Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 13-сентябры № 339-ни
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын
жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын пайда болуу тобокелдигин азайтуу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” жана 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкү иштерди туруктуу негизде жүргүзүшсүн:
– орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;
– коррупциялык тобокелдиктер бар учурларды жана кырдаалдарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыштар бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин расмий веб-сайтында расмий жарыяланышын анын катталган күнүнөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коррупцияга каршы аракеттенүү жана кызматтык иликтөө сектору:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөлөрүн (эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн анын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин контролдоо жана административдик колдоо башкармалыгынын канцелярия жана лингвистика бөлүмү ушул буйрукту анын бардык түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө жеткирсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри |
А.С. Джаныбеков |