Загрузка документа…
1-Тирекеме
(Кыргыз республикасынын
Финансы министрлигинин
2023-жылдын 14-ноябрындагы № 7-Б
буйругуна ылайык)
Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускама
§ 1. Жалпы жоболор
1. Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссиянын (мындан ары - КК) мүчөлөрүн тандоо боюнча ушул нускама (мындан ары - Нускама), “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана ККнын мүчөлөрүн тандоо тартибин аныктайт.
§ 2. Көз карандысыз комиссия. Курамы жана тандоонун тартиби
2. КК Мыйзамдын жоболорун сактоонун жана ишке ашыруунун кепилдиктерин, мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сотко чейинки тартипте Комиссиянын чечимине даттануу жолу менен коргоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында түзүлүүчү көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат.
3. ККнын курамы жана резервдин курамы ушул Нускамага ылайык эки жылдык мөөнөткө бекитилет. ККнын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ККнын мүчөлөрү катары бекиткен учурдан тартып эсептелет.
4. ККнын курамы 15 мүчөдөн кем эмес болот:
- үчтөн бири - юриспруденция жаатындагы адистер;
- үчтөн бири - мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистер;
- үчтөн бири - коомчулуктун өкүлдөрү.
Көз карандысыз комиссиянын бардык мүчөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатка ээ болушу керек.
5. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен ККнын мүчөсү боло алат, бирок жалпысынан эки мөөнөттөн ашык ККнын мүчөсү боло албайт.
6. ККнын ишине акы төлөнбөйт.
7. Төмөнкү талаптарга ылайык келген адам ККнын жана резервдин курамынын мүчөсү боло алат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу;
2) жогорку кесиптик билиминин болушу;
3) мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатынын болушу;
4) юриспруденция жаатындагы адис үчүн - юридикалык кесип боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
5) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү сертификацияланган адис үчүн - мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
6) коомчулуктун өкүлү үчүн - өкмөттүк эмес уюмдарда, эл аралык уюмдарда, коомдук уюмдарда жана башка уюмдарда 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
7) соттуулуктун жоктугу.
8. ККнын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары - ЭК) түзүлөт. ЭК мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн, жарандык коом институтунун өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден турат. ЭК жөнүндө жобо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. ЭК өзүнүн Иш регламентин өз алдынча аныктайт жана бекитет.
9. КК мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоодо ЭКнын функциясы талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттарын, алардын ККнын келечектеги иши жөнүндө жана резервдин курамы боюнча түшүнүгү, ошондой эле талапкерлердин адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде ар кандай талаш-тартыштар боюнча чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө баалоо жүргүзүү болуп саналат.
10. ЭК талапкерлерди эки этапта баалайт:
1) биринчи этап - талапкерлерден берилген тастыктоочу документтерди баалоо (ушул Нускаманын 7-пунктунун талаптарына шайкеш келүүсүнө документтердин толуктугун текшерүү);
2) экинчи этап - маектешүү.
11. Эки этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер ЭК тарабынан аларды ККнын курамына киргизүү үчүн сунушталат, адистештирилген окуудан өтүшөт жана жүрүм-турумдун этикалык ченемдери жөнүндө документке кол коюшат.
12. ККнын иштеп жаткан мүчөлөрүнүн потенциалын күчөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарылдыгына жараша аларды мезгил-мезгили менен окутуу механизмин түзөт (окуу планын – программаны бекитет, билим берүү уюмун аныктайт ж.б.). Окутуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун материалдык, техникалык жана финансылык базасынын негизинде жүргүзүлөт.
13. ККнын мүчөлөрүнүн саны кыскарган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган резервдин курамынан талапкерди Нускаманын ушул главасынын ченемдерине ылайык ККга киргизүү жол-жобосун демилгелейт.
Мында, топтордун биринде ККнын мүчөлөрүнүн саны жетишсиз болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган топту ККнын иштеп жаткан мүчөлөрүнүн топторунун бири менен толуктоого укуктуу.
14. ККнын мүчөсү (мүчөлөрү) жана талапкерлери резервдин курамынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) өз каалоосу боюнча (бул тууралуу 30 (отуз) календардык күн мурда жазуу жүзүндөгү арыз менен эскертип) себептердин жагдайларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып;
2) мөөнөтү бүткөндө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо, чет мамлекеттин жарандыгынын болушу же алынышы;
4) адамдын аракетке жөндөмсүздүгү, өлүмү;
5) эгерде адам мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылса;
6) жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин бузганда;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын катышуучулары менен кызыкчылыктардын кагылышуусу аныкталган учурда.
15. ККнын мүчөсү административдик даттанууну жана кайрылууларды кароонун жүрүшүндө төмөнкүдөй учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш, эгерде:
1) административдик даттануунун же кайрылуунун тараптарына аффилирленген жак болуп саналса;
2) мурунку эки жылдын ичинде сатып алуучу уюмдун/Агенттин кызматкери же берүүчүнүн уюмунун кызматкери болсо, же андан административдик даттануу же кайрылуу келип түшсө;
3) сатып алууну даярдоо процессинде сатып алуучу уюмга/Агентке консультациялык кызмат көрсөтсө же сунушту даярдоодо берүүчүгө көмөк көрсөтсө;
4) бул ишти мурдагы кароодо ККнын мүчөсү катары катышса.
16. ККнын мүчөсү ушул Нускаманын 15-пунктунда каралган жагдайлар келип чыккан учурда административдик даттанууну же кайрылууну карап баштаганга чейин жазуу жүзүндө арыз берүү (өз алдынча баш тартуу) жолу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө жана аны кароого катышпоого милдеттүү, ал эми көрсөтүлгөн жагдайларды жашырганда ЭК чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ККнын мүчөсүнүн иши токтотулат жана ККнын мүчөсү анын курамынан чыгарылат.
§ 3. Даттанууларды/административдик даттанууларды/кайрылууларды жана протесттерди берүүнүн формалары
1-форма
Эгерде бар болсо, берүүчүлөр жана консультанттар үчүн фирмалык бланк
Чыг.№______
20__-ж. “____”________”
Сатып алуучу уюмдун аталышы
Сатып алуучу уюмдун комиссиясынын чечимине
№___ даттануу
Арыз ээсинин аталышы:____________________ (кимден даттануу түшөт)
Сатып алуу номери: __________________ (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматтарына ылайык сатып алуулардын идентификациялык номери)
Даттануунун мазмуну/маңызы: __________________________________________
Даттанууну негиздөө: __________________________________________________
Кошумча маалымат:_____________________ (эгер бар болсо)
Тиркеме (берүү үчүн формада берилген даттанууну негиздөөгө шилтеме берилген тастыктоочу документтерди тиркөө):
Жетекчинин кызмат орду жетекчинин колу жетекчинин аты-жөнү
МО
2-форма
Фирмалык бланк сатып алуучу уюм үчүн милдеттүү, берүүчүлөр жана консультанттар үчүн эгерде бар болсо
Чыг.№______
20__-ж. “____”________”
Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия
Комиссиянын/даттануулар жана кайрылуулар боюнча
көз карандысыз комиссиянын чечимине
№______ административдик даттануу
Арыз ээсинин аталышы:__________________________ (кимден административдик даттануу түшөт)
Сатып алуу номери: __________________ (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматтарына ылайык сатып алуулардын идентификациялык номери)
Кайрылуунун/даттануунун номери: __________________ (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматтарына ылайык даттанунун/кайрылуунун идентификациялык номери)
Даттануунун мазмуну/маңызы: __________________________________________
Даттануунун негиздемеси: ____________________________________________
Кошумча маалымат:_____________________ (эгер бар болсо)
Тиркеме (берүү үчүн формада берилген даттанууну негиздөөгө шилтеме берилген тастыктоочу документтерди тиркөө):
Жетекчинин кызмат орду жетекчинин колу жетекчинин аты-жөнү
МО
3-форма
Фирмалык бланк сатып алуучу уюм үчүн милдеттүү, берүүчүлөр жана консультанттар үчүн эгерде бар болсо |
Чыг.№______
20__-ж. “____”________”
Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия
Даттанууга/кайрылууга протест №СОМ-
Арыз ээсинин аталышы:_______________ (даттануу/кайрылуу кимден келип түштү)
Сатып алуу номери: __________________ (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматтарына ылайык сатып алуулардын идентификациялык номери)
Даттануу/кайрылуунун номери: ____________________ (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматтарына ылайык сатып алуулардын идентификациялык номери)
Даттанунун предмети: (берүүчү (подрядчы) арызданган бир даттануунун предметин тандоо керек) | 1) мамлекеттик сатып алуулардын методуна; 2) сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына; 3) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аракетине (аракетсиздигине), чечимине; 4) сатып алуулар жөнүндө контрактка кол коюлган учурда контракттын шарттарын өзгөртүүгө. |
Даттануу/кайрылууга негиздеме _________________________________________
Кошумча маалымат __________________________________ (эгер бар болсо)
Тиркеме (негиздемеде баяндалган протестте шилтеме кылынган тастыктоочу документтерди тиркөө):
Жетекчинин кызмат орду жетекчинин колу жетекчинин аты-жөнү
МО
4-форма
Фирмалык бланк сатып алуучу уюм үчүн |
Чыг.№______
20__-ж. “____”________”
Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия
Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүүнү демилгелөө тууралуу кайрылуу
Сатып алуучу уюм: ____________________ (уюмдун аталышы)
Сатып алуунун номери: ______________ (мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматтарына ылайык сатып алуунун идентификациялык номери)
Берүүчү менен консультанттын СИН: __________________ (демилгеленип жаткан)
Демилгеленип жаткан берүүчү: ________________ (уюмдун аталышы)
Кайрылуунун маӊызы (берүүчү менен консультантты демилгелеп жаткан учурду (учурлар) тандоо.
| Сатып алуунун жеңүүчүсү деп табылган берүүчүлөр менен консультанттар сатып алуулар жөнүндө контрактты түзүүдөн баш тартышты. |
Мыйзамга ылайык контракт түзүлгөн сатып алуунун катышуучулары тарабынан берүүчүнүн сунушун кепилдикке алуучу декларациясынын шарттары бузулган. | |
Сунуштарды баалоо жол-жобосунун этабында аныкталган, өз сунушунда анык эмес маалыматты берген берүүчүлөр жана консультанттар, же сатып алуучу уюм/Агент алар менен сатып алуулар жөнүндө контрактты бир тараптуу тартипте бузган берүүчүлөр жана консультанттар, аны аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөр сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарына ылайык келбегендиги аныкталган, же берүүчүлөр өздөрүнүн мындай талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө туура эмес маалыматты беришкен, бул аларга сатып алуулар жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген, алардын жыйынтыгы боюнча мындай контракттар түзүлгөн. | |
Берүүчүлөр, консультанттар алар менен түзүлгөн контракттар боюнча өз милдеттенмелерин аткарышкан эмес же тийиштүү түрдө аткарышкан эмес. |
Кайрылуунун негиздемеси: _________________________________________
Кошумча маалымат: ______ (эгер бар болсо)
Тиркеме:
1. Берүүчү менен консультанттын дарегине билдирме-каттын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү __ б.;
2. Билдирме-каттын жөнөтүлгөндүгүн ырастоочу түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (принт-экран) _ б.;
3. Берүүчүнүн жана консультанттын конкурсттук сунушка кепилдик берген декларациясынын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (декларацияны бузуу боюнча демилге көтөрүлгөн учурда)__б.;
Сатып алуучу уюм контракттык милдеттенмелерди аткаруу боюнча берүүчүгө жана консультантка карата толук чараларды көргөнүн ырастаган документтердин (дооматтардын) түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан контракттык милдеттенмелерди талаптагыдай эмес же аткарбоо боюнча демилге көтөрүлгөн учурда) ___б.;
Берүүчүнүн (подрядчынын) контрактка кол коюудан баш тарткандыгын ырастоонун түп нускасынын (принт-экрандын) сканерленген көчүрмөсү (контракт түзүүдөн баш тарткан учурда)___б.;
Аффилирленбегендиги (кызыкчылыктардын кагылышуусу) жөнүндө ырастоонун түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси бузулган учурда)__б.;
Соттун чечими бар экендиги жөнүндө ырастаманын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (алдамчылык жана коррупция үчүн демилге көтөрүлгөн учурда)___б.;
Жалган маалыматтар жөнүндө ырастоонун түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (өзүнүн талаптарга туура келгендиги жөнүндө жалган маалыматты бергендиги үчүн демилге көтөрүлгөн учурда, бул сатып алуу жол-жоболорунун жеңүүчүсү болгонго мүмкүндүк берди, анын жыйынтыгы боюнча контракт түзүлдү)__б.;
4. Ачуу протоколунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү _б.;
5. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү _ б.;
6. Башка документтер (эгер бар болсо).
Сатып алуучу уюмдун жетекчиси жетекчинин колу аты-жөнү
МО
§ 4. Сатып алуучу уюмдар менен даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимдеринин протоколдорунун формалары
1-форма
Сатып алуучу уюмдун даттануусун карооонун
№_____ протоколу
Кароо датасы: Бишкек ш.
Даттанууну кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрү:
№ |
| Аты-жөнү |
| Комиссиянын төрагасы |
|
| Комиссиянын мүчөсү |
|
| Комиссиянын мүчөсү |
|
Тараптардын аталышы:__________________________________________
Арыз берүүчү: _______________________________________________________
Сатып алучу уюм: ____________________________________________________
Сатып алуу номери:___________________________________________________
Сатып алуунун предмети: ______________________________________________
Даттанунун номери:___________________________________________________
Талаш-тартыштын предмети:____________________________________________
Даттанунун тексти:
|
Сатып алуучу уюмдун чечими: негиздүү/ негизсиз
Комиссия тарабынан жүйөлүү негиздемелер жана көрүлгөн чаралар менен кабыл алынган чечим:
|
Комиссиянын чечими менен макул болбосо, тараптардын укуктарын түшүндүрүү:
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык берүүчүлөр жана консультанттар веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмдун/Агенттин аракетине (аракетсиздигине), чечимине, эгерде алардын аракеттери (аракетсиздиги), чечими ошол берүүчүнүн же консультанттын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса, көз карандысыз комиссиянын (экинчи инстанциядагы административдик органдын) дарегине даттанууга укуктуу. Ошондой эле, Мыйзамдын 45-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, административдик даттануулар сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде берилет. |
Чечим ЭСК менен кол коюлду Кол койгон:
Датасы:
2-форма
Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссиянынын №____ протоколу
Кароо датасы: Бишкек ш.
Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү:
№ | Топ |
| Аты-жөнү |
| 1- топ | Төрага |
|
| 2-топ |
|
|
| 3-топ |
|
|
Тараптардын аталышы___________________________________________
Арыз берүүчү: __________________________________________________
Административдик даттануунун номери:_________________________________
Сатып алуучу уюм: ___________________________________________________
Сатып алуунун номери:________________________________________________
Сатып алуунун предмети:___________________________________________
Сатып алуучу уюмдун даттаналып жаткан чечими:________________________
Биринчи инстанциянын даттануусунун номери:___________________________
Протоколдун номери: __________________________________________________
Протоколдун датасы:___________________________________ ______________
Даттануунун предмети:_________________________________________________
Көз карандысыз комиссиянын чечими: _________________________________
Көз карандысыз комиссиянын чечими (даттанууларды кыскача баяндоо, талаш-тартыштардын предмети, мотивацияланган негиздер жана көрүлгөн чаралар менен):
|
Өзгөчө пикир:
|
Кабыл алынган чечим боюнча көз карандысыз комиссиянын кол тамгалары:
| Аты-жөнү | Кол тамга |
Төрага |
|
|
|
|
|
Эгерде Комиссиянын чечими менен макул болбосоӊуз, тараптардын укуктарын түшүндүрүү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө келип чыккан берүүчүлөр, консультанттар жана сатып алуучу уюм/Агенттин ортосундагы талаш-тартыштар, ошондой эле сатып алуучу уюмдун/Агенттин, көз карандысыз комиссиянын ушул Мыйзамдын 45-беренесине ылайык кабыл алынган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанылат. |
Көз карандысыз комиссиянын чечимин аткаруу боюнча чаралар Көз карандысыз комиссия Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык сатып алуулар бөлүмү мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ЫУМО) көз карандысыз комиссиянын чечиминин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнү жөнөтө тургандыгын билдирет. Көз карандысыз комиссиянын чечими аткарылбаган же белгиленген мөөнөттө даттанган учурда ЫУМО Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартат. Маалымат катары, Мыйзамдын 9-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, жетекчи, сатып алуу бөлүмүнүн адистери, сатып алуу боюнча комиссия, контрактты администрациялоо үчүн жооптуу адамдар, сатып алуучу уюм, ошондой эле жетекчи жана сатып алуу үчүн жооптуу адамдар, Агенттин контрагын администрациялоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. |