Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин буйругуна тиркеме 2023 ж. “14. 09.” “112-Б” |
Кыргыз Республикасында Ички аудиттин
СТАНДАРТТАРЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Ички аудиттин стандарттары (мындан ары - Стандарттар) “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Стандарттар министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана мекемелеринин, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын жана мамлекеттик ишканалардын ички аудиторлорунун ишине милдеттүү бирдиктүү талаптарды белгилейт.
3. Ички аудиттин стандарттары:
1) Ички аудиттин сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн стандарты:
1000 - максат, ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик;
1100 - көз карандысыздык жана объективдүүлүк;
1200 - компетенттүүлүк жана ишке кесипкөй мамиле;
1300 - ички аудиттин кепилдиктерин жана сапатын жакшыртуу программасы.
2) Ички аудиттин ишинин стандарты:
2000 - ички аудитти башкаруу;
2100 - ички аудиттин маңызы;
2200 - аудитордук тапшырманы пландоо;
2300 - аудитордук тапшырманы аткаруу;
2400 - натыйжалар жөнүндө маалымдоо;
2500 - аудиттин натыйжасы боюнча жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү;
2600 - объекттин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти кароо.
4. Ушул Стандарттарда колдонулган негизги түшүнүктөр жана терминдер:
аудиттин автоматташтырылган методдору - аудитке тийиштүү жалпы программалык камсыздоо, тесттик маалыматтардын генераторлору, аудит үчүн компьютердик программалар, аудит үчүн атайын программалык тиркемелер жана компьютерлештирилген аудитордук жол-жоболор сыяктуу аудиттин ар кандай автоматташтырылган методдору;
адекваттуу контроль - жетекчи контролду уюмдун максаттары жана милдеттери натыйжалуу жана үнөмдүү ыкма менен ишке ашырылгыдай уюштурса жана пландаштырса, контроль ошондо адекваттуу болот;
аудитордук тапшырма - ички аудитти аткаруу, контролдоо системасынын өзүнө баа берүүсүнө сереп салуу, алдамчылык фактыларын иликтөө, консалтинг боюнча тапшырма;
консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - аудит өткөрүлүүчү тарапка кеңеш, сунуш түрүндөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иш, анын мүнөзү жана мазмуну аудит өткөрүлүүчү тарап менен макулдашылат, ал жардам көрсөтүүгө, корпоративдик башкаруу, тобокелчиликтерди башкаруу жана контролдоо процесстерин өркүндөтүүгө, башкаруучулук чечимдер үчүн ички аудиторлордун жоопкерчилик алуусун болтурбоого багытталган;
ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттары (Эл аралык стандарттар) - эл аралык кесиптик практиканын негизи, АКШнын Флорида штатындагы Альтамонт Ички аудит институту тарабынан иштелип чыккан милдеттүү мүнөздөгү концептуалдык негиз;
ишенимдүү маалымат - тийиштүү аудитордук жол-жоболорду колдонуу менен алууга мүмкүн болгон толук жана ишенимдүү маалымат;
көз карандысыздык - ички аудит бөлүмүнө өз милдеттенмелерин калыс аткарууга мүмкүндүк бербеген шарттардан эркин болуу;
объективдүүлүк - аудиторлорго аудитордук тапшырманы туура аткарууга мүмкүндүк берүүчү жана иштеги сапат маселесинде олуттуу четтөөлөргө жол бербөөчү калыс мамиле. Объективдүүлүк аудит маселесинде ички аудитор өзүнүн пикирин башка адамдардын пикирлерине баш ийдирбөөсүн талап кылат;
калган тобокелдиктер - жетекчилик тарабынан терс окуялардын таасирин жана болуу ыктымалдыгын азайтуу боюнча иш-аракеттер көрүлгөндөн кийин, анын ичинде тобокелдиктерге карата контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылгандан кийин калган тобокелдиктер;
мезгилдүү текшерүүлөр - ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттарга жана стандарттарга шайкеш келүүнү баалоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;
кепилдиктерди берүү - уюмдагы мамлекеттик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерине көз каранды эмес баа берүү максатында колдо болгон аудитордук далилдерге объективдүү талдоо жүргүзүү;
аудитордук тапшырманын программасы - аудитордук тапшырманын жол-жоболорун регламенттеген документ;
контролдоо процесстери - тобокелдиктерди башкаруу процессинин алкагында белгиленген жол берилген чектерде контролдоо системасынын тобокелдигинин деңгээлин камсыздоо боюнча бөлүгү болгон жана жол-жоболордун жана иш-аракеттердин жыйындысы;
тобокелдик - максаттарга жетүүгө таасир этүүчү окуялардын болуу мүмкүндүгү. Тобокелдиктер кандайдыр бир кесепеттердин болуу ыктымалдыгынын жана көлөмүнүн терминдери менен өлчөнөт;
тобокелдик - аппетит, тобокелдиктин уюм тарабынан алгылыктуу катары кабыл алынган деңгээли;
жөндүү маалымат - байкоолорду жана сунуштарды ырастоочу жана тапшырманын максатына ылайык келген маалымат;
пайдалуу маалымат - уюмдун максатына жетүүсү үчүн жардам берүүчү маалымат;
тобокелдиктерди башкаруу - уюмдун өзүнүн максаттарына жетүүсүндө алгылыктуу кепилдиктерди камсыздоо үчүн мүмкүн болуучу окуяларды жана кырдаалдарды аныктоо, баалоо, башкаруу жана контролдоо процесси.
2. Ички аудиттин сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн
стандарты
5. Ички аудиттин сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн стандарты төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) 1000 - Максаттар, ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик
Ички аудиттин максаты, ыйгарым укугу жана жоопкерчилиги ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттарга жана ушул Стандарттарга ылайык келген ички аудит боюнча түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо аныкталууга тийиш.
Ички аудит боюнча түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобо ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ички аудиттин методологиясы маселелери боюнча типтүү жобого шайкеш келүүгө тийиш.
2) 1100 - Көз карандысыздык жана объективдүүлүк
Ички аудит көз карандысыз болууга тийиш, ал эми ички аудиторлор өздөрүнүн милдеттерин аткарууда объективдүү болууга тийиш.
Көз карандысыздык - ички аудитор ишин (иш көлөмүн аныктоо, аудитордук тапшырманы аткаруу, отчетторду түзүү) ички аудит объектисинин жетекчиси жана башка кызматтык адамдардын кийлигишүүсүз жүргүзө алат дегендикти билдирет. Ички аудит кызматынын жетекчиси (мындан ары - ИАКЖ) мекеменин (ички аудит объектисинин) жетекчисине гана отчеттуу болууга тийиш. Көз карандысыздыкка коркунуч жеке аудитордун, аудитордук тапшырманын, функционалдык жана уюштуруу деңгээлинде контролдонууга тийиш.
Ички аудит ички аудиттин көлөмүн аныктоо, иштерди жүргүзүү жана анын жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулукту берүү процессине үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнөн эркин болуусу тийиш.
Ички аудитор ички аудит объектисинин жетекчисине гана отчет берүүгө тийиш. Эгерде ИАКЖ ички аудиттен тышкары функцияларды жана/же милдеттерди аткарса же аткарууну пландаса, ички аудиттин көз карандысыздыгына же объективдүүлүгүнө терс таасирин чектөө үчүн коргоо чаралары кабыл алынышы керек.
Ички аудиторлор өз ишинде калыс жана адилеттүү болууга жана ар кандай кызыкчылыктардын кагылышынан алыс болууга тийиш.
Ички аудиторлор аудитордук тапшырмаларды пландоо, жеткиликтүү, жөндүү жана ишенимдүү далилдерди жыйноо жана талдоо боюнча талаптарды сактоо аркылуу өздөрүнүн объективдүүлүгүн кепилдөөгө тийиш, ушулардын негизинде өздөрүнүн корутундуларын жасоо зарыл. Объективдүүлүк бул ички аудитор аудит маселелери боюнча өзүнүн пикирин башкалардын пикирине баш ийдирген эмес дегенди билдирет. Объективдүүлүккө коркунуч жеке аудитордун, аудитордук тапшырманын, функционалдык жана уюштуруу деңгээлдеринде контролдонууга тийиш.
Отчетторду бардык тиешелүү фактылардын негизинде түзүү керек. Ички аудитор тең салмактуу эмес корутунду берүү үчүн фактыларды пайдаланууга иргеп мамиле кылбоого тийиш.
Эгерде көз карандысыздык же объективдүүлүк терс таасирге кабылса же ага кабылган катары кабыл алынса, бул жөнүндө маалымат ченемдик укуктук актыларга ылайык ачыкталууга тийиш.
Ички аудиторлор акыркы он эки айдын ичинде өздөрү жооптуу болгон тармактарда ички аудит жүргүзүүдөн карманууга тийиш.
Ички аудит кызматы консультациялык тапшырма объективдүүлүккө таасир этпеген шартта мурда консультациялык жардам берилген тармактарда кепилдиктерди берүү боюнча тапшырмаларды аткара алат.
Ички аудиторлор алар мурда жооптуу болгон тармактарда консультациялык жардамды көрсөтө алат. Эгерде консультациялык жардам көрсөтүүгө байланыштуу ички аудиторлордун көз карандысыздыгы жана обьективдүүлүгү терс таасирге кабылса, ички аудит обьектисинин жетекчиси тапшырма аткарууга алынганга чейин маалымдалууга тийиш.
3) 1200 - Компетенттүүлүк жана ишке кесипкөй мамиле
Ички аудиторлор аудитордук тапшырмаларды дасыккан кесипкөй деңгээлде аткарууга тийиш.
Ички аудит кызматынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин жана ички аудит бөлүктөрүнүн алдында турган тапшырмаларды аткаруу үчүн тийиштүү билимге жана көндүмдөргө ээ болууга тийиш. Ички аудит бөлүмүнүн алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн ички аудит кызматынын кызматкерлери жамааттык түрдө зарыл болгон билимге, көндүмдөргө жана башка компетенцияларга ээ болууга же аларды алууга тийиш.
Ички аудиттин кызматкерлери аудитордук тапшырманы же анын бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү билимге, көндүмдөргө же башка компетенцияларга ээ болбогон учурда ИАКЖ кеңеш жана консультация алуу үчүн кайрылууга тийиш.
Ички аудиторлор ишке кесипкөй мамилени кылууга тийиш. Ишке болгон кесипкөй мамиле аудитор ката кетирүүгө укугу жок дегенди билдирбейт.
Ички аудиторлор өздөрүнүн билимдерин жана көндүмдөрүн үзгүлтүксүз өркүндөтүп, кесиптик жактан өсүп турууга тийиш.
Ички аудиторлор алдамчылык тобокелдиктерин баалоо, маалыматтык технологиялардын тобокелдиктерин жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча иштерди аткаруу үчүн жетиштүү билим алууга тийиш. Ошол эле учурда ички аудиторлордун маалыматтык технологиялардын алдамчылык фактыларын аныктоо жана иликтөө же аудит жүргүзүү негизги функциясы болгон адистин компетенциясына ээ боло тургандыгы болжолдонбойт. Ички аудиторлор компетенттүү жана чынчыл болууга, өзүнүн иштеги көндүмдөрүн жана жөндөмдүүлүгүн тийишелүү деңгээлде колдонууга тийиш.
Эгерде ички аудиттин кызматкерлери тапшырманы же анын бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү билимге, көндүмдөргө жана башка компетенцияларга ээ болбогон учурда ИАКЖ консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча тапшырмадан баш тартууга же кеңеш жана көмөк алуу үчүн кайрылууга тийиш.
Ички аудиторлор ишиндеги кесипкөйлүккө жетишүү үчүн төмөнкүлөрдү көңүлгө алуулары тийиш:
- аудитордук тапшырманын максатына жетүү үчүн керектүү иштин көлөмүн;
- олуттуу каталардын, алдамчылыктын жана шайкеш келбөөлөрдүн ыктымалдуулугу жана маанисин;
- кепилдик берилүүчү маселелердин татаалдыгы жана маанилүүлүгүн;
- потенциалдуу пайда менен салыштырмалуу аудитордук кепилдиктерди берүүгө кеткен чыгымдарды.
Ички аудитор ишке кесипкөй мамиле кылуу менен аудиттин автоматташтырылган методдорун жана маалыматтарды талдоонун башка методдорун колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш.
Ички аудиторлор мекеменин максатына, ишине же ресурстарына таасир этүүчү олуттуу тобокелдиктерди табууга тийиш. Аудитордук кепилдиктерди берүүдө жүргүзүлгөн жол-жоболор алар кесипкөй деңгээлде жүргүзүлсө да бардык олуттуу тобокелдиктерди табууга кепилдик бербейт.
Ички аудиторлор төмөнкүлөрдү көңүлгө алуулары менен консультативдик жардам берүүдө кесипкөй мамиле көрсөтүүгө тийиш:
- тапшырманы аткаруунун мүнөзү жана мөөнөтү, ошондой эле натыйжалар жөнүндө отчеттуулуктун формасы;
- максатка жетүү үчүн керектүү иштин салыштырмалуу татаалдыгы жана көлөмү.
ИАКЖ компетенттүүлүктү жана кесипкөйлүктү камсыздоо максатында төмөнкүлөрдү аткарышы зарыл:
- ички аудит кызматынын кызматкерлерин тынымсыз кесиптик өсүшү үчүн окутуу боюнча жылдык планды түзүү жана бекитүү;
- кызматкерлерге алар аткарууга компетенттүү болгон тапшырмаларды берүү.
4) 1300 - Ички аудиттин кепилдик берүү жана сапатын жогорулатуу программасы
ИАКЖ ички аудиттин ишинин бардык аспектилерин камтыган Ички аудиттин кепилдик берүү жана сапатын жогорулатуу программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгууга жана колдоого тийиш.
Программа ички аудиттин функциясы ички аудит жөнүндө аныктамага, ушул Стандарттарга, этикалык стандарттарга шайкеш келүүсүн баалоо үчүн иштелип чыгат.
Программа ички аудиттин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоону, ишти өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоону карайт.
Программа ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Программа ички жана тышкы баалоолорду камтууга тийиш.
Ички баалоолор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ички аудиттин ишине учурдагы мониторинг жүргүзүү;
- ички аудиторлор тарабынан өзүн-өзү баалоо жолу менен же уюмдун ички аудит жаатында жетиштүү билими бар кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүчү мезгилдүү текшерүүлөр.
Тышкы баалоолор уюмда иштебеген квалификациялуу жана көз карандысыз эксперт же эксперттер тобу тарабынан эки жылда бир жолу, бирок 5 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
Квалификациялуу тышкы эксперт же эксперттер тобу эки жаатта компетенттүүлүгүн көрсөтүшөт: ички аудиттин кесиптик маселелери жана тышкы баалоону жүргүзүү.
Компетенттүүлүктүн далили катары теориялык даярдык, ушундай масштабдагы жана татаалдыктагы уюмдардагы, экономиканын тийиштүү секторлорундагы жана тармактарындагы иш тажрыйбасы болот.
Эксперттин же эксперттер тобунун көз карандысыздыгы кызыкчылыктардын кагылышуусунун болбошун болжолдойт.
Көз карандысыз эксперттер өздөрү ички аудит функциясын текшерип жатышкан уюмдун кызматкерлери же алардын контролунда болбошу керек.
Программа боюнча ички жана тышкы баалоонун натыйжалары аудит объектисинин жетекчисине берилет. Программа боюнча маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ички жана тышкы баалоонун көлөмү жана мезгилдүүлүгү;
- тыянактар;
- ички аудит кызматынын ишин жакшыртуу боюнча иш чаралардын планы.
Эгерде Программанын жыйынтыгы жөнүндө маалымат ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттарга жана ушул Стандарттарга шайкеш келбесе, иштин жалпы көлөмүнө же ички аудит кызматынын ишине таасир этсе, ИАКЖ шайкеш келбөө фактысы жана анын кесепеттери жөнүндө ички аудит объектисинин жетекчисине билдирүүгө тийиш.
3. Ички аудит ишинин стандарты
5. Ички аудит ишинин стандарты төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) 2000 - Ички аудитти башкаруу
ИАКЖ тобокелдиктерди башкаруунун жана контролдоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча объективдүү жана компетенттүү кепилдиктерди берүү максатында ички аудит кызматын натыйжалуу башкарууга тийиш жана ички аудиттин уюмга пайдалуулугун камсыз кылыш керек.
Ички аудит кызматын натыйжалуу башкаруу деп төмөнкү учурлар эсептелет:
- ички аудит ишинин жүрүшүндө жетишилген натыйжалар ички аудиттин түзүмдүк бөлүктөрү жөнүндө жободо камтылган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген учурда;
- ички аудит кызматынын иши ички аудиттин аныктамасына жана ушул Стандарттарга шайкеш келген учурда;
- ички аудит кызматында иштеген адамдар этикалык стандарттардын жана ушул Стандарттардын талаптарына шайкеш келерин көрсөткөн учурда;
- ички аудит максатка жетүүдө уюмга таасир этиши мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы пайда болгон көгөйлөр жөнүндө маалыматты эске алат.
Ички аудит стратегиялык максаттарды, милдеттерди жана тобокелдиктерди эске алганда, корпоративдик башкарууну, тобокелдиктерди башкарууну жана контролдоо процесстерин өркүндөтүүнүн жолдорун активдүү сунуштаганда жана компетенттүү ички аудитти объективдүү жүргүзгөндө уюмга пайдасын алып келет.
ИАКЖ тобокелдикке багытталган планды түзөт - ал план уюмдун максаттары менен шайкеш келүүчү ички аудиттин артыкчылыктарын аныктайт.
ИАКЖ иштин ар кыл түрлөрү же уюмдун бөлүмдөрү үчүн жетекчилик тарабынан аныкталган тобокелдик - аппетит деңгээлдерин пайдаланууну кошо алганда, уюмда кабыл алынган тобокелдиктерди башкаруу концепциясын көңүлгө алат. Эгерде мындай концепция уюмда жок болсо, ИАКЖ ички аудит объектисинин жетекчиси менен болгон консультациялардан кийин түзүлгөн тобокелдиктер тууралуу өз пикирин колдонот.
Ички аудит кызматынын иш планын түзүүдө ички аудит объектисинин жетекчисинин пикири эске алынууга тийиш.
ИАКЖ тобокелдиктерди башкаруу процессин жакшыртуу жана тапшырмаларды аткарууда уюмдун ишин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү жагынан консультация берүү боюнча сунушталган тапшырмаларды баалоого тийиш. Аткарууга кабыл алынган тапшырмалар планга киргизилүүсү тийиш.
ИАКЖ аларды аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстарды көрсөтүү менен максаттар, ыйгарым укуктар жана милдеттер боюнча стратегиялык жана жылдык пландардын долбоорлорун, ошондой эле пландардын олуттуу өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилдин ичинде ички аудит объектисинин жетекчисине кароого жана бекитүүгө берет. ИАКЖ ресурстардагы чектөөлөрдүн кесепеттери тууралуу билдирүүгө тийиш.
ИАКЖ тийиштүү жана жетиштүү ресурстардын болушун, ошондой эле бекитилген планды аткаруу үчүн алардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
ИАКЖ ички аудит кызматы тарабынан аткарылуучу иштин өлчөмүн, татаалдыгын эске алуу менен пландоонун, далилдерди документтик тариздөөнүн, аудитордук тапшырмалар боюнча отчетторду иргөөнүн, баалоонун жана берүүнүн деталдуу методикасын иштеп чыгууга жана алардын ишинин натыйжаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш.
ИАКЖ аудитордук кепилдиктерди берүүчү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү башка ички жана тышкы тараптар менен маалымат алмашууга жана ишти координациялоого тийиш. ИАКЖ мезгил-мезгили менен (квартал сайын жана жыл сайын) ички аудит объектисинин жетекчисинин алдында ички аудит кызматынын максаттары, ыйгарым укуктары жана милдеттери, ошондой эле иш планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берип турат.
Отчет, алдамчылык тобокелдигин кошо алганда, олуттуу тобокелдиктер, корпоративдик башкаруу көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты жана ички аудит объектисинин жетекчисине зарыл болгон башка маалыматтарды камтууга тийиш.
2) 2100 - Ички аудит ишинин маңызы
Ички аудит системалаштырылган жана тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен баалоону жүргүзүп, корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерин өркүндөтүүгө өбөлгө болууга тийиш. Эгерде аудиторлор активдүү иштесе, алардын сунуштамалары жаңы ыкмаларды жана келечектеги өзгөртүүлөрдү эске алуучу сунуштар менен камтылса, ички аудитке карата ишеним бекемделет, анын пайдалуулугу жогорулайт.
Ички аудит баалоону, уюмдагы корпоративдик башкаруу процессин өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштамаларды берүүгө тийиш:
- стратегиялык жана операциялык чечимдерди кабыл алуу;
- тобокелдиктерди башкаруу жана ички контрол системасын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
- этикалык ченемдерди жана уюмдагы ички баалуулуктарды илгерилетүү;
- уюмдун ишин натыйжалуу башкаруу жана ишке карата жооптуу мамилени камсыздоо;
- уюмдун ичиндеги тобокелдиктер жана контролдоо маселелери боюнча тиешелүү маалыматтарды берүү;
- ишти координациялоо жана Кеңеш, тышкы жана ички аудиторлор, башка кепилдик берүүчүлөр жана уюмдардын жетекчилери ортосундагы маалымат алмашуу.
Ички аудит маалымат технологияларын башкаруу системасы стратегияга жана уюмдун максаттарына шайкеш келер-келбесин аныктоого тийиш.
Ички аудит тобокелдиктерди башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун баалоого жана аларды өркүндөтүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш.
Тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуулугун аныктоо төмөнкү категорияларды баалоонун жыйынтыктары боюнча ички аудитор тарабынан жүзөгө ашырылат:
- уюмдун максаттарынын анын миссиясына шайкеш келиши;
- олуттуу тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо;
- уюмдун тобокелдик-аппетитинин алкагында тобокелдиктерди кармап турууга мүмкүндүк бере турган тобокелдиктерге көңүл буруу боюнча иш-чаралар;
- персоналга жана жетекчиликке өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн тобокелдиктер боюнча маалыматтын өз учурунда катталып жазылышы жана уюмдун ичинде өткөрүлүп берилиши.
Тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн ички аудит кызматы бир нече тапшырмалардын алкагында маалымат чогулта алат. Мындай тапшырмаларды комплекстүү талдоо тобокелдиктерди башкаруу процесстеринин мүнөзү жана натыйжалуулугу жөнүндө түшүнүк берет.
Тобокелдиктерди башкаруу процесстерине мониторинг жүргүзүү учурдагы иштин алкагында жана/же атайын баалоолордун жардамы менен жүзөгө ашырылат.
Ички аудит корпоративдик башкарууга, уюмдун операциялык ишине жана анын маалымат системаларына байланышкан тобокелдиктерди төмөнкүдөй жактары боюнча баалоого тийиш:
- финансылык-чарбалык иш тууралуу маалыматтын тууралыгы жана толуктугу;
- иштин жана программалардын натыйжалуулугу, майнаптуулугу;
- активдердин сакталышы;
- ченемдик укуктук актылардын жана келишимдик милдеттенмелердин талаптарына шайкеш келиши.
Ички аудит алдамчылык кылуу мүмкүнчүлүгүн жана уюм алдамчылык тобокелдигин кантип башкарып жаткандыгын баалоого тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмаларды аткарууда ички аудиторлор тапшырманын максаттарына ылайык тобокелдиктерди эске алууга тийиш.
Тобокелдиктерди башкаруу процесстерин уюштурууга же жакшыртууга ички аудит объектисинин жетекчисине жардам берүүдө ички аудиторлор тобокелдиктерди башкарууга түздөн-түз катышуудан оолак болууга тийиш.
Ички аудит ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун колдоодо уюмга жардамдашууга, анын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоого, системаны дайыма өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө тийиш.
Ички аудит корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө, уюмдун операциялык ишинде жана анын маалыматтык системасында тобокелдиктерди контролдоонун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун төмөнкү бөлүктө баалоого тийиш:
- уюмдун стратегиялык максаттарына жетишүү;
- финансылык-чарбалык иш жөнүндө маалыматтын ишенимдүүлүгү жана толуктугу;
- иштин жана программалардын натыйжалуулугу, майнаптуулугу;
-активдердин сакталышы;
- мыйзамдардын, ченемдик актылардын, келишимдик милдеттемелердин саясаттардын, жол-жобосунун талаптарына ылайык келүүсү.
Ички аудиторлор уюмдун тобокелдиктерин башкарууга консультация берүү боюнча тапшырманы аткаруу процессинде алынган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты пайдаланууга тийиш.
Ички аудиторлор консультация берүү, баалоо боюнча тапшырмаларды аткарууда алынган контролдоо жөнүндө билимин, уюмдагы ички контролдоо процесстерин баалоодо пайдаланууга тийиш.
3) 2200 - Аудитордук тапшырманы пландоо
Ички аудиторлор ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу планын түзүүгө жана документтештирүүгө тийиш, анда тапшырманын максаттары, көлөмү, анын аткарылыш мөөнөттөрү жана ресурстардын бөлүштүрүлүшү камтылат. Планда стратегия, уюмдун милдеттери жана тапшырмага таандык тобокелдиктер эске алынуусу тийиш.
Аудитордук тапшырманы пландоодо ички аудиторлор төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
- аудитордук тапшырманын объектисинин максатын жана милдеттерин, ошондой эле объект өз ишин контролдоодо пайдалануучу каражаттарды;
- аудитордук тапшырманын объектисине, анын максаттарына, ресурстарына жана чарбалык ишине тиешелүү олуттуу тобокелдиктерди, ошондой эле тобокелдиктерди алгылыктуу деңгээлде кармап туруу методдорун;
- контролдун тийиштүү моделине салыштырмалуу тобокелдиктерди башкаруу жана аудиттин объектисин контролдоо процесстеринин адекваттуулугун жана натыйжалуулугун;
- тобокелдиктерди башкаруу процесстерин жана ички контролду бир кыйла өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн.
Жыйынтыктардын пайдалануучулары тышкы тараптар болгон аудитордук тапшырмаларды пландоодо ички аудиторлор тапшырманы аткаруунун жыйынтыктарын таратууга болгон чектөөлөрдү жана аудитордук документтерге жетүү мүмкүндүгүн кошуу менен максаттарды, мазмунду, тийиштүү милдеттерди жана башка күтүүлөрдү жазуу жүзүндө макулдашууга тийиш.
Ички аудиторлор консультация алуучу тарап менен консультация берүү боюнча тапшырманын максаттарын, мазмунун, жоопкерчилик маселелерин ж.б. жазуу жүзүндө макулдашууга тийиш.
Ар бир аудитордук тапшырманын максаттары аныкталууга тийиш.
Ички аудитор аудиттин объектисине тиешелүү тобокелдиктерге алдын ала баалоо жүргүзүшү керек. Аудитордук тапшырманын максаттары ошол баалоонун жыйынтыктарына шайкеш келүүгө тийиш.
Аудитордук тапшырманын максаттарын аныктап жатып ички аудиторлор олуттуу каталардын, бурмалоолордун, алдамчылыктын болушу, жол-жоболордун сакталбашы мүмкүн экендигин жана башка тобокелдиктерди эске алууга тийиш.
Корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо жол-жоболорун баалоодо баалоонун адекваттуу критерийлери пайдаланылууга тийиш. Ички аудиторлор ички аудиттин объектисинин жетекчилиги тарабынан максаттарга жетүүнү жана тапшырмалардын аткарылышын баалоонун адекваттуу критерийлери белгиленгендигине ынанууга тийиш.
Эгерде критерийлер адекваттуу болсо, ички аудиторлор аларды жетекчиликке алууга тийиш. Болбосо, ички аудиторлор ички аудит объектисинин жетекчиси менен биргеликте ички саясаттар жана жол-жоболор, тышкы ченемдик укуктук актылар жана мыйзамдар боюнча, ошондой эле тармактык жана кесиптик ассоциациялардын сунуштары боюнча талаптагыдай баалоо критерийлерин иштеп чыгууга тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмалардын максаттары кардар менен сүйлөшүлгөн алкакта корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерин карап чыгууну камтууга тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмалардын максаттары уюмдун баалуулуктарына, стратегиясына жана максаттарына шайкеш келүүгө тийиш.
Аудитордук тапшырманын көлөмү жана мазмуну тапшырманын максаттарына жетүү үчүн жетиштүү болуусу тийиш.
Тапшырманын көлөмүнө жана мазмунуна тиешелүү системаларды, документтерди, пайдаланылуучу бухгалтердик эсепти изилдөө жана финансылык отчеттулуктуу түзүү, ички аудит объекттеринин, персоналды жана материалдык активдерди, анын ичинде үчүнчү жактардын контролунда тургандардын ишин дагы жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын сактоо киргизилүүгө тийиш.
Эгерде кепилдиктерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө олуттуу көлөмдө консультациялык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү келип чыкса, максаттарды, мазмунду, тиешелүү милдеттерди жана башка маселелерди кардар менен жазуу жүзүндө макулдашуу керек.
Консультациялык тапшырманын жыйынтыктары консультациялык кызматтарга таандык стандарттарга ылайык аудиттелүүчү тарапка маалымдалууга тийиш.
Консультациялык тапшырмаларды аткарууда ички аудиторлор макулдашылган максаттарга жетүү үчүн анын көлөмүнүн жана мазмунунун жетиштүү экендигине ынанууга тийиш. Эгер ички аудиторлор тапшырманы аткаруу процессинде тапшырмалардын көлөмүнө жана мазмунуна карата күмөн санаса, бул күмөн саноо тапшырманы аткарууну улантууну же улантпоону чечүү үчүн аудиттелүүчү тарап менен талкууланууга тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмаларды аткарууда, ички аудиторлор тапшырманын максаттарына ылайык контролдоо маселелерине көңүл буруусу, ошондой эле контролдоонун олуттуу кемчиликтеринин бар экендигине даяр болушу керек.
Ички аудиторлор ар бир аудитордук тапшырманын мүнөзүнө жана татаалдык даражасына, мөөнөттөр жана жеткиликтүү ресурстары боюнча чектөөлөргө жараша аудитордук тапшырмалардын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон ресурстардын көлөмүн аныктоого тийиш.
Ички аудиторлор тапшырманын максатына жетүүгө мүмкүндүк берүүчү иштердин программаларын иштеп чыгууга жана документтештирүүгө тийиш.
Программаларда тапшырманы аткаруу процессинде маалыматты жыйноо, талдоо, баалоо жана документтештирүү жол-жоболору аныкталууга тийиш. Программа аны аткаруу башталганга чейин бекитилүүгө тийиш. Программадагы ар кандай өзгөртүүлөр өз убагында бекитилүүгө тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмалардын программалары тапшырманын мүнөзүнө жараша формасы жана мазмуну боюнча айырмаланышы мүмкүн.
4) 2300 - Тапшырманы аткаруу
Ички аудиторлор тапшырманын максаттарына жетүү үчүн жеткиликтүү болгон көлөмдөгү маалыматтарды жыйноого, талдап чыгууга, баалоого жана документ түрүндө тариздөөгө тийиш.
Ички аудиторлор тапшырманын максаттарына жетүү үчүн жеткиликтүү көлөмдөгү ишенимдүү, орундуу жана пайдалуу маалыматтарды жыйноого тийиш.
Ички аудиторлор маалыматтарды тиешелүү талдоонун жана баалоонун негизинде тыянак чыгарууга жана тапшырманын жыйынтыгын берүүгө тийиш.
Ички аудиторлор аудитордук тапшырманын тыянактарын жана жыйынтыктарын негиздөө үчүн тийиштүү маалыматты документтештирүүгө тийиш.
ИАКЖ тапшырмага тиешелүү документтерге жеткиликтүүлүктү контролдоого тийиш.
ИАКЖ маалыматты алып жүрүүчүнүн формасына карабастан тапшырмага тиешелүү документтерди сактоо эрежелерин иштеп чыгууга тийиш. Бул эрежелер уюмдун ички уюштуруу-тескөө документтерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш.
ИАКЖ консультация берүү боюнча аудитордук тапшырмага тиешелүү документтерди алуу, сактоо, ички жана тышкы тараптарга өткөрүп берүү саясатын иштеп чыгууга тийиш. Бул саясат уюмдун ички уюштуруу-тескөө документтерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш. ИАКЖ документтерди тышкы тараптарга өткөрүп берээрдин алдында ички аудит объектисинин жетекчисинин жана/же уюмдун юридикалык бөлүмүнүн макулдугун белгиленген тартипте алууга тийиш.
Коюлган максаттарга жетүү, иштин сапатын камсыздоо жана ички аудит кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн тапшырманын аткарылышына тиешелүү контроль жүргүзүү зарыл.
Контролдоонун талап кылынуучу даражасы ички аудиторлордун кесипкөйлүгүнүн жана тажрыйбасынын деңгээлине, ошондой эле тапшырманын татаалдыгына жараша болот. ИАКЖга ички аудиторлор тарабынан тапшырманын аткарылышына контроль кылуу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. Ошондой эле, ал ички аудит ишинде жеткиликтүү тажрыйбасы бар кызматкерлерге контролдоону тапшырууга укуктуу. Контролдоо жүргүзүлгөнүнө тиешелүү далилдер документтештирилүүгө жана сакталууга тийиш.
ИАКЖ коюлган максаттарга жетүүнү, иштин сапатын жана кызматкерлердин кошумча көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында айрым аудитордук тапшырмалардын учурунда дайындалган ички аудиторлорго байкоочу жана сереп жасоочу функцияларды берет.
ИАКЖ аудитордук тапшырмалардын жазууларына (аудитордук жумуш документтерине) жеткиликтүүлүктү контролдоого тийиш.
ИАКЖ аудитордук тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыктары боюнча жазууларды сактоо боюнча талаптарды аныктоого тийиш.
5) 2400 - Жыйынтыктар жөнүндө маалымдоо
Ички аудиторлор тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыктарын аларды тийиштүү карап чыгууну камсыз кыла алган адамдарга билдирүүгө тийиш. Жыйынтыктар жөнүндө отчетто тапшырманын максаттарынын, көлөмүнүн жана мазмунунун аныктамасы, ошондой эле тийиштүү корутундулар, сунуштамалар жана иш-аракеттер планы камтылууга тийиш.
Тапшырманын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун акыркы вариантында зарыл болсо ички аудитордун пикири жана/же корутундусу камтылууга тийиш. Таризделген пикирде же корутундуда ички аудит объектисинин жетекчисинин, Кеңештин жана башка кызыкдар тараптардын күткөн натыйжалары эске алынып жана ал ишке тиешелүү маалыматтарга таянууга тийиш.
Отчет рейтингдерди, тыянактарды жана жыйынтыктардын башка сапаттамаларын камтышы мүмкүн. Мындай отчет конкреттүү процессти контролдоого, тобокелдикке же операциялык бөлүмгө карата даярдалышы мүмкүн. Тыянактардын туюндурмалары тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгын жана алардын маанисин чагылдырышы керек.
Ички аудиторлорго тапшырманын жыйынтыктары боюнча отчетто аудит объектисинин ишине берилген оң баалоону киргизүү сунушталат.
Тапшырмалардын жыйынтыгын тышкы тараптарга жиберүүдө отчетто аларды таратуудагы жана пайдалануудагы чектөөлөр тууралуу маалымат камтылууга тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жана жыйынтыгы жөнүндө отчеттор тапшырманын мүнөзүнө жана кардардын керектөөсүнө жараша формасы жана мазмуну жагынан айырмаланышы мүмкүн.
Отчеттор так, объективдүү, түшүнүктүү, кыска, иштиктүү, толук жана өз учурунда болууга тийиш.
Эгерде отчеттун акыркы вариантында олуттуу ката же кемчилик кетирилсе, анда ички аудиттин жетекчиси отчеттун баштапкы вариантын алган бардык тараптарга оңдолгон маалыматты билдириши керек.
Ички аудиторлор отчеттордо алардын тапшырмалары кепилдик жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу программасынын жыйынтыгы боюнча тастыкталган учурда гана “Ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттарына ылайык аткарылды” деп маалымдай алышат.
Эгер айрым тапшырмалардын алкагында ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттардын же ушул Стандарттардын жоболоруна шайкеш келбесе, отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- этикалык стандарттардын же ушул Стандарттардын шайкеш келүү толук же жарым-жартылай камсыздалбаган принциби же беренеси;
- шайкеш келбөөнүн себеби (себептери);
- шайкеш келбөөнүн тапшырманы аткарууга жана анын жыйынтыктарына таасирлери.
ИАКЖ тапшырманын жыйынтыктарын тиешелүү адамдарга билдирүүгө тийиш.
ИАКЖ же ал дайындаган адам тапшырманын жыйынтыктары боюнча акыркы отчеттуулукту чыгаруунун алдында текшерет, бекитет жана аны кимге жана кандай жол менен берилерин чечет.
ИАКЖ тапшырманын жыйынтыктарын аларды тийиштүү кароону камсыздай ала турган адамдарга жеткирет.
Эгер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкалар белгиленбесе, ИАКЖ жыйынтыкты башка уюмдарга берээрдин алдында:
- уюм үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоого;
- ички аудит объектисинин жетекчиси жана/же юридикалык бөлүм менен белгиленген тартипте кеңешүүгө;
- маалыматты пайдаланууга чектөөнү белгилөө менен анын таралышын контролдоого тийиш.
ИАКЖ консультация берүү боюнча тапшырманын акыркы жыйынтыктарын кардарларга билдирүүгө тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо жаатында көгөйлөр аныкталуусу мүмкүн. Эгерде бул көгөйлөр олуттуу болсо, алар мекеменин жетекчилигине билдирилүүгө тийиш.
Жыйынтыктоочуу корутундуда уюмдун стратегиясы, максаттары жана тобокелдиктери, жетекчиликтин, башка кызыкдар күтүүлөрү эске алынышы керек. Жыйынтыктоочу корутунду жетиштүү көлөмдө ишенимдүү, ишке тийиштүү, пайдалуу маалымат менен документ түрүндө тастыкталууга тийиш.
Тапшырманын жыйынтыгы боюнча отчет төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тапшырманы камтыган убакыт мезгилин көрсөтүү менен иштин көлөмүн сыпаттоо;
- иштин көлөмүнүн чектөө;
- бардык чектеш долбоорлорду, анын ичинде башка кепилдик берүүчүлөр менен байланышкан долбоорлорду карап чыгуу;
- тобокелдиктерди, контролдоону же корутундунун негизин түзүүчү башка критерийлерди баалоо методикасы;
- корутундуну тастыктаган маалыматтын кыскача мазмуну;
- жыйынтыктоочу ой-пикирди, ой жүгүртүүнү же корутундунун баяндамасы.
Жыйынтыктоочу терс корутундунун себептери корутундунун текстинде баяндалууга тийиш.
6) 2500 - Аудиттин жыйынтыктары боюнча жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү
ИАКЖ тапшырманын жыйынтыктары боюнча ички аудит объектисинин жетекчиси жасоочу иш-аракеттерге мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгууга жана колдоого тийиш.
ИАКЖ кийинки мониторинг жүргүзүү процессин иштеп чыгууга тийиш, анын максаты - ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттер натыйжалуу болгонуна же ички аудит объектисинин жетекчиси эч кандай иш-аракеттерди жасабоону чечип, тобокелдикти кабыл алгандыгына ынануу.
Ички аудит кардар менен макулдашылган чекте консультация берүү боюнча тапшырманын жыйынтыгына мониторинг жүргүзүүгө тийиш.
7) 2600 - Ички аудит объектисинин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти кароо
Эгерде, ИАКЖнын пикири боюнча түзүмдүк жана аймактык бөлүмдүн жетекчиси кабыл алган калдык тобокелдиктин деңгээли уюм үчүн алгылыксыз болсо, ИАКЖ бул маселени ички аудит объектисинин жетекчиси менен талкуулоого тийиш. Эгерде калдык тобокелдикке байланышкан көйгөй мурдагы бойдон чечилбей калса, ИАКЖ маселени Кеңештин кароосуна берүүгө тийиш.
Жетекчи тарабынан кабыл алынган тобокелдиктер текшерүүлөрдүн же консультациялык тапшырмалардын жүрүшүндө, мурдагы тапшырмалардын натыйжалары боюнча менеджмент тарабынан кабыл алынган чаралардын мониторингинин жүрүшүндө же башка методдор менен аныкталышы мүмкүн. Тобокелдикти кабыл алуу жөнүндө маселени чечүү ички аудит жетекчисинин жоопкерчилигине кирбейт.