Загрузка документа…
9-тиркеме
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдерди, бут кийимдерди жана жабдууларды, атайын кийимдерди кийүү
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин форма кийимдерин, айырмалоочу белгилерин жана жабдууларын кийүү тартибин белгилейт.
2. Форма кийимин кийүү укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери, ошондой эле форма кийимин кийүү укугуна запаска же отставкага бошотулган кызматкерлер ээ.
3. Формалык кийим болуп маанилүү тышкы белгилердин комплекси боюнча бирдейлештирилген кийимдин (кийим-кече) предметтеринин жана бут кийимдин комплекти, ошондой эле кызматкерлер кие турган жабдыктардын комплекти эсептелет.
Формалык кийимдин маанилүү белгилерине төмөнкүлөр кирет:
- конструкциянын, кийим-кечектин түстөрүнүн жана белгиленген түстөгү айырмалоочу элементтердин жыйындысы (канттар, лампастар, фуражкалардын кырлары жана погондордун кырлары);
- белгиленген үлгүдөгү фурнитура;
- белгиленген түрлөрдүн (үлгүлөрдүн) погондору.
Погондор болуп атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилерди жайгаштырууга арналган кийимдин атайын элементтери эсептелет.
Кызматкерлер тик бурчтуу погондорду кийишет:
- жогорку четтери тегеректелген, алтын түстүү атайын токулган галундан жасалган талаа (жогорку жетекчи курамдагы кызматкерлер үчүн – 3 же 5 пайыз алтын жалатылган), белгиленген түстөгү кант жана топчу (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын курсанттарынан тышкары);
- жогорку четтери тегеректелген, кочкул көк түстөгү атайын токулган галундан талаасы, белгиленген түстөгү кант же канты жок, топчусу бар же топчусу жок;
- жогорку четтери тегеректелген, талаасы ак түстөгү атайын токулган галундан болгон жана топчусу менен (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын курсанттарынан тышкары).
Орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин погондорунда белгиленген түстөгү тилке болот:
- орто жетектөөчү курамдагы кызматкерлер үчүн – 1 тилке;
- улук жетектөөчү курамдагы кызматкерлер үчүн – 2 тилке.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларынын курсанттарынын погондорунда:
- жогорку четтери тегеректелген-узунунан кеткен тилкелери жана алтын түстөгү “К” тамгасы;
үч бурчтуу жогорку чети менен муфталардагы алтын түстөгү “К” тамгасы.
Формалык кийимде белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, айырмалоо белгилери бар погондор, ведомстволук айырмалоо белгилери жана башка геральдикалык белгилер тагылат.
Кенже жетектөөчү курамга төмөнкүлөр кирет:
- милициянын кенже сержанты, милициянын сержанты, милициянын улук сержанты, милициянын старшинасы, милициянын прапорщиги, милициянын улук прапорщиги; тиешелүү түрдө ички кызмат.
Орто жетектөөчү курамга төмөнкүлөр кирет:
- милициянын кенже лейтенанты, милициянын лейтенанты, милициянын улук лейтенанты, милициянын капитаны; тиешелүү түрдө ички кызмат.
Улук жетектөөчү курамга төмөнкүлөр кирет::
- милициянын майору, милициянын подполковниги, милициянын полковниги; тиешелүү түрдө ички кызмат;
Жогорку жетектөөчү курамга төмөнкүлөр кирет;
-милициянын генерал-майору, милициянын генерал-лейтенанты, милициянын генерал-полковниги; тиешелүү түрдө ички кызмат.
4. Формалык кийим ушул Эрежелерге ылайык так кийилет. Формалык кийимдин предметтери белгиленген сыпаттамаларга жооп берип, кылдаттык менен жабдылып жана кынтыксыз абалда кармалышы керек.
5. Формалык кийим төмөндөгүлөргө бөлүнөт: сый, күнүмдүк, өзгөчө формалык кийим, тышкы кызмат өтөө үчүн формалык кийим (кайгуул-күзөт жана жол-кайгуул), жумушчу, ал эми алардын ар бири мезгил боюнча жайкы жана кышкы кийимдерге бөлүнөт.
6. Кызмат убактысында кызматкерлер алар үчүн белгиленген формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
7. Кызматкерлер төмөнкү формалык кийимдерди кийишет:
а) сый формасы - ант берүүдө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө туу тапшырууда, туу тобунун ардактуу кароолдун курамына дайындоодо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын алууда, кызматка дайындоодо жана атайын наам ыйгарууда түздөн-түз башчылардын алдына көрсөтүүдө, өткөрүлүүчү расмий иш-чараларда жана майрам күндөрүндө;
б) өзгөчө формалык кийим - айрым бөлүктөрдүн кызматкерлери аларга жүктөлгөн атайын ыкчам-кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда, ошондой эле ушул Эрежелердин 12-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүктүн жетекчисинин (башчысынын) чечими боюнча, күнүмдүк ишмердиктеги милдеттерди аткаруу менен байланышкан башка учурларда;
в) тышкы кызмат өтөө үчүн формалык кийим - кайгуул-күзөт жана жол-кайгуул кызматын өтөөдө;
г) күнүмдүк формалык кийим - кызматтык милдеттерин аткарууда, окуу жайлар жайгашкан жердеги класстык сабактарда, аудиторияларда, лабораторияларда жана мастерскойлордо жана башка бардык учурларда.
8. Кызматкерлер тийиштүү жабдуу ченемдерине ылайык келген атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди жана коопсуздук шаймандарын айлана-чөйрөнүн жагымсыз таасирлеринен коргоо жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча кызматтык жана атайын милдеттердин жана милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн кийишет.
9. Жумушчу форма кийимин кызматкерлер чарбалык жана курулуш иштерин аткарууда, ошондой эле техниканы жана курал-жаракты тейлөөдө, анын ичинде кызматтык жаныбарларды тейлөөдө кийишет.
10.Кызматтык милдеттерин аткарууда абанын төмөнкү температурасынын таасиринен коргоо үчүн кызматкерлерге кыш мезгилинде күн сайын жылуу кийимдерди кийүүгө уруксат берилет.
11. Кийимдин формасын, айырмалоочу белгилерди, белгиленбеген үлгүдөгү жеңге тагылган жана төш белгилерди тагынууга, ошондой эле жарандык, аскердик же атайын маскачан кийим менен аралаш формадагы кийимдерди кийүүгө тыюу салынат.
12. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасынын билим берүү, медициналык мекемелеринин, ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн башка мекемелердин жана бөлүктөрдүн башчылары тарабынан кызматкерлердин формалык кийими аткарылуучу милдеттердин мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен жайкы же кышкы кийим формасына өтүүсү белгиленет, ошондой эле (жылына эки жолудан кем эмес, анын ичинде кызматкерлер жайкы же кышкы форма кийимдерин кийүүгө өткөндө) саптык кароолорду жүргүзүү, анын жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлөт.
Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын саптык бөлүктөрүнүн командирлери, ал эми алар жок болгон учурда - милициянын кайгуул-күзөт кызматынын тиешелүү бөлүктөрүнүн башчысы тарабынан аба ырайынын шарттарына жараша аткарылуучу милдеттердин мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен формалык кийимдин варианты белгиленет.
13. Сапта басуу, саптык кароолор, чогулуштар, кеңешмелер, кызматтык сабактар, ошондой эле мелдештер үчүн формалык кийимдин түрү жана анын варианты ушул иш-чараларды өткөргөн кызматкерлер тарабынан белгиленет.
14. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасындагы билим берүү, медициналык мекемелеринин, ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн башка мекемелердин жана бөлүктөрдүн башчыларынын чечими боюнча кызматкерлер аткарып жаткан функцияларды эске алуу менен алар кызматтык мезгилде формалык кийимди кийбеши мүмкүн.
2. Ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдери (эркектер үчүн)
15. Ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимине (эркектер үчүн) төмөнкүлөр кирет:
1) жайкы:
-кочкул көк түстөгү жүндөн жасалган фуражка (жогорку жетектөөчү курам үчүн - болот түстүү сый фуражка);
-кочкул көк түстөгү жүндөн жасалган китель (жогорку жетектөөчү курам үчүн - болот түстүү);
-кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген шым;
- узун жеңдүү ак көйнөк (кыска жеңдүү);
- алтын түстүү бекиткичи менен кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү ботинкалар (кыска ботинкалар) ;
2) кышкы:
-кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү мехтен кулакчындуу тумак (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - боз түстөгү каракүлдөн);
-кочкул көк түстөгү кышкы узун куртка;
-кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) тигилген китель (жогорку жетектөөчү курам үчүн - болот түстүү сый китель);
-кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген шым (жогорку жетектөөчү курам үчүн – кочкул көк түстөгү сый шымы);
- узун жеңдүү ак көйнөк;
- алтын түстүү бекиткичи менен кара түстөгү галстук;
- ак түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү жүн кол кап (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн-булгаары);
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү мехтүү кышкы кыска кончтуу өтүк (өтүк) же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк (өтүк).
