Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 28-августундагы № 05/2-17/256 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 13-сентябрындагы
№ 339-ни буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин
коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
Уруксат берүү жана каттоо функциялары | |||||||
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Борбордук аппараты | |||||||
1 | Асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусун ыйгаруу үчүн чарбакер субъекттерди текшерүү | Комиссиянын мүчөлөрүнүн, асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусун алууга талапкер юридикалык жана жеке жактар менен бүтүм түзүү мүмкүнчүлүгү | Системалуу | Орточо | КРнын АЧМнин Борбордук аппараты, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары КРнын АЧМне караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти, Ветеринардык кызматынын райондук ветеринардык башкармалыктары, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту | КРнын АЧМнин асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусун ыйгаруу үчүн чарбакер субъекттерди текшерүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер, өкүлдөрү комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдардын ишине тийиштүү болушу мүмкүн |
2 | Үрөнчүлүк чарбалардын статусун аныктоо жана түзүү | Комиссиянын мүчөлөрүнүн, үрөнчүлүк чарбалардын статусун алууга талапкер юридикалык жана жеке жактар менен бүтүм түзүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМнин Борбордук аппараты, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары ведомстволук бөлүмдөрү | Үрөнчүлүк чарбалардын статусун аныктоо жана түзүү боюнча аттестациялык комиссиясыные мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер, өкүлдөрү комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдардын ишине тийиштүү болушу мүмкүн |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы | |||||||
3 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдаланууга берүү | Конкурстук документацияны кароодо белгилүү бир жактардын таламдарын сүрөө | Системалуу | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын токой чарбалары | КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын токой чарбаларынын директорлору, мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстук комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын токой чарбаларынан тышкары, комиссиянын курамына кирген мекемелердин ишине тийиштүү болушу мүмкүн |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы | |||||||
4 | Көзөмөлгө алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (аймагынан ташып чыгарууга), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит кылууга жазуу жүзүндө уруксат берүү | Уруксат берүү маселелери боюнча жалгыз чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын директору жана орун басарлары | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти | |||||||
5 | Балыкты өнөр жайлык кармоого, көбөйтүү максатында балык өндүрүүчүлөрдү кармоого, биологиялык мелиорация боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү | Өнөр жайлык балык уулоого жогорулатылган лимиттер менен уруксат берүү. Уруксаттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу. Уруксаттарды берүүнү тездетүү же басаңдатуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаменти | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин балык улоо, мониторинг жана өндүрүү бөлүмүнүн башчысы, жетектөөчү адиси | Бул тобокелдиктер КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин ишине тийиштүү |
6 | Көлмөлөрдө балык чарба ишин жүргүзүү үчүн конкурска документтерди кабыл алуу | Конкурсту өткөрүүгө документтерди кабыл алууда жогорулатылган талаптарды белгилөө | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаменти | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин балык чарба реестрин түзүү жана көлмөлөрдү паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | |||||||
7 | Өсүмдүктөрдүн, өсүмдүк продукцияларынын жана башка карантинге алынуучу материалдардын жүктөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүүгө, ошондой эле анын аймагы боюнча транзитке уруксат берүү | Карантинге алынуучу продукцияны контролдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө ташып келүүгө жана транзитке тоскоолдук кылуучу фактыларды атайылап жашыруу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык башкармалыктарынын адистери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
8 | Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү (берүүдөн баш тартуу)
