жеке жактар тарабынан бул Эрежелердин талаптардын сакталышын камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
36. Кызмат адамдары, юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Эрежелерди аткарбагандары, ошондой эле мыйзамсыз иш аракеттеринин кесепетинен электр тармактарынын туура иштешинин бузулушуна алып келгендиктери үчүн материалдык, жазык жана укук бузуулар Кодекси боюнча жоопкерчиликтерге тартылышат.
Жерде үзүлүп жаткан же салаңдап турган электр берүүчү аба чубалгыларынын зымдарын, ошондой эле түркүктүн жыгылышы же зымдын үзүлүү коркунучун, иштеги бөлүштүрүүчү түзүлүштүн эшигинин ачыктыгын көргөн жаран ошол замат токтоосуз жакынкы электр менен жабдуучу ишканага же жергиликтүү башкаруу органдарына кабар берүүгө, жана ал жерге адамдардын, малдын жакындабашына чара көрүүгө милдеттүү.
Эрежелерди бузуулар жөнүндө протоколдор электр тармактарынаээлик болгонмекемелердиныйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан, керек болгон учурларда Энергетика министирлигинин алдындагы Энергетика боюнча көзөмөл кызматынын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт. Ушул Эрежелердин бузулушу жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмеси тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан бекитилет.
37. Мекемелердин, кызматтык адамдардын, юридикалык жактардын (алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн) жана жеке жактардын күнөөсү боюнча электр чубалгылары бузулган учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу белгиленген тартипте алардын эсебинен толук көлөмдө, электр тармактарына ээлик кылган мекеме тарабынан бузулуулардын-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн чыгымдардын сметасына ылайык жүзөгө ашырылат.