16. Сый формалык кийиминде төмөндөгүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү кой терисинен жасалган кулакчындуу тумактын ордуна (жогорку жетектөөчүлүк курам жана полковниктер үчүн - боз түстөгү каракүлдөн жасалган кулакчындуу тумакты) кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган фуражканы (жогорку жетектөөчү курам үчүн - болот түстүү сый);
- кышкы формалык кийимде кышкы узун кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү куртканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү куртканы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - кара түстөгү булгаары);
- жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кой терисинен жасалган чечилме мех жакасыз (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - боз түстөгү каракүлдөн чечилме жакасыз) жазгы-күзгү куртканы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - кара түстөгү булгаары);
- жылдын бардык мезгилинде кочкул көк түстөгү жүндөн токулган сый кителдин ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган кителди (жогорку жетектөөчү курам үчүн - болот түстүү, кочкул көк түстөгү жүндөн токулган фуражкасы менен);
- жылдын бардык мезгилинде жаан-чачындуу аба ырайында кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү суу өткөрбөс плащты (шамалдан, нымдан коргоочу костюмдун курткасы);
-жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук жана алтын түстүү бекиткичи менен узун жеңдүү ак түстөгү көйнөктү (галстуксуз, кыска жеңдүү) кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген сый кителсиз (жогорку жетектөөчү курам үчүн - болот түстүү);
- жайкы формалык кийимде кара түстөгү ботинканын (кыска ботинканын) ордуна кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүктү (өтүктү);
- кышкы формалык кийимде кышкы мехтүү кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) ордуна кара түстөгү кыска ботинканы (ботинка) ;
- ак түстүү моюн орогучтун ордуна кочкул көк түстөгү моюн орогучту;
- кара түстөгү кол капсыз (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - булгаары) кышкы формалык кийимди;
- жылдын бардык мезгилинде ак түстөгү сый курду жана кол капты.
17. Күнүмдүк формалык кийим:
1) жайкы:
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген фуражка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы кепка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген китель;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил костюм;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил шым;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген шым;
- ачык-көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстүү узун жеңдүү көйнөк;
- ачык-көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстүү кыска жеңдүү көйнөк;
- ак же кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөк;
- алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү галстук;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү ботинкалар (кыска ботинкалар).
2) кышкы:
- кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү мехтүү кулакчындуу тумак (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - боз түстөгү каракүлдөн);
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун куртка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген китель;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген шым;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жылуулатылган шым;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган свитер (тышкы кызмат үчүн кара түстөгү);
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү узун жеңдүү “поло” тибиндеги көйнөк;
- ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү узун жеңдүү көйнөк;
- алтын түстүү бекиткичи бар кочкул көк түстөгү галстук;
- кочкул көк түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү жүндөн токулган кол кап (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - булгаары);
- кара түстөгү бир өңдөгү байпак;
- кара түстөгү мехтүү кышкы кыска кончтуу өтүк же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк.
18. Күнүмдүк формалык кийимде төмөндөгүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү кой терисинен жасалган мехтүү кулакчындуу тумактын (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумактын) ордуна кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген фуражканы;
- жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы кепканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген жеңил фуражканы;
-кышкы формалык кийимде кышкы узун куртканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү куртканы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – кара түстөгү булгаары);
-жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кой терисинен жасалган мехтен чечилме жакасыз (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - боз түстөгү каракүлдөн чечилме жакасыз) жазгы-күзгү куртканы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - кара түстөгү булгаары);
- кышкы формалык кийимде кышкы узун кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү куртканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү жазгы-күзгү куртканы;
-кышкы формалык кийимде кышкы узун кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы куртканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү куртканы;
-жайкы формалык кийимде жана кышкы формада кочкул көк жазгы-күзгү куртканы түстөгү жүн кездемеден тигилген кителдин ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген куртканы;
- жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү футболкасы менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген кителдин ордуна кочкул көк түстөгү жүндөн токулган жемперди (свитерди) (ачык-көк түстөгү узун жеңдүү көйнөк жана кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук менен жакасы V үлгүсүндө кесилген жемпер); кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн)
- жылдын бардык мезгилиндеги жаан-чачындуу аба ырайында кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) суу өткөрбөс плащты;
-жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү куртканы;
-жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил костюмдун ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү сыдырмалуу жайкы костюмду;
- жайкы формалык кийимде кыска жеңдүү ачык-көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктүн ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук жана алтын түстүү бекиткичи менен узун жеңдүү ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктү;
- жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктүн ордуна ак түстөгү көйнөктү;
- жайкы формалык кийимде кыска жеңдүү ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктүн ордуна ак же кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөктү;
- жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жеңил жайкы костюм курткасынын ордуна ак же кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөктү;
- ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктүн ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү футболканы;
- кара түстөгү жүндөн токулган (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - булгаары) кол капсыз кышкы формалык кийимди;
- жылдын бардык мезгилинде кара түстөгү ботинканын (кыска ботинка) ордуна кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк (өтүк);
- кышкы формалык кийимде кышкы мехтүү кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) же кара түстөгү жазгы-күзгү жарым өтүктүн (өтүктүн) ордуна кара түстөгү ботинканы (кыска ботинканы).
3. Ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийими (аялдар үчүн)
19. Сый формалык кийими:
1) жайкы:
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү пилотка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген сый жакети (жогорку жетектөөчү курам үчүн – болот түстөгү);
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү юбка;
- узун жеңдүү ак түстөгү блузка;
- кыска жеңдүү ак түстөгү блузка;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кара түстөгү галстук;
- дене түсүндөгү бир өңдөгү колготки (бардык сүрөткө, анын ичинде торлуу колготкиге жол берилбейт);
- кара түстөгү туфли.
2) кышкы:
- кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү мех шапкасы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – боз түстөгү каракүл терисинен);
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун куртка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген сый жакет (жогорку жетектөөчү курам үчүн – болот түстөгү);
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген юбка;
- узун жеңдүү ак түстөгү блузка;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук;
- ак түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү жүндөн токулган кол кап (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – булгаарыдан жасалганы);
- жүн аралаш толкулган кара түстөгү сүрөтү сеткасы жок колготки;
- кара түстөгү мехтен кышкы өтүк же кара түстөгү жазгы-күзгү өтүк (кыска кончтуу өтүк).
20. Сый формалык кийиминде төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы формалык кийимде кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү мех шапканын ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү пилотка (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – боз түстөгү каракүл мехинен жасалган шапка);
- кышкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун куртканын ордуна булгаарыдан кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү куртканы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн);
- жайкы формалык кийимде боз түстөгү каракүлдөн чечилме жакасы жок кара түстөгү булгаарыдан жаз-күз кийилүүчү куртка (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн);
- жайкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү жазгы-күзгү плащты;
- жылдын бардык мезгилинде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген сый жакеттин ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген жакетти (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – болот түстөгү);
- жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген сый жакетисиз узун жеңдүү ак түстөгү блузка менен бирге (кыска жеңдүү болсо, галстуксуз) алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү галстук (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – көгүш түстөгү);
- кышкы формалык кийиминде мехтен кара түстөгү өтүктүн же жазгы-күзгү (кыска кончтуу) кара түстөгү өтүктүн ордуна кара түстөгү туфли;
- жылдын бардык мезгилинде кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген юбканын ордуна кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) жүн кездемеден тигилген шым;
- ак түстөгү моюн орогучтун ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү кол капсыз (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – булгаарыдан) кышкы формалык кийимди;
- жылдын бардык мезгилинде сый курун жана ак түстөгү сый кол капты.
21. Күнүмдүк формалык кийим:
1) жайкы:
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү пилотка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы кепка;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк(милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жакет;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү юбка;
- узун жеңдүү ачык-көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузка;
- кыска жеңдүү ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузка;
- ак же кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөк;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук;
- дене түсүндөгү бир өңдөгү сүрөтү, сеткасы жок колготки;
- кара түстөгү туфли;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жеңил костюм;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил юбка.
2) кышкы:
- кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү мех шапкасы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – боз түстөгү каракүлдөн);
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун куртка;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден тигилген жакет;
- кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген юбка;
- узун жеңдүү ачык-көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузка;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук;
- жүндөн токулган кара түстөгү кол кап (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – булгаарыдан жасалган);
- жүн аралаш токулган кара түстөгү сүрөтү, сеткасы жок колготки;
- кара түстөгү мехтен кышкы өтүк же кара түстөгү жазгы-күзгү өтүк (кыска кончтуу өтүк);
кочкул көк түстөгү моюн орогуч.
22. Күнүмдүк формалык кийимде төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы формалык кийимде кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү мех шапканын ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү пилотканы (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн – боз түстөгү каракүл мехинен шапканы);
- жайкы формалык кийиминде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы кепканын ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү пилотканы;
- кышкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун куртканын ордуна жазгы-күзгү куртканы (полковниктер үчүн – кара түстөгү булгаарыдан);
- жайкы формалык кийимде боз түстөгү каракүлдөн чечилме жакасы жок кара түстөгү булгаарыдан жазгы-күзгү куртканы;
- кышкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун куртканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы куртканы;
- жайкы формалык кийиминде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү плащты;
- жайкы кийим формасында жана кышкы кийим формасында кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген жакеттин ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү куртканы;
- жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү юбканын ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү шымды;
- жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү футболкасы менен жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү жакеттин ордуна жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жемперди (свитерди), (кочкул көк түстөгү галстугу менен жакасы V үлгүсүндө жасалган ачык көк түстөгү узун жеңдүү жемпер);
- жылдын бардык мезгилинде жамгырлуу күндөр үчүн кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү суу өткөрбөс плащты;
- жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил костюмдун ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы костюмду;
- жайкы формалык кийимде жүндөн токулган кыска жеңдүү ачык-көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузканын жана кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү юбканын ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы көйнөктү;
- жайкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген кыска жеңдүү ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузканын ордуна алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү галстук менен узун жеңдүү ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузка;
- жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузканын ордуна ак түстөгү блузканы;
- жайкы формалык кийимде кыска жеңдүү ачык көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү блузка/көйнөктүн ордуна “поло” тибиндеги ак же кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктү;
- ачык көк түстөгү көйнөктүн ордуна кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү футболка;
- жайкы формалык кийимде кара түстөгү туфлинин ордуна жазгы-күзгү (кыска кончтуу өтүк) кара түстөгү өтүктү;
- кышкы формалык кийимде мехтен кара түстөгү өтүктүн же жазгы-күзгү (кыска кончтуу өтүк) кара түстөгү өтүктүн ордуна кара түстөгү туфлини;
- жайкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил костюм курткасын юбкасы менен дене түсүндөгү колготки;
- кышкы формалык кийимде кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы жеңил костюм курткасы юбка менен жүн аралаш токулган кара түстөгү колготки;
- кара түстөгү жүндөн токулган кол капсыз (жогорку жетектөөчү курам жана полковниктер үчүн - булгаарыдан) кышкы формалык кийимди.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларынын курсанттарынын (угуучуларынын) формалык кийими
23. Сый формалык кийими:
жайкы:
-жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү фуражка;
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү пилотка;
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү китель;
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү жакет;
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү сый китель (орто жетектөөчү курамга биринчи атайын наам ыйгарылган күндөн тартып);
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү сый жакет (орто жетектөөчү курамга биринчи атайын наам ыйгарылган күндөн тартып);
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү шым;
- жүн жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү юбка;
- узун (кыска) жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү ботинка (кыска ботинка) же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк (өтүк);
- кара түстөгү туфли жана кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк же кыска кончтуу өтүк.
2) кышкы:
- кочкул көк түстөгү кулакчыны бар мех тумак;
- кочкул көк түстөгү кышкы узун куртка;
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген китель;
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген жакет;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү сый китель (орто жетектөөчү курамга биринчи атайын наам ыйгарылган күндөн тартып);
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү сый жакети (орто жетектөөчү курамга биринчи атайын наам ыйгарылган күндөн тартып);
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү шым;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү юбка;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- узун жеңдүү ак түстөгү блузка;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кара түстөгү галстук;
- ак түстөгү моюн орогуч;
- жүндөн токулган кара түстөгү кол кап;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү мехтен кышкы өтүк же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк (өтүк).
24. Сый формалык кийиминде төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- жайкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген кителсиз узун жеңдүү ак көйнөктү кочкул көк түстөгү галстук (кыска жеңдүү болсо – галстуксуз);
- жайкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген жакетсиз узун жеңдүү ак көйнөктү алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү галстук (кыска жеңдүү болсо – галстуксуз);
- жайкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген жакет;
- жүндөн токулган кара түстөгү кол капсыз кышкы формалык кийимди;
- ак түстөгү моюн орогучтун ордуна кочкул көк түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү жүндөн токулган кол капсыз кышкы кийим формасы;
- жылдын бардык мезгилинде сый куру жана ак түстөгү сый кол кап.
25. Күнүмдүк формалык кийим:
1) жайкы:
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү фуражка;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү пилотка;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү китель;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү жакет;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү шым;
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү юбка;
- узун жеңдүү ачык көк түстөгү көйнөк;
- узун жеңдүү ачык көк түстөгү блузка;
- “поло” тибиндеги ак же кочкул көк түстөгү көйнөк;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү галстук;
- кочкул көк түстөгү жайкы кепка;
- кочкул көк түстөгү жайкы жеңил костюм;
- кочкул көк түстөгү жайкы жеңил шым;
- кочкул көк түстөгү жайкы жеңил юбка;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү узун берцы ботинка;
- кара түстөгү кыска кончтуу өтүк.
2) кышкы:
- кочкул көк түстөгү кулакчыны бар мех тумак;
- кочкул көк түстөгү кышкы узун куртка;
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген китель;
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген жакет;
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген шым;
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген юбка;
- узун жеңдүү ачык көк түстөгү көйнөк;
- узун жеңдүү ачык көк түстөгү блузка;
- алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул-күрөң түстөгү галстук;
- кочкул көк түстөгү моюн орогуч;
- кочкул көк түстөгү жайкы жеңил костюм;
- кочкул көк түстөгү жайкы жеңил шым;
- кочкул көк түстөгү жайкы жеңил юбка;
- жүндөн токулган кара түстөгү кол кап;
- кара түстөгү байпак;
кара түстөгү мехтен кышкы кыска кончтуу өтүк (өтүк) же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүк (өтүк);
кара түстөгү узун берцы ботинка.
26. Күнүмдүк формалык кийимде төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү кителдин ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү куртканы;
кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү мех тумагынын ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү фуражканы;
кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү мех тумагынын ордуна жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү пилотканы;
кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү узун куртканын ордуна кочкул көк түстөгү кышкы костюм курткасын;
жайкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү жазгы-күзгү костюм курткасын;
кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү узун куртканын жана кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү кышкы костюм курткасынүн ордуна кочкул көк түстөгү жазгы-күзгү костюм курткасын;
жайкы формалык кийимде кыска жеңдүү ачык көк түстөгү көйнөктүн ордуна узун жеңдүү ачык көк түстөгү көйнөктү алтын түстөгү бекиткичи бар кочкул көк түстөгү галстук менен;
жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде ачык көк түстөгү көйнөктүн ордуна ак түстөгү көйнөктү;
жайкы формалык кийимде ачык көк түстөгү кыска жеңдүү көйнөктүн ордуна ачык көк түстөгү узун жеңдүү блузканы алтын түстөгү бекиткичи бар кочкул көк түстөгү галстугу менен;
жайкы формалык кийимде жана кышкы формалык кийимде ачык көк түстөгү көйнөктүн ордуна ак түстөгү блузканы;
жайкы формалык кийимде ачык көк түстөгү кыска жеңдүү көйнөктүн ордуна ак же кочкул көк түстөгү “поло” тибиндеги көйнөктү;
жайкы формалык кийимде кыска жеңдүү ачык көк түстөгү блузканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү “поло” тибиндеги көйнөктү;
ачык көк түстөгү көйнөктүн ордуна кочкул көк түстөгү футболканы;
жайкы формалык кийимде кара түстөгү кыска ботинканын (кыска ботинканын) ордуна кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүктү (өтүктү);
жайкы формалык кийимде кара түстөгү узун берцы ботинканын ордуна кара түстөгү ботинка (кыска ботинка);
кышкы формалык кийимде мехтен кара түстөгү кышкы кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) ордуна кара түстөгү ботинка (кыска ботинка);
жайкы формалык кийимде кара түстөгү узун берцы ботинканын ордуна кара түстөгү туфли;
жүндөн токулган кара түстөгү кол капсыз кышкы формалык кийим;
жылдын бардык мезгилинде сый куру же ак түстөгү сый кол кабы.
6. Тышкы кызмат өтөгөн кызматкерлердин, ошондой эле ички иштер органдарынын тышкы кызматка жүктөлгөн милдеттердиаткарууга тартылган башка кызматкерлердин, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлеринин формалык кийими
27. Кайгуул-күзөт формалык кийими:
1) жайкы:
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү фуражка;
- кочкул көк түстөгү жайкы кепка;
- кочкул көк түстөгү жайкы костюм;
- кара түстөгү бел кур же атайын жабдык;
- кочкул көк түстөгү “поло” тибиндеги көйнөк;
- ак түстөгү “поло” тибиндеги көйнөк;
- кочкул көк түстөгү жайкы костюмдун шымы;
- кара түстөгү бел кур же атайын жабдык;
- кара түстөгү байпак;
- кара түстөгү узун берцы ботинка;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка.
2) кышкы:
- кочкул көк түстөгү кулакчыны бар мех тумак;
- кочкул көк түстөгү кышкы костюм;
- кочкул көк түстөгү футболка;
- кочкул көк түстөгү моюн орогуч;
- кара түстөгү кол кап;
- кара түстөгү бел кур жана атайын жабдык;
- кара түстөгү байпак;
- кышкы формалык кийимде мехтен кара түстөгү кышкы кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) же кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүктүн (өтүктүн) ордуна кара түстөгү ботинка (кыска ботинка);
- кара түстөгү узун берцы ботинка.
28. Кайгуул-күзөт кызматын өтөөдө жана калган бардык учурларда улук башчылардын көрсөтмөсү боюнча жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар жең байламы же жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар сигналдык жилет тагынуу каралган.
29. Кайгуул-күзөт формалык кийиминде төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү фуражканы (жайкы кепканы) узун жеңдүү ак (ачык көк) түстөгү көйнөк (блузкасы) алтын түстөгү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү галстук жана (кыска жеңдүү болсо – галстуксуз), жүн кездемеден тигилген шымы менен;
- жайкы формалык кийимде жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жемпири (свитери) менен кочкул көк түстөгү кепканын ордуна жүндөн токулган кочкул көк түстөгү пилотканы;
- кочкул көк түстөгү мех шапкасынын ордуна кой терисинен жасалган кочкул көк түстөгү кулакчыны бар мех тумакты;
- жайкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү жайкы костюмдун ордуна кочкул көк түстөгү жайкы жеңил костюмду;
- кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү жайкы костюм курткасынүн ордуна жүндөн токулган кочкул көк түстөгү жемперди (свитерди);
- жайкы жана кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү жылуулатылган куртканы;
- жылдын бардык мезгилинде шамал-суу өткөрбөс кочкул көк түстөгү костюм (суу өткөрбөс плащ) жана шамал-суу өткөрбөс кочкул көк түстөгү плащты;
- жылдын бардык мезгилинде жаз-күз кийилүүчү кочкул көк түстөгү костюмду жазгы-күзгү кочкул көк түстөгү кепкасы;
- жайкы формалык кийимде кара түстөгү узун берцы ботинканын ордуна кара түстөгү ботинка (кыска ботинка), кара түстөгү туфли, кара түстөгү жазгы-күзгү кыска кончтуу өтүктү (өтүктү);
- кышкы формалык кийимде мехтен кара түстөгү кыска кончтуу өтүктү (өтүктү) же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска кончтуу өтүктү (өтүктү);
- кара түстөгү жүндөн токулган кол капсыз кышкы кайгуул-күзөт формалык кийимди;
- кышкы формалык кийимде кочкул көк түстөгү жайкы костюмдун ордуна кочкул көк түстөгү тактикалык жайкы костюмду.
30. Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышпаган кызматтык милдеттерди аткарууда тышкы кызмат өтөгөн кызматкерлер милициянын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлер үчүн белгиленген күнүмдүк формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
31. мотоцикл, гидроцикл жана катер айдоочулары үчүн өзгөчө формалык кийимдер:
- мотоциклисттер үчүн туулга;
- туулганын астынан кийүүчү баш кийим;
- күндөн коргоочу көз айнек;
- комбинезон
- суу өтпөгөн шорта;
- куткаруучу жилет;
- мотоцикл менен кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана жарыкты чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү жайкы костюм (гидроциклде жана катерде куткаруучу жилет менен суудан коргоочу костюм кийүүгө уруксат берилет);
- мотоцикл менен кызмат өтөө үчүн атайын кол кап;
- мотоциклисттер үчүн туулга;
- туулга;
- жылдын бардык мезгилинде мотоцикл менен кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана шамал, нымдуулукту өткөрбөгөн материалдан жарык чагылдыруучу элементтери бар кочкул көк түстөгү жайкы костюм;
- ак же кочкул көк түстөгү “поло” тибиндеги көйнөк;
- мотоцикл менен кызмат өтөө үчүн атайын кол каптар;
- жазгы-күзгү куртка, кочкул көк түстөгү жүндөн токулган свитер;
- жаз-күз мезгилинде кийүүчү кыска кончтуу ботинканын ордуна ботас.
32. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин өзгөчө формалык кийимдеринде төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо боюнча кызмат өтөөдө жарык чагылдыруучу материалдан кырбуусу бар фуражка;
- жайкы форма кийиминдеги жарыкты чагылдыруучу лента менен кочкул көк түстөгү жайкы кепка;
- жайкы форма кийиминдеги жарыкты чагылдыруучу лента менен кочкул- көк түстөгү жазгы-күзгү кепка;
- жылдын бардык мезгилинде кийилүүчү сары флуоресценттик материалдан жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү “поло” типтеги көйнөк;
- жылдын бардык мезгилинде кийилүүчү сары флуоресценттик материалдан жана жарыкты чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү айкалыштырылган тактикалык көйнөк;
- жаз-күз мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү айкалыштырылган жазгы-күзгү куртка;
- кыш мезгилинде кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү айкалыштырылган жылуу куртка;
- жылдын бардык мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү айкалыштырылган жайкы костюм;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү айкалыштырылган жылуу куртка жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөө үчүн жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү костюму же жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөө үчүн сары флуоресценттик материалдан жана жарык чагылдыруучу материалдан элементтери бар кочкул көк түстөгү шымы менен;
- ачык тон менен айкалыштырылган жарык чалдыруучу элементтери бар кочкул көк түстөгү кездемеден жылууланган шым.
7. Кызматкерлердин погондору жана айырмалоочу белгилери
33. Жогорку жетектөөчү курамдагылар төмөндөгүдөй погон тагынышат:
- болот түстөгү жүн кездемеден тигилген сый кителге (жакетке) - алтын түстүү (3 же 5 пайыз алтын жалатылган) атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (канттары) бар тигилме;
- кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген кителге (жакетке) - кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (канттары) бар тигилме;
- кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү булгаары курткага, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жаз-күз кийилүүчү плащка, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген курткада (жеңи кыска жеңил жүн курткада) кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы көйнөккө - кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (канттары) бар чечилме;
- кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы узун курткага, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган жемперге (свитерде), кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы костюм курткасына, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы костюм курткасына, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шамалдан нымдан коргоочу плащка, камуфляждуу ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөккө, жайкы камуфляждуу ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү костюм курткасына, жайкы атайын жеңил камуфляждуу ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү костюм курткага, жаз-күз кийилүүчү камуфляждуу ачык көк түстөгү костюм курткага, кышкы камуфляждуу ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү костюм курткасына жана шамалдан, нымдан коргоочу камуфляждуу ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү костюм курткасына - кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан чечилме муфталары менен;
- кара түстөгү жүн аралаш токулган жемперге, жайкы кара түстөгү костюм курткасынө, жаз-күз кийилүүчү кара түстөгү костюмдун курткасынө, кышкы кара түстөгү костюмдун курткасына жана шамалдан, нымдуулуктан коргоочу кара түстөгү костюмдун курткасынө - кара түстөгү атайын өрүмдөгү галундан чечилме муфталары менен;
- ак жана ачык көк түстөгү көйнөктөргө (блузкаларга) -тиешелүүлүгүнө жараша ак жана ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен чечилме;
- ак жана кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөккө - ак жана кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү сырткы кийимдегидей кездемеден чечилме муфталары менен.
Кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык алтын түстөгү ( 3 же 5 пайыз алтын жалатылган) атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен погондордо кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (канттары) бар алтын түстөгү саймалуу беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат.
Кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) жана ак түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен погондордо кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (канттары) бар алтын түстүү беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат.
Кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан чечилме муфталары менен погондордо кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (канттары) бар алтын түстүү беш бурчтуу жылдыз жайгаштырылат.
Погондордо кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык, коргоочу жана кара түстөгү атайын өрүмдөгү галундан чечме муфталары бар алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз же кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлуу (кант) хаки түстөгү саймалуу жылдыз жайгаштырылат.
34. Орто жана улук жетектөөчү курам төмөндөгүдөй погондорду тагынат:
- кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген сый кителге (жакетке) - алтын түстүү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен, кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тилкелери бар жана кырлары (кант) менен тигилме;
- күнүмдүк кийилүүчү кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген кителге (жакетке)- кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен, кызыл түстөгү тилкелери бар жана кырлары (кант) менен тигилме;
- кара түстөгү жазгы-күзгү кийилүүчү булгаары курткада, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү кийилүүчү курткада, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү кийилүүчү плащта, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган курткада (жеңи кыска жеңил жүн кездемеден тигилген курткада) - кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галун талаасы менен чечилме, жайкы көйнөктө - кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тилкелери жана кырлары (кант) менен тигилме;
- кышкы узун кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү курткада, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган жемперде (свитерде), кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы костюм курткасына (жайкы жеңил костюм), кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы костюмдун курткасына, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү костюм курткасына, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү нымдан коргоочу плащка (шамал, нымдуулуктан коргоочу костюм курткасына) - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстөгү шырылган айырмалоочу белгилери бар кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) атайын өрүмдөгү галундан (кездемеден) чечилме муфтасы менен;
- ак жана ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктөрдө (блузкаларда) - кызыл түстөгү тилкелери бар, тиешелүүлүгүнө жараша ак жана ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен чечилме;
- ак жана кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөктөрдө - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстөгү айырмалоочу белгилери шырылган, кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тилкелери бар, тиешелүү түрдө ак жана кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүлмө галундан (кездемеден) чечилме муфталары менен;
- жүн аралаш токулган камуфляждуу боз түстөгү жемперде, камуфляждуу боз түстөгү көйнөктө, жайкы камуфляждуу боз түстөгү костюм курткада, жайкы атайын жеңил камуфляждуу боз түстөгү костюм курткада, жазгы-күзгү камуфляждуу боз түстөгү костюм курткада, кышкы камуфляждык боз түстөгү костюм курткага жана шамал, нымдуулуктан коргоочу камуфляждык боз түстөгү костюм курткасында - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча хаки же кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шырылган айырмалоочу белгилери бар атайын өрүмдөгү галундан (сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден) чечилме муфтасы менен;
- жүн аралаш токулган кара түстөгү жемперде, жайкы кара түстөгү костюм курткасында, жазгы-күзгү кара түстөгү костюм курткасында, кышкы кара түстөгү костюм курткасында жана шамал, нымдуулуктан коргоочу кара түстөгү костюмдун курткасында - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстүү шырылган айырмалоочу белгилери бар, кара түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден) чечилме муфтасы менен;
- кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тактикалык көйнөктө, жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган элементтери бар кочкул көк жана сары флуоресценттүү түстөгү тактикалык комбинацияланган көйнөктө, жайкы тактикалык кочкул көк түстөгү костюмда, жарык чагылдыруучу материалдардан жасалган элементтери бар сигналдык курткада - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстүү шырылган айырмалоочу белгилери жана кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тилкелери бар кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (кездемеден) чечилме муфталары менен;
- атайын кийимдердин (погондорду тагынуу каралган) предметтеринде – сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден чечилме муфталары менен.
Погондордо кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык, алтын түстөгү, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, ак жана кара түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен алтын түстөгү беш бурчтуу металл жылдыз жайгаштырылат.
Сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден чечилме муфталары бар погондордо кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык түстөгү металл (металл эмес) беш бурчтуу хаки жылдыздары жайгаштырылат.
35. Кенже жетектөөчү курам жана катардагы курам төмөндөгүдөй погондорду тагынат:
- кочкул көк түстөгү жүн кездемеден тигилген сый китель формасында (жакетте) – кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырлары (кант) менен алтын түстүү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен тигилме;
- күнүмдүк кийилүүчү кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган кителге (жакетке) - кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен, кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тилкелери бар жана кырлары (кант) менен тигилме;
- кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү кийилүүчү курткада, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү кийилүүчү плащта, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген курткада, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы көйнөктө - кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галун талаасы менен, кызыл (милиция үчүн) кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тилкелери жана кырлары (кант) менен тигилме;
- кышкы узун кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү курткада, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүндөн токулган жемперде (свитерде), кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жайкы костюм курткасында (жайкы жеңил костюм курткасында), кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кышкы костюмдун курткасына, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жазгы-күзгү костюм курткасына, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү нымдан коргоочу плащка (шамал, нымдуулуктан коргоочу костюм курткасынө) кочкул көк жана сары флуоресцент (милиция үчүн), саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жарык чагылдыруучу тактикалык айкалыштырылган көйнөккө, кочкул көк түстөгү тактикалык жайкы костюмга жана жарык чагылдыруучу материалдан элементтери менен курткага - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстөгү шырылган айырмалоочу белгилери бар кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (кездемеден) чечилме муфтасы менен;
- ак жана ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөктөрдө (блузкаларда) - тиешелүүлүгүнө жараша ак жана ачык көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы менен чечилме;
- ак жана кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү “поло” тибиндеги көйнөктөрдө - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстөгү айырмалоочу белгилери шырылган, тиешелүү түрдө ак жана кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү атайын өрүлмө галундан (кездемеден) чечилме муфталары менен;
- жүн аралаш токулган кара түстөгү жемперде, жайкы кара түстөгү костюм курткасында, жазгы-күзгү кара түстөгү костюм курткасында, кышкы кара түстөгү костюм курткасында жана шамалдан, нымдуулуктан коргоочу кара түстөгү костюмдун курткасында - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстүү шырылган айырмалоочу белгилери бар, кара түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден) чечилме муфтасы менен;
- кочкул көк түстөгү тактикалык көйнөктө, жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган элементтери бар кочкул көк жана сары флуоресценттүү түстөгү комбинацияланган тактикалык көйнөктө, жайкы тактикалык кочкул көк түстөгү костюмда, жарык чагылдыруучу материалдардан жасалган элементтери бар сигналдык курткада - кызматкерлердин атайын наамдары боюнча алтын түстүү шырылган айырмалоочу белгилери жана кызыл түстөгү тилкелери бар кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (кездемеден) чечилме муфталары менен;
- атайын кийимдердин (погондорду тагынуу каралган) предметтеринде – сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден чечилме муфталары менен.
Погондордо кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык, алтын түстөгү, кочкул көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, ак жана кара түстөгү атайын өрүмдөгү галундан талаасы бар алтын түстөгү беш бурчтуу металл жылдыз же металл пластинкалар (тилкелер) жайгаштырылат.
Сырткы кийимдин түсүндөгү кездемеден чечилме муфталары бар погондордо кызматкерлердин атайын наамдарына ылайык металл (металл эмес) беш бурчтуу алтын же хаки түстөгү жылдыздар, металл (металл эмес) пластинкалар (тилкелер) жайгаштырылат.
36. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринин курсанттары (угуучулары) (мындан ары – курсанттар) төмөндөгүдөй погондорду тагынат:
- сый кийим формасында кочкул көк түстөгү кителде (жакетте), күнүмдүк кийим формасында кочкул көк түстөгү кителде (жакетте) - орто жетектөөчү курамдын 1-атайын наамы ыйгарылган күндөн тартып бир тилкелүү кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан жана кызыл түстөгү кырлары (канттары) менен тигилме;
- күнүмдүк кийим формасында кочкул көк түстөгү кителде (жакетте) -кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан тигилген, погондун каптал жактары боюнча алтын түстүү узунунан кеткен тилкелери менен, кызыл түстөгү кырлары (кант) жана металл же поливинилхлорид пленкасынан алтын түстүү "К" тамгасы менен тигилме (орто жетектөөчү курамдын 1-атайын наамы ыйгарылган күнгө чейин);
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган курткада, сый жана күнүмдүк кийим формасында ачык көк жана ак түстөгү көйнөктөрдө (блузкаларда) - кочкул көк түстөгү атайын өрүлмө галундан, погондун каптал жактары боюнча алтын түстүү узунунан кеткен тилкелери менен, кызыл түстөгү кырлары (канттары) жана металлдан же алтын түстөгү “К” поливинилхлорид пленкасынан (орто жетектөөчү курамдын 1-атайын наамы ыйгарылган күнгө чейин) жана бир тилкеси бар кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан жана кызыл түстөгү кырлары (канттары) менен чечилме (орто жетектөөчү курамдын 1-атайын наамы ыйгарылган күндөн тартып);
- кышкы узун кочкул көк түстөгү курткада, кочкул көк түстөгү жайкы костюм курткасында, кочкул көк түстөгү кышкы костюм курткасында, кочкул көк түстөгү жазгы-күзгү түстүү костюм курткасында, кочкул көк түстөгү нымдан коргоочу плащта - алтын түстөгү "К" металл тамгасы менен кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (кездемеден) чечилме муфтасы менен (орто жетектөөчү курамдын 1-атайын наамы ыйгарылган күнгө чейин) жана кочкул көк түстөгү атайын өрүмдөгү галундан (кездемеден) чечилме муфтасы менен алтын түстөгү шырылган жылдыз менен кызыл түстөгү тилкелери менен (орто жетектөөчү курамдын 1-атайын наамы ыйгарылган күндөн тартып).
“К” тамгасынын бийиктиги - 20 мм, погондун (муфтанын) төмөнкү четинен тамгага чейинки аралык - 15 мм.
Курсанттардын (угуучулардын), атайын наамы бар улук прапорщиктин (прапорщиктин) погондорунда "К" тамгасы жайгаштырылбайт.
Тигилме жана чечилме погондордун жогорку бөлүгүндө погондун узунунан кеткен ортоңку сызыгында атайын жабдылган жерлерде диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү формалык топчу жайгашат.
37. Кызматкерлердин атайын наамдары боюнча айырмалоочу белгилерин жайгаштыруу:
Таблицага ылайык жогорку, улук, орто жетектөөчү курамдын, улук прапорщиктердин жана прапорщиктердин погондорунун чечилме муфталарында беш бурчтуу жылдыздар жайгаштырылат:
Атайын наамдар | Погондордогу жылдыздардын саны (жылдызчалар) (даана) | Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын борборуна чейинки аралык (мм) | Погонду бойлото жылдыздардын борборлорунун ортосундагы аралык (мм) |
милициянын генерал-полковниги | 3 | 30 | 30 |
милициянын генерал-лейтенанты | 2 | 30 | 30 |
милициянын генерал-майору | 1 | 50 |
|
милициянын полковниги | 3 | 30 | 25 |
милициянын подполковниги | 2 | 30 |
|
милициянын майору | 1 | 50 |
|
милициянын капитаны | 4 | 30 | 25 |
милициянын улук лейтенаны | 3 | 30 | 30 |
милициянын лейтенанты | 2 | 30 |
|
милициянын кенже лейтенанты | 1 | 50 |
|
милициянын улук пропорщиги | 3 | 30 | 25 |
милициянын пропорщиги | 2 | 30 | 25 |
Тигилме жана чечилме погондордо жылдыздарды (жылдызчаларды) жайгаштыруу:
- генералдар - узунунан ортоңку сызыкта;
-полковниктер - сызыктын үстүндө төмөнкү эки жылдызча, үчүнчүсү-узунунан ортоңку сызыктагы биринчи экиден жогору;
- подполковниктер – сызыктын үстүндө төмөнкү эки жылдызча;
-майорлор - узунунан ортоңку сызыкта;
-капитандар - узунунан орто сызыктын эки тарабындагы эки төмөнкү жылдызча, капталдарынан жана борбордук сызыгынан бирдей аралыкта, үчүнчү жана төртүнчү борбордук сызыкта биринчи экиден жогору;
- улук лейтенант-узунунан кеткен борбордук сызыктын эки тарабындагы эки төмөнкү жылдызча, капталдарынан жана борбордук сызыгынан бирдей аралыкта, үчүнчүсү борбордук сызыктагы биринчи экиден жогору;
- лейтенант-узунунан орто сызыктын эки тарабындагы эки төмөнкү жылдызча, капталдарынан жана борбордук сызыктан бирдей аралыкта;
- кенже лейтенант-узунунан ортоңку сызыкта;
- улук прапорщик жана прапорщик узунунан ортоңку сызыкта;
38. Таблицага ылайык жогорку, улук, орто жетектөөчү курамдын, улук прапорщиктердин жана прапорщиктердин погондорунун чечилме муфталарында беш бурчтуу жылдыздар жайгаштырылат:
Атайын наамдар | Погондордогу жылдыздардын саны (жылдызчалар) (даана) | Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын борборуна чейинки аралык (мм) | Погонду бойлото жылдыздардын борборлорунун ортосундагы аралык (мм) |
милициянын генерал-полковниги | 3 | 20 | 30 |
милициянын генерал-лейтенанты | 2 | 30 | 30 |
милициянын генерал-майору | 1 | 45 |
|
милициянын полковниги | 3 | 20 | 25 |
милициянын подполковниги | 2 | 20 |
|
милициянын майору | 1 | 45 |
|
милициянын капитаны | 4 | 20 | 25 |
милициянын улук лейтенанты | 3 | 20 | 25 |
милициянын лейтенанты | 2 | 20 |
|
милициянын кенже лейтенанты | 1 | 45 |
|
милициянын улук пропорщиги | 3 | 20 | 25 |
милициянын пропорщиги | 2 | 20 | 25 |
39. Кенже жетектөөчү курамдын погондоруна (улук прапорщиктерден, прапорщиктерден тышкары) пластинкаларды (тилкелерди) жайгаштыруу төмөндөгү таблицага ылайык жайгаштырылат:
Атайын наамдар | Шырылган тилкелердин саны (тилке) | Погондун төмөнкү четинен биринчи пластинкага (тилкеге) чейинки аралык (мм) | Пластинкалардын (тилкелердин) ортосундагы аралык (мм) |
Милициянын старшинасы | Баштан аяк узунунан | Погондун ортосунан узатасынан жайгаштырылат | |
Милициянын улук сержанты | Баштан аяк туурасынан | 40 |
|
Милициянын сержанты | Туурасынан үчөө | 40 | 2 |
Милициянын кенже сержанты | Туурасынан экөө | 40 | 2 |
40. Кенже жетектөөчү курамдын погондорунун чечилме муфталарына (прапорщиктерден тышкары) пластинкаларды (тилкелерди) төмөндөгү таблицага ылайык жайгаштырылат:
Атайын наамдар | Шырылган тилкелердин саны (тилке) | Погондун төмөнкү четинен биринчи пластинкага (тилкеге) чейинки аралык (мм) | Пластинкалардын (тилкелердин) ортосундагы аралык (мм) |
Милициянын старшинасы | Баштан аяк узунунан | Погондун ортосунан узатасынан жайгаштырылат | |
Милициянын улук сержанты | Баштан аяк туурасынан | 20 |
|
Милициянын сержанты | Туурасынан үчөө | 20 | 2 |
Милициянын кенже сержанты | Туурасынан экөө | 20 | 2 |
41. Курсанттардын (угуучулардын) погондору жана погондоруна жана чечилме муфталарына пластинкаларды (тилкелерди) төмөндөгү таблицага ылайык жайгаштырылат:
Атайын наамдар | Шырылган тилкелердин саны (тилке) | Погондун төмөнкү четинен биринчи пластинкага (тилкеге) чейинки аралык (мм) | Чечилме муфтанын төмөнкү четинен пластинкага (тилкеге) чейинки аралык (мм) |
Милициянын старшинасы | Баштан аяк узунунан | Погондун ортосунан узатасынан жайгаштырылат | “К”тамгасынын үстүнө чечилме муфтанын ортосунан узата жайгаштырылат |
Милициянын улук сержанты | Баштан аяк туурасынан | 45 | 40 |
Милициянын сержанты | Туурасынан үчөө | 45 | 40 |
Милициянын кенже сержанты | Туурасынан экөө | 45 | 40 |
42. Алтын түстөгү металл петлич эмблемалары төмөнкүдөй жайгаштырылат:
- чечилме погондордо, узунунан кеткен погондордо формалык топчунун төмөнкү четинен петлич эмблемасынын калканынын жогорку четине чейин 5 мм аралыкта (жогорку жетектөөчү курамдын погондорунан тышкары);
- биссектриса боюнча жүн кездемеден тигилген кителдердин (жакеттердин) жакаларында жаканын бурчунан эмблеманын борборуна чейин 25 мм аралыкта, мында петлич эмблемасынын симметриясынын вертикалдуу огу жаканын учу кеткен жерине параллель болууга тийиш.
43. Кийим формасынын предметтеринде жеңге тагылган айырмалоочу белгилер жайгаштырылат (ушул Эрежелерге тиркеме):
Кызматкердин Кыргыз Республикасынын ИИМге таандыктыгы.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлер.
Кызматкердин КР ИИМдин аймактык (шаардык, облустук) түзүмдүк бөлүктөрүнө таандыктыгы.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ТЧКАОнун атайын багыттагы отрядынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун “Шумкар” АББда кызмат өтөп жаткан, атайын багыттагы отряддардын аймактык таандыктыгы.
МККБнын бөлүктөрүнүн кызматкерлери - МККБнын түзүмдүк бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу бөлүктөрүнүн кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу аймактык органдарынын бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери.
Коомдук тартипти сактоону камсыз кылуучу ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкерлер.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин тутумундагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын ИИМдин тутумундагы окутуу мекемелериндеги күндүзгү окуу формасынын, туруктуу курамдын кызматкерлери, курсанттары, кызматкерлери.
44. Кызматкердин Кыргыз Республикасынын ИИМге таандыгы, жеңге тагылган белгиси кийим формасынын предметтеринде сол жеңи кайып тигилген жогорку чекиттен колго тагылган белгинин жогорку четине чейин 80 мм аралыкта жайгаштырылат. Калган жең белгилери - оң жеңдин кайып тигилген жогорку чекитинен колго тагылган белгинин жогорку четине чейин 80 мм аралыкта.
45. Кызматкерлердин сый, күнүмдүк жана талаа кийим формасында жана сырткы кызмат өтөө үчүн кийим формасында жайгаштырылган жең белгилери:
Жеңдеги элементтердин көп түстүү чагылдырылышы:
Болот түстөгү – жүн кездемеден тигилген болот түстөгү сый кители (жакети) үчүн.
Ак түстөгү - ак түстөгү көйнөктөрдүн бардык түрлөрү үчүн.
Кочкул көк түстө - форманын калган предметтеринде, ошондой эле өзгөчө абалдын, куралдуу чыр-чатактардын жана террорго каршы операциялардын шарттарында кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарган, ошондой эле тоолуу жана токойлуу жерлердин шарттарында мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн, кылмыштуу топтордун же кылмышкерлердин ишине бөгөт коюу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын кийимдеринде.
46. Кызматкерлердин күнүмдүк кийим формасына жана сырткы кызмат өтөө үчүн кийим формасына жайгаштырылуучу саймалары көп түстүү элементтердин чагылдырылышы менен аткарылат.
47. Кызматкерлердин жеңине тагылган айырмалоочу белгилери жана саймалары өзгөчө кийим формасына жана маскалоочу түстөгү атайын кийимге жайгаштырылып, талаада контрастуу түстөгү элементтердин бир түстүү сүрөтү менен маскалоочу түстүү, жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүчү кызматкерлердин кийим формасында жана өзгөчө кийим формасында сырткы кийимдин түсүнө шайкеш келген кездеменин кочкул көк түстөгү элементтердин бир түстүү сүрөтү менен жарыкты чагылдыруучу материалдан жасалган талаада тагылат. Бул учурда, маскалоочу жана контрастуу түстөр, тиешелүүлүгүнө жараша болот:
48. Кара жана боз түс -камуфляждалган боз түстөгү кийимдин өзгөчө формасы жана кара түстөгү кийимдин өзгөчө формасы үчүн.
49. Жеңге тагылган айырмалоочу белгилер жана кийим формасынын предметтериндеги саймалар үч түрдө тагылат: окутуу курстары боюнча саймасы поливинилхлорид пленкасынан, жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүчү кызматкерлердин кийим формасынын жана өзгөчө форма кийиминин предметтерине жарыкты чагылдыруучу материалдардан жана кийимдин калган предметтерине сарждуу өрүмдөгү кездемеден.
50. Милициянын атайын наамы бар, коомдук тартипти сактоону, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу кызматкерлер кийим формасынын предметтерине сайма тагышат. Сайма коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу милициянын бардык кызматкерлери үчүн кышкы, жазгы-күзгү, жайкы, жайкы жеңилдетилген, жайкы тактикалык, нымдуулуктан коргоочу плащтын курткасынүн аркасына жана сол өңүрүнө (төшүнө) жайгаштырылат.
51. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлерден тышкары, милициянын кызматкерлери, милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкерлери (сырткы кызматты өтөөгө тартылган) үчүн жарык чагылдыруучу материалдардан жасалган сигналдык жилеттин аркасында “МИЛИЦИЯ” деген жазуу жайгаштырылат.
52. Курсанттарды (угуучуларды) окутуу курстары боюнча жеңге тагылган саймалар китель жана жакеттердин сол жеңинин сырткы бетине кызматкердин Кыргыз Республикасынын ИИМге таандыктыгынын колго тагылган белгисинен 10 мм төмөн аралыкта тагылат.
53. Милиция кызматкерлери коомдук жайларда кызмат өтөөдө төш белгини төмөнкүлөргө тагышат:
Жайкы, жайкы жеңил костюм курткасынүн, суу өткөрбөс плащтын, сигналдык жилетканын, сигналдык куртканын (төштүн) сол жак өңүрүнө төөнөгүч каражаты менен бекитилет же Кыргыз Республикасынын ИИМдин системасынын түзүмдүк бөлүгүнө тиешелүүлүгү жөнүндө жазуусу менен бекитилип тигилет.
Жайкы тактикалык, жазгы-күзгү, кышкы костюм курткаларында - сол өңүрдөгү атайын төш чөнтөккө жайгаштырылат.
Көйнөк (блузка), жүндөн токулган свитерге - төш чөнтөгүнө төөнөгүч аркылуу бекитилет же төш чөнтөктүн жапкычына тигилет.
“Поло” тибиндеги көйнөккө сол жак төш чөнтөктүн үстүнө төөнөгүч аркылуу бекитилет же бастырылып тигилет.
54. Туризм, спорт жана маданият объекттеринде сырткы кызмат өтөөдө чет өлкөлүк туристтер көп келген жерлерде коомдук тартипти сактоо үчүн түзүлгөн милициянын кайгуул-күзөт кызматынын саптык бөлүктөрүнүн адистештирилген бөлүктөрүнүн кызматкерлери сырткы кийиминин сол өңүрүнө төмөнкүдөй жазуусу бар төш белги тагышат:
ТУРИСТТИК МИЛИЦИЯ – эки сапка орус жана англис тилдеринде, ошондой эле жилеттин аркасына жарыкты чагылдыруучу элементтер менен эки катарга англис жана орус тилдеринде ТУРИСТТИК МИЛИЦИЯ жазуусу менен.
8. Кызматкердин ведомстволук айырмалоочу белгилери
55. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук айырмалоочу белгилери (Кыргыз Республикасынын ИИМдин медалдары жана төш белгилери) кызматкердин формалык кийиминдеринде мамлекеттик сыйлыктар, башка мамлекеттик органдардын сыйлыктары, чет мамлекеттердин сыйлыктары менен бирге жайгаштырылат.
56. Мамлекеттик сыйлыктарды тагынуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын ордендеринин статустарына, Кыргыз Республикасынын артыкчылык белгилери жөнүндө жоболоруна, Кыргыз Республикасынын медалдарына, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына, Кыргыз Республикасынын аталган мамлекеттик сыйлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына төш белгилердин сүрөттөөлөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” №157 Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Мамлекеттик сыйлыктар жүн кездемеден тигилген сый кителдерине жана жакеттерине тагылат.
58. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук айырмалоочу белгилерин тагынуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык жүзөгө ашырылат.
59. Кыргыз Республикасынын ИИМдин медалдары жүн кездемеден тигилген сый кителдеринде жана жакеттеринде, Кыргыз Республикасынын ИИМдин төш белгилери жүн кездемеден тигилген сый жана күнүмдүк кителдеринде жана жакеттеринде тагылат.
60. Колодкаларга тагылууга арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин медалдары мамлекеттик сыйлыктардан кийин төштүн сол жак тарабына жайгаштырылат.
61. Колодкаларга тагынуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин медалдары жогоруда саналып өткөн тартипте туурасынан солдон оңго, жогорудан төмөн карай катар жайгаштырылат. Эки же андан ашык медаль тагынганда, алардын колодкалары жалпы тилкеде катар-катар бириктирилет. Ошол эле учурда бир жалпы тилкеге бештен ашык эмес медаль (мамлекеттик сыйлыктарды кошкондо) жайгаштырылышы мүмкүн. Колодкаларга тагылууга арналган кийинки медалдар бири-биринин астына тизилген экинчи жана кийинки жалпы асты-астына жайгаштырылган планкаларга тагылат.
62. Экинчи катардагы медалдардын колодкалары биринчи катардагы медалдардын астына туура келиши керек, төмөнкү катардагы колодкалардын үстүнкү чети биринчи катардын үстүнкү четинен 35 мм төмөн жайгаштырылат. Кийинки катарлар ушундай тартипте жайгаштырылат. колодкаларга тагынуу үчүн арналган мамлекеттик сыйлыктар, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана башка мамлекеттик органдардын ведомстволук айырмалоочу белгилери үч катардан ашык эмес жайгаштырылат.
Башка мамлекеттик органдардын сыйлыктары Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик сыйлыктарынан жана ведомстволук артыкчылык белгилеринен кийин жайгаштырылат.
63. Колодкаларга тагынуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик сыйлыктары жана медалдары төмөнкү тартипте жайгаштырылат:
Жүн кездемеден тигилген сый кителинде (жогорку жетектөөчү курам үчүн) жана жүн кездемеден тигилген жакетте - биринчи катардагы медалдардын колодкасынын жогорку чети лацкандын кырынын бурчунун деңгээлинен 70 мм төмөн болгудай жайгаштырылат.
Жүн кездемеден тигилген сый кителинде (жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкерлердан тышкары) - биринчи катардагы медалдардын колодкасынын жогорку чети лацкандын кырынын деңгээлинен 90 мм төмөн тургандай болуп жайгаштырылат.
64. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын мамлекеттик сыйлыктарынын, медалдарынын тасмалары планкада төмөнкүдөй жайгаштырылат:
Жүн кездемеден тигилген сый кителинде (жакетинде) (жогорку жетектөөчү курам үчүн), жүндөндөн токулган жакетте, планкалардын биринчи катарынын жогорку чети лацкандын кырынын деңгээлинен 70 мм төмөн болгудай.
Жүн кездемеден тигилген кителде планкалардын биринчи катарынын жогорку чети лацкандын кырынын деңгээлинен 90 мм төмөн болгудай.
Сырткы кызматты өтөгөн кызматкерлерден жана милициянын участкалык уполномоченныйларынан, ошондой эле курсанттардан тышкары кызматкерлердин жайкы костюм (жеңилдетилген жайкы костюмунун) курткасынө - төш чөнтөктүн жапкычынын вертикалдуу огу симметриялуу түрдө, планкалардын (планкаларынын) төмөнкү чети төш чөнтөктүн жапкычынын үстүнкү четинен 1 см аралыкта жайгашкандай жайгаштырылат.
65. Ордендердин жана медалдардын тасмаларын тиешелүү ордендердин жана медалдардын белгилери менен бирге тагынууга жол берилбейт. Ордендердин жана медалдардын планкалардагы тасмалары төштүн сол жагына тагылат.
66. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын мамлекеттик сыйлыктарынын, медалдарынын тасмалары планкаларда төштүн ортосунан ылдый карай туурасынан катар болуп жайгаштырылат. Катарда планктарда эң көп дегенде төрт тилке болушу керек. Бир катарга сыйышпаган тасмалар экинчи жана кийинки катарларга өткөрүлөт жана толук мурунку катардын ортосуна карата симметриялуу жайгаштырылат, мында беш катардан ашырбоого жол берилет.
67. Кызматкерде 20дан ашык орден жана медаль болгон учурда эң жогорку статустагы ордендерге жана медалдарга гана планкадагы тасма тагылат.
68. Кыргыз Республикасынын ИИМдин төш белгилери төштүн оң жагына ордендердин жана медалдардын (планкалардагы ленталардын) биринчи катарынын жогорку четтеринин бирдей деңгээлинде жайгаштырылат.
69. Кыргыз Республикасынын ИИМдин төш белгилери туурасынан бир катарда солдон оңго карай алардын каптал учтарынын ортосундагы аралык 5 мм боштук менен жайгаштырылат. Катардагы төш белгилердин жалпы саны үчтөн ашпоого тийиш. Мында жогорку билим берүү уюмун (жогорку кесиптик билим берүү мекемесин) аяктагандыгы жөнүндө төш белгини тагынуу милдеттүү болуп саналат жана төш белгилердин ортосуна жайгаштырылат.
70. Эки төш белги жайгашкан учурда мыкты кызматкер төш белгиси жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмун (жогорку кесиптик билим берүү мекемесин) аяктагандыгы жөнүндө төш белгинин сол жагына жайгаштырылат.
71. Үч төш белгини жайгаштырууда жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун (жогорку кесиптик билим берүү мекемесинин) аяктагандыгы жөнүндө белги борборго жайгаштырылат.
72. Билим берүү уюмун аяктагандыгы жөнүндө төш белгини тагынуу милдеттүү болуп саналат.
73. Кызматкерде эки же андан көп жогорку билим берүү уюмдарын аяктагандыгы жөнүндө төш белгилери болгон учурда жогорку билим берүү программалары боюнча бир гана белги коюлат.
74. Тагууга уруксат берилет:
Жүн кездемеден тигилген сый кителдердеги (жакеттердеги) колодкаларында жана төш белгилеринде жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын ИИМдин сыйлыктарын.
Жүн кездемеден тигилген кителдерде (жакеттерде) планк жана төш белгилериндеги Кыргыз Республикасынын ИИМдин ордендери жана медалдар тасмасын.
Жалпы билим берүү жана кесиптик билим берүү уюмун аяктагандыгы жөнүндө төш белгини.
Кызматтык жана атайын милдеттерин аткарууда, кызматкерлердин күнүмдүк ишмердигинин ар кандай түрлөрүндө (анын ичинде спорттук ишмердигинде) жогорку жетишкендиктерин, алардын жогорку ыкчам-кызматтык жана кесиптик сапаттарын көрсөтүү үчүн айырмалоочу белгисин.
Мамлекеттик органдардын сыйлыктарынан кийин жайгаштырылуучу чет мамлекеттердин (чет мамлекеттердин ведомстволорунун) сыйлыктарын.
Колодкаларга тагууга арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик сыйлыктарын жана медалдарын сый формалык кийиминин сол жагына жана төш белгисин сый формалык кийиминин оң жагына улук башчылардын көрсөтмөсү боюнча майрам күндөрү өткөрүлүүчү расмий иш-чараларда жана иш-чараларда атайын жана талаа формалык кийимин кийүүгө уруксат берилет.
75. Мамлекеттик сыйлыктарды, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук айырмалоочу белгилерин, башка мамлекеттик органдардын жана чет мамлекеттердин (чет мамлекеттердин ведомстволорунун) сыйлыктарын формалык кийимдин башка предметинде тагынып жүрүүгө, ошондой эле коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин) сыйлыктарын жана белгилерин жана бекитилбеген белгилерди тагынып жүрүүгө тыюу салынат.