| Түздөн-түз байланышууда бүтүмгө келишүү мүмкүнчүлүгү. Документтерди кароону жана чечимди даярдоону тездетүү же кечиктирүү мүмкүнчүлүгү. Сертификаттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу тобокелдиги бар | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин областык башкармалыктар жетекчилери жана жооптуу адистери | Бул тобокелдиктер КРнын АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
9 | Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо. Пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүн берүү | Ташып келүүдө айрым адамдардын кызыкчылыктарын сүрөө | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчылары жана адистери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | |||||||
10 | Үрөндөргө сертификат берүү | Кайрылуучу менен сынамдарды алуучунун түз байланыш мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин Үрөндөрдү сертификатоо бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси. Үрөн экспертизалоо борбордук лабораториясы | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ишине тиешелүү |
11 | Апробация актыларын берүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк өсүмдүктөрүнүн талаа инспекциясын жүргүзүүчү адистердин арыз ээлери менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин Үрөндөрдү сертификатоо бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси, адистери | Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаменти | |||||||
12 | Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү | Сертификациялоодо жана каттоо күбөлүгүн бербөө тобокелдиги бар | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаменти | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаментинин Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо бөлүмүнүн адистери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаментинин ишине тийиштүү |
Кызмат көрсөтүү функциялары | |||||||
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы | |||||||
13 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой аңчылык жайгаштыруу жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу | Арыздарды кароо мөөнөтүн тездетүү. Арыз ээлеринин кызматкерлер менен түз байланышы | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Токой кызматы | КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын ишине тийиштүү |
14 | Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багып кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жана тигилүүчү материалдарды сатуу | Мыйзамсыз токой кыюуга атайылап жол берүү. Жыгачты мыйзамсыз сатуу | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Токой кызматы | КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын токой чарбасынын директору, башкы токойчу, башкы эсепчи, токойчулуктун башчысы, токойчу | Бул тобокелдиктер КРнын АЧМне караштуу Токой кызматынын токой чарбаларынын ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы | |||||||
15 | Түзүлгөн контракттар жана келишимдер боюнча КРнын мамлекеттик суу чарба тутумдарынан суу берүүнү камсыздоо | Сугат суусун акы үчүн кезектен сырткары берүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Суу ресурстары кызматы | КРнын АЧМне караштуу Суу ресурстары кызматынын райондук суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери. Гидротехникалык участоктордун жетекчилери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарба башкармалыктарынын ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы | |||||||
16 | Жерге жайгаштыруу иштерин тариздөө жана жер участокторуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү | Жер участокторуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүүдөн негизсиз баш тартуу же токтотуу. Арыз ээси менен жергиликтүү каттоо органынын адисинин түз байланышуу мүмкүнчүлүгү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча берилген документтерди кароону “тездетүү” же “создуруу” мүмкүнчүлүгү. Бир эле жер тилкесине бир нече укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү. Өзгөчө эсепке алынуучу документтердин бланктарын эсепке алуу тартибинин бузулушу (өзгөчө эсепке алынуучу бланктардын көзөмөлсүз берилиши). Ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамсыз чыгарылган же жасалма чечимдеринин негизинде жер участогуна укук белгилөөчү документти каттоо жана берүү мүмкүнчүлүгү. Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коддорун ыйгарып алуу же жоюу (кыймылсыз мүлк бирдигин мыйзамсыз бөлүү же бириктирүү). Таризделген документтердин толуктугун жана аныктыгын текшерүүчү көзөмөлдүн жоктугу (адистер объекттерге барышпайт, жер тилкелеринин чек араларын изилдөө жана коңшулар менен макулдашуу актысын түзүшпөйт же формалдуу түрдө жасашат ( кварталдык комитеттердин же айыл өкмөтүнүн колтамгасы жок). Архивдик маалыматтардын жана электрондук маалыматтардын базасынын адистерге, орто жана улук жетекчилерге жеткиликтүүлүгү. Кызматкерлер менен бүтүм түзүү натыйжасында архивдик материалдарды жана электрондук маалыматтарды (автордук укук ээлери жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү, жоготуу, мыйзамсыз басып алуу жана жок кылуу ж.б.) өзгөртүү тобокелдиги | Системалуу | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматы | КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматынын башкармалыгынын жетекчилери, жер кадастрын жүргүзүү боюнча адистер. КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдарынын (филиалдарынын) жетекчилери, орун басарлары, жер кадастрын жүргүзүү боюнча адистери | Бул тобокелдиктер КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматынын, жергиликтүү каттоо органдарынын (филиалдарынын) ишине тийиштүү |
