Загрузка документа…
| 10-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
“Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын туруктуу жана убактылуу жашап турууга уруксатты тариздөө, узартуу”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 47
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмү (МБ) жана региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ), тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) жеке кайрылганда арыздарды жана документтерди кабыл алуу, кезек күтүүнү эске албаганда документтерди кабыл алуу жана каттоо – 20 мүнөт;
б) жашап турууга убактылуу уруксат берүү – 1 ай;
в) жашап турууга туруктуу уруксат берүү – 1 жыл.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: digital.gov.kg;
- portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан;
- ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда;
- ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча оозеки формада 119 номери боюнча.
Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан маалымат алууга болот.
Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
(1.2) Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: digital.gov.kg;
- portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;
- жеке кайрылуу жана Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча - 119;
- маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар.
Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына digital.gov.kg жайгаштырылат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер зарыл:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- паспорттун көчүрмөсү же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- жашаган жеринен маалымкат;
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (никеде турса);
- иштеген жеринен маалымкат/иштөөгө уруксат;
-ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлердин маалымкаттары);
- чет өлкөлүк жаран жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында анын соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында анын соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адамдар үчүн:
- туугандык байланышты күбөлөндүрүүчү документ (Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде турган – никелешүү тууралуу күбөлүк жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү, арыз ээси менен чогуу чет өлкөлүк жаран болуп саналган балдар жашаганда - туугандыгын же асырап алуу фактысын, ошондой эле чогуу жашоону ырастоочу документтер;
- аларда болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайдын болушун же жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган, Кыргыз Республикасынын жаранынын аларга убактылуу жашап турууга турак жай берүүгө макулдугун ырастаган документтер.
Эгерде арыз ээси менен жубайы алардын 14 жаштан баштап 18 жаш куракка чейинки жашы жетпеген балдары менен келсе, балдардын Кыргыз Республикасына иммиграциясына жазуу түрүндөгү макулдугу талап кылынат. Документтеги баланын колу нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энелердин бири гана келсе, аны 18 жаш куракка чейинки балдары коштоп келсе, ал башка жубайынын ал балдардын ата-эне иммигрант менен чогуу жашоосуна каршы эместиги жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызын бериши керек. Мындай макулдук болбогон учурда ата-эне иммигрант балдарды бул жубайга ыйгаруу жөнүндө тийиштүү мамлекеттин соттук чечимин бериши керек.
- 33х43 мм өлчөмүндөгү, жалтырак эмес, оң бурчу менен 4 фотосүрөт;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- бланктын наркын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер зарыл:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- паспорттун көчүрмөсү же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жашаган жеринен маалымкат;
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турса);
- арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо-тиричилик минимумун камсыздоочу, туруктуу легалдуу киреше булагынын болуусун ырастаган маалымкат (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, иш жүргүзүүгө уруксаты, активдер, банктагы эсеп же Кыргыз Республикасынын жаранынын камкордугу жөнүндө маалымат, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.б.);
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар ("СПИД" борборунун, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлердин маалымкаттары);
- чет өлкөлүк жаран жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында анын соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында анын соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адамдар үчүн
- аларда болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайдын болушун же жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган, Кыргыз Республикасынын жаранынын аларга убактылуу жашап турууга турак жай берүүгө макулдугун ырастаган документтер;
- арыз ээси ишкананы каттоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн; окуу жайларында билим алгандар окуу жайы менен контракттын көчүрмөсүн жана окуган жеринен маалымкатты беришет; инвестицияны ишке ашыргандар инвестиция тарткан уюмдун жетекчисинин бул чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө инвестицияларды ишке ашыруусу жөнүндө катын беришет.
- 33х43 мм өлчөмүндөгү, жалтырак эмес, оң бурчу менен 4 фотосүрөт;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- бланктын наркын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Жарандыгы жок адамдар үчүн: - белгиленген үлгүдөгү арыз;

Жашап турууга уруксатты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алмаштыруу, колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн төмөнкүдөй документтердин тизмеги берилет:
- арыз;
- жашап турууга уруксат жана анын көчүрмөсү;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгү – жарандыгы жок адамдар үчүн;
- чет мамлекеттин жарактуу паспорту – чет өлкөлүк жарандар үчүн, паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- КРда соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- иштеген жеринен маалымкат;
- жашаган жеринен маалымкат;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- бланктын наркын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын өзгөртүүгө байланыштуу жашап турууга уруксатты алмаштырган учурда, ушул кырдаалдарды тастыктаган документтер берилет.
(3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы – акы төлөнөт, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо үчүн туруктуу жана убактылуу уруксатты тариздөө.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арызды жана документтерди тизмекке ылайык кабыл алуу
| РАБдүн кызматкери берилген бардык тиешелүү документтердин болушун, алардын таризделишинин тууралыгын жана жашап турууга уруксат алуунун конкреттүү негиздемелерине шайкештигине карата текшерет. Арыз даана толтурулбаган, пункттарда айрым жазуулар болбогон жана оңдоолор болгон учурларда арыз ээси билдирген маалыматтардын анык экендигин текшерүү үчүн кошумча маалымат талап кылууга укуктуу. Текшерүү фактысы, ошондой эле арыз ээсинин кол тамгасынын аныктыгы документтерди кароого кабыл алган жооптуу кызматкердин колу менен арыз бланкында күбөлөндүрүлөт. |
2 | Документтердин шайкештигин кароо | Жарандык жана иммиграция бөлүмүнүн кызматкери документтердин белгиленген ЧУАнын талаптарына шайкештигине карата текшерет. |
3 | Жашап турууга уруксат боюнча документтерди компетенттүү органдарга макулдашууга жөнөтүү
| Жашап турууга убактылуу уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн документтер компетенттүү органдарга жөнөтүлөт. Жашап турууга убактылуу уруксат боюнча макулдашуу жол-жоболору 10 күндүк мөөнөттө каралат. Жашап турууга туруктуу уруксат боюнча макулдашуу жол-жоболору эки айлык мөөнөттө каралат.
|
4 | Жашап турууга убактылуу уруксат берүү | Арызды кароонун (текшерүүнүн жана макулдашуунун) жыйынтыгы боюнча компетенттүү органдар тарабынан жашап турууга убактылуу уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат. Жашап турууга убактылуу уруксат 1 жыл мөөнөткө берилет. |
5 | ЧЖ жана ЖЖАнын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссиясына документтерди кароого жөнөтүү
| КРда жашап турууга туруктуу уруксатты тариздөө үчүн, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга компетенттүү органдардан түшкөн материалдар иммигрант статусун алуу үчүн Комиссиянын дарегине жиберилет.
|
6 | Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
| Ведомстволор аралык комиссия түшкөн материалдарды карап чыгып, КРда иммигрант статусун берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алат. Жашап турууга туруктуу уруксат боюнча кароо жол-жобосу алты айлык мөөнөттү түзөт. |
7 | Жашап турууга уруксат берүү | КР Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга туруктуу уруксат берилет. Жашап турууга туруктуу уруксат 5 жылдык мөөнөткө, 45 жашка жеткенде – мөөнөтсүз же колдонуп жаткан паспорттун жарактуулук мөөнөтүнө берилет. Жашап турууга уруксаттарды берүү жарандык жана иммиграция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. |
8 | Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
| Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү анын ээсинин чет өлкөдө ким экендигин ырастоочу документ болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамга берилет. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жарандык жана иммиграция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. |
9 | Жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу, алмаштыруу, дубликатын берүү жана жокко чыгаруу
| Жашап турууга уруксаттын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн документтери кабыл алуу жарандык маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Жашап турууга туруктуу уруксаттын колдонуу мөөнөтү беш жылга же паспорттун колдонуу мөөнөтүнө же болбосо мөөнөтсүз узартылат. Жашап турууга уруксат бузулганда, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бош барактар же болбосо бош графалар жок болгондо аны алмаштыруу жүргүзүлөт. Жашап турууга уруксатты же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алмаштыруу жана дубликатын берүү үчүн документтерди кабыл алуу жарандык жана иммиграция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө компетенттүү органдардан, ошондой эле башка кызыкдар органдардан түшкөн материалдар Комиссиянын дарегине жөнөтүлөт жана ушул Комиссия тарабынан жашап турууга туруктуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылат. Жашап турууга убактылуу уруксат жөнүндө чечим кызыкдар органдардан түшкөн материалдарга ылайык Департамент тарабынан кабыл алынат. |
10 | Жашап турууга уруксатка өзгөртүүлөрдү киргизүү | Жашап турууга уруксатка өзгөртүүлөрдү киргизүү жарандык жана иммиграция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Аты-жөнүн, үй-бүлөлүк абалын, паспорттук жана даректик маалыматтарын ж.б. өзгөртүүгө байланыштуу жашап турууга уруксатка өзгөртүүлөр киргизилет. |
11 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: digital.gov.kg; - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - жеке кайрылуу жана Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча - 119; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына digital.gov.kg жайгаштырылат.
|
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Арызды жана документтерди мыйзамдарда белгиленген тизмекке ылайык кабыл алуу | ||||
1.1. Арызды жана документтерди кабыл алуу
| РАБдүн кызматкери | 30 мүнөт
| - РАБдүн кызматкери берилген бардык тиешелүү документтердин болушун, алардын таризделишинин тууралыгын жана жашап турууга уруксат алуунун конкреттүү негиздемелерге шайкештигине карата текшерет. Арыз даана толтурулбаган, пункттарда айрым жазуулар болбогон жана оңдоолор болгон учурларда арыз ээси билдирген маалыматтардын анык экендигин текшерүү үчүн кошумча маалымат талап кылууга укуктуу. Текшерүү фактысы, ошондой эле арыз ээсинин кол тамгасынын аныктыгы документтерди кароого кабыл алган жооптуу кызматкердин колу менен арыз бланкында күбөлөндүрүлөт. Арызды кабыл алуу, каттоо номерин коюу менен журналга каттоо | Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерди кабыл алуу жана тариздөө | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: Жашап турууга уруксат боюнча документтерди КР УКМКга макулдашууга жөнөтүү | ||||
2.1. Документтерди макулдашууга даярдоо жана жөнөтүү
2.2. Жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүүнүн максаттуулугу/максатсыздыгы жөнүндө КР УКМКнын макулдугу
| Жарандык жана иммиграция боюнча бөлүмүнүн кызматкери
| 3 иш күн
Жашап турууга убактылуу уруксат -10 күн
Жашап турууга туруктуу уруксат -2 ай
| 2.1. Коштомо каттарды документтер менен КР УКМКга макулдашууга даярдоо. Материалдарды почта аркылуу жөнөтүү.
Жашап турууга уруксат берүү же бербөө жөнүндө чечим Департамент тарабынан кабыл алынат.
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
| ||||
2-жол-жобонун узактыгы: кароо мөөнөтү 10 иш күн, 2 ай | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: Жашап турууга уруксаттарды жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары – Комиссия) кароосуна документтерди жөнөтүү | ||||
3.1 Макулдашуудан келген документтерди Комиссиянын кароосуна жөнөтүү үчүн даярдоо
3.2 Комиссиянын кароосуна документтерди жөнөтүү
| Жарандык жана иммиграция боюнча бөлүмүнүн кызматкери | 10 күндүн ичинде
3 күндүн ичинде | Коштомо каттарды даярдоо.
Материалдарды почта аркылуу жөнөтүү. | Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Комиссиянын кароосуна документтерди жөнөтүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 күндүн ичинде | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
|
|
|
|
|
4-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | ||||
4.1 КР ТИМге караштуу Тышкы миграция департаментинде документтерди кароо
4.2 Жашап турууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу
4.3. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү 2 жылдык мөөнөткө берилет.
| Комиссия
Комиссия
Комиссия
| 6 айдын ичинде
1-3 күн
1-3 күн
| Иммигрант статусун берүү
Жашап турууга туруктуу уруксат 18 жашка толгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында 5 жылдан ашык мыйзамдуу жүргөн төмөнкү чет өлкөлүк жаранга берилет: - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап турууга уруксат алган адамдарга; - Кыргыз Республикасына кайра келип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган адамдарга; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгын албаган, же Кыргыз Республикасынын жарандыгы мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган адамдарга; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгын албаган. Иммигрант статусун алууга артыкчылык укуктар менен пайдалануучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай тургандан кийин туруктуу жашаганга уруксат алууга арыз берүүгө укуктуу. Жашап турууга убактылуу уруксат чет өлкөлүк жаранга берилет | - Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
4-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Респбуликасынын аймагында жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алуу | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 3 күн | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | ||||
5-жол-жобо: Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү | ||||
5.1. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн даярдоо
5.2. Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
| Жарандык жана иммиграция боюнча бөлүмүнүн кызматкери
Жарандык жана иммиграция боюнча бөлүмүнүн кызматкери | 1-3 иш күн
10-15 мүнөт | Жашап турууга уруксат мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат. Жашап турууга туруктуу уруксат 5 жылдык мөөнөткө, 45 жашка жеткенде – мөөнөтсүз берилет.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү англис жана мамлекеттик тилдерде толтурулат.
Жашап турууга уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү | - Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
5-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга туруктуу жана убактылуу уруксат жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
| ||||
5-жол-жобонун узактыгы: 1-3 иш күн | ||||
5-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 6 | ||||
6-жол-жобо: Жашап турууга уруксатты алмаштыруу, жоготуу жана жокко чыгаруу | ||||
6.1 Жашап турууга уруксаттын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүн узартууга жана алмаштырууга арыз кабыл алуу
6.2. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын жаңы жашап турууга уруксатын же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү
6.3. Жашап турууга уруксаттын жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн күчүн жоготуу
6.4. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн жокко чыгаруу
6.4. Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн жокко чыгаруу | Жарандык жана иммиграция боюнча бөлүмүнүн кызматкери
| 14 иш күн
10-15 мүнөт
5 күндүн ичинде
| Жашап турууга уруксатты жана жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн узартуу жана алмаштыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: -фамилияны өзгөртүлгөндө; -туулган датасы өзгөртүлгөндө; -жазууларда так эместиктер аныкталганда.
Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим коопсуздук, сот, салык жана башка кызыкдар органдардан келген жашап турууга туруктуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө материалдардын негизинде кабыл алынат, жалпыланат жана КР ТИМге караштуу ММКга жөнөтүлөт. КР ТМге караштуу ММКнын кароосунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга тийиштүү чараларды көрүү үчүн Департаментке кабарлама жиберет. Жашап турууга убактылуу уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө материалдар Департаментте каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү корутунду чыгарылып, аны Департаменттин директору бекитет. Кабыл алынган чечим жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга үч күндүк мөөнөттүн ичинде өзүнүн колун койдуруу менен билдирилет жана чечим кабыл алынгандан кийин 5 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү зарылдыгы жөнүндө кабарлама тапшырылат. Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө корутунду жана андай чечим кабыл алууга негиз болгон башка материалдар, ошондой эле жашап турууга уруксат өздүк ишке тиркелет. | Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар |
6-жол-жобонун жыйынтыгы: Жашап турууга уруксатты алмаштыруу, жоготуу жана жокко чыгаруу | ||||
6-жол-жобонун узактыгы: 14 иш күн | ||||
6-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
№ 5-жол-жобо
№ 6-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Ибраев Э. А. – Департаменттин миграция бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 11-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
“Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чек ара аймагына кыска мөөнөткө кирүүгө уруксаттарды тариздөө”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 48
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмү (МБ) жана региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ), тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) кезек күтүүнү эске албаганда документтерди кабыл алууга убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес;
б) документтерди каттоо -10-15 мүнөт;
в) кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 3 иш күнү;
г) кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүү убактысы – 10-15 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат алуу маселеси боюнча кайрылуу үчүн тийиштүү документтердин тизмеги:
Жеке жактар кайрылганда:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- КРӨнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин чек ара тилке режиминин эрежелеринин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы же 2017-жылдагы үлгүдөгү паспортун;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
Чет өлкөлүк жарандар же болбосо жарандыгы жок адамдар үчүн:
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин чек ара тилке режиминин эрежелеринин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- чет өлкөлүк паспортун же болбосо жашап туруу укугун;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жарактуу визаны, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн);
Топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн:
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин чек ара тилке режиминин эрежелеринин 2-1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- паспортун (чет өлкөлүк) же болбосо жашап туруу укугун же алардын көчүрмөлөрүн;
- жарактуу визаны, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн);
Юридикалык жактар кайрылганда:
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин чек ара тилке режиминин эрежелеринин 2-2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өтүнүч катты;
- юридикалык жактын өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна кызыкчылыктарын коргоого ишеним катты жана өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
- паспортун же болбосо жашап туруу укугун же алардын көчүрмөлөрүн (бардык жарандар үчүн);
- келүү максатын ырастоочу документтерди (өтүнүч катта көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укук берген, уюм тарабынан берилген уюмдаштыруу документинен көчүрмөнү);
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жарактуу визаны, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн).
(3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат алуу.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат алууга документтерди мыйзамдарга ылайык кабыл алуу
| Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу арыз ээси тарабынан кагаз түрүндө же электрондук түрдө бардык тийиштүү жана талаптагыдай таризделген документтер берилген күндөн тартып арыз кароого кабыл алынды деп эсептелинет.
|
2. | Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө документтерди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына же анын аймактык бөлүмдөрүнө автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу же кагаз түрүндө макулдашууга жөнөтүү
| Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө арызды канаттандыруунун же четке кагуунун максатка ылайыктуулугу макулдашуу жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча таанылат.
|
3. | Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү же бербөө
| Уруксат 16 жашка жеткен адамдарга берилет. Уруксатта баруунун максаты, болуучу жери, орун которуулары, аткаруучу жумуштары жана башка иш-чаралары, болууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облусу, район, айыл аймагы) көрсөтүлөт. Убактылуу болуу мөөнөтү берилген уруксаттын мөөнөтү менен чектелет.
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
| ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| ||||
1-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат алууга документтерди мыйзамдарга ылайык кабыл алуу |
| ||||||||
1.1.Автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу же кагаз түрүндө документтерди өтүнүч-кат менен тизмекке ылайык кабыл алуу 1.2. Өтүнүч-катты АМСке же каттоо журналында каттоо
1.3.Документтерди өтүнүч-кат менен кароо | Департаменттин жана/же РАБдүн кызматкери | 10-15 мүнөт
3 күндүн ичинде
|
| Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому. |
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат алууга өтүнүч-кат менен документтерди кабыл алуу, каттоо жана кароо |
| ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 10-15 мүнөт, 3 күндүн ичинде |
| ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| ||||||||
|
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
| ||||||||
|
| ||||||||
2-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө документтерди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына макулдашууга жөнөтүү |
| ||||||||
2.1. Макулдашуу жол-жобосуна жөнөтүү үчүн материалдарды даярдоо
2.2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына АМС аркылуу же кагаз түрүндө материалдарды жөнөтүү
2.3.Макулдашуунун жыйынтыктарын алуу | Департаменттин жана/же РАБдүн кызматкери | 1 күндүн ичинде | Коштомо кат даярдоо
Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө арызды канааттандыруунун же четке кагуунун максатка ылайыктуулугу макулдашуу жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча таанылат. | Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому. |
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө арызды канааттандыруунун же четке кагуунун максатка ылайыктуулугу таанылат. |
| ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 күндүн ичинде |
| ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| ||||||||
| |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 |
| ||||||||
3-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү же бербөө |
| ||||||||
3.1 Чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү
3.2. Уруксат берүү жөнүндө чечим арыз ээсине же өтүнүч каттын ээсине билдирилет
3.3. Чек ара зонасына кирүүгө уруксат бербөө
| Департаменттин жана/же РАБдүн кызматкерлери | 10-15 мүнөт
Чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө
Уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынган күнү арыз ээсине билдирилет
| Уруксатта баруунун максаты, болуучу жери, орун которуулары, аткаруучу жумуштары жана башка иш-чаралары, барууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облусу, район, айыл аймагы) көрсөтүлөт.
Чек ара зонасына кирүүгө уруксат алуу үчүн кайрылган жеке жактарга өткөрмө берилет, өткөрмөнүн дүмүрчөгү ведомстволук органда калат. Юридикалык жактарга чек ара зонасына кирүүгө уруксат берилгендиги тууралуу белгиси менен штамп өтүнүч-каттын өзүнө коюлат жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүнүшүнүн кызмат адамы колу коёт жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Топтук (жамааттык) уруксат топтун жетекчисинин атына топ мүчөлөрүнүн санын көрсөтүп, топтун тизмесин жана топтун ар бир мүчөсүнүн ким экендигин тастыктаган жарактуу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен таризделет. Тизменин биринчи барагында берилген уруксаттын номери жана датасы, барууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облус, район, айыл аймагы) көрсөтүлөт. Тизменин ар бир барагына калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызмат адамы кол коёт жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Уруксат бербөө тууралуу чечим калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан төмөнкү учурларда чыгарылат: - эгерде арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалымат берсе жана жасалма документ же кирүү максаты тууралуу толук маалымат көрсөтпөсө; - эгерде арыз ээси уруксат берүү жөнүндө өтүнүчүн так эмес, оңдоолор жана булгоолор менен толтурса; - улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органынын же анын аймактык органдарынын жарандарды чек арага жакын аймакка кирүүгө (өтүүгө) өткөрүүнү макулдашууда баш тартса; - эгерде чек арага жакын аймакта мурда болуу учурунда арыз ээси тарабынан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республиканын мыйзамдарын бузгандык фактысы аныкталса. Арыз ээсинин талабы боюнча уруксат бербөө жөнүндө чечим жазуу жүзүндө берилет. | Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому. |
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына кирүүгө уруксат берүү же бербөө |
| ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: Өтүнүчтүн жалпы кароо мөөнөтү – 3 иш күн |
| ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо |
| ||||||||
|
| ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Ибраев Э. А. – Департаменттин миграция бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 12-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
« ID-card формасындагы паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү: алмаштыруу боюнча, бузулгандыгы боюнча, жоголгон паспортту калыбына келтирүү боюнча, эркинен ажыратуучу жайдан бошогондугу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, 49-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун (мындан ары – КТБ) операторлору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) кезек күтүүнү кошпогондо арызды кабыл алуу жеке өзү барганда - 10-20 мүнөт;
б) анкета-арызды толтурган датадан тартып жалпы тартипте паспортту даярдоо жана берүү - 12 иш күн;
(2) 2017-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, РАБдын жана/же КТБ кызматкери тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
а) 16 жашка толгондо:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн;
б) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же жалпы жарандык паспорту (болсо);
в) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
г) 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча - алмаштырылып жаткан паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
д) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:
- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.
е) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
- арыз ээсинин жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы.
ж) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;
з) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРда маалымат болбосо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
и) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
(3) Кызмат көрсөтүүгө акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун (мындан ары текст боюнча – идентификациялык карта) тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү
| - паспортту тариздөөгө документтер РАБдүн жана КТБнун кызматкерлери тарабынан кабыл алынат; - документтер мыйзамдарга ылайык толук берилгендигине, оңдоолордун жана жасалмалоо белгилеринин болушуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, РАБдын же КТБнын жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, алардын бири 1 иш күндүн ичинде РАБдын жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси – РАБдө/КТБдо калат, үчүнчүсү арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсинин анкета-арызын тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары акыркы чечим кабыл алгандан кийин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде чечилет; -фотосүрөттү арыз ээсинин сырткы келбети менен салыштыруу, анын ким экендиги текшерүү жүргүзүлөт, фотосүрөттүн сапаты бааланат. |
2 | Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жиберүү | - анкета – арызды РАБдүн/КТБнун кызматкери толтурат. Анкета-арыз электрондук түрдө корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу Мамлекеттик жекелештирүү борборуна жиберилет, анкета-арызга тиркелген документтер сканерленет жана анкета-арыз менен бирге жиберилет. |
3 | Идентификациялык картаны берүү | идентификациялык карта арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||
1-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын жаранынын ID-card формасындагы паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | |||||||
1.1. Идентификациялык карта алуу үчүн кайрылган арыз ээсин кабыл алат; 1.2. Документтердин ушул административдик регламентте белгиленген тизмекке шайкештигине жана оңдоолордун, жасалмалоонун болушуна карата текшерет; - берилген документтер бардык талаптарга жооп берген учурда, “Паспорт” АМСте анкета-арызды тариздейт; - эгер арыз ээси берген документтер тизмекке шайкеш келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүү сунушталат; - берилген документтерде оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот жана 3 нускада акт түзөт, жетекчилик же укук коргоо органдары акыркы чечим чыгарганга чейин документтерди кабыл алууну токтотот; - зарыл документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары жоюлбаган учурда, идентификациялык картаны алууга документтерди тариздөөдөн баш тартат; - эгер жаран баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү өтүнсө, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, арызды электрондук документ жүгүртүү системасына (ЭДС) каттайт, аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчинин резолюциясын алгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү жазуу жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчинин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны ЭДСке каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча жиберет. | РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу | |||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум10 мүнөт | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||
2-жол-жобо: Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жиберүү | |||||||
2.1. Анкета – арызды РАБдүн же КТБнун кызматкери толтурат; 2.2. Анкета-арызды толтурууда төмөнкүлөр жүргүзүлөт: - «Паспорт» АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖН ыйгарууга арызды тариздейт, туура эмес же кош ИЖН болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча бөлүмгө суроо-талап жиберет; - арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо, автотекшерүү (интеграция); - КР жаранынын паспортун даярдоого талап кылынган зарыл документтердин жана маалыматтардын болушун текшерет; - “Паспорт” АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат. - арыз ээсинен анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын арыз ээсине кол койдуруу аркылуу тактоо жана күбөлөндүрүү. Электрондук өздүк кол тамгасын алуу түзүлүшү аркылуу арыз ээси анкета-арызга кол коет, белгиленген тартипте эмгекке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өздүк колун коюуга мүмкүнчүлүгү жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк кол тамгасынын ордуна РАБдүн же КТБнун кызматкери сызыкча коет. - биометрикалык маалыматтар базасынан салыштырып-текшерүү үчүн эки колунун эки сөөмөйүнүн папиллярдык издерин сканерлөө. Арыз ээсинин сөөмөйлөрү (сөөмөйү) жок болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колунун болгон манжаларынын издерин сканерлөө жүргүзүлөт. 16 жашка толо элек балдарды биометрикалык маалыматтар базасы боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт; - эгер жаран мурда биометрикалык каттоодон өтпөсө, анда ал анкета-арызды толтурууда биометрикалык маалыматтарын тапшырат; - арыз ээсин эрежелер менен тааныштыруу, арыз ээсинин каалоосу менен паспортто этностук таандыгын көрсөтүү; - арыз ээсин фотосүрөткө тартуу. Фотосүрөткө тартуу фотограф, “Инфоком” МИнин ыйгарым укуктуу кызматкери же РАБдын кызматкери тарабынан санариптик фотоаппарат менен жүргүзүлөт. 2.3 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде ЭСКнын болушу жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу жөнүндө “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары -“Инфоком” МИ) Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентин сактоо зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине маалымдоо, ал www.infokom.kg сайтынын “Күбөлөндүрүүчү борбор” / “Инфоком” МИ КБ Регламенти” бөлүмүндө жарыяланат; 2.4. “Инфоком” МИнин Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуунун бланкына кол коюу үчүн арыз ээсине берет, ошол эле учурда ушул макулдашууга кол коюудан баш тартуу жаранды паспорт менен документтештирүүгө тоскоолдук боло албайт. 2.5. Документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилет. 2.6. КТБнын кызматкери анкета-арызды кабыл алып, тариздегенден кийин анкета-арызга ЭК аркылуу кол коюлат жана корголгон байланыш каналы аркылуу РАБдын ыйгарым укуктуу кызматкерине текшерүү жана чечим кабыл алуу үчүн жиберилет; 2.7. РАБдүн же КТБнун кызматкери тарабынан анкета-арыз таризделгенден кийин КР жаранынын паспортун даярдоо үчүн сканерленген документтер менен бирге документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилгенден тартып 2 иш күндөн кечиктирилбестен, корголгон байланыш каналы жана ЭК аркылуу «Инфоком» МИнин Мамлекеттик жекелештирүү борборуна жиберилет. 2.8. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту даярдоо үчүн мамлекеттик алымды, чыгымдарды төлөө арыз ээси тарабынан анкета-арыз берилген күндөн тартып он иш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту акы төлөө менен шашылыш тартибинде даярдоо учурларынан тышкары. Төлөм тастыкталбаган учурда, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт даярдалбайт, ал эми электрондук анкета-арыз кабыл алынган жок деп саналат жана АМСтен алып салынат. | РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери
| 5 мүнөт | Толтурулган анкета-арыз |
| |||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Паспортту даярдоого документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берүү | |||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | |||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||
3-жол-жобо: Даярдалган идентификациялык картаны берүү | |||||||
3.1 Регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында каралган паспортту даярдоо мөөнөтү аяктагандан кийин арыз ээсин же анын мыйзамдуу өкүлүн кабыл алуу. Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда, ал анын ким экендигин ырастоочу документти жана өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берет. Өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтеринин көчүрмөлөрү жана өкүлдүн ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүмдө үч жылга чейин сакталат. 3.2. Жаранга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүүдө региондор аралык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алып жаткан адам анын атына даярдалган адам экендигине күбөлөнүүгө; - алуучуга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко маалыматтар туура киргизилгендигин текшерүүнү сунуштоого; - алмаштырыла турган паспортту алып коюуга, ушул Колдонмодо белгиленген тартипте аны жараксыз абалга келтирүүгө; - паспорттун чипин активдештирүүгө. 3.3. Эгер арыз ээси алып салына турган паспортту жоготкондугуна байланыштуу алмаштырыла турган паспортту алып салууга мүмкүн болбосо, арыз ээси РАБдүн жетекчисине алып коюла турган паспортту качан жана кандай жагдайда жоготкондугун баяндаган, даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу бергенден кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. 3.4. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортто өндүрүштүк кемчилик аныкталганда (механикалык зыян, анын ичинен чипти окуу мүмкүн болбогондо), 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана анкета-арыз менен бирге даярдоочу ишканага кайрадан даярдоо үчүн кайрадан жиберилет. Актынын экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча РАБдө калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт 3 иш күндүн ичинде кайра даярдалат. Кайрадан даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берилгенден кийин РАБдө түзүлгөн актылар белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. 3.5 Арыз ээсине үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери өзгөргөн учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү арыз менен кайрылууга милдеттүү. 3.6. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибине өзгөртүүлөр КБМРде камтылган маалыматтардын негизинде жарандын катышуусу менен киргизилет. 3.7. КБМРде тиешелүү маалыматтар жок болгондо, жаран тастыктоочу документтерди берет, алардын негизинде РАБдүн кызматкери КБМРге, андан кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибине тиешелүү маалыматтарды киргизет. |
| 10 мүнөт | 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү |
| |||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү | |||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | |||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
|
| 13-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна | |||
|
|
|
| ||
|
|
| |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор
түрүндө документтештирүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, 50-пункту
2. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун (мындан ары– КТБ) операторлору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) кезек күтүүнү кошпогондо арызды кабыл алуу жеке өзү барганда - 10-20 мүнөт;
б) анкета-арызды толтурган датадан тартып жалпы тартипте жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү - 18 иш күн.
(2) жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жашка толо элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- ата-энеси же ата-энесинин бири (экинчиси болбогон учурда) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ата-энесинин бири жок болгон учурда көрсөтүлгөн учурларды ырастаган документтердин күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору - КБМРде маалыматтар болбогондо;
Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин/ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн арызын тариздөөгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жол берилет, анда жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн арыз берүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоого жана 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн атынан жалпы жарандык паспортту алууга өтүнүч берүүгө жана даярдалган паспортту алууга ишеним кат боюнча өкүлдүн ыйгарым укугу атайын каралган.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өз алдынча чыгуусу зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;
2) 16 жашка толгон адам кайрылганда:
- 2004-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту ID-карта (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРда маалыматтар жок болсо;
3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто ката жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт;
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет;
4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:
- жалпы жарандык паспорт;
5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо:
- 2004-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо.
КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө көктөмө түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
Жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу боюнча көктөмөнү түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
(3) Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” (мындан ары текст боюнча - 12.04.2021-ж. №142 КРӨТ);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү
| - паспортту тариздөөгө документтер РАБдүн жана КТБнын кызматкерлери тарабынан кабыл алынат; - документтер мыйзамдарга ылайык толук берилгендигине, оңдоолордун жана жасалмалоо белгилеринин болушуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, РАБдүн же КТБнун жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, алардын бири 1 иш күндүн ичинде РАБдүн жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси – РАБдө/КТБдо калат, үчүнчүсү арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсинин анкета-арызын тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары акыркы чечим кабыл алгандан кийин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде чечилет. - фотосүрөттү арыз ээсинин сырткы келбети менен салыштыруу, анын ким экендиги текшерүү жүргүзүлөт, фотосүрөттүн сапаты бааланат. |
2 | Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жиберүү | - анкета – арызды РАБдүн/КТБнун кызматкери толтурат. - Анкета-арыз электрондук түрдө корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу Мамлекеттик жекелештирүү борборуна жиберилет, анкета-арызга тиркелген документтер сканерленет жана анкета-арыз менен бирге жиберилет.
|
3 | Жалпы жарандык паспортту берүү | - жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||||
1-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | |||||||||
1.2. Жалпы жарандык паспорт алуу үчүн кайрылган арыз ээсин кабыл алуу; 1.2. Документтердин ушул административдик регламентте белгиленген тизмекке шайкештигине жана оңдоолордун, жасалмалоонун болушуна карата текшерүү; - берилген документтер бардык талаптарга жооп берген учурда, “Паспорт” АМСте анкета-арызды тариздейт; - эгер арыз ээси берген документтер тизмекке шайкеш келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүү сунушталат; - берилген документтерде оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот жана 3 нускада акт түзөт, жетекчилик же укук коргоо органдары акыркы чечим чыгарганга чейин документтерди кабыл алууну токтотот; - зарыл документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары жоюлбаган учурда, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алууга документтерди тариздөөдөн баш тартат; - эгер жаран баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү өтүнсө, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, арызды электрондук документ жүгүртүү системасына (ЭДС) каттайт, аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчинин резолюциясын алгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү жазуу жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчинин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны ЭДСке каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча жиберет. | РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу | |||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум10 мүнөт | |||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||||
2-жол-жобо: Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жиберүү | |||||||||
2.1. Анкета – арызды РАБдүн же КТБнун кызматкери толтурат; 2.2. Анкета-арызды толтурууда төмөнкүлөр жүргүзүлөт: - «Паспорт» АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖН ыйгарууга арызды тариздейт, туура эмес же кош ИЖН болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча бөлүмгө суроо-талап жиберет; - арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо; - 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун жекелештирүүгө талап кылынган зарыл документтердин жана маалыматтардын болушун текшерет; - “Паспорт” АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат. - кызматкер арыз ээсинен анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын арыз ээсине кол койдуруу аркылуу тактайт жана күбөлөндүрөт. Электрондук өздүк кол тамгасын алуу түзүлүшү аркылуу арыз ээси анкета-арызга кол коет, белгиленген тартипте эмгекке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өздүк колун коюуга мүмкүнчүлүгү жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк кол тамгасынын ордуна РАБдүн же КТБнын кызматкери сызыкча коет. - биометрикалык маалыматтар базасынан салыштырып-текшерүү үчүн эки колунун эки сөөмөйүнүн папиллярдык издерин сканерлөө. Арыз ээсинин сөөмөйлөрү (сөөмөйү) жок болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колунун болгон манжаларынын издерин сканерлөө жүргүзүлөт. 16 жашка толо элек балдарды биометрикалык маалыматтар базасы боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт; - эгер жаран мурда биометрикалык каттоодон өтпөсө, анда ал анкета-арызды толтурууда биометрикалык маалыматтарын тапшырат; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алууга анкета-арызды толтурууда 34 барактагы же 50 барактагы жалпы жарандык паспортту алуу укугун тандоо менен аты-жөнүн транслитерациялоо эрежелери менен арыз ээсин тааныштыруу, ошондой эле арыз ээсинин каалоосу менен атасынын аты кириллица же латын тамгасы менен толтурулат; - арыз ээсин фотосүрөткө тартуу. Фотосүрөткө тартуу фотограф, “Инфоком” МИнин ыйгарым укуктуу кызматкери же РАБдүн кызматкери (“Инфокомдун” операторлору жок болсо) тарабынан фотосалондо жүргүзүлөт. 2.3 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу жөнүндө “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - “Инфоком” МИ) Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентин сактоо зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине маалымдоо, ал www.infokom.kg сайтынын “Күбөлөндүрүүчү борбор” / “Инфоком” МИ КБ Регламенти” бөлүмүндө жарыяланат; 2.4. “Инфоком” МИнин күбөлөндүрүүчү борборунун регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуунун бланкына кол коюу үчүн арыз ээсине берет, ошол эле учурда ушул макулдашууга кол коюудан баш тартуу жаранды паспорт менен документтештирүүгө тоскоолдук боло албайт. 2.5. Документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилет. 2.6. КТБнун кызматкери анкета-арызды кабыл алып, тариздегенден кийин анкета-арызга ЭК аркылуу кол коюлат жана корголгон байланыш каналы аркылуу РАБдүн ыйгарым укуктуу кызматкерине текшерүү жана чечим кабыл алуу үчүн жиберилет; 2.7. РАБдүн же КТБнун кызматкери тарабынан анкета-арыз таризделгенден кийин жалпы жарандык паспортун жекелештирүүгө акы төлөнгөндүгүнө карата сканерленген документтер менен бирге документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилгенден тартып 2 иш күндөн кечиктирилбестен, корголгон байланыш каналы жана ЭК аркылуу «Инфоком» МИнин Мамлекеттик жекелештирүү борборуна жиберилет.
| РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери
| 5 мүнөт | Толтурулган анкета -арыз |
| |||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Жалпы жарандык паспортту даярдоого документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берүү | |||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | |||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||||
|
|
|
|
| |||||
3-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү | |||||||||
3.1. Жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. 3.2. Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда, ал анын ким экендигин ырастоочу документти жана өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берет. Өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтеринин көчүрмөлөрү жана өкүлдүн ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүмдө үч жылга чейин сакталат. 3.3. Жаранга жалпы жарандык паспортту берүүдө региондор аралык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - жалпы жарандык паспортту алып жаткан адам анын атына даярдалган адам экендигине күбөлөнүүгө; - алуучуга жалпы жарандык паспортко маалыматтар туура киргизилгендигин текшерүүнү сунуштоого; - алмаштырыла турган паспортту алып коюуга, мыйзамдарда белгиленген тартипте аны жараксыз абалга келтирүүгө, экинчи жалпы жарандык паспортту берген учурлардан тышкары. 3.4. Эгер арыз ээси алып салына турган паспортту жоготкондугуна байланыштуу алмаштырыла турган паспортту алып салууга мүмкүн болбосо, арыз ээси РАБдүн жетекчисине алып коюла турган паспортту качан жана кандай жагдайда жоготкондугун баяндаган, даярдалган жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу бергенден кийин жалпы жарандык паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Паспортту жоготуу жөнүндө арыз ЭДСте катталат. 3.5. Жалпы жарандык паспортто өндүрүштүк кемчилик аныкталганда (механикалык зыян, анын ичинен чипти окуу мүмкүн болбогондо), 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы жалпы жарандык паспорт жана анкета-арыз менен бирге даярдоочу ишканага кайрадан даярдоо үчүн кайрадан жиберилет. Актынын экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча РАБдө калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. Жалпы жарандык паспорт 3 иш күндүн ичинде кайра даярдалат. Кайрадан даярдалган жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин РАБдө түзүлгөн актылар белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. | РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери
| 10 мүнөт | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү |
| |||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү | |||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | |||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||||
|
| ||||||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет. Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 14-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«ID-card жана жалпы жарандык паспорттор түрүндөгү паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын шашылыш документтештирүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган
РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-главасы, 51-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун (мындан ары – КТБ) операторлору тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) кезек күтүүнү кошпогондо арызды кабыл алуу жеке өзү барганда - 10-20 мүнөт;
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун жана жалпы жарандык паспортту акы төлөө негизинде шашылыш тартипте даярдоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- 8 иш күн – “шашылыш” тездик баскычында;
- 4 иш күн – “өзгөчө шашылыш” тездик баскычында;
- 2 иш күн – “өтө шашылыш” тездик баскычында;
- 3 иш саат – “үч иш саат” тездик баскычында.
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун жана жалпы жарандык паспортту шашылыш тартипте даярдоого документтерди кабыл алган аймактык бөлүмдөрдүн жана/же КТБнын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
в) эгер Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун жана жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) документтер жалпы тартипте тапшырылса, арыз ээси акы төлөө негизинде 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтүн кыскартуу жагына өзгөртүүгө укуктуу.
Мында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун жана жалпы жарандык паспортун шашылыш тартипте даярдоо үчүн мурда төлөнгөн сумманы кемитүү менен акы төлөнөт. Ошол эле учурда төмөнкүлөр зарыл:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту даярдоону жана берүүнү тездетүү жөнүндө жеке арыз;
2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш даярдоо кызматына акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
(2) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү улуттук идентификациялык картасын – паспортун шашылыш тартипте тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту шашылыш тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
а) 16 жашка толгондо:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн;
б) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же жалпы жарандык паспорту (болсо);
в) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
г) 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча - алмаштырылып жаткан паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
д) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:
- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.
е) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
- арыз ээсинин жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы.
ж) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;
з) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРда маалымат болбосо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
к) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту.
(3) Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жашка толо элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- ата-энеси же ата-энесинин бири (экинчиси болбогон учурда) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ата-энесинин бири жок болгон учурда көрсөтүлгөн учурларды ырастаган документтердин күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору - КБМРде маалыматтар болбогондо;
Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин/ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн арызын тариздөөгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жол берилет, анда жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн арыз берүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоого жана 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн атынан жалпы жарандык паспортту алууга өтүнүч берүүгө жана даярдалган паспортту алууга ишеним кат боюнча өкүлдүн ыйгарым укугу атайын каралган.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өз алдынча чыгуусу зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;
2) 16 жашка толгон адам кайрылганда:
- 2004-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту ID-карта (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРда маалыматтар жок болсо;
3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто ката жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт;
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет;
4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:
- жалпы жарандык паспорт;
5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо:
- 2004-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо.
КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө көктөмө түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
Жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу боюнча көктөмөнү түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” (мындан ары текст боюнча - 12.04.2021-ж. №142 КРӨТ);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун (мындан ары – идентификациялык карта) жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | - паспортту тариздөөгө документтер РАБдүн жана КТБнун кызматкерлери тарабынан кабыл алынат; - документтер мыйзамдарга ылайык толук берилгендигине, оңдоолордун жана жасалмалоо белгилеринин болушуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, РАБдүн же КТБнун жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, алардын бири 1 иш күндүн ичинде РАБдүн жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси – РАБдө/КТБдо калат, үчүнчүсү арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсинин анкета-арызын тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары акыркы чечим кабыл алгандан кийин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде чечилет. - фотосүрөттү арыз ээсинин сырткы келбети менен салыштыруу, анын ким экендиги текшерүү жүргүзүлөт, фотосүрөттүн сапаты бааланат. |
2 | Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жиберүү | - анкета-арызды РАБдүн/КТБнун кызматкери толтурат. - Анкета-арыз электрондук түрдө корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу Мамлекеттик жекелештирүү борборуна жиберилет, анкета-арызга тиркелген документтер сканерленет жана анкета-арыз менен бирге жиберилет.
|
3 | Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү | - идентификациялык карта жана жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | ||||||||
1.1. Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспорт алуу үчүн кайрылган арыз ээсин кабыл алат; 1.2. Документтердин ушул административдик регламентте белгиленген тизмекке шайкештигине жана оңдоолордун, жасалмалоонун болушуна карата текшерет; - берилген документтер бардык талаптарга жооп берген учурда, “Паспорт” АМСте анкета-арызды тариздейт; - эгер арыз ээси берген документтер тизмекке шайкеш келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүү сунушталат; - берилген документтерде оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот жана 3 нускада акт түзөт, жетекчилик же укук коргоо органдары акыркы чечим чыгарганга чейин документтерди кабыл алууну токтотот; - зарыл документтер жок болгон же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары жоюлбаган учурда, идентификациялык паспортту жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди тариздөөдөн баш тартат; - эгер жаран баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү өтүнсө, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, арызды электрондук документ жүгүртүү системасына (ЭДС) каттайт, аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчинин резолюциясын алгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү жазуу жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчинин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны ЭДСке каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча жиберет. | РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум10 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жиберүү | ||||||||
2.1. Анкета – арызды РАБдүн же КТБнун кызматкери толтурат; 2.2. Анкета-арызды толтурууда төмөнкүлөр жүргүзүлөт: - «Паспорт» АМС боюнча арыз ээлеринин (арыз ээсинин) ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээлеринде (арыз ээсинде) ИЖН жок болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖН ыйгарууга арызды тариздейт, туура эмес же кош ИЖН болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча бөлүмгө суроо-талап жиберет; - арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо, автотекшерүү (интеграция); - КР жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун даярдоого талап кылынган зарыл документтердин жана маалыматтардын болушун текшерет; - “Паспорт” АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат; - кызматкер арыз ээсинен анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын арыз ээсине кол койдуруу аркылуу тактайт жана күбөлөндүрөт. Электрондук өздүк кол тамгасын алуу түзүлүшү аркылуу арыз ээси анкета-арызга кол коет, белгиленген тартипте эмгекке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өздүк колун коюуга мүмкүнчүлүгү жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк кол тамгасынын ордуна РАБдын же КТБнын кызматкери сызыкча коет. - биометрикалык маалыматтар базасынан салыштырып-текшерүү үчүн эки колунун эки сөөмөйүнүн папиллярдык издерин сканерлөө. Арыз ээсинин сөөмөйлөрү (сөөмөйү) жок болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колунун болгон манжаларынын издерин сканерлөө жүргүзүлөт. 16 жашка толо элек балдарды биометрикалык маалыматтар базасы боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт; - эгер жаран мурда биометрикалык каттоодон өтпөсө, анда ал анкета-арызды толтурууда биометрикалык маалыматтарын тапшырат; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун алууга анкета-арызды толтурууда 34 барактагы же 50 барактагы жалпы жарандык паспортту алуу укугун тандоо менен аты-жөнүн транслитерациялоо эрежелери менен арыз ээсин тааныштыруу, ошондой эле арыз ээсинин каалоосу менен атасынын аты кириллица же латын тамгасы менен толтурулат; - арыз ээсин фотосүрөткө тартуу. Фотосүрөткө тартуу фотограф, “Инфоком” МИнин ыйгарым укуктуу кызматкери же РАБдын кызматкери тарабынан санариптик фотоаппарат менен жүргүзүлөт. 2.3 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттон чибинде ЭСКнын болушу жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу жөнүндө “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - “Инфоком” МИ) Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентин сактоо зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине маалымдоо, ал www.infokom.kg сайтынын “Күбөлөндүрүүчү борбор” / “Инфоком” МИ КБ Регламенти” бөлүмүндө жарыяланат; 2.4. “Инфоком” МИнин Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуунун бланкына кол коюу үчүн арыз ээсине берет, ошол эле учурда ушул макулдашууга кол коюудан баш тартуу жаранды паспорт менен документтештирүүгө тоскоолдук боло албайт. 2.5. Документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилет. 2.6. КТБнун кызматкери анкета-арызды кабыл алып, тариздегенден кийин анкета-арызга ЭК аркылуу кол коюлат жана корголгон байланыш каналы аркылуу РАБдын ыйгарым укуктуу кызматкерине текшерүү жана чечим кабыл алуу үчүн жиберилет; 2.7. РАБдүн же КТБнун кызматкери тарабынан анкета-арыз таризделгенден кийин жалпы жарандык паспортун жекелештирүүгө акы төлөнгөндүгүнө карата сканерленген документтер менен бирге документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилгенден тартып 2 иш күндөн кечиктирилбестен, корголгон байланыш каналы жана ЭК аркылуу «Инфоком» МИнин Мамлекеттик жекелештирүү борборуна жиберилет. | РАБдүн жана/же КТБнун кызматкери
| 5 мүнөт | Толтурулган анкета -арыз |
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Паспортту даярдоого жана жекелештирүүгө документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берүү | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Даярдалган идентификациялык паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүү | ||||||||
3.1 Ушул Регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында каралган паспортту даярдоо мөөнөтү аяктагандан кийин арыз ээсин же анын мыйзамдуу өкүлүн кабыл алуу; Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда, ал анын ким экендигин ырастоочу документ жана өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет. Өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтеринин көчүрмөлөрү жана өкүлдүн ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүмдө үч жылга чейин сакталат. 3.2. Жаранга идентификациялык картаны жана/же жалпы жарандык паспортту берүүдө региондор аралык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - идентификациялык картаны жана/же жалпы жарандык паспортту алып жаткан адам анын атына даярдалган адам экендигине күбөлөнүүгө; - алуучуга идентификациялык картага жана/же жалпы жарандык паспортко маалыматтар туура киргизилгендигин текшерүүнү сунуштоого; - алмаштырыла турган паспортту алып коюуга, мыйзамдарда белгиленген тартипте аны жараксыз абалга келтирүүгө, экинчи жалпы жарандык паспортту берген учурлардан тышкары; - паспорттун чибин активдештирүүгө. 3.3. Эгер арыз ээси алып салына турган паспортту жоготкондугуна байланыштуу алмаштырыла турган паспортту алып салууга мүмкүн болбосо, арыз ээси РАБдын жетекчисине алып коюла турган идентификациялык паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту качан жана кандай жагдайда жоготкондугун баяндаган, даярдалган жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу бергенден кийин идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Паспортту жоготуу жөнүндө арыз ЭДСте катталат. 3.4. Идентификациялык картада жана/же жалпы жарандык паспортто өндүрүштүк кемчилик аныкталганда (механикалык зыян, анын ичинен чипти окуу мүмкүн болбогондо), 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт жана анкета-арыз менен бирге даярдоочу ишканага кайрадан даярдоо үчүн кайрадан жиберилет. Актынын экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча РАБдө калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. Идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт 3 иш күндүн ичинде кайра даярдалат. Кайрадан даярдалган идентификациялык карта жана/же жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин РАБдө түзүлгөн актылар белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. 3.5. Кыргыз Республикасынын жарандары үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери боюнча каттоосу өзгөргөн учурда, идентификациялык картанын чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү. 3.6. КБМРде камтылган маалыматтардын негизинде жарандын катышуусунда идентификациялык картанын чибине өзгөртүү киргизилет. 3.7. КБМРде тийиштүү маалыматтар жок болгондо, жаран тастыктоочу документтерди берет, алардын негизинде РАБдын кызматкери тарабынан КБМРге, андан кийин идентификациялык картанын чибине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет. |
| 10 мүнөт | 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту берүү |
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Идентификациялык картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 15-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
“Жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, №52
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- арызды кабыл алуу өзү кайрылганда, кезек күтүүнү эске албаганда, документтерди текшерүү, документтерди каттоо – 30 мүнөттөн ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо боюнча комиссияда документтерди кароо – 30 күн;
- кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө убакыт – 2 жумуш күндөн ашык эмес;
(2) 1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо жөнүндө арыз;
- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин (паспорт же туулгадыгы тууралуу күбөлүк) түп нускасы жана көчүрмөлөрү;
- кеңири өмүр баяны;
- ак фондогу 4х6 өлчөмүндөгү эки фотосүрөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган кийинки документтердин бири (каттоо белгиси менен паспорт, жашаган жеринен маалымкат, иштеген, окуган жеринен маалымкат, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган фактысын аныктаган участкалык милициянын инспектору жана арыз ээсинин үч кошунасынын катышуусу менен түзүлгөн акт (кварталдык, үй комитетинин же айыл башынын);
- үй-бүлөлүк мамилелерди тастыктаган документ (никелешүү тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- кызмат көрсөтүүгө төлөө жөнүндө квитанция.
2. Жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгондо, ата-энелердин биринин ата-эне укуктарынан ажыратуу жөнүндө же ата-энелердин бири менен баланын жашаган жерин аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими болгондо) же асырап алуучулардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, 16 жашка чыга элек адам көзөмөлүндө болгон уюмдун өкүлүнүн жана адамдардын паспортунун көчүрмөсү жана түп нускасы;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
(3) Мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат. Кызмат көрсөтүүнүн акысы монополияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча паспортторду тариздөө жана берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендиги же адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө корутунду чыгаруу жана тийиштүү маалымкатты берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары текст боюнча – Жобо); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому. |
|
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
Кызмат көрсөтүүнү берүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболордун топтомун түзөт: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты же таандык эместикти аныктоо, адамды жарандыгы жок деп таануу.
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты аныктоо боюнча комиссияда каралуучу жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты аныктоого арыздарды жана документтерди кабыл алуу | - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоого арыздарды жана документтерди кабыл алуу РАБнүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Арызды тариздөөнүн тууралыгын, документтердин толуктугу – тизмекке шайкештигине текшерүү, зарыл учурда керектүү документтерди тиешелүү органдардан талап кылуу жүргүзүлөт. |
2 | 2.1. Документтерди Комиссияда кароо жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты аныктоо боюнча корутунду чыгаруу
2.2. 16 жашка жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо жөнүндө документтерди кароо | - жарандыкты аныктоо боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын арыздарын кароого, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендигин аныктоо же адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө жана төмөнкү адамдарга карата корутунду чыгарууга укугу бар: 1) СССРдин жарандыгында турган, 1974-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө билдирүү жасабаган адамдар; 2) ар кандай себептерден улам 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспортун жоготкон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган адамдар (бул категориядагыларга паспортун жоготкондугу жөнүндө иш ачылат жана адамдын инсандыгы жана жарандыгы аныкталгандан кийин корутунду чыгарылат); 3) жагдайдын аякташы менен өз убагында паспорт ала албай калган (1993-жылдын 18-декабрындагы N 1333-ХII "Кыргыз Республикасынын граждандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна туш келбей калган, же ата-энелери жок жана туугандарында же тааныштарында тарбияланган), бирок алар да иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар; 4) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин (мындан ары - КМШга катышкан-мамлекеттер) жарандыгына таандыктыгы жөнүндө белгиси менен 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспорту бар, ошол өлкөнүн улуттук паспорту менен документтештирилбеген адамдар (бул категориядагылар Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме жок болгон учурда ким экендигин ырастаган колдонуудагы документтин жоктугунун себеби жөнүндө түшүнүк катты жана айрым учурларда чет мамлекеттин жарандыгын жоготкондугу же жоктугу жөнүндө маалымкат беришет); 5) Кыргыз Республикасынын аймагында беш жана андан ашык жыл туруктуу жашаган жана КМШга катышкан-мамлекеттердин жараны экендигин ырастаган колдонуу мөөнөтү аяктаган паспорту бар, жана аларга байланышпаган себептерден улам аны узартуу же анык паспортко алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар (мындай адамдар тийиштүү документти көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган себептерин жазуу менен арыз беришет).
2.2. Балада Кыргыз Республикасынын жарандыгынын бар экендиги ырасталбаган учурда, зарыл маалыматтар анын ата-энесине карата аныкталат. - Кыргыз Республикасынын жарандыгын ата-энеси (экөөнүн бири) кабыл алып, арызда балдары жарандыкка кабыл алынгандыгы көрсөтүлбөгөн учурда (16 жашка чейинки бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө корутундуда мындай балага карата анын ата-энесинин (экөөнүн биринин) жарандыкка кабыл алынгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына шилтеме көрсөтүлөт. - ата-энесинин экөө тең (экөөнүн бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналса, бирок Кыргыз Республикасынын сырткары чыгып кетишсе жана башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алышса, бирок балдары Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган болсо жана жашап жатышса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө корутундуда "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгү көрсөтүлөт. “Бала туулган учурда анын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жараны болсо туулган жерине карабастан бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат”. - ата-энеси аныкталбаган же алардын өлгөндүгү тууралуу документтер жок болсо, ал эми балдар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө корутундуда "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгү көрсөтүлөт. “Ата-энесинин экөө тең белгисиз Кыргыз Республикасынын аймагында турган бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат”. |
3 | Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жыйынтыгы | Маалымкат берүү |
(3) Кызмат көрсөтүүнүн акысы монополияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча паспортторду тариздөө жана берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендигин аныктоо же адамды жарандыгы жок деп таануу жана тийиштүү маалымкатты берүү.
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
Жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоо | |||||
1-жол-жобо:Мыйзамдарда белгиленген тизмекке ылайык документтерди кабыл алуу | |||||
1.1. Тизмекке ылайык арызды жана документтерди кабыл алуу, арызды каттоо журналына каттоо
1.2. Зарыл учурларда тиешелүү органдардан документтерди алдыруу
1.3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдоо | РАБдүн кызматкери | 30 мүнөттөн ашык эмес
| -арызды толтуруунун, ага киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү, документтердин тизмекке шайкештигин текшерүү
- суроо-талапты тиешелүү органдарга жөнөтүү; - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын жыйынынын датасын белгилөө, арыз ээсине Комиссиянын жыйынынын датасы жөнүндө билдирүү (арыз ээси келбесе документтер каралбайт) | -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы;
| |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоо маселелери боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдоо
| |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес. | |||||
1-жол-жобонун тиби:административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
|
|
|
|
| |
2. Документтерди Комиссияда кароо жана жарандардын, анын ичинде жашы 16 жашка жете элек балдардын, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоо жөнүндө корутунду чыгаруу | |||||
2.1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын жыйынында документтерди кароо 2.2. Тийиштүү корутунду чыгаруу | Комиссиянын мүчөлөрү
| 30 күндүн ичинде
| - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналгандыгы тууралуу маалымкат берилет; - Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендиги тууралуу маалымкат берилет; - ЖЖА деп таануу тууралуу маалымкат берилет жана жарандыгы жок адамга туруктуу жашап турууга уруксат менен документтештирүү тартиби түшүндүрүлөт . | -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо. | |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендиги же адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө корутунду чыгаруу | |||||
2-жол-жобонун узактыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо боюнча комиссияда документтерди кароо 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт | |||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | |||||
3.1. Маалымкат даярдоо
3.2. Белгиленген күндө арыз ээсин кабыл алуу жана маалымкат берүү
| РАБдүн кызматкери | 2 күндөн ашык эмес
кезек күтүүнү эске албаганда 10 мүнөт
| Маалымкат берүү | -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо.
| |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Маалымкат берүү – кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө убакыт – 2 жумуш күндөн көп эмес | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: 2 күндөн көп эмес, кезек күтүүнү эске албаганда – 10 мүнөт | |||||
3-жол-жобонун тиби:административдик жол-жобо | |||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Урматова М. У. – Департаменттин жарандык бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б. К. – Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А. Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 16-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Табылга бюросунан маалымкаттарды берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган
РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 54
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин маалыматтык-маалымдама бөлүмүнүн (мындан ары – ММБ) жана региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү эске албаганда 5-10 мүнөт.
(2) Табылган талап кылынган документти же документтин табылбаганы тууралуу маалымкатты берүү үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- документтин ээсинин ким экендигин ырастоочу документ.
Документтердин бардыгы жоголгон учурда ким экендигин ырастоочу документ талап кылынбайт.
(3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: “Табылган буюмдар бюросу” модулунан же талап кылынган табылган документтен «ДМБ» АМС аркылуу маалымкатты берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 64 “ДМБ” АМС иштөө Регламенти жөнүндө буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2015-жылдын 24-декабрындагы № 219 ““ДМБ” АМСын ишке ашыруу жөнүндө” тескемеси.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ким экендигин ырастоочу документти кабыл алуу жана ким экендигин аныктоо | Жарандын ким экендигин ырастоочу документтердин бардыгы жоголгон учурда документтердин көчүрмөлөрүн/түп нускаларын кызматкер талап кылбайт. |
2 | Талап кылынган документти “ДМБ” АМСтин базасында текшерүү | Текшерүү “ДМБ” АМСтин “Табылган буюмдар” модулу боюнча жүргүзүлөт |
3 | Табылган документти же “Табылган буюмдар бюросунан” маалымкат берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документти кабыл алуу жана жарандын ким экендигин аныктоо | ||||
1.1. Келүүчүнү кабыл алуу. 1.2. Келүүчүнүн ким экендигин ырастоочу документтерин текшерүү. Документтерди текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү түрдө таризделишине карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоолордун жана жасалмалардын белгилери болушуна карата жүргүзүлөт. - паспорттогу сүрөт менен арыз ээсинин тышкы келбетине визуалдык текшерүү жүргүзүлөт, арыз ээсинин бети менен фотосүрөттөгү сүрөттөлүштүн бирдейлиги салыштырылат. Ким экендигин ырастоочу документтер жоголгон учурда документтер талап кылынбайт.
| ММБнын жана РАБдүн кызматкерлери | 1-2 мүнөт |
| Ушул регламенттин 4-п. Каралган ченемдик укуктук актылар. |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: документтер болсо, документтерди кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: “ДМБ” АМС базасында текшерүү | ||||
2.1. Кабыл алынган документтер боюнча “ДМБ” АМС базасында текшерүү жүргүзүлөт: - документтер болбогон учурда текшерүү жарандын сөздөрү боюнча жүргүзүлөт; - паспорт же маалыматтар болсо текшерүү ИЖН аркылуу жүргүзүлөт. | ММБнын жана РАБдын кызматкерлери | 1 мүнөт |
|
|
2-жол-жобонун жыйынтыгы: “ДМБ” АМС базасында текшерүү | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 2 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: табылган документти берүү же “табылган буюмдар бюросунун” маалымкатын берүү | ||||
3.1. “ДМБ” АМСтин базасында жоголгон документ тууралуу маалымат бар болсо, арыз ээсине табылган документ берилет, арыз ээси бул жөнүндө планшетке кол коюу менен тастыктайт. 3.2. Суралган документ тапшырылгындан кийин кызматкер “ДМБ” АМСда “Алып кетти” деген белги койот, “ДМБ” АМСда автоматтык түрдө тапшырылган документ жөнүндө отчет түзүлөт.
3.3. Суралган документтер жок болгон учурда, арыз ээсинин каалоосу боюнча кызматкер тарабынан суралган документтин жоктугу жөнүндө маалымкат берилет. Ошондой эле, мамлекеттик оргндар жана жеке тараптар “Түндүк” ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу тиешелүү маалыматтарды алышат, документ алуу боюнча КТБгө кайрыла алышат. | ММБнын/РАБдүн кызматкерлери | 3 мүнөт |
|
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: табылган документти же “Табылган буюмдар бюросунан” маалымкатты берүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Джетенова Г.Ж. – Департаменттин маалыматтык-маалымдама бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б. К. – Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А. Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
|
| 17-тиркеме
«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августу № 3-д буйругуна | |||
|
|
|
| ||
|
|
| |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган
РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 56
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Бакыт өргөөлөрү жана региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ) тарабынан арыз ээси кайрылган жер боюнча жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: кезек күтүүнү эске албаганда 30 мүнөттөн ашык эмес; жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү 10 (он) күндүн ичинде жүргүзүлөт, кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү 10 минутадан ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт;
- офицердин күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- “Түндүк” мобилдик тиркеме аркылуу санариптештирилген форматтагы адамдын ким экендигин ырастаган документ;
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен;
- жарандыгы жок адамдардын жашап турууга уруксаты.
Жарандар тарабынан оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз;
- бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атанын, энеси өлгөн же ал ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча.
- он алты жашка толгон адамдын атасы же энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда, анын туулгандыгы тууралуу актыны жазуудагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө арызы;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу алмаштырыла турган жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиздин болушун тастыктаган документтер.
(3) Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк/көчүрмө.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ушул Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, КЖААКДнын жетекчилигине тез арада билдирилет, эки нускада акт түзүлөт, анын бири РАБ жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - РАБдө калат; - фотосүрөт арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерилет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугу, арыз ээсинин ким экендиги текшерилет, фотосүрөттүн сапаты бааланат |
2 | Арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | жарандардан арыздары электрондук түрдө түзүлөт. Оңдоо/өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуу кайрылган жерде жок болсо, электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча жарандык абалдын актылык жазуусун санариптөө жөнүндө суроо-талап жарандык абалдын актылык жазуусунун биринчи нускасы жайгашкан жер боюнча жиберилет. |
3 | Зарыл оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн корутунду жазуу | - оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон “ЖААК” АМСте жарандык абалдын актыларын жазууларды сканерлөө жана санариптөө; - “ЖААК” АМС системасында жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү. Өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жазуунун кагаз түрүндөгү нускасы турган жер боюнча билдирүү жиберүү |
4 | Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү. | киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү, электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат, арыз ээсине берилет.
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
|
|
4. Жол жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы2 | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, РАБдын кызматкери ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча тийиштүү бөлүмгө суроо-талап жиберет; 1.4. “Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча арыз ээсинин жашаган жерин текшерүү, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча же ЖАА мамлекеттик катталган жер боюнча жургүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, РАБдын кызматкери “ДМБ” АМС системасында арыз ээсин каттоолук эсепке тургузат. 1.5. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү; - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берген учурда, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арыз жана документтер кабыл алынат; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүү мөөнөттөрү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт. Арыз ээсине документтерди туура эмес тариздөөнүн аныкталган фактыларын жоюу мүмкүнчүлүгүн берет; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | РАБдүн кызматкери | Документтер талаптарга жооп бергенде 7-10 мүнөт; - кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн | Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 7-10 мүнөттөн ашпайт (максимум) | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Арыз РАБдүн кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги жана анын колунун болушу текшерилет; 2.3. Ушул административдик регламенттин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, арыз ээсине киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү арыз ээсинин катышуу зарылдыгы түшүндүрүлөт; 2.4. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актылык жазуу арыз ээси кайрылган жер боюнча жок болсо, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз түзүлгөндөн кийин РАБдүн кызматкери жарандык абалдын актылык жазууну санариптөөгө суроо-талапты түзөт; суроо-талапты чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана ички электрондук почта боюнча актылык жазуу сакталган жер боюнча РАБгө жиберет. | РАБдүн кызматкери | 4-7 мүнөт
| Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү электрондук арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
|
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: максимум 7 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3.1. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 3.2. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамдын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт. 3.3. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазууларды “ЖААК” АМСте сканерлөө жана санариптөө; 3.4. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду түзүлөт, бөлүмдүн жетекчисинин колу жана РАБдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.5 “ЖААК” АМС системасында зарыл жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет жана жазуунун кагаз түрүндөгү нускасына оңдоолор киргизилет; 3.6. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жазуунун кагаз түрүндөгү варианты турган жер боюнча РАБгө оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү жиберилет. | РАБдүн кызматкерлери | 5-9 мүнөт
| Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү корутунду же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
|
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: максимум 9 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк басып чыгарылат; 4.2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк башчынын колу жана РАБдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана арыз ээсине берилет.
| РАБдүн кызматкери | 3-4 мүнөт
| - жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү |
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: максимум 4 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 18-тиркеме «Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду тезинен киргизүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган
РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 56-1
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ) тарабынан арыз ээси кайрылган жер боюнча жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: КРӨ МККнын 2017-жылдын 30-декабрындагы № 264 буйругуна ылайык кезек күтүүнү кошпогондо 30 мүнөттөн ашык эмес. Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүү арыз берилген күнү жүргүзүлөт, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүк ошол эле күнү берилет.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо);
- офицердин күбөлүгү;
- “Түндүк” мобилдик тиркеме аркылуу санариптештирилген форматтагы адамдын ким экендигин ырастаган документ;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен.
Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө белгиленген формадагы арыз;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу алмаштырыла турган жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиздин болушун тастыктаган документтер;
- арыз ээси болбогон учурда, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат. Ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укугу ишеним катта атайын каралууга каралууга тийиш;
- актылык жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- бланктык продукцияга акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: Акы төлөнөт. Мамлекеттик алым жана күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтерди кабыл алуу жана текшерүү | Жарандардан жана ыйгарым укуктуу адамдардан арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. |
2 | Арызды кабыл алуу, ушул Регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык анын туура толтурулганын текшерүү | Эгер оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актылык жазуусу арыз ээси кайрылган жер боюнча жок болсо, жарандык абалдын актылык жазуусун санариптөө жөнүндө суроо-талап электрондук корпоративдик почта аркылуу жазуу жайгашкан жер боюнча РАБгө жиберилет. |
3 | Актылык жазууга зарыл оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн корутундуну түзүү | - оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актылык жазууларын “ЖААК” АМСте сканерлөө жана санариптөө; Актылык жазууга оңдоолор жана өзгөртүүлөр “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө киргизилет. Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жазуунун кагаз нускасы сакталган жер боюнча оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү жиберүү |
4 | Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат, арыз ээсине берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, ИЖН ыйгарылат, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча Министрликке караштуу Департаменттин МИБине суроо-талап жиберет; 1.4.“Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча арыз ээсинин жашаган жерин текшерүү, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча же ЖАА мамлекеттик катталган жер боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, РАБдын кызматкери “ДМБ” АМС системасында арыз ээсин каттоолук эсепке тургузат. 1.5. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү таризделгенине карата, алардын жарактуулук мөөнөтүн, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата, ошондой эле ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерүү жүргүзүлөт, - берилген документтерде оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, кызматкер РАБдын жетекчилигине тез арада билдирет, үч нускада акт түзүлөт, анын бир нускасы документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен РАБдын жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - арыз ээсине берилет, үчүнчүсү - РАБдө калат. Ошону менен бирге эле ошол эле убакта ККДке көрүлгөн чаралар жөнүндө кат жиберилет; - КР жаранынын паспортундагы фотосүрөт арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерилет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугу, арыз ээсинин ким экендиги текшерилет; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арызды карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | РАБдүн кызматкери | 10-15 мүнөт
- жазуу жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн
| Документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
|
Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 10-15 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик, административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Ушул административдик регламентте көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу боюнча талаптарга ылайык келген учурда, РАБдын кызматкери тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу арыз электрондук түрдө толтурулат, ушул арыз басып чыгарылат жана арыз ээси кол коет; 2.2. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болгон, бардык берилген документтер кызматкер тарабынан сканерленет; 2.3. Кызматкер тарабынан арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги жана анын колунун болушу текшерилет. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кол коюлган арыз арыздарды эсепке алуу журналына катталат. 2.4. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актылык жазуу арыз ээси кайрылган жер боюнча жок болсо, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз түзүлгөндөн кийин РАБдүн кызматкери жарандык абалдын актылык жазууну санариптөөгө суроо-талапты түзөт; суроо-талапты чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана ички электрондук почта боюнча актылык жазуу сакталган жер боюнча РАБга жиберет. | РАБдүн кызматкери | 5-10 мүнөт
| Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз |
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: максимум 5-10 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3.1. Кызматкер тарабынан оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазууларды “ЖААК” АМСте санариптөө жүргүзүлөт; 3.2. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду түзүлөт, РАБдын жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 3.3. “ЖААК” АМС системасында зарыл жарандык абалдын актыларын жазууга жана анын кагаз түрүндөгү нускасына оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет; 3.6. Актылык жазуу башка РАБда сакталган учурда, актылык жазуу сакталган жер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү жиберилет. Билдирүү чыгыш кат-кабарлар журналына катталат жана актылык жазуунун кагаз түрүндөгү нускасына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн актылык жазуу жайгашкан жер боюнча РАБгө ички электрондук почта боюнча жиберилет. | РАБдүн кызматкерлери | 15-20 мүнөт
| Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актысын жазуу
|
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: максимум 20 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк басып чыгарылат; 4.2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк РАБдүн башчысынын колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. | РАБдүн кызматкери | 5-10 мүнөт
| Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк |
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Райымкулова Д.С. - Департаменттин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б.К. - Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А.Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 19-тиркеме «Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
“Жарандык, калкты каттоо, документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 59
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин борбордук аппаратынын маалыматтык-маалымдама бөлүмү (мындан ары – ММБ) жана региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 14 иш күн.
а) арызды, суроо-талаптарды кабыл алуу жана аларды каттоо – 10 мүнөт
б) арыздарды, суроо-талаптарды кароо – 14 иш күндүн ичинде
в) жооп же жолдомо берүү – 10 мүнөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- арыз;
- паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арыз ээси болбогон учурда жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды берүүгө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдук;
- ишенимдүү адамдын паспорту.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы;
- каттоону эсепке алуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору (арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун жарактуулугун жөнүндө);
- жарандык абалдын актылык жазуулары
жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкат (кат).
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “”Жеке мүнөздөгү маалыматар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жөнүндө Жобо.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арыз ээсин жана тиркелген документтери менен тийиштүү маалыматтар көрсөтүлгөн арызды кабыл алуу жана арызды каттоо
| 1.1.ККДдын жалпы бөлүмүнүн/ РАБдүн кызматкери арыздын таризделишинин тууралыгын жана маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүү жана маалым кат даярдоо үчүн бардык тийиштүү документтердин болушун текшерет. |
2 | ККД БА/ РАБдүн жетекчилигине кароого жөнөтүү
| ККДдын жалпы бөлүмүнүн/ РАБдүн кызматкери арызды ИНФОДОКС электрондук документ жүгүртүү системасына каттайт. ККДнын жетекчиси ММБга аткарууга тапшырма берет. РАБдүн башчысы РАБдүн кызматкерине аткарууга тапшырма берет. |
3 | Арызды кароо жана талап кылынган маалыматтардан бирин ырастаган маалымкатты (катты) даярдоо: - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу; - белгилүү бир даректе катталган жарандардын саны жөнүндө; - арыз ээсинде Кыргыз Республикасынын улуттук жарактуу паспортторунун болушу жөнүндө; - жарандык абалдын актылык жазуулары жөнүндө
| Талап кылынган маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системалар, ККДдын бөлүмдөрүнүн архивдери аркылуу текшерүүнү жүргүзүү жана маалымкатты (катты) даярдоо.
|
4 | Маалымкатты (катты) берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1. Арыз ээсин жана тиркелген документтери менен тийиштүү маалыматтар көрсөтүлгөн арызды кабыл алуу жана арызды каттоо | ||||||||
1.1. Арыз ээсин жана арызды кабыл алуу
1.2. Арызды каттоо | ККД БАнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн, РАБдүн кызматкери
ККД БАнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкери арызды “Инфодокс” системасына каттайт, РАБдын кызматкери “Инфодокс” системасына каттайт | 10 мүнөт
10 мүнөт | Арыз ээсинин тийиштүү документтеринин толук экендигине карата текшерилет жана кабыл алынат.
ИНФОДОКС электрондук документ жүгүртүү системасына арызды каттоо
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кабыл алуу, каттоо жана ККДнын/РАБдүн жетекчилигине кароого жөнөтүү | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2. ККД БАнын/ РАБдын жетекчилигине кароого жөнөтүү | ||||||||
2.1. Арызды ККДнын/РАБдүн жетекчилигине жөнөтүү жана ММБга/ РАБдүн жооптуу кызматкерине аткарууга жөнөтүү
| ККДнын/РАБдын жетекчиси | 1-2 иш күндүн ичинде
| ММБга/ РАБдүн жооптуу кызматкерине аткарууга жетекчиликтин резолюциясы
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: жетекчиликтин резолюциясы (арызды аткаруучуну аныктоо) | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 2 иш күн | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3. Арызды кароо жана талап кылынган маалыматтарды ырастаган маалымкатты (катты) даярдоо | ||||||||
3.1 Талап кылынган маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системалар (АМС), тийиштүү архивдер боюнча текшерүү жүргүзүү 3.2 Зарыл учурларда корпоративдик электрондук почта аркылуу жарандык абалдын актылары жөнүндө аймактык РАБгө, республикалык жана облустук архивдерге суроо-талапты жөнөтүү 3.3 Маалымкатты (катты) даярдоонун жыйынтыгында ККДнын/РАБдүн жетекчилигине кол койдуруу жана каттоо
3.4. Жоопту жетекчиликке кол коюуга жөнөтүү
| Жооптуу кызматкер
| 9 иш күндүн ичинде
| Суроо-талапка маалымкатты (катты) даярдоо
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кароо жана тийиштүү жоопту даярдоо | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 11 иш күндүн ичинде | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
4. Маалымкатты (катты) берүү | ||||||||
4.1 Маалымкатты (катты) арыз ээсине берүү | ККДнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн же РАБдын жооптуу кызматкери
| 10 мүнөт | ММБнын кызматкери даяр маалым катты жалпы бөлүмгө андан ары арыз ээсине жөнөтүү үчүн өткөрүп берет.
РАБдүн кызматкери даяр маалымкатты арыз ээсинин өзүнө белгиленген күнү берет. | Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: маалымкатты (катты) берүү | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Джетенова Г.Ж. – Департаменттин маалыматтык-маалымдама бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б. К. – Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А. Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 20-тиркеме «Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
“Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды шашылыш ырастоо”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 60
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин борбордук аппаратынын маалыматтык-маалымдама бөлүмү (мындан ары – ММБ) жана региондор аралык бөлүмдөрү (мындан ары – РАБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Маалыматтардын болушу же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү:
- жарандык – 2 иш күндөн ашык эмес;
- каттоолук эсепке алуу – 2 иш сааттан ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору – 2 сааттан ашык эмес;
- жарандык абалдын актыларын каттоо – 3 иш күндөн ашык эмес.
Кызматтын жыйынтыгын берүү убактысы – 10 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- арыз;
- паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арыз ээси болбогон учурда жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды берүүгө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдук;
- ишенимдүү адамдын паспорту.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнөт, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы;
- каттоону эсепке алуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору (арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун жарактуулугун жөнүндө);
- жарандык абалдын актылык жазуулары (3 иш күндүн ичинде, анткени РАБга суроо-талап жиберүү талап кылынышы мүмкүн)
жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкат (кат).
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “”Жеке мүнөздөгү маалыматар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жөнүндө Жобо.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арыз ээсин жана тиркелген документтери менен тийиштүү маалыматтар көрсөтүлгөн арызды кабыл алуу
| 1.1. ККДнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн/ РАБдүн кызматкери арыздын таризделишинин тууралыгын жана маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүү жана маалым кат даярдоо үчүн бардык тийиштүү документтердин болушун текшерет. |
2 | Арызды каттоо жана ККД БАнын/ РАБдүн жетекчилигине кароого жөнөтүү
| ККДнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн/ РАБдүн кызматкери арызды ИНФОДОКС электрондук документ жүгүртүү системасына/кириш кат-кабарлар журналына каттайт. ККДнын жетекчиси ММБга аткарууга тапшырма берет. РАБдүн башчысы РАБдүн кызматкерине аткарууга тапшырма берет. |
3 | Арызды кароо жана талап кылынган маалыматтардан бирин ырастаган маалымкатты (катты) даярдоо: - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу; - белгилүү бир даректе катталган жарандардын саны жөнүндө; - арыз ээсинде Кыргыз Республикасынын улуттук жарактуу паспортторунун болушу жөнүндө; - жарандык абалдын актылык жазуулары жөнүндө
| Талап кылынган маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системалар, ККДнын бөлүмдөрүнүн архивдери аркылуу текшерүүнү жүргүзүү жана маалымкатты (катты) даярдоо.
|
4 | Маалымкатты (катты) берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1. Арыз ээсин жана тиркелген документтери менен тийиштүү маалыматтар көрсөтүлгөн арызды кабыл алуу жана арызды каттоо | ||||||||
1.1. Арыз ээсин жана арызды кабыл алуу
1.2. Арызды каттоо | ККД БАнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн, РАБдүн кызматкери
ККД БАнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкери арызды “Инфодокс” системасына каттайт, РАБдүн кызматкери “Инфодокс” системасына/кириш кат-кабарлар журналына каттайт | 10 мүнөттүн ичинде
10 мүнөттүн ичинде | Арыз ээсинин тийиштүү документтеринин толук экендигине карата текшерилет жана кабыл алынат.
ИНФОДОКС электрондук документ жүгүртүү системасына/кириш кат-кабарлар журналына арызды каттоо
| Ушул административдык регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кабыл алуу, каттоо жана ККДнын/РАБдын жетекчилигине кароого жөнөтүү | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2. КЖААКД БАнын/ РАБдүн жетекчилигине кароого жөнөтүү | ||||||||
2.1. Арызды ККДнын/РАБдүн жетекчилигине жөнөтүү жана ММБга/ РАБдүн жооптуу кызматкерине аткарууга жөнөтүү
| ККДнын/РАБдын жетекчиси | 10 мүнөттөн ичинде
| ММБга/ РАБдүн жооптуу кызматкерине аткарууга жетекчиликтин резолюциясы
| Ушул административдык регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: жетекчиликтин резолюциясы (арызды аткаруучуну аныктоо) | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3. Арызды кароо жана талап кылынган маалыматтарды ырастаган маалымкатты (катты) даярдоо | ||||||||
3.1 Талап кылынган маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системалар (АМС), тийиштүү архивдер боюнча текшерүү жүргүзүү 3.2 Зарыл учурларда корпоративдик электрондук почта аркылуу жарандык абалдын актылары жөнүндө аймактык РАБгө, республикалык жана облустук архивдерге “ӨЗГӨЧӨ ШАШЫЛЫШ!” белгиси менен суроо-талапты жөнөтүү 3.3 Маалымкатты (катты) даярдоонун жыйынтыгында ККДнын/РАБдүн жетекчилигине кол койдуруу жана каттоо
3.4. Жоопту жетекчиликке кол коюуга жөнөтүү
| Жооптуу кызматкер
| 30 мүнөттүн ичинде ичинде
(ЖАА боюнча 3 иш күндүн ичинде)
| Маалыматтардын болушун текшерүү
Суроо-талапка маалымкатты (катты) даярдоо
| Ушул административдык регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды кароо жана тийиштүү жоопту даярдоо | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт (ЖАА боюнча 3 иш күндүн ичинде) | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
4. Маалымкатты (катты) берүү | ||||||||
4.1 Маалымкатты (катты) арыз ээсине берүү | ККДнын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн же РАБдүн жооптуу кызматкери
| 10 мүнөт | ММБнын кызматкери даяр маалым катты жалпы бөлүмгө андан ары арыз ээсине жөнөтүү үчүн өткөрүп берет.
РАБдүн кызматкери даяр маалымкатты арыз ээсине белгиленген мөөнөттө берет. | Ушул административдык регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: маалымкатты (катты) берүү | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
| ||||||||
| ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритми)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо
№ 3-жол-жобо
№ 4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Ички көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички көзөмөл Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы көзөмөл Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик жаза көрүү чаралары көрүлүүгө тийиш. Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Джетенова Г.Ж. – Департаменттин маалыматтык-маалымдама бөлүмүнүн башчысы
2. Ибраимов Б. К. – Департаменттин укуктук камсыздоо болүмүнүн башчысы
3. Токтогулова А. Н. – Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
| 21-тиркеме «Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын “17” августу № 3-д буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
«Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр менен жерине барып документтештирүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган
РЕЕСТРИ (ТИЗМЕГИ) 6-глава, № 61
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – РАБ) кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мобилдүү топторунун (мындан ары – МТ) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Керек болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын алууга Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Кыргызпочтасы” ААКнун кызматкерлери катышат.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги көрсөткүчтөр:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- жарандарды 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт ID-карта менен документтештирүү – 12 иш күндөн ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор менен документтештирүү – 18 иш күндөн ашык эмес;
- 16 жашка чыга элек адамдарды жалпы жарандык паспорттор менен документтештирүү - 10 иш күн;
Жарандык абалдын актыларын каттоого үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып документтерди кабыл алууга убакыт – 1 сааттан ашык эмес.
Жарандык абалдын актыларын каттоонун жалпы мөөнөтү жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөргө ылайык.
Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып берүү убактысы – 1 сааттан ашык эмес.
Арыз ээсинен кызмат көрсөтүү үчүн арыз кабыл алуу:
а) улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен үйүнө барып документтештирүү үчүн өтүнмөнү кабыл алуу арыз ээси Калкты тейлөө борборлоруна (мындан ары – КТБ) түздөн-түз кайрылганда жүргүзүлөт.
б) улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен үйүнө барып документтештирүү үчүн жарандардын жеңилдик берилген топторуна кирген арыз ээлеринин үйүнө баруу акысыз жүргүзүлөт;
в) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу portal.tunduk.kg.
Мында улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен үйүнө барып документтештирүү үчүн акы төлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун шашылыш даярдоо үчүн акы төлөө арыз ээсинин макулдугу менен арыз ээсинин атынан кызматкер тарабынан жүргүзүлөт. Ошондой эле жарандардын каалоосу менен паспортту үйүнө жеткирүүнү тариздөө мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте даярдоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- 8 жумуш күнү - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 4 жумуш күнү - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 2 жумуш күнү - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында.
(2) 1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкери тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
1.1. 16 жашка толгондо:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн;
1.2. адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же жалпы жарандык паспорт (болсо);
1.3. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алмаштырууда:
а) паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
б) жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
1.4. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:
- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРда маалымат болбосо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери мурда берилген паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактысын текшерет;
1.5. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
КБМРда маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу көктөмө түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.
Жоготуу жөнүндө ишти түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт;
1.6. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;
1.7. эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
1.8. жарандар жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жатканда:
- түзөтүүчү мекеменин администрациясынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө өтүнүчү;
- жарандарды документтештирүүнү талап кылган учурларга жараша ушул пункттун 1.1-1.7-пунктчаларында аталган документтер;
1.10. жарандар шектүү, айыпталуучу катарында камакка алынган жайларда болгондо:
- жарандардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүчү;
- жарандарды документтештирүүнү талап кылган учурларга жараша ушул пункттун 1.1-1.7-пунктчаларында аталган документтер.
2. Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
2.1. 16 жашка толо элек адам үчүн:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо;
- 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда, көрсөтүлгөн учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору.
Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгышы зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;
2.2. 16 жашка толгон адам кайрылганда:
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар жок болсо;
2.3. төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт.
Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет;
2.4. арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:
- жалпы жарандык паспорт;
2.5. жалпы жарандык паспорт жоголгондо:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо.
3. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
3.1 Ата-энеси катталган никеде турган баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги:
- медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалымкаты;
- ата-эненин ким экендигин ырастоочу документтер;
- никелешүү тууралуу күбөлүк;
- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ (эгер ата-энеси (ата-эненин бири) тарабынан арыз берилбесе);
3.2 Катталган никеде турбаган эненин (жалгыз бой эненин) арызы боюнча баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги:
- медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалымкаты;
- эненин ким экендигин ырастоочу документ;
- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;
3.3 Бир же андан жогору жашка чыккан баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги:
- медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалымкаты;
- ата-эненин никелешүү тууралуу күбөлүгү (эгер нике бекитилсе);
- атанын же эненин (ата-эненин) ким экендигин ырастоочу документтер;
Чет өлкөлүк жарандар баланын туулгандыгын каттоо үчүн жогоруда саналып өткөн документтерге кошумча төмөнкүлөрдү берет:
- чет өлкөлүк жарандын мамлекеттик/расмий тилге котормосу наториалдык күбөлөндүрүлгөн паспорту;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- кайрылмандын күбөлүгү.
4. Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- РАБ/КТБ МТ кызматкери тариздеген баланын туулгандыгын каттоо менен бир убакта бала төрөлгөн учурда бири-бири менен никеде турбаган баланын атасы менен энесинин аталыкты аныктоо жөнүндөгү электрондук арызы;
Аталыкты аныктоону каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл :
1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- жалпы жарандык паспорт консулдук каттоо тургандыгы жөнүндө белги менен (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болгондо);
- офицердин күбөлүгү.
2) Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- чет өлкөлүк жарандын мамлекеттик/расмий тилге котормосу наториалдык күбөлөндүрүлгөн паспорту;
- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;
- кайрылмандын күбөлүгү.
5. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Өлгөндүктү каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) төмөнкүлөрдү берүүсү зарыл:
- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын медициналык мекемеси тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу белгиленген формадагы документ;
- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;
- өлгөн адамдын ким экендигин ырастоочу документи. Эгер өлгөн адамдын ким экендигин ырастоочу документи жок болсо, өлгөндүгү тууралуу актылык жазууга документтин жоктугу жөнүндө белги коюлат;
- ККД/КТБ МТнын кызматкери тариздеген электрондук арыз.
(3) Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
- 2017-жылдын (ID-card) жана 2006-жылдын үлгүлөрүндөгү паспортторду алууга үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып документтерди тариздөө;
- 2017-жылдын (ID-card) жана 2006-жылдын үлгүлөрүндөгү даярдалган паспортторду үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып берүү;
- жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып документтерди кабыл алуу;
- жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн ККД/КТБ МТнын кызматкерлеринин белгиленген жерге жана убакытка арыз ээсине баруулары | - МТнын кызматкерлери өтүнмөнү кабыл алышат (ошол эле учурда “Паспорт”, “ЖААЖ”, “ДМБ” АМСтен арыз ээсинин ИЖНин, каттоолук эсебинин болушун текшеришет); - документтер мыйзамдарга ылайык толуктугуна, оңдоолордун жана жасалмалоонун белгилеринин болуусуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздемелер аныкталган учурда ККД жана КТБнун жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде ККД бөлүмүнүн жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ККД бөлүмүндө жана/же КТБдо калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет. |
2 | Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | Анкета-арыз ККД/КТБ МТнын кызматкери тарабынан «Паспорт» АМСте электрондук түрдө толтурулат. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыз жана актылык жазуу ККД/КТБ МТнын кызматкери тарабынан «ЖААК» АМСте электрондук түрдө түзүлөт. |
3 | Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | Арыз ээлерине (же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө) Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору белгиленген мөөнөттө берилет, бул жөнүндө смс-билдирүү жиберилет. Арыз ээси өз каалоосу менен кошумча акыга паспортту жеткирүү кызматынан пайдаланса болот. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр арыз эссине барган күнү берилет. |
. Перечень
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболордун сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||
1-жол-жобо: Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн ККД/КТБ МТнын кызматкерлеринин белгиленген жерге жана убакытка арыз ээсине баруулары | |||||||
1.1. Жарандар КТБлорга жана МТларга (мобилдүү топторго) түздөн-түз кайрылганда өтүнмөнү кабыл алат, ошондой эле арыз ээсине консультация берет, каттолук эсепке алынган жерди (фактылык жашаган жерин) тактайт, зарыл документтердин тизмеги, кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген наркы жөнүндө арыз ээсине билдирет; 1.2. Арыз ээсине белгиленген жерге жана убакытка барат; 1.3. Арызды кабыл алып жатканда ККД/КТБ МТнын кызматкери документтердин ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерет; 1.4 Талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат; - берилген документтер бардык талаптарга жооп берген учурда “Паспорт” АМСте анкета-арызды, “ЖААК” АМС системасында электрондук арызды тариздейт. | ККД/КТБ МТнын кызматкери | документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт | - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| Ушул административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар | |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн документтерди кабыл алуу | |||||||
1-жол-жобонун узактыгы: максимум 5-10 мүнөт | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||
2-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | |||||||
Паспорт боюнча: 2.1. Электрондук түрдө анкета-арызды толтуруу; 2.2. Арыздын туура толтурулганын, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештигин текшерүү: - арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо; - “Паспорт” АМСга киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат; - арыз ээсинен анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо жана арыз ээсинин кол тамгасы аркылуу күбөлөндүрүү. Анкета-арызга электрондук өздүк кол тамга алуучу түзүлүш аркылуу арыз ээси кол коет, белгиленген тартипте эмгекке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, мында анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өздүк кол тамгасын кое албаган, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өздүк кол тамгасынын ордуна ЖААККПКБнын же МТнын кызматкери тарабынан сызыкча коюлат. Арыз ээсин улуттук паспорттор менен документтештирүүдө: 2.3 Арыз ээсин фотосүрөткө тартуу; 2.4.Биометрикалык маалыматтар базасы боюнча салыштырып текшерүү үчүн эки колдун эки сөөмөйлөрүнүн издери сканерленет. Арыз ээсинин колдорунун сөөмөйлөрү (сөөмөйү) жок болсо, колдордун болгон манжаларынын издерин сканерлөө Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 16 жашка чыга элек адамдарды биометрикалык маалыматтар базасы боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт; 2.5. “Инфоком” МИнин Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндөгү макулдашуунун бланкын арыз ээсине кол коюу үчүн берүү, мында ушул макулдашууга кол коюдан баш тартуу адамды паспорт менен документтештирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт; 2.6. Анкета-арыз таризделгенден кийин улуттук паспортту даярдоо үчүн сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналы боюнча, документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат берилген учурдан тартып 2 иш күндөн кечиктирилбестен, ЭСК аркылуу даярдоочу ишканага (“Инфоком” МИнин Мамлекеттик жекелештирүү борборуна) жиберилет; 2.6. Документтерди кабыл алуу жөнүндө тил катты берүү; 2.7. Арыз ээсине паспортту үйгө жеткирүү мүмкүндүгү жана паспорт даярдалгандыгы жөнүндө арыз ээсинин номерине смс-билдирүү түшөөрү жөнүндө консультация берүү. ЖААК боюнча: Арыз кабыл алынгандан кийин жарандык абалдын актысын жазуу түзүлөт: - баланын туулгандыгы тууралуу; - аталыкты аныктоо тууралуу; - өлгөндүгү тууралуу. Жарандык абалдын актыларын жазуу “ЖААЖ” АМС аркылуу электрондук жана автоматтык түрдө түзүлөт, эки нускада басып чыгарылат жана ККД/КТБ МТ нын кызматкеринин колу менен жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрөт. Арыз ээси киргизилген маалыматтарды текшерет жана жарандык абалдын актыларын жазууга кол коет. 2.8. Электрондук түрдө арызды толтуруу; 2.9. Арыздын туура толтурулганын, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештигин текшерүү: 2.10 Арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо; 2.11 “ЖААК” АМСга киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат; 2.12 Арыз ээсинен арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо жана арыз ээсинин кол тамгасы аркылуу күбөлөндүрүү; 2.13 “ЖААК” АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын каттоону жүргүзүү; 2.14. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктү басып чыгаруу. | ККД/КТБ МТ нын кызматкери | 10 мүнөт | Таризделген анкета-арыз |
| |||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | |||||||
2-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт | |||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||
3-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | |||||||
Паспорт боюнча: 3.1 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда, анын ким экендигин ырастоочу документи жана өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат көрсөтүлөт. Өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтеринин көчүрмөлөрү жана анын ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүмдө үч жылга чейин сакталат. 3.2. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту жаранга берүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт анын атына даярдалган адам алып жатканын ырастоо; - алуучуга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко жана/же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоо; - алмаштырыла турган паспортту алып коюу, ушул колдонмодо белгиленген тартипте аны жараксыз абалга келтирүү, экинчи жалпы жарандык паспорт берилген учурдан тышкары; - паспорттун чибин активдештирүү. 3.3. Арыз ээси алып коюула турган паспортту жоготуп алгандыктан, алмаштырыла турган паспортту алып коюуга мүмкүн болбогон учурда, арыз ээси алып коюула турган паспортту качан, кайда жана кандай кырдаалда жоготконун баяндоо менен даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө ККД/КТБ нын жетекчисине жазуу жүзүндө кайрылуу берилгенден кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Паспортту жоготкондугу жөнүндө арыз кириш кат-кабарлар журналына катталат. 3.4. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттон же жалпы жарандык паспорттон заводдук брак (механикалык бузулуу, анын ичинен чипти окуу мүмкүн эместиги) аныкталганда, 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт жана анкета-арыз менен даярдоочу ишканага кайрадан даярдоого жиберилет. Актынын экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча аймактык бөлүмдө калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту кайрадан даярдоо 3 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жаңы даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин аймактык бөлүмдө түзүлгөн актылар белгиленген тартипте жок кылынат. 3.5 Үй-бүлөлүк абалы өзгөргөн, жашаган жери боюнча кайра катталган учурда Кыргыз Республикасынын жарандары 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүүлүгү тууралуу арыз ээсине билдирүү. 3.6 паспортту берүү. ЖААК боюнча: 3.7 арыз ээсине туулгандыгын каттоо тууралуу / аталыгын аныктоо тууралуу / өлгөндүгүн каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү; 3.8. жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүк ККД/КТБ МТнын кызматкеринин колу жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана арыз ээсине берилет. |
| 5 мүнөт | 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту берүү
Туулгандыгын каттоо тууралуу күбөлүктү же аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүктү же өлгөндүгүн каттоо тууралуу күбөлүктү берүү
|
| |||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү | |||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | |||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | |||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1-жол-жобо
№ 2-жол-жобо (Паспорт боюнча)
№ 2-жол-жобо (ЖААК боюнча)
№ 3-жол-жобо (Паспорт боюнча)
№ 3-жол-жобо (ЖААК боюнча)