Загрузка документа…
| 1-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Туулгандыгын каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 72
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) Бакыт Өргөөлөрүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- арызды кабыл алуу, документтерди текшерүү, документтерди каттоо – 30 минутадан ашык эмес; туулгандыкты каттоо арыз берген күнү жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Туулгандыгын каттоодо арыз ээси өзүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү төмөндө аталган документтерди көрсөтүшү керек:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004, 2017-жылдын үлгүсүндөгү жарактуу паспорту (ID-карт);
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке алынгандыгы жөнүндө маалым каты бар экендиги тууралуу белги менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин күбөлүгү;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- мамлекеттик/расмий тилге которулган, нотариалдык түрдө күбөлөндүргөн чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- кайрылмандын күбөлүгү;
- качкындын күбөлүгү.
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
- ата-энесинин бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү арыз;
- он алты жашка чыкканда туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен баланын өзүнүн;
- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым кат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөттөрдө врач же медициналык башка кызматкер, ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым кат;
- аталыгын аныктоодо никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;
- энеси өлгөн, энеси эмгекке жарамсыз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар жок болгон же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда атасынын арызы боюнча.
Жогоруда аталган документтерге кошумча болуп, жарандык абалдын актыларын каттоого негиз болуучу төмөнкү документтер талап кылынат:
- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым кат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөттөрдө врач же медициналык башка кызматкер, ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым кат;
- ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, туулгандыгынын фактысын ырастоочу документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар).
Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлүүчү документтердин аныктыгы, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу ырасталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- баланын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими - туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда;
- ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт.

- энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (ЖААК АМС жок учурда);
- энесин эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө же аны ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;
- энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими.
(3) Кызмат көрсөтүү акысыз. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлгөн каттоодон сырткары күбөлүктүн бланкасына акы төлөнөт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тескөөчү ченемдик-укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди берүү жана өзгөртүү киргизүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык берилген документтердикабыл алуу жана текшерүү | Документтердин толук болушу, жарактуулук мөөнөтү, оңдоолор жана өзгөртүүлөрдүн болбошу текшерилет |
2 | Арызды кабыл алуу жана анын туура таризделишин текшерүү
| Туулгандыгы тууралуу арыз электрондук түрдө “ЖААК” АМСда жүргүзүлөт, кагазга бастырылып чыгарылып, арыз ээсине кол койдурулат
|
3 | Туулгандыкты каттоо
| Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу электрондук түрдө “ЖААК” АМСда бир экземплярда жүргүзүлөт, кагазга бастырылып чыгарылып, арыз ээсине кол койдурулат, бөлүмдүн кызматкери кол коюп, мөөр басылат. |
4 | Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшыруу | Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу электрондук түрдө “ЖААК” АМСда бир экземплярда жүргүзүлөт, кагазга бастырылып чыгарылып, арыз ээсине кол койдурулат, бөлүмдүн кызматкери кол коюп, мөөр басылат жана арыз ээсине тапшырылат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт - офис | |||||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 1 |
| 2 |
|
| 3 |
|
| 4 |
| |||||
|
| ||||||||||||||
|
| Бэк - офис |
| ||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
| Баш тартуу |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жобосунун аталышы | Саны |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: - административдик жол-жоболор: - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору: - жардамчы жол-жоболор: - атайын жол-жоболор: | 4 2 2
4 |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 30 мүнөт |
3. Электрондук форматта жүргүзүлгөн жол-жоболор: | 2
|
4. Арыз ээсинен талап кылуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. Кызмат көрсөтүүлөргө катышкан башка мекемелер бардыгы: - ички ведомстволук аракеттенүүлөр: - ведомство аралык аракеттенүүлөр: |
- - - |
6. Кызмат көрсөтүүлөргө катышкан адамдардын саны: | 2 |
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салган документтердин саны: | 3 |
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык берилген документтерди текшерүү 1.3. Арыз ээсинин ИЖНин “ЖААЖ” АМСнан текшерүү (чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын) жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негиздерде ишке ашырылат. 1.4. Документтердин толук болушу, жарактуулук мөөнөтү, оңдоолор жана өзгөртүүлөрдүн болбошу текшерилет. административдик регламентте көрсөтүлгөн документтердин тизмегине ылайыктуу келиши текшерилет. Документтерде оңдоолор жана өзгөртүүлөр байкалса кызматкер РАБдүн башчысын тезинен кабарлап, 3- экземплярдан турган акт түзөт. Актынын бир экземпляры болгон документтердин ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен укук коргоо органдарына жиберилет, экинчи экземпляры арыз ээсине берилет, үчүнчү экземпляры РАБдө калат. ККД көрүлгөн чаралар боюнча кат жөнөтүлөт. - КР жаранынын паспортундагы фотосүрөт менен арыз берүүчүнүн бет келбетин «Face ID» аркылуу салыштыруу; - талап кылынган документтер жок болгон учурда же алардын коюлган талаптарга жооп бербеген учурлары болсо ал жөнүндө арыз ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, арыз ээсине документтерди оңдоп келүүсү талап кылынат жана документтерди кабыл алуудан баш тартылат; - эгерде жаран баш тартуу жөнүндө жазуу түрүндө суранса жарандан берилген документтердин ксерокөчүрмөлөрү менен жазуу түрүндө арыз кабыл алынат, электрондук документ жүргүзүү системасы аркылуу каттоо жүргүзүлөт жана бөлүмдүн башчысынын кароосуна киргизилет; - жазуу түрүндөгү жооп даярдалгандан кийин электрондук документ жүгүртүү системасына катталып, арыз ээсине жиберилет. | РАБнүн кызматкери | Бекитилген талаптарга жооп берген документтерди тапшырганда 3 минутанын ичинде;
- акт түзүү бактысы 15 минута - жазуу түрүндөгү баш тартууну тапшыруу 5 минута
14 жумуш күндүн ичинде | - Документтерди кабыл алуу/кабыл албоо жөнүндө чечимди кабыл алуу | Административдик регламенттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыкты каттоо боюнча документтерди кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 15 минутадан ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Туулгандыкты каттоо боюнча арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Арыз “ЖААК” АМСда документтерди электрондук түрдө сканерлөө аркылуу таризделет; 2. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилия берүүгө жол берилбейт. Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет. 2.2 Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн: - эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда балага атасынын аты берилбейт (мисалы: Таалайбек уулу Асан, Таалайбек кызы Алина, Таалайбек Асан, Таалайбек Алина); - "тегин" деп кошуу менен чоң атасынын аты боюнча (мисалы: Бактыбек тегин Асан (Алина), ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атын кошууда эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" (мисалы: Бактыбек тегин Асан Таалайбек уулу) жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" (мисалы: Бактыбек тегин Алина Таалайбек кызы). Түздөн-түз туугандык байланышын ырастоочу документтер болгон учурда же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде болгон учурда ата-энесинин каалоосу боюнча баланын фамилиясы жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча берилиши мүмкүн. Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн. Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.
2.3. Он алты жашка чыккан бала туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен арыз берген учурда, энеси тууралуу маалыматтар КБМРден жазылат, ал эми маалыматтар жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде жазылат. 2.4. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын аты, фамилиясы, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча жазылат. Баланын никеде турбаган атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет: 2.5 Атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; - белгиленген формадагы арыз.
2.6. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, атасынын аты-энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат. Баланын ата-энесинин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арызды берүүгө мүмкүн болбогон учурда, алардын каалоосу атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына эненин арызы менен бир эле убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасынын жана энесинин пикири жазылышы керек. Атасынын же энесинин катышуусу милдеттүү. 2.7. Арыздын туура толтурулгандыгы, анда көрсөтүлгөн документтердин туура келиши текшерилет жана арыз ээси кол койот; 2.8. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлгөн каттоодон сырткары учурда “ЖААК” АМСда төлөм коду таризделет жана бастырылып чыгарылып арыз ээсине берилет. | РАБдүн кызматкери | 5 минута | Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз | Административдик регламенттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыкты каттоого арыз кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 минутадан ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Туулгандыкты каттоо | ||||
3.1. Арыз кабыл алынгандан кийин электрондук түрдө баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазуу катталат жана “ЖААК” АМС аркылуу балага автоматтык түрдө ИЖН ыйгарылат. 3.2. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу электрондук түрдө “ЖААК” АМСда бир экземплярда жүргүзүлөт, кагазга бастырылып чыгарылып, арыз ээсине кол койдурулат, бөлүмдүн кызматкери кол коюп, мөөр басылат. | РАБнүн кызматкери | 3-4 минута | Туулгандыгы тууралуу актылык жазуу |
|
3-жол-жобо жыйынтыгы: туулгандыкты каттоо | ||||
3-жол-жобо узактыгы: 4 минутадан ашык эмес | ||||
3-жол-жобо тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшыруу | ||||
4.1. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна ылайык туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актынын жазуунун көчүрмөсү бастырылып чыгарылат. Баланын ата-энесинин өздүгүн аныктаган документтери жок учурда же өмүрүнүн биринчи жумасында өлгөн баланы каттоо учурунда ата-энесинин биринин суранычы боюнча; 4.2. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк/көчүрмө бөлүмдүн кызматкери тарабынан кол коюлуп РАБнүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүп арыз ээсине тапшырылат. 4.3. Кол коюлган арыздар жана туулгандыгы тууралуу актылык жазуулар бөлүмдүн архивине тапшырылат. | РАБнүн кызматкери | 2-3 минут
| - туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшыруу |
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу күбөлүк/көчүрмө | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 4 минутадан ашык эмес | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-уюштуруу жол-жобо | ||||
5. Жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритми) № 1-жол-жобо
|
№ 2-жол-жобо
|
№ 3-жол-жобо |
№ 4-жол-жобо |
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну көзөмөлдөө
Административдик регламенттин талаптарын аткаруу боюнча ички жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) директору жүргүзөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин директорунун буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ аркылуу Департаменттин жооптуу кызматкерлери тарабынан административдик регламенттин талаптарын аткаруу, жана ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер боюнча жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан сырткары текшерүү кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арыздары же Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин/Департаменттин жетекчилигинин тапшырмасы менен жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аткаруу боюнча тышкы көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
1) Комиссиянын иштеринин жыйынтыктары корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар белгиленет, кемчиликтер жана аларды четтетүү боюнча чаралар сунушталат, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар берилет.
2) Корутундуга кол коюлгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде Департаментке жиберилет.
Корутунду келип түшкөндөн кийин бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күнөөлүү кызматтык адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
Керектүү учурларда белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар берилет.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузган кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузган Департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызматты же анын бир бөлүгүн жеке жана/же юридикалык жактар аткаруу үчүн аутсорсингге өткөрүп берген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеде калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары кайра каралган учурда жана башка керек болгон учурда өзгөртүлөт.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 2-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Никелешүүнү каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 73
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) Бакыт Өргөөлөрүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү жана арыз ээсинин (арыз ээлеринин) көйгөйлүү ИЖНин кароону эске албаганда – 30 мүнөттөн ашык эмес; никелешүүнү каттоо биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай (30 күн) өткөндөн кийин жүргүзүлөт, өзгөчө жагдайлар болгондо (кош бойлуулукта, баланын төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо) биргелешкен арыз берилген күнү нике катталат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004, 2017-жылдын үлгүсүндөгү жарактуу паспорту (ID-карт).
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке алынгандыгы жөнүндө маалым каты бар экендиги тууралуу белги менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин күбөлүгү;
- “Түндүк” мобилдик тиркеме аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- никелешүү тууралуу күбөлүк.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- мамлекеттик/расмий тилге которулган, нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн чет өлкөлүк жарандын паспорту;
-жарандыгы жок адамдардын жашап турууга уруксаты;
- качкындын күбөлүгү.
(3) Керектөөчү тарабынан берилүүчү зарыл документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеги:
- никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы;
- биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, никеге туруп жаткан адамдардын өзүнчө арыздары;
Жогоруда аталган документтерге кошумча болуп, никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо төмөнкү документтер талап кылынат:
- никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин жашы жете элек болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу;
- түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никелешүүнү
мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемеси жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгон адам никелешүү жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспорту), аталган түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалым каты) берүү менен түзөтүү мекемесинин башчысы тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй өзгөчө жагдайлар болгондо арыз берилген күнү жүргүзүлөт:
- кош бойлуулукта,
- бала төрөлгөндө,
- тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо (анын ичинен ооруганда).
Ошондой эле мындай учурларда кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
- медициналык мекемеден кош бойлуулук тууралуу маалым кат;
- жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (ооруган учурда).
- бланктык продукцияга төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз, күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ушул регламенттин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. |
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура таризделишин текшерүү | Никелешүү тууралуу арыз электрондук түрдө “ЖААЖ” АМСте түзүлөт, кагазга чыгарылып, арыз ээси кол коёт. |
3 | Никелешүүнү каттоо
| Никелешүү тууралуу актыны жазуу “ЖААЖ” АМС аркылуу бир нускада басып чыгарылат, арыз берүүчүлөр кол коюшат, бөлүмдүн кызматкеринин колу жана гербдүү мөөрү менен тастыкталат. |
4 | Никелешүүнү каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | Никелешүү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүрүү үчүн берилет, жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат жана РАБдын гербдүү мөөрү менен тастыкталат. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт - офис | |||||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 1 |
| 2 |
|
| 3 |
|
| 4 |
| |||||
|
| ||||||||||||||
|
| Бэк - офис |
| ||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
| баш тартуу |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жобосунун аталышы | Сандык маалыматтар |
Жол-жоболордун саны, бардыгы: -административдик жол-жоболор: -уюштуруу-башкаруу жол-жоболору: -жардамчы жол-жоболору: -атайын жол-жоболор: | 4 2 2
4 |
Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 30 мүнөт 1 айга чейин (30) күн |
Электрондук түрдө аткарылуучу жол-жоболордун жана иш-аракеттердин саны: | 2
|
4. Арыз ээсинен талап кылуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. Кызмат көрсөтүүгө катышкан башка мекемелер бардыгы: - ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүдө: - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө: |
- - - |
6. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан адамдардын саны | 2 |
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салган документтердин саны: | 3 |
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Никеге туруп жаткан адамдарды кабыл алуу, алардын экөөсүнүн тең катышуусу милдеттүү; 1.2. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээлеринин ким экендигин аныктоо; 1.3. ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинин (чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын) ИЖНи жок болсо, ИЖН ыйгарат. Эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААЖ” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө өтүнмө жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; 1.5. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет; - берилген документтер ушул администрациялык регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык келген учурда туулгандыгын каттоого документтерди кабыл алат; - талап кылынган документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбегендигинин фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө милдеттүү болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча арыз ээси аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берилет; - эгерде документтер "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аларга коюлган талаптарга жооп бербесе, туулгандыгы тууралуу мамлекеттик катоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча РАБдын жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт. | Бакыт өргөөсүнүн, РАБдын кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт; -көйгөйлүү ИЖН болгон учурда 3-10 иш күнү | - Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
|
1-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү каттоо үчүн документтерди кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Адам жеке өзү кайрылганда никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Арыз РАБдын кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат, никелешүүнү каттоо күнү жана убакты макулдашылат жана дайындалат. 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет; 2.3. Ушул Административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө жагдайлар болбогондо арыз ээлерине төмөнкүлөр түшүндүрүлөт: - никелешүүнү каттоо мөөнөтү, арыз ээлеринин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү никелешүүнү каттоодо никеге туруп жаткан адамдардын экөөнүн тең катышуу зарылдыгы; - никеге туруп жаткан адамдар белгиленген күнү никелешүүнү мамлекеттик каттоого келишпесе, анда никени каттоо арыз берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде жүргүзүлөт, 3 ай өткөндөн кийин никеге туруп жаткандар никелешүүнү мамлекеттик каттоого жаңы арыз берүүгө милдеттүү. 2.4. Арыз ээлери жубайлардын жалпы фамилиясын алып жүрүүнү кааласа, кызматкер нике мамлекеттик катталган күндөн тартып бир айдын ичинде жубайынын фамилиясын алган жубайлардын бирине анын паспортун милдеттүү түрдө алмаштыруу жөнүндө эскертет. Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн. Эгерде улуттук салт боюнча фамилияга ээ жубайы -ов менен аяктаган жубайынын фамилиясын алууну кааласа, анда жубайына -ова менен аяктаган фамилия ыйгарылат жана атасынын аты жубайынын атасынын аты менен толукталат (каалоосу боюнча). 2.5. “ЖААК” АМСнын жардамы менен түзүлгөн төлөм коду кагазга басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. | Бакыт өргөөсүнүн, РАБдын кызматкери | 2-5 мүнөт | Никелешүү тууралуу биргелешкен жазуу/электрондук арыз же ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу | Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Никелешүүнү каттоо | ||||
3.1. Никеге туруп жаткан адамдарды кабыл алуу; 3.2. Никеге туруп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт; 3.3 “ЖААК” АМС аркылуу никелешүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана бир нускада басып чыгарылат жана арыз ээси тарабынан кол коюлат; 3.4. Никелешүү жөнүндө актылык жазуу бөлүмдүн башчысынын колу жана региондор аралык бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 10 мүнөт | - никелешүү жөнүндөгү актылык жазуу же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу.
|
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүү тууралуу актылык жазууну каттоо | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Никелешүү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
4.1. Никелешүү жөнүндө актылык жазууга ылайык никелешүү тууралуу күбөлүк бастырылып чыгарылат; 4.2. Никелешүү тууралуу күбөлүк РАБдын башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Никелешүү тууралуу күбөлүк никеге турган адамдарга берилет. 4.4. Кол коюлган арыздар жана туулгандыгы тууралуу актылык жазуу бөлүмдүн архивине тапшырылат. | РАБдын кызматкери | 2-5 мүнөт | - никелешүүнү каттоо тууралуу күбөлүктү берүү |
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобонун аткаруу схемасы (алгоритми) № 1-жол-жобо
|
№ 2-жол-жобо
|
№ 3 жол-жобо
|
№ 4-жол-жобо
|
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 3-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Нике бузууну каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 74
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) Бакыт Өргөөлөрүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү жана арыз ээлеринин (арыз ээсинин) көйгөйлүү ИЖНин эске албаганда:
- биргелешкен арыз берилгенде жана жубайлардын биринин каалоосу боюнча никени бузууну мамлекеттик каттоо арыз берген күндон баштап 1 айдын ичинде (30 күн) жүргүзүлөт;
- никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо арыз берген күнү жүргүзүлөт;
- кезек күтүүнү эске албаганда никени бузууну мамлекеттик каттоо 30 минутанын ичинде жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карт).
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке алынгандыгы жөнүндө маалым каты бар экендиги тууралуу белги менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин күбөлүгү;
- “Түндүк” мобилдик тиркеме аркылуу санариптештирилген форматтагы адамдын ким экендигин ырастаган документ;
- никелешүү тууралуу күбөлүк.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- мамлекеттик/расмий тилге которулган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- жарандыгы жок адамдын үчүн жашап турууга уруксаты;
- качкындардын күбөлүгү.
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
- ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын биргелешкен арызы;
- жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин каалоосу никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо, анын негизинде жубайлардын биринин арызы;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, жубайлардын ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болсо жана мүлктүк талаш-тартыштары болсо;
- никелешүү тууралуу күбөлүк.
Жогоруда аталган документтерге кошумча болуп, никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо төмөнкү документтер талап кылынат:
- белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен никелешүү тууралуу күбөлүк, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Нике бузуу тууралуу күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: никени бузуу тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама;
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ушул регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык никесин бузуп жаткан адамдардын документтерин кабыл алуу жана текшерүү | Мыйзамдарга ылайык документтердин толуктугуна карата, оңдоолордун жана жасалмалоо белгилеринин болушун, жарактуулук мөөнөтүн текшерүү жүргүзүлөт |
2 | Арызды кабыл алуу жана анын туура таризделишин текшерүү | Жарандардын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн арызы “ЖААК” АМС системасында электрондук түрдө түзүлөт |
3 | Нике бузууну каттоо
| Никени бузуу тууралуу актыны жазуу жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу электрондук түрдө түзүлөт жана кагазга басып чыгарылат, арыз ээсине кол койдурулат |
4 | Никени бузуу тууралуу күбөлүктү берүү | Никени бузуу тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт – офис |
| ||||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
| 1 |
| 2 |
|
| 3 |
|
| 4 |
| |||||
|
| ||||||||||||||
| Бэк - офис |
|
| ||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||
| баш тартуу |
|
| ||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жобосунун аталышы | Саны |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: - административдик жол-жоболор: - уюштуруу-башкаруу жол-жоболор: - жардамчы жол-жоболор: - атайын жол-жоболор: | 4 2 2 4 - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 30 мүнөт 1 айга (30) күнгө чейин |
3. Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболор: | 2
|
Арыз ээсинен талап кылуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. Кызмат көрсөтүүгө катышкан башка мекемелер бардыгы: - ички ведомстволук аракеттенүүлөр: - ведомство аралык аракеттенүүлөр: |
- - - |
6. Кызмат көрсөтүүлөргө катышкан адамдардын саны: | 2 |
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салган документтердин саны: | 3 |
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Нике бузуп жаткан адамдарды (адамды) кабыл алуу; 1.2. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, нике бузуу мамлекеттик катталганга чейин ИЖНди ыйгарат, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө суроо-талап жиберет; 1.4. Арыз ээлери тарабынан берилген документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү таризделгенине карата, ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке ылайык алардын жарактуулук мөөнөтүнө, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү; 1.5. КР жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет; 1.6. Берилген документтер ушул административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берсе, нике бузуу каттоо үчүн документтерди кабыл алат; 1.7. Талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт; 1.8. Эгер документтер “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын жана башка КРнын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келбесе, никесин бузууну мамлекеттик каттоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы менен РАБдын башчысы ушул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себебин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Нике бузууну мамлекеттик каттоодон баш тартууга административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот. Чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда нике бузууну мамлекеттик каттоо РАБдө жүргүзүлбөйт. | РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3 мүнөт;
- жазуу жүзүндө баш тартууну берүү жөнүндө арызды кабыл алууга 5 мүнөт
- жазуу жүзүндө баш тартууну берүүдө 14 күн
| Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул административдык регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: никени бузуу жөнүндө актыны каттоо үчүн тийиштүү документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес, жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күн | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Биргелешкен арыз боюнча нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Арыз РАБдүн кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет, арыз ээси кол коет; 2.3. “ЖААК” АМС аркылуу төлөм коду түзүлөт жана басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет.
| РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт | Никени бузуу тууралуу биргелешкен арыз же ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу |
| ||||
2.1-жол-жобо. Жубайлардын биринин арызы боюнча нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1.1. Арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.1.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги текшерилет жана арыз ээси кол коет; 2.1.3. Жаза өтөп жаткан адамга же аракетке жөндөмсүз жубайынын камкорчусуна же дайынсыз жубайынын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө үч күндүн ичинде нике бузууну мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирүү жиберилет. 2.1.4. “ЖААК” АМС аркылуу төлөм коду түзүлөт жана басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт | - жубайлардын бири берген никени бузуу тууралуу арыз;
- жаза өтөп жаткан адамга же аракетке жөндөмсүз жубайынын камкорчусуна же дайынсыз жубайынын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө түшкөн арыз жөнүндө жана нике бузууну мамлекеттик каттоо дайындалган дата жөнүндө билдирүү |
| ||||
2.2-жол-жобо. Соттун чечими боюнча нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.2.1. Арыз РАБдүн кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет жана арыз ээси кол коет; 2.2.3. Соттун никени бузуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде никени бузуу никелешүү мамлекеттик катталган жер боюнча, мурдагы жубайлардын (алардын биринин) же аракетке жөндөмсүз жубайынын камкорчусунун катталган жери боюнча же соттун чечими чыккан жер боюнча жүргүзүлөт; - эгер мурдагы жубайлардын бири РАБдүн биринде нике бузууну каттаса, мурдагы экинчи жубай каалаган РАБгө кайрыла алат (ошол эле учурда соттун чечими кошумча талап кылынбайт), ошол мурдагы жубай жөнүндө маалыматтар мурда жүргүзүлгөн никени бузуу жөнүндө актылык жазууга киргизилет; 2.2.4. Экинчи жубайынын маалыматтары никени бузуу жөнүндө актылык жазууга киргизилгенден кийин маалымат “ЖААК” АМС аркылуу никени бузуу жөнүндө кагаз түрүндөгү актылык жазуу сакталган жер боюнча РАБгө тийиштүү толуктоолорду киргизүү үчүн жиберилет. 2.2.5. “ЖААК” АМС аркылуу төлөм коду түзүлөт жана басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт | соттун чечими менен никени бузуу жөнүндө арыз |
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: нике бузууну каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Нике бузууну каттоо | ||||||||
3.1. Ушул Регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында каралган мөөнөткө белгиленген учурда, нике бузуп жаткан адамдарды (адамды) кабыл алуу; 3.2. Нике бузуп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт; 3.3 “ЖААК” АМС аркылуу никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана бир нускада басып чыгарылат; 3.4. Никени бузуу жөнүндө актылык жазууга РАБдын кызматкери кол коет жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.3 Никени бузуу жөнүндө актылык жазуунун кагаз түрүндөгү нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет. | РАБдүн кызматкери | 10 мүнөт | - нике бузуу жөнүндөгү актылык жазуу же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
|
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: никени бузуу жөнүндө актылык жазууну каттоо | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: Никени бузуу тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. Никени бузуу жөнүндө актылык жазууга ылайык никени бузуу тууралуу күбөлүк басып чыгарылат; 4.2. Никени бузуу тууралуу күбөлүккө РАБдүн кызматкери кол коет жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Никени бузуу тууралуу күбөлүк нике бузуп жаткан адамдардын ар бирине берилет; 4.4. Кол коюлган арыздар жана никени бузуу тууралуу актылык жазуу бөлүмдүн архивине тапшырылат. | РАБдун кызматкери | 2-5 мүнөт | - нике бузууну каттоо тууралуу күбөлүк берүү |
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: никени бузуу тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
|
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1 жол-жобо
|
№ 2-жол-жобо
|
№ 3-жол-жобо
|
№ 4 жол-жобо
|
Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 4-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Өлгөндүгүн каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 75
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү жана өлгөн адамдын көйгөйлүү ИЖНин кароону эске албаганда – 30 мүнөттөн ашык эмес, өлгөндүктү каттоо арыз берилген күнү жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта); Арыз ээсин ID-карта паспорту менен документтештирүү жөнүндө Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындар ары – КБМР) маалымат болбогондо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспорттун негизинде жүргүзүлөт (барган жеринде консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө маалым катынын болушу);
- офицердин күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксаты;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
-“Кайрылман” күбөлүгү (“Кайрылман” статусу бар адамдын баласынын туулгандыгын жана өлүмүн мамлекеттик каттоодо);
- качкындын күбөлүгү.
Керектөөчү тарабынан берилүүчү зарыл документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеги:
- өлгөн адамдын жубайы, башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлгөн учурда жанында болгон же өлгөндүгү жөнүндө башкача түрдө кабардар болгон кандай болбосун башка адам;
- ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
- өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- жазаларды аткаруу мекемеси - эгерде соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса;
- алгачкы текшерүү же тергөө органы - өлгөн адамдын ким экендиги аныкталбаган учурда, адамдын өлүмүнө байланыштуу же өлгөндүгүнүн фактысы боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан болсо;
- аскердик бөлүктүн командири - эгерде адам аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса.
- чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: өлгөндүгү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ушул Регламенттин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. |
2 | Өлгөндүктү каттоо
| Өлгөндүк тууралуу актыны жазуу “ЖААК” АМС аркылуу бир нускада басып чыгарылат, арыз берүүчүлөр кол коюшат, бөлүмдүн кызматкеринин колу жана гербдүү мөөрү менен тастыкталат |
3 | Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү | Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүрүү үчүн берилет, РАБдүн кызматкери тарабынан кол коюлат жана гербдүү мөөрү менен тастыкталат. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: -административдик жол-жоболор: -уюштуруу-башкаруу жол-жоболору: -жардамчы жол-жоболору: -атайын жол-жоболор: | 4 2 2
4 - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 30 минута |
3. Электрондук түрдө аткарылуучу жол-жоболордун жана иш-аракеттердин саны: | 2
|
4. Арыз ээлеринен суралуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: - ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүдө: - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө: |
- - - |
6. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан адамдардын саны | 2 |
7. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүнү жөнгө салуучу документтердин саны: | 3 |
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Арызды кабыл алуу жана өлгөндүк жөнүндө арызга тиркелген документтерди текшерүү | ||||
1.1. Арыз ээсинин кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээлеринин ким экендигин аныктоо; 1.3. ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинин (чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын) ИЖНи жок болсо, ИЖН ыйгарат. Эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө өтүнмө жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; - талап кылынган документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбегендигинин фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө милдеттүү болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча арыз ээси аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берилет; - эгерде документтер "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аларга коюлган талаптарга жооп бербесе, туулгандыгы тууралуу мамлекеттик катоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча РАБдүн жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн. | РАБдүн кызматкери | 4 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине өлгөндүктү каттоодон баш тартуу жөнүндө оозеки/жазуу жүзүндөгү чечим | Ушул Административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 4 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Өлгөндүк тууралуу арызды каттоо | ||||
2.1. “ЖААК” АМСте өлгөндүк тууралуу арызды жана актылык жазууну электрондук вариантта түзөт; 2.2. Арыз басып чыгарылат жана арыз ээси кол коет; 2.3. «ЖААК” АМСтин жардамы менен түзүлгөн төлөм коду кагазга басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. 2.4. Өлгөндүк жөнүндө актылык жазуу басып чыгарылат, арыз ээси кол коет жана РАБдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. | РАБдүн кызматкерлери | 3 мүнөт | өлгөндүк жөнүндө актыны жазуу | Ушул административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: өлгөндүк жөнүндө актыны жазуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
3.1. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк өлгөндүк жөнүндө актылык жазуунун негизинде басып чыгарылат; 3.2. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк кызматкердин колу жана РАБдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.3. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк арыз ээсине берилет; 3.4. Өлгөн адамдын сөөгүн коюуга бир жолку жөлөкпул алуу үчүн арыз ээсине белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет; 3.5. Кол коюлган арыз, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазуу, өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүк бөлүмдүн архивине тапшырылат; 3.6. Өлгөн адамдын паспорту Департаменттин тийиштүү органы тарабынан жок кылуу үчүн “Паспорт” АМСте реестрге киргизилет. | РАБдүн кызматкери | 3 мүнөт
14 иш күндүн ичинде
| Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү
| Ушул административдик регламенттин 4-п. каралган ченемдик укуктук актылар |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү жана өлгөн адамдын сөөгүн коюуга жөлөкпул алуу үчүн белгиленген үлгүдөгү маалымкатты берүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
| 5-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 76
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү жана арыз ээсинин көйгөйлүү ИЖНин кароону эске албаганда – 30 мүнөттөн ашык эмес, кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү– 10 иш күндөн ашык эмес, кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгына кеткен убакыт - 10 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Фамилиясын, атын, атасынын атын (мындан ары – ФАА) өзгөртүүнү каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта); Арыз ээсин ID-карта паспорту менен документтештирүү жөнүндө Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындар ары – КБМР) маалымат болбогондо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспорттун негизинде жүргүзүлөт (барган жеринде консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө маалым катынын болушу);
- офицердин күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- “Кайрылман” күбөлүгү (“Кайрылман”статусу бар адамдын баласынын туулгандыгын жана өлүмүн мамлекеттик каттоодо);
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты.
(3) Керектөөчү тарабынан берилүүчү зарыл документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеги:
Он алты жашка толо элек адамдардын ФАА өзгөртүүнү каттоо үчүн:
- ата-энесинин биргелешкен арызы (алардын биринин);
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
- аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо);
- ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);
- жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).
Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энесинин арызы боюнча, ал мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилияга өзгөртүү менен жүргүзүлөт.
Он алты жашка толгон адамдардын ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ("ЖААК" АМСда туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк ("ЖААК" АМСда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) ("ЖААК" АМСда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);
- эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк ("ЖААК" АМСда никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда).
Никелешүүдөн кийин фамилиясы жалпы фамилия катарында тандалып алынган жубайдын фамилиясы өзгөргөн учурда, жубайынын экинчиси фамилиясын жубайынын жаңы фамилиясына же өзүнүн никеге чейинки фамилиясына өзгөртүүгө милдеттүү.
Ата-энелери фамилияларын жана аттарын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жете элек балдарынын фамилиясы жана атасынын аты алардын арызы боюнча гана, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн белгиленген тартипте жалпы негиздерде өзгөртүшөт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ушул Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | Жарандын арызы «ЖААК» АМСте электрондук форматта түзүлөт жана ага арыз берүүчүнүн колу коюлат
|
3 | ФААны өзгөртүүнү каттоо | ФААны өзгөртүү тууралуу актыны жазуу “ЖААК” АМСте түзүлөт. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк туулгандыгы жөнүндө актыны жазууга ылайык басып чыгарылат; |
4 | ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү берүү | ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылып, арыз ээсине берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт – офис | |||||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 1 |
| 2 |
|
| 3 |
|
| 4 |
| |||||
|
| ||||||||||||||
| Бэк - офис |
| |||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||
| Баш тартуу |
| |||||||||||||
| |||||||||||||||
Кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосунун аталышы | Саны |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: -административдик жол-жоболор: -уюштуруу-башкаруу жол-жоболору: -жардамчы жол-жоболору: -атайын жол-жоболор: | 4 2 2
4 - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 10 иш күнү |
3. Электрондук түрдө аткарылуучу жол-жоболордун жана иш-аракеттердин саны: | 2
|
4. Арыз ээлеринен суралуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: - ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүдө: - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө: |
- - - |
6. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан адамдардын саны | 2 |
7. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүнү жөнгө салуучу документтердин саны: | 3 |
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3 ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинин (чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын) ИЖНи жок болсо, ИЖН ыйгарат. Эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө өтүнмө жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; - талап кылынган документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбегендигинин фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө милдеттүү болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча арыз ээси аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берилет. - эгерде документтер "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аларга коюлган талаптарга жооп бербесе, туулгандыгы тууралуу мамлекеттик катоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча РАБдүн жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн; - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берген учурда, ФААны өзгөртүү үчүн арыз жана документтер кабыл алынат. | РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт
жазуу түрүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күндүн ичинде
жазуу түрүндө баш тартуу жөнүндө арызды кабыл алууга 5 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн шайкеш документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. документтер ушул Административдик регламентте каралган талаптарга жооп берген учурда РАБдүн кызматкери арызды электрондук түрдө арызды толтурат жана берилген бардык документтерди сканерлейт; 2.2. РАБдүн кызматкери ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл болгон актынын жазуусу кайрылган жери боюнча жайгашпаса, санариптештирүү үчүн үч иш күндүн ичинде жарандык абалдын актыларын жазуу органына жарандык абалдын актыларын жазуунун жайгашкан жери боюнча электрондук почта аркылуу суроо-талап жиберет, эгерде актынын жазуусу республиканын чегинен тышкары жерде табылса, Конвенцияга ылайык суроо-талап жиберилет. 2.3. РАБдын кызматкери арыз ээси тарабынан берилген бардык документтерге ылайык арыздын түзүлүшүнүн тууралыгын текшерүү үчүн арызды берет, андан кийин арыз ээси арызга кол коет; 2.4. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин болушу жана белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каттоодо арыз ээсинин катышуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине түшүндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 5-10 мүнөт
башка бөлүмгө суроо-талап жиберилген учурда 3 иш күнгө чейин
| ФААны өзгөртүү жөнүндө электрондук түрдө толтурулган арыз
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
2.1-жол-жобо: Жашы жете элек адамдардын ФААсын өзгөртүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1.1. Документтер ушул административдик регламенттин талаптарына жооп берген учурда, РАБдүн кызматкери электрондук түрдө арызды толтурат жана жашы жете элек баланын ФААсын өзгөртүүгө негиз болгон берилген бардык документтерди сканерлейт. - экинчи ата-энени дайынсыз жоголду деп таануу, аны ата-энелик укуктардан ажыратуу, ишке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилгенде, анын ой-пикири эске алынбайт; - 10 (он) жашка чыккан баланын макулдугу зарыл. 2.1.2. ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуу кайрылган жер боюнча жайгашпаса, кызматкер тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускасы жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазууну санариптөө жөнүндө корпоративдик почта боюнча суроо-талап жиберилет. 2.1.3. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин болушу жана белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каттоодо арыз ээсинин катышуу зарылдыгы жөнүндө ата-энеге (алардын бирине) түшүндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 5-10 мүнөт
| ФААны өзгөртүү жөнүндө электрондук түрдө толтурулган арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: ФААны өзгөртүүнү каттоо | ||||||||
3.1. Белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 3.2. Арыздын жана санариптелген жарандык абалдын актыларын жазуунун негизинде кызматкер тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт, бир нускада басып чыгарылат, арыз ээси ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазууга кол коет; 3.3. Тийиштүү жарандык абалдын актыларын жазууга өзгөртүүлөр киргизилет. Мында электрондук жана кагаз жүзүндөгү туулгандыгы тууралуу актыны жазууга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белги коюлат. 3.4. Мурда берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр алып коюлат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тышкары. 3.5. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт. 3.6. Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт. 3.7. ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу “ЖААК” АМСтин жардамы менен бир нускада кагазга басып чыгарылат, арыз ээсине берилет жана РАБдын кызматкеринин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт
| ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазууну каттоо; | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. ФААны өзгөртүү тууралуу актылык жазууга ылайык ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк түзүлөт жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат; 4.2. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк бөлүмдүн кызматкеринин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк ФААны өзгөрткөн адамга берилет; 4.5 ФААны өзгөртүү катталгандан кийин маалымат "ЖААК" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына ФААны өзгөртүү жөнүндө белги коюу үчүн кагаз түрүндө жөнөтүлөт; 4.6. Кол коюлган арыздар жана ФААны өзгөртүү тууралуу актылык жазуу бөлүмдүн архивине тапшырылат. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт
| ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк
| Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5-10 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
|
5. Жол-жоболордун аткаруу схемасы (алгоритми) № 1-жол-жобо
|
№ 2-жол-жобо
|
3-жол-жобо
|
№ 4-жол-жобо
|
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 6-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү шашылыш каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 76-1
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү жана арыз ээсинин көйгөйлүү ИЖНин кароону эске албаганда – 10 мүнөттөн ашык эмес, кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү– 1 иш күндөн ашык эмес, кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгына кеткен убакыт - 25 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта); Арыз ээсин ID-карта паспорту менен документтештирүү жөнүндө Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындар ары – КБМР) маалымат болбогондо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспорттун негизинде жүргүзүлөт (барган жеринде консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө маалым катынын болушу);
- офицердин күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- “Кайрылман” күбөлүгү (“Кайрылман”статусу бар адамдын баласынын туулгандыгын жана өлүмүн мамлекеттик каттоодо);
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Он алты жашка толо элек адамдардын ФАА өзгөртүүнү каттоо үчүн:
- ата-энесинин биргелешкен арызы (алардын биринин);
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин (алардын биринин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк;
- аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо);
- ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда);
- жаранды дайынсыз жок деп таануу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими (ата-энесинин пикирин эске алуу милдеттүү эмес).
Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Аталыгы мыйзамдуу түрдө аныкталбаган баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо энесинин арызы боюнча, ал мындай өтүнүч менен кайрылган учурда алып жүргөн фамилияга өзгөртүү менен жүргүзүлөт.
Он алты жашка толгон адамдардын ФАА өзгөртүүнү каттоо үчүн:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ("ЖААК" АМСда туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк ("ЖААК" АМСда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) ("ЖААК" АМСда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);
- эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк ("ЖААК" АМСда никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда).
Никелешүүдөн кийин фамилиясы жалпы фамилия катарында тандалып алынган жубайдын фамилиясы өзгөргөн учурда, жубайынын экинчиси фамилиясын жубайынын жаңы фамилиясына же өзүнүн никеге чейинки фамилиясына өзгөртүүгө милдеттүү.
Ата-энелери фамилияларын жана аттарын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жете элек балдарынын фамилиясы жана атасынын аты алардын арызы боюнча гана, жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн белгиленген тартипте жалпы негиздерде өзгөртүшөт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Регламенттин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | Жарандын арызы «ЖААК» АМСте электрондук форматта түзүлөт жана ага арыз берүүчүнүн колу коюлат
|
3 | ФААны өзгөртүүнү каттоо | ФААны өзгөртүү тууралуу актыны жазуу “ЖААК” АМСте түзүлөт. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк туулгандыгы жөнүндө актыны жазууга ылайык басып чыгарылат; |
4 | ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү берүү | ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылып, арыз ээсине берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосунун аталышы | Саны |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: -административдик жол-жоболор: -уюштуруу-башкаруу жол-жоболору: -жардамчы жол-жоболору: -атайын жол-жоболор: | 4 2 2
4 - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы: | 10 иш күнү |
3. Электрондук түрдө аткарылуучу жол-жоболордун жана иш-аракеттердин саны: | 2
|
4.арыз ээлеринен суралуучу документтердин саны: | 3-6 |
5. кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: - ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүдө: - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө: |
- - - |
6. кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө катышкан адамдардын саны | 2 |
7. кызмат көрсөтүүнү өндүрүүнү жөнгө салуучу документтердин саны: | 3 |
4. Жол-жоболорду сүрөттөө жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинин (чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын) ИЖНи жок болсо, ИЖН ыйгарат. Эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө өтүнмө жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; - талап кылынган документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбегендигинин фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө милдеттүү болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча арыз ээси аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берилет. - эгерде документтер "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аларга коюлган талаптарга жооп бербесе, туулгандыгы тууралуу мамлекеттик катоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча РАБдүн жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн; - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берген учурда, ФААны өзгөртүү үчүн арыз жана документтер кабыл алынат. | РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт
жазуу түрүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күндүн ичинде
жазуу түрүндө баш тартуу жөнүндө арызды кабыл алууга 5 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн шайкеш документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: ФААны өзгөртүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Жокументтер ушул Административдик регламентте каралган талаптарга жооп берген учурда РАБдын кызматкери арызды электрондук түрдө арызды толтурат жана берилген бардык документтерди сканерлейт; 2.2. РАБдүн кызматкери ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл болгон актынын жазуусу кайрылган жери боюнча жайгашпаса, санариптештирүү үчүн үч иш күндүн ичинде жарандык абалдын актыларын жазуу органына жарандык абалдын актыларын жазуунун жайгашкан жери боюнча электрондук почта аркылуу суроо-талап жиберет, эгерде актынын жазуусу республиканын чегинен тышкары жерде табылса, Конвенцияга ылайык суроо-талап жиберилет. 2.3. РАБдүн кызматкери арыз ээси тарабынан берилген бардык документтерге ылайык арыздын түзүлүшүнүн тууралыгын текшерүү үчүн арызды берет, андан кийин арыз ээси арызга кол коет; 2.4. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин болушу жана белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каттоодо арыз ээсинин катышуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине түшүндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 5-10 мүнөт
башка бөлүмгө суроо-талап жиберилген учурда 3 иш күнгө чейин
| ФААны өзгөртүү жөнүндө электрондук түрдө толтурулган арыз
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
2.1-жол-жобо: Жашы жете элек адамдардын ФААсын өзгөртүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1.1. Документтер ушул Административдик регламенттин талаптарына жооп берген учурда, РАБдын кызматкери электрондук түрдө арызды толтурат жана жашы жете элек баланын ФААсын өзгөртүүгө негиз болгон берилген бардык документтерди сканерлейт. - экинчи ата-энени дайынсыз жоголду деп таануу, аны ата-энелик укуктардан ажыратуу, ишке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилгенде, анын ой-пикири эске алынбайт; - 10 (он) жашка чыккан баланын макулдугу зарыл. 2.1.2. ФААны өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуу кайрылган жер боюнча жайгашпаса, кызматкер тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун биринчи нускасы жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазууну санариптөө жөнүндө корпоративдик почта боюнча суроо-талап жиберилет. 2.1.3. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтин болушу жана белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каттоодо арыз ээсинин катышуу зарылдыгы жөнүндө ата-энеге (алардын бирине) түшүндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 5-10 мүнөт
| ФААны өзгөртүү жөнүндө электрондук түрдө толтурулган арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: ФААны өзгөртүүнү каттоо | ||||||||
3.1. Белгиленген күнү ФААны өзгөртүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 3.2. Арыздын жана санариптелген жарандык абалдын актыларын жазуунун негизинде кызматкер тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт, бир нускада басып чыгарылат, арыз ээси ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазууга кол коет; 3.3. Тийиштүү жарандык абалдын актыларын жазууга өзгөртүүлөр киргизилет. Мында электрондук жана кагаз жүзүндөгү туулгандыгы тууралуу актыны жазууга фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу белги коюлат. 3.4. Мурда берилген жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр алып коюлат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тышкары. 3.5. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт. 3.6. Ишеним кат боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүгө жол берилбейт. 3.7. ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу “ЖААК” АМСтин жардамы менен бир нускада кагазга басып чыгарылат, арыз ээсине берилет жана РАБдын кызматкеринин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт
| ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазуу
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү жөнүндө актылык жазууну каттоо; | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. ФААны өзгөртүү тууралуу актылык жазууга ылайык ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк түзүлөт жана белгиленген үлгүдөгү бланкка басып чыгарылат; 4.2. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк бөлүмдүн кызматкеринин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк ФААны өзгөрткөн адамга берилет; 4.5 ФААны өзгөртүү катталгандан кийин маалымат "ЖААК" АМС аркылуу жарандык абалдын актыларынын жазуулары жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына ФААны өзгөртүү жөнүндө белги коюу үчүн кагаз түрүндө жөнөтүлөт; 4.6. Кол коюлган арыздар жана ФААны өзгөртүү тууралуу актылык жазуу бөлүмдүн архивине тапшырылат. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт
| ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: ФААны өзгөртүү тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5-10 мүнөттөн ашык эмес | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3.Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 7-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Никелешүүнү салтанаттуу каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 79
1. Жалпы жоболор
1 Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) Бакыт Өргөөлөрүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: жеке өзү келгенде кезек күтүүнү эске албаганда - 30 мүнөттүн ичинде; никелешүүнү каттоо биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай (30 күн) өткөндөн кийин жүргүзүлөт, өзгөчө жагдайлар болгондо (кош бойлуулукта, баланын төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо) биргелешкен арыз берилген күнү же болбосо никеге туруп жаткан адамдар тарабынан салтанаттуу никелешүү белгиленген күнү нике бекитилет.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Никелешүүнү салтанаттуу каттоо төмөнкү документтердин биринин негизинде жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта); Арыз ээсин ID-карта паспорту менен документтештирүү жөнүндө Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындар ары – КБМР) маалымат болбогондо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспорттун негизинде жүргүзүлөт (барган жеринде консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө маалым катынын болушу);
- офицердин күбөлүгү;
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- качкындын күбөлүгү.
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилгенден кийин бир айдан кийин жүргүзүлөт:
- никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы;
- биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, никеге туруп жаткан адамдардын өзүнчө арыздары;
- никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
- эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин жашы жете элек болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу;
- бланктык продукцияга төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемеси жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
Соттолгон адам никелешүү жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту), аталган түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалым катты) берүү менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй өзгөчө жагдайлар болгондо арыз берилген күнү жүргүзүлөт:
- кош бойлуулукта,
- бала төрөлгөндө,
- тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо (анын ичинен ооруганда).
Ошондой эле мындай учурларда кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
- медициналык мекемеден кош бойлуулук тууралуу маалым кат;
- жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (ооруган учурда).
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: никелешүү тууралуу күбөлүк
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Регламенттин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. |
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | Никелешүүнү салтанаттуу каттоо тууралуу арыз электрондук түрдө “ЖААК” АМСте түзүлөт, кагазга чыгарылып, арыз ээси кол коёт. |
3 | Никелешүүнү салтанаттуу каттоого даярдануу | никелешүү тууралуу актыны жазуу “ЖААК” АМС аркылуу бир нускада басып чыгарылат, арыз берүүчүлөр кол коюшат, бөлүмдүн кызматкеринин колу жана гербдүү мөөрү менен тастыкталат. |
4 | Никелешүүнү каттоо тууралуу күбөлүктү берүү менен никелешүүнү салтанаттуу каттоону өткөрүү
| Никелешүүнү салтанаттуу каттоо аземи өткөрүлөт жана никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүрүү үчүн берилет, жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат жана РАБдүн гербдүү мөөрү менен тастыкталат. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | |||||||
1.1. Никеге туруп жаткан адамдарды кабыл алуу, алардын экөөсүнүн тең катышуусу милдеттүү; 1.2. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээлеринин ким экендигин аныктоо; 13. КР жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет; - берилген документтер ушул административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык келген учурда туулгандыгын каттоого документтерди кабыл алат. - талап кылынган документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбегендигинин фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө милдеттүү болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча арыз ээси аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берилет. - эгерде документтер "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аларга коюлган талаптарга жооп бербесе. Никелешүүнү салтанаттуу катоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча Бакыт өргөөсүнүн/РАБдүн жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жарандык абалдын актысын салтанаттуу каттоодон баш тартууга Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт. | Бакыт өргөөсүнүн/РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт; | - Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
| |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү салтанаттуу каттоо үчүн документтерди кабыл алуу | |||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||
2-жол-жобо: Адам жеке өзү кайрылганда никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | |||||||
2.1. Арыз Бакыт өргөөсүнүн/РАБдүн кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; -никеге туруп жаткан адамдардын бири болбогон учурда, никеге туруу жөнүндө арыз келбеген адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн колу коюлган өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн; 2.2. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө жагдайлар болбогондо арыз ээлерине төмөнкүлөр түшүндүрүлөт: - никелешүүнү каттоо мөөнөтү, арыз ээлеринин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү никелешүүнү каттоодо никеге туруп жаткан адамдардын экөөнүн тең катышуу зарылдыгы; - никеге туруп жаткан адамдар белгиленген күнү никелешүүнү мамлекеттик каттоого келишпесе, анда никени каттоо арыз берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде жүргүзүлөт, 3 ай өткөндөн кийин никеге туруп жаткандар никелешүүнү мамлекеттик каттоого жаңы арыз берүүгө милдеттүү. 2.4. Арыз ээлери жубайлардын жалпы фамилиясын алып жүрүүнү кааласа, кызматкер нике мамлекеттик катталган күндөн тартып бир айдын ичинде жубайынын фамилиясын алган жубайлардын бирине анын паспортун милдеттүү түрдө алмаштыруу жөнүндө эскертет. Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн. 2.5. “ЖААК” АМСтин жардамы менен түзүлгөн төлөм коду кагазга басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. | Бакыт өргөөсүнүн же РАБдүн кызматкери | 2-5 мүнөт | Никелешүү тууралуу биргелешкен жазуу/электрондук арыз же ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартуу | Ушул администратидик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |||
2.1-жол-жобо. Никелешүүнү каттоо үчүн электрондук түрдөгү арызды кабыл алуу | |||||||
2.1.1. Электрондук портал аркылуу түшкөн арызды текшерүү жүргүзүлөт; 2.1.2. Арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү сканерленген документтер текшерилет; 2.3. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын сканерленген документтерге шайкештиги текшерилет; - документтер белгиленген талаптарга жооп берген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу жөнүндө арыз ээсине жооп жиберилет жана никелешүүнү каттоо күнү белгиленет; - никеге туруу жөнүндө актылык жазуу түзүлгөнгө чейин никелешүүнү каттоо үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда, арыз ээлери аныкталган тоскоолдуктарды жокко чыгарган тийиштүү документтерди берүүлөрү үчүн каттоо 1 айга (30 күнгө) чейин токтотулат; - нике бекитүүгө тоскоол болгон кырдаалдар аныкталган учурда (никелешүүгө жол берилбейт: адамдардын бири башка катталган никеде турса; жакын туугандар (ата теги жана урпактары боюнча туугандары (ата-энелер менен балдары, чоң ата, чоң эне менен неберелери), ата-энеси бир жана ата-энеси башка (атасы же энеси бир) эркек жана кыз бир туугандар; асырап алуучулар, асырап алынгандар ортосунда; экөөнүн бири психикалык оорунун натыйжасында сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылса), арыз ээсине никени каттоодон жазуу жүзүндө баш тартылат. | Бакыт өргөөсүнүн же РАБдүн кызматкери | 2-5 мүнөт | Никелешүү жөнүндөгү электрондук арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу | Ушул администратидик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү салтанаттуу каттоо үчүн арызды кабыл алуу | |||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 2-5 мүнөт | |||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Никелешүүнү салтанаттуу каттоого даярдануу | ||||
3.1. Никеге туруп жаткан адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт (белгиленген убакыттан 20 мүнөт мурун); 3.2. Никени каттоонун алдында Бакыт өргөөсүнүн/РАБдын кызматкери катышкан конокторго жана никеге туруп жаткан адамдарга никелешүүнү салтанаттуу каттоо тартибин түшүндүрөт; 3.3 “ЖААК” АМС аркылуу никелешүү жөнүндө актылык жазуу түзүлөт жана бир нускада басып чыгарылат; 3.4. Никелешүү жөнүндө актылык жазуу бөлүмдүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана Бакыт өргөөсүнүн/региондор аралык бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 3.5. Никелешүү жөнүндө актылык жазуунун кагаз түрүндө нускасы никелешүү жөнүндө актылык жазуулар китебине тиркелет; 3.6. Никелешүү тууралуу күбөлүк никелешүү жөнүндө актылык жазууга ылайык басып чыгарылат; 3.7. Никелешүү тууралуу күбөлүк бөлүмдүн башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана Бакыт өргөөсүнүн/региондор аралык бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. | Бакыт өргөөсүнүн/РАБдүн кызматкери | 5 мүнөт | Никелешүү жөнүндөгү актылык жазуу –никелешүү тууралуу күбөлүк
| Ушул администратидик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүү тууралуу актылык жазуу жана күбөлүк | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
4-жол-жобо: Никелешүүнү салтанаттуу каттоо | ||||
4.1. Никелешүүнү салтанаттуу каттоо каадасы никелешүүнү салтанаттуу каттоого арналган атайын имараттарда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн жана никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу боюнча башка жерлерде жүргүзүлөт. 4.2. Ыйгарым укуктуу кызматкер: - салтанаттуу сөзүн сүйлөйт; - никеге туруп жаткан адамдарга келечектеги жубайлардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; - никеге турууга макулдук жөнүндө аныктайт. 4.3. Никеге туруп жаткан адамдар никелешүү жөнүндө актылык жазууга кол коюшат; 4.4. Никелешүү тууралуу күбөлүк никеге туруп жаткан адамдарга берилет. | Бакыт өргөөсүнүн/РАБдүн кызматкери | 15-20 мүнөт | Никелешүү тууралуу күбөлүктү салтанаттуу тапшыруу же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу | Ушул администратидик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: никелешүүнү салтанаттуу каттоо аземи | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 15-20 мүнөт | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 8-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Жаңы төрөлгөн баланы салтанаттуу каттоо»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 80
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) Бакыт Өргөөлөрүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү эске албаганда – 15 мүнөттөн ашык эмес, туулгандыгын каттоо арыз берилген же баланын ата-энеси дайындаган күнү жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Туулгандыкты мамлекеттик каттоо төмөнкү документтердин биринин негизинде жүргүзүлөт:
Кыргыз Республикасынын жарандарына:
- 2004, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт, (ID-карта);
- консулдук эсепке алуу белгиси менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин күбөлүгү;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- мамлекеттик/расмий тилге которулган, нотариалдык түрдө күбөлөндүргөн чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- кайрылмандын күбөлүгү;
- качкындардын күбөлүгү.
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
- бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым кат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөттөрдө врач же медициналык башка кызматкер, ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;
- баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (КБМРде жок болгон учурда);
- никелешүү тууралуу күбөлүк ("ЖААК" АМСте жок болгон учурда);
- ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, туулгандыгынын фактысын ырастоочу документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар);
Туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат жок болгон учурда, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ошол аял баланы төрөгөн фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча туулгандыгын мамлекеттик каттоо учурларын кошпогондо, күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана/же туулгандыгы тууралуу көчүрмө.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Регламенттин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Документтердин мыйзамдарга ылайык толуктугу, оңдоолордун жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата, жарактуулук мөөнөтү текшерилет. |
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | Туулгандыгы тууралуу арыз электрондук түрдө “ЖААК” АМСте түзүлөт, кагазга чыгарылып, арыз ээси кол коёт. |
3 | Туулгандыкты каттоо
| Мамлекеттик каттоо арыз берүүчүнүн кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу актысын "ЖААК" АМСте электрондук түрдө түзүү жана кагазга чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт, мында кагаздагы жазууга арыз берүүчү жана кызматкер кол коюшат, андан кийин ал жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү менен тастыкталат. Электрондук формадагы жарандык абалдын актысы жазуусунун тексти менен кагаздагы тексттин ортосунда дал келбеген учурда кагаздагы жазуу түпнуска болуп эсептелет. |
4 | Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү | Туулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик каттоо фактысын күбөлөндүрүү үчүн берилет, жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат жана жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү менен тастыкталат. Эгерде ата-энеде (алардын биринде) алардын инсандыгын ырастоочу документтери жок болсо, баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазууну түзүү аркылуу туулгандыгы жөнүндө актылык жазуудан көчүрмө берүү менен жүргүзүлөт. Бул көчүрмө ата-эне (алардын бири) алардын инсандыгын ырастоочу документтерди бергенге чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыздаган документке теңештирилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында аталган ким экендигин ырастоочу документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээлеринин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинин (чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын) ИЖНи жок болсо, ИЖН ыйгарат. Эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө өтүнмө жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; 1.5. КР жаранынын паспортундагы фотосүрөттү арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугун, арыз ээсинин ким экендигин текшерет; - берилген документтер ушул администрациялык регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык келген учурда туулгандыгын каттоого документтерди кабыл алат. - талап кылынган документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбегендигинин фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө милдеттүү болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча арыз ээси аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмө берилет. - эгерде документтер "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аларга коюлган талаптарга жооп бербесе, туулгандыгы тууралуу мамлекеттик катоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча РАБдын жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн. | РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3 мүнөт;
жазуу түрүндөгү баш тартуу берүү жөнүндө арызды кабыл алууга 5 мүнөт
кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күндүн ичинде | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим.
| Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыкты каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5-8 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Туулгандыкты каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2.1. Арыз “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат, берилген бардык документтер сканерленет. 2.2. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат же улуттук салттары боюнча жазылышы мүмкүн. Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталыгы аныкталбаса, баланын аты энесинин көрсөтмөсү боюнча, атасынын аты-энеси - баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт) - баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат - кыргыздын улуттук салттары боюнча жазылышы мүмкүн. Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт. 2.3. Он алты жашка чыккан бала туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен арыз берген учурда, энеси тууралуу маалыматтар КБМРден жазылат, ал эми маалыматтар жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде жазылат. 2.4. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын аты, фамилиясы, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча жазылат. 2.5. Өз ара никеде турбаган баланын ата-энеси кайрылган учурда, туулгандыкты каттоо аталыкты аныктоо жөнүндө алардын биргелешкен арызы боюнча баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бир учурда жүргүзүлөт. 2.6. Баланын ата-энесинин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арызды берүүгө мүмкүн болбогон учурда, алардын каалоосу атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына эненин арызы менен бир эле убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасынын жана энесинин пикири жазылышы керек. Атасынын же энесинин катышуусу милдеттүү. Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын келечектеги ата-энеси мындай арызды эненин кош бойлуу кезинде бере алышат. Мындай учурда аталыкты аныктоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бир эле убакта жүргүзүлөт жана аталыкты аныктоо жөнүндө жаңы арызды тариздөө талап кылынбайт. 2.7. арызды толтуруунун тууралыгы, киргизилген маалыматтардын арыз ээлери тарабынан берилген документтерге шайкештиги текшерилет, эгерде арыз туура толтурулган болсо, ага арыз ээси кол коёт; 2.8. балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик өтүнүчү боюнча каттоодон башка учурларды кошпогондо, «ЖААЖ” АМСтин жардамы менен түзүлгөн төлөм коду кагазга басып чыгарылат жана арыз ээсине берилет. | РАБдүн кызматкери | 5 мүнөт | Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз |
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыкты салтанаттуу каттоо үчүн арызды кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо. Туулгандыкты салтанаттуу каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү | ||||
3.1. Ата-энени (ата-эненин бирин) жана алардын конокторун белгиленген күнү жана убакытта кабыл алуу; 3.2. Ата-эненин (ата-эненин биринин) ким экендигин ырастоочу документтерин текшерүү жүргүзүлөт (салтанаттуу каттоо жүргүзүлгөнгө чейин 20 мүнөттөн мурун); 3.3. Туулгандыгын каттоонун алдында региондор аралык бөлүмдүн кызматкери ата-энеге (ата-эненин бирине), катышкан конокторго туулгандыкты салтанаттуу каттоо тартибин кыскача түшүндүрөт. 3.4. Туулгандыгы тууралуу актылык жазуу (анын ичинде аталыкты аныктоо тууралуу биргелешкен арыз боюнча киргизилген өзгөртүүлөрү менен) “ЖААК” АМС аркылуу түзүлөт жана бир нускада басып чыгарылат, арыз ээсинин колу коюлат, бөлүмдүн кызматкеринин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.5. Туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун кагаздагы нускасы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине тиркелет; 3.6. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк туулгандыгы тууралуу актылык жазууга ылайык басып чыгарылат; 3.7. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк РАБдын башчысынын (же аны алмаштырган адамдын) колу жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.8. Ыйгарым укуктуу кызматкер жолдомо сөзүн айтат жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ата-энеге (ата-эненин бирине) салтанаттуу тапшырат; | РАБдүн кызматкери | 2-3 мүнөт | - туулгандыгы тууралуу актыны жазуу; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк |
|
4-жол-жобонун жыйынтыгы: туулгандыгы тууралуу актылык жазуу жана күбөлүк | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну көзөмөлдөө
Административдик регламенттин талаптарын аткаруу боюнча ички жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) директору жүргүзөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин директорунун буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ аркылуу Департаменттин жооптуу кызматкерлери тарабынан административдик Регламенттин талаптарын аткаруу, жана ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер боюнча жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан сырткары текшерүү кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арыздары же Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин/Департаменттин жетекчилигинин тапшырмасы менен жүргүзүлөт.
4) Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аткаруу боюнча тышкы көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигининчечими менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
1) Комиссиянын иштеринин жыйынтыктары корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар белгиленет, кемчиликтер жана аларды четтетүү боюнча чаралар сунушталат, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар берилет.
2) Корутундуга кол коюлгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде Департаментке жиберилет.
Корутунду келип түшкөндөн кийин бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларын четтетүү боюнча чаралар көрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күнөөлүү кызматтык адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.
Керектүү учурларда белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар берилет.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузган кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузган Департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызматты же анын бир бөлүгүн жеке жана/же юридикалык жактар аткаруу үчүн аутсорсингге өткөрүп берген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеде калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары кайра каралган учурда жана башка керек болгон учурда өзгөртүлөт.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
|
| 9-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна | |||
|
|
| |||
|
|
| |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, билдирмелерди, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 4-глава, № 83
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери көрсөтүшөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү кошпогондо 30 мүнөт, кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды берүү кайрылган күнү жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керек болуучу документтер:
Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды берүү үчүн арыз ээси ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- эркинен ажыратылган жерлерден бошогондугу жөнүндө маалымкат;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөр, маалымкаттар, көчүрмөлөр жана кабарламалар төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
- жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамдын арызы;
- эгер мурда жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адам өлсө, өлгөн адамдын тууганынын же башка кызыкдар адамдын арызы;
- эгер жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адам кайталанма күбөлүк берилген күнгө карата жашы жетпесе, ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлүнүн арызы;
- мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды алууга укугу бар адамдан нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда, башка адамдын арызы. Ишеним берилген адамдын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды алууга ыйгарым укугу ишеним катта атайын каралууга тийиш.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз.
Кайталанма күбөлүктү берүүдө мамлекеттик алым үчүн жана күбөлүктүн бланкы үчүн квитанция берилет. Маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды берүүдө бланкка акы алынбайт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөр, маалымкаттар, көчүрмөлөр жана кабарламалар.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтерди кабыл алуу жана текшерүү |
|
2 | Арызды кабыл алуу, ушул Регламенттин 3-п. 2-пунктчасына ылайык анын туура толтурулганын текшерүү | Арыз “ЖААК” АМС системасында электрондук түрдө түзүлөт жана кагазга басып чыгарылып, арыз ээси кол коет.
|
3 | Жарандык абалдын актыларын жазууларды сканерлөө жана санариптөө | Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “ЖААК” АМС) аркылуу. Эгер жарандык абалдын актылык жазуусу арыз ээси кайрылган жер боюнча жок болсо, жарандык абалдын актылык жазуусун санариптөө жөнүндө суроо-талап электрондук корпоративдик почта аркылуу жазуу жайгашкан жер боюнча РАБга жиберилет. |
4 | - жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү; - жазуунун жайгашкан жери боюнча РАБдан мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды талап кылуу жөнүндө суроо-талапты түзүү | Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөргө, маалымкаттарга, көчүрмөлөргө жана кабарламаларга башчы же аны алмаштырган адам кол коет жана мөөр менен бекитилет жана арыз ээсине берилет; - жарандык абалдын актыларын жазуулар арыз ээси кайрылган жер боюнча болбогон учурда, жазуунун жайгашкан жери боюнча РАБдан мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү жана кабарламаларды талап кылуу жөнүндө суроо-талап түзүлөт. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | |||||
1.1. Арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарат, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча Министрликке караштуу Департаменттин МИБине суроо-талап жиберет; 1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлери тарабынан тийиштүү тариздөөгө берилген документтерди, алардын жарактуулук мөөнөтүн текшерүү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт; - талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт, тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет; - берилген документтер ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген учурда, кызматкер жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү үчүн арызды жана документтерди кабыл алат. | РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 3-5 мүнөт
-жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 иш күндүн ичинде | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү үчүн тийиштүү документтерди кабыл алуу | |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
2-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүү үчүн арызды кабыл алуу | |||||
2.1. Арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо РАБдүн кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээлери берген документтерге шайкештиги текшерилет. 2.3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө арыз арыздарды кабыл алуу журналына катталат. 2.4. Жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи нускасы сакталган жер боюнча РАБдөн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө суроо-талап түшкөн учурда, суроо-талап кириш кат-кабарлар журналына катталат. | РАБдүн кызматкери | 2-5 мүнөт | Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө арыз | Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктү берүүгө арызды кабыл алуу | |||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||
3-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын жазууларды “ЖААК” АМС системасында сканерлөө жана санариптөө | |||||
3.1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү берүүгө арыз Түзүлгөндөн кийин актылык жазууну сканерлөө жана санариптөө жүргүзүлөт. Арыз ээсинде ИЖН жок болгон учурда, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖН ыйгарылат. 3.2. Эгер жарандык абалдын актылык жазуусу арыз ээси кайрылган жер боюнча жок болсо, жарандык абалдын актылык жазуусун санариптөө жөнүндө суроо-талап электрондук корпоративдик почта аркылуу жазуу жайгашкан жер боюнча РАБгө жиберилет. | РАБдүн кызматкери | 3-5 мүнөт | “ЖААК” АМС ситемасында жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө актылык жазуу |
| |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу сканерленген жана санариптелген актылык жазуулар, маалымкаттар, кабарламалар жана жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
3-жол-жобонун тиби:административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||
4-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүү | |||||
4.1. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр, маалымкаттар, кабарламалар жана көчүрмөлөр актылык жазууга ылайык басып чыгарылат; 4.2. Күбөлүктөр, маалымкаттар, кабарламалар жана көчүрмөлөр башчынын же аны алмаштырган адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт жана мөөр менен бекитилет жана арыз ээсине берилет; - жарандык абалдын актыларынан маалымкаттар, кабарламалар жана көчүрмөлөр чыгыш кат-кабарлар журналына катталат жана ага арыз ээси кол коет. 4.3 Кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүүгө РАБдөн суроо-талап түшкөн учурда, күбөлүк күбөлүктөрдүн, маалымкаттардын, кабарламалардын жана көчүрмөлөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат. Башчынын же аны алмаштырган адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт жана мөөр менен бекитилет, суроо-талапта көрсөтүлгөн почта дареги боюнча РАБга жиберилет. Ошол эле учурда арыз ээсинин атына күбөлүк жиберилгендиги жөнүндө кабарлама жиберилет. 4.4. Күбөлүктөрдүн, маалымкаттардын, кабарламалардын бланктары жарандар кайрылган жер боюнча берилет. | РАБдүн кызматкери | 2-5 мүнөт | - жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү, жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүү;
- жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү, жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү жиберүү | Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталанма күбөлүктөрдү, маалымкаттарды, кабарламаларды жана көчүрмөлөрдү берүү | |||||
4-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөттөн ашык эмес | |||||
4-жол-жобонун тиби:административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||