17 | Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөө жана техникалык паспорт берүү | Кыймылсыз мүлк бирдигин фактылык изилдөөдө маалымдарды анык эмес көрсөтүү. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөөдөн жана техникалык паспорт берүүдөн негизсиз баш тартуу. Арыз ээси менен жергиликтүү каттоо органынын адисинин түз байланышуу мүмкүнчүлүгү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча берилген документтерди кароону “тездетүү” же “создуруу” мүмкүнчүлүгү. Кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортундагы кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлерине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү (Кыймылсыз мүлкүн баасынын кымбатташына таасир бере турган жер тилкесинин жана курулуштардын аянтын, ошондой эле кыймылсыз мүлк тургузулган курулуш материалдарынын түрүн өзгортүү). Архивдик маалыматтардын жана электрондук маалыматтардын базасынын адистерге, орто жана улук жетекчилерге жеткиликтүүлүгү. Кызматкерлер менен көмүскө бүтүм натыйжасында архивдик материалдарды жана электрондук маалыматтарды (автордук укук ээлери жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү, жоготуу, мыйзамсыз басып алуу жана жок кылуу ж.б.) өзгөртүү тобокелдиги | Системалуу | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматы | КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдарынын (филиалдарынын) жетекчилери, орун басарлары, жер кадастрын жүргүзүү боюнча адистери | Данные риски относятся к деятельности Службы земельных ресурсов при МСХ КР, местных регистрационных органов (филиалов) Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын, жергиликтүү каттоо органдарынын (филиалдарынын) ишине тийиштүү |
18 | Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо, анын ичинде милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укугун мамлекеттик каттоо | Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоону негизсиз токтотуу же баш тартуу. Кыймылсыз мүлккө укуктарды ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамсыз же жасалма чечимдеринин негизинде мамлекеттик каттоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү (жарандардын жер үлүштөрүнүн жараксыз тизмелери, укук аныктоочу документтери, жасалма ишеним каттар ж.у.с.). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча берилген документтерди кароону “тездетүү” же “создуруу” мүмкүнчүлүгү. Кызматкерлер менен бүтүм түзүү натыйжасында архивдик материалдарды жана электрондук маалыматтарды (автордук укук ээлери жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү, жоготуу, мыйзамсыз басып алуу жана жок кылуу ж.б.) өзгөртүү тобокелдиги | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматы | КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдарынын (филиалдарынын) жетекчилери, орун басарлары, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү боюнча адистери | Бул тобокелдиктер КРнын АЧМне караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдарынын (филиалдарынын) ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти | |||||||
19 | Балык өндүрүү, балык өстүрүүчү материал, продукцияны сатуу, экспорттоо боюнча кварталдык Ф-28 маалымкаттарды чогултуу | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине балык өндүрүү, балык өстүрүүчү материал, тирүү балык икрасын жана алар үчүн тоюттарды ж. б. ташып келүү боюнча туура эмес маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаменти | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин балык чарба ишмердүүлүгүн координациялоо жана аквакультура бөлүмүнүн башчысы жана жооптуу адистери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин ишине тиешелүү |
20 | Балык өндүрүүчүлөрдүн тигил же бул түрүн кармалуусунун санына таасир этүүчү, уруктандырылган икраны даярдоого план-тапшырманы макулдашуу | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жаш балыктарды көбөйтүүгө план-болжолдоолорду түзүүдө жана макулдашууда көрсөткүчтөрдү жогорулатуу же Төмөнкүдөтүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаменти | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин балык улоо, мониторинг жана өндүрүү бөлүмүнүн башчысы, жооптуу адистери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин ишине тиешелүү |
21 | Балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максатында көлмөлөрдү, балык уулоо участокторун жана жасалма көлмөлөрдү пайдаланууга берүү | Аныкталган жактардын кызыкчылыктарын сүрөө | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаменти | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин директору, балык чарба ишмердүүлүгүн координациялоо жана аквакультура бөлүмүнүн башчысы | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин ишине тиешелүү |
22 | Көлмө паспортторун иштеп чыгуу жана балык-биологиялык негиздемелерди берүү | Көлмөнүн паспортун жана балык-биологиялык негиздемелерди берүүдө суунун аянтын көбөйтүү же азайтуу | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаменти | КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин Балык чарба реестрин түзүү жана көлмөлөрдү паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы жана жооптуу адистери | Бул тобокелдик КРнын АЧМне караштуу Балык чарба департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | |||||||
23 | Фитосанитардык сертификациялоо процедурасын жүргүзүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн белгиленген тартибинен четтөө | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык башкармалыктарынын фитосанитардык сертификациясын берүүгө жооптуу адистери | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
24 | Экспорттоо максатында, анын ичинде карантиндик фитосантардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрүн кошуп, карантинге алынган продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын белгилейт, карантинге алынган продукциянын карантиндик фитосанитардык абалы жөнүндө корутундуну/фитосанитардык документти берүү | Карантинге алынган продукциянын карантиндик фитосанитардык абалы жөнүндө корутундуну/фитосанитардык документти фитосанитардык анализсиз жана экспертизасыз берүү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өсүмдүктөрдүн карантини лабораторияларынын кызматкерлери | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
25 | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрү боюнча минералдык жер семирткичтерди берүү ченемдери жана мөөнөттөрү боюнча сунуштарды берүү менен пестициддердин жана агрохимикаттардын сапатын, алардын өсүмдүктөрдүн, топурактын жана суунун курамындагы калдыктарын, ошондой эле азыктандыруучу элементтердин жана гумустун кыртышта камтылышына мониторинг жана лабораториялык талдоо | Лабораториялык изилдөөлөрдүн корутундусунун протоколун берүүдөн негизсиз баш тартуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин контролдук-токсикологиялык лабораториялары- нын башчылары жана жооптуу кызматкерлери | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти | |||||||
26 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн табыштамалары боюнча акы төлөөнүн негизинде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы биологиялык дарылоо | Керектөөчүлөр жана биологиялык каражаттарды өндүрүү менен байланышкан катышуучулар менен түз байланыш мүмкүнчүлүгү. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин филиалдары тарабынан өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын фермердик чарбаларга сатуудагы тобокелдиктер | Кырдаалдык | Төмөнкү | КР АЧМне караштуу Органикалык айыл чарба департаменти | КР АЧМне караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) директорлору | Бул тобокелдиктер КР АЧМне караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаменти | |||||||
27 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча ветеринардык дары-дармектердин натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү | Корутундуларды лабораториялык изилдөөсүз берүү тобокелдиги
| Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаменти | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаментинин ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын сапатын контролдоо, дени сак жана жугуштуу виварий лабораторияларынын адистери | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департаментинин ишине тийиштүү |
Жөнгө салуу функциялары | |||||||
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы | |||||||
28 | Көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзит кылууга тиешелүү ветеринардык коштоочу документтерди берүү | Арыздарды кароо убактысын узартуу же кыскартуу тобокелдиги бар | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын Ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо башкы башкармалыгынын чек ара ветеринардык контролдоо бөлүмүнүн башчысы, башкы инспектоу, улук инспектор, инспектору | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти | |||||||
29 | Асыл тукум продукциясына эксперттик корутундуларды берүү | Арыз ээлери жана чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу жактардын менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү. Кайрылууларды кароонун мөөнөттөрүн бузуу тобокелдиги | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти | КРнын АЧМне караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, жетектөөчү адиси КРнын АЧМне караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин мал чарбасында биотехнологияны жайылтуу бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси | Бул тобокелдиктер КР АЧМне караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин ишине тийиштүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | |||||||
30 | Жаңы сортторду пайдаланууга киргизүү үчүн мамлекеттик сыноолорду өткөрүүгө арыздарды кабыл алуу, жогорку репродукциядагы үрөндүк айдоолордо талаа инспекциясын пландоо жана уюштуруу, кыртыштык сорттук контролдоо | Тийиштүү сыноосуз жаңы сортторду колдонууга жол берүү тобокелдиги | Потенциалдуу | Төмөнкү | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин сортторду жана гибриддеди сыноо жана каттоо бөлүмүнүн бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси, адистери | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ишине тийиштүү |
Контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары | |||||||
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы | |||||||
31 | Көзөмөлгө алынган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана башка документтердин талаптарынын аткарылышын контролдоо. Ветеринардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышын контролдоо. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүү | Сый акы алуу үчүн субъекттерди текшерүүнүн натыйжалары боюнча оң корутунду чыгаруу тобокелдиги. Текшерүүлөрдүн субъекттерин текшерүүлөрдүн планына киргизбөө үчүн аларды жашыруу мүмкүнчүлүгү. Ишкердик субъекттерин текшерүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу тобокелдиги | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын Борбордук аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнүн башчылары, башкы инспектору, улук инспектор, инспектору жана райондук (шаардык) ветеринардык башкармалыктардын инспекторлору
| Бул тобокелдиктер контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларына ээ болгон мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
32 | Ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажылык тариздөө жайларында бажылык жол-жоболордон өтүүгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) кароо жана текшерүү. Чек араларда контролдоо жана үлгүлөрдү алуу | Көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) кароо жана текшерүүсүз өткөрүү.
| Кырдаалдык | Орточо | КР АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын чек ара ветеринардык контролдоо постторунун инспекторлору
| Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ишине тиешелүү |
33 | Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларга ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну контролдоо. Соода түйүндөрүндөгү жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларга карата ветеринардык-санитардык экспертизаны жүргүзүүнү контролдоо | Материалдарды (изилдөө объекттерин)кабыл алууда инспекторлордун, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин экспертиза дайындаган адамдар менен жеке байланыш тобокелчилиги. Ташууга мүмкүнчүлүктүү көлөмдүү изилденүүчү объектти изилдөө үчүн атайын курулманын жоктугу. Экспертиза өткөрүү мөөнөтүн тездетүү. Экспертизанын кезектүүлүгүн сактабоо. Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жүктү контролдоодо ченемдик актынынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн сый акы алуу тобокелдиги. Сый акы үчүн жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташып келүүгө, ташып кетүүгө жана транзитке жол берүү тобокелдиги | Системалуу
| Орточо
| КР АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо башкы башкармалыгынын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, башкы инспектору, улук инспектор, инспектору | Бул тобокелдиктер контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларына ээ болгон мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
34 | Профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү. Вакциналарды жана препараттарды бөлүштүрүү, ветеринардык дарыканаларга текшерүүлөрдү жүргүзүү, эмдөөнүн жүргүзүлүшүн контролдоо жана көзөмөлдөө (вакцинацияланган жаныбарлардын саны жана вакциналардын саны ж. б.) | Жаныбарлардын ылаңдарына каршы вакциналарды сатуу тобокелдиги (мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынат). Вакциналарды жана башка препараттарды ветеринардык дарыканалар аркылуу кайра сатуу тобокелдиги. Жеке ветеринарлардан отчет алуунун так жол-жоболорунун жоктугу | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын райондук (шаардык) ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору. КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо башкы башкармалыгынын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгы бөлүмдөрүнүн башчысы, башкы инспектору, улук инспектор, инспектору | Бул тобокелдиктер КР АЧМне Ветеринардык кызматынын ишине тиешелүү |
35 | Тамак-аш жана мал базарларында ветеринардык инспекторлордун жана ветеринардык дарыгерлердин ишин контролдоо | Контролдоонун төмөнкү деңгээли жана азык-түлүк жана мал базарларын контролдоодо бүтүм түзүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматы | КРнын АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо башкы башкармалыгынын жана эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн башчысы, башкы инспектору, улук инспектор, инспектору. Райондук (шаардык) ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору | Бул тобокелдик КР АЧМне караштуу Ветеринардык кызматынын ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы | |||||||
36 | Жер жана суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контрол жана көзөмөл жүргүзүү | Ишкердиктин субъекттерине таасир кылуу мүмкүнчүлүгү. Пландуу, пландан тышкаркы текшерүүлөрдү, кийин ишкердиктин субъекттерин сый акы берүүгө мажбурлоо үчүн колдонуу тобокелдиги. Аныкталган бузууларды жашыруу тобокелдиги. Текшерүүчү инспектордун жана текшерилүүчү ишкердик субъекттин түз байланышы | Потенциалдуу
| Орточо
| КРнын АЧМне караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы | КРнын АЧМне караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын жерди көзөмөлү боюнча башкармалыгынын жана суу көзөмөлү боюнча башкармалыгынын башкы инспектору, улук инспектор, инспектору, аймак аралык башкармалыктарынын (бөлүмдөрүнүн) инспекторлору | Бул тобокелдиктер ишкердиктин субъекттерин текшерүүгөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
37 | Жерлерди бир категориядан башкага жана жерди бир түрдөн экинчисине которууда (трансформациялоодо) тиешелүү документтерди макулдашууга катышуу | Жерлерди которууга (трансформациялоого) тиешелүү токтомдордун долбоорлорунун материалдарын кароодо тараптардын кызыкчылыктарын сүрөө. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын инспекторлорунун жерлерди трансформациялоого кызыкдар тараптар менен бүтүм түзүү мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу
| Орточо
| КРнын АЧМне караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы
| КРнын АЧМне караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын аймак аралык башкармалыктарынын (бөлүмдөрүнүн) инспекторлору
| Бул тобокелдиктер, жерлерди которууга (трансформациялоого) тиешелүү токтомдордун долбоорлорунун макулдашууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | |||||||
38 | Фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууга көзөмөл жүргүзүү | Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жүктөрдү контролдоодо ченемдик актынын талаптарын аткарбагандыгы (аракетсиздикти) үчүн сый акы алуу мүмкүнчүлүгү. Кызматкерлердин, башка мамлекеттик кызматтын кызмат адамдары менен бүтүм түзүү мүмкүнчүлүгү | Системалуу
| Орточо | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Фитосанитардык көзөмөл боюнча аймактык башкармалыктарынынын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР АЧМне караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | |||||||
39 | Сортторго жана гибриддерге бир түрдүүлүгү, айырмаланышы, туруктуулугу боюнча сыноо жүргүзүү жолу менен жаңы сорттордун коргоо жөндөмүнүн критерийлерине шайкеш келүүсүнө экспертизаны мамлекеттик селекциялык мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча жүргүзүү жана алар боюнча корутунду даярдоо | Экспертиза жүргүзүүдөн негизсиз баш тартуу. Корутундуларды экспертиза жүргүзбөстөн берүү тобокелчилиги | Потенциалдуу | Орточо | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти | КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин сортторду жана гибриддеди сыноо жана каттоо бөлүмүнүн бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси, адистери. КРнын АЧМне караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин мамлекеттик сорт сыноо бекеттеринин жана тилкелеринин жетекчилери, кызматкерлери | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ишине тиешелүү |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн административдик-тескөө функциялары
| |||||||
40 | Кадрларды кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо, бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү, кызматкерлерди аттестациялоо.
| Ведомстволук бөлүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн, филиалдардын жетекчилеринин бош кызмат орундарына “өздөрүнүн” талапкерлерин дайындоого кызыкчылыгы. Кадрларды жалдоодо, дайындоодо, которууда, көтөрүүдө жана ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын сүрөө. Конкурстун же аттестациянын жыйынтыгына таасир этүү жолу менен белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын сүрөө. Конкреттүү коррупциялык схемаларды ишке ашыруу максатында узак мөөнөттүү кызматташуу менен кызматкерлердин ортосунда туруктуу корпоративдик байланыштарды түзүү | Системалуу | Орточо | КРнын Айыл чарба министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | КРнын АЧМнин ведомстволук бөлүмдөрүнүн башчылары, областтар аралык, областтык башкармалыктарынын, райондук башкармалыктарынын, КРнын АЧМнин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн филиалдарынын жетекчилери. КРнын АЧМнин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмдөрүнүн (секторлорунун) жетекчилери. Конкурстук, аттестациялык комиссияларынын төрагалары, мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер башка мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
41 | Бош административдик кызматка талапкер болгон адамдардын арыздарын кароо. Бош орундарды ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу. Тандоонун 1-этабынан өткөн сынактын катышуучулары менен маектешүүнү уюштуруу. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды кароо | Белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын сүрөө мүмкүнчүлүгү. Бош кызмат орундарынын милдетин аткаруучу катары адамдарды дайындоо. Интервью суроолорун даярдай билүү. Белгилүү бир адамды сыйлоо үчүн кызыкчылыктарын сүрөө.
| Кырдаадык | Төмөнкү | КРнын Айыл чарба министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | Комиссиялардын төрагасы, мүчөлөрү. КРнын АЧМнин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмдөрдүн (секторлордун) жетекчилери, башкы адистери, кадр маселелери боюнча адистери. Контролдоо жана административдик колдоо башкармалыгынын башчысы. Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы. Комиссия МСХ КР по присуждению наградКР АЧМнин сыйлык ыйгаруу боюнча комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер башка мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн финансылык-чарбалык функциялары | |||||||
42 | КР АЧМнин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу жана товарларды жеткирүүгө, кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга келишимдерди түзүү | Сатып алуулар боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн биринин кызыкчылыктарын сүрөө. Конкурс өткөрүүдө, конкурстун катышуучуларынын сатып алуулар боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен бүтүм түзүү ыктымалдуулугу. Атаандаштыкты азайтуучу сатып алуулардын ылайыктуу ыкмаларын атайылап колдонуу. Техникалык өзгөчөлүктөрдү белгилүү уюм үчүн атайын иштеп чыгуу | Кырдаалдык | Орточо | КРнын Айыл чарба министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | Сатып алуулар боюнча комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү. Сатып алуулар бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилери, башкы жана жетектөөчү адистери. Сатып алуулар боюнча адистер | Бул тобокелдиктер башка мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
43 | Финансы-чарбалык иштердин перспективдүү жана жылдык пландарын түзүү. Уюмдун жана анын бөлүмдөрүнүн чарбалык ишине комплекстүү экономикалык талдоо жүргүзүү. Статьялар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасын түзүү. Бекитилген структурага, эмгек акы төлөө схемаларына, эмгек акы төлөө фонддоруна жана колдонуудагы ченемдик актыларга ылайык штаттык таблицаны түзүү. Комиссияларга катышуу | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбоо тобокелдиги | Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын Айыл чарба министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү | КРнын АЧМнин финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы. КРнын АЧМнин ведомстволук бөлүмдөрүнүн финансылык бөлүмдөрүнүн (секторлорунун) жетекчилери, башкы адистери
| Бул тобокелдик башка мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
44 | Бухгалтердик эсепти уюштуруу, чыгымдардын сметаларын иштеп чыгуу, штаттык бирдикти түзүү, негизги каражаттардын жана материалдык баалуулуктардын кыймылын контролдоо, учурдагы чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн банктык операцияларды жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбоо тобокелдиги |
| Кырдаалдык | Төмөнкү | КРнын АЧМнин финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы. КРнын АЧМнин ведомстволук бөлүмдөрүнүн финансылык бөлүмдөрүнүн (секторлорунун) жетекчилери, башкы адистери. КРнын АЧМнин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн башкы бухгалтери, бухгалтери